Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-августу № 457
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 273 "Жогорку медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жогорку медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоонун тартибин жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 273 "Жогорку медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту "киргизилсин" деген сөздөн кийин ", буга лицензияны кайра жол-жоболоштуруу, токтото туруу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу, ошондой эле лицензиядагы окуп жаткандардын санынын өзгөрүүсү кирбейт" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 333 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ