Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 407
"Ош ТВ" телерадиокомпаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун 100% мамлекеттин үлүшүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомунун редакциясына ылайык)
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Ош ТВ" телерадиокомпаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары - "Ош ТВ" телерадиокомпаниясы" ЖЧК) 100% мамлекеттин үлүшүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Ош шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
1)"ОшТВ" телерадиокомпаниясы" ЖЧКсынын 100% мамлекеттин үлүшүн муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) "Ош ТВ" телерадиокомпаниясы" ЖЧКсынын мүлкүн максаттуу пайдаланууну жана сактоону камсыз кылуу;
3) "ОшТВ" телерадиокомпаниясы" ЖЧКсынын мындан ары иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүү;
4) "ОшТВ" телерадиокомпаниясы" ЖЧКсынын менчигинде турган мүлктү ээликтен ажыратпоо.
3.(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |