Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-августу № 461
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Чүй "Кристалл" ишканасы" филиалынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26, 27-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Чүй айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 13/3 "Кристалл" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте бир айлык мөөнөттө ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин акысыз негизде Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү жүргүзсүн.
2. Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- белгиленген тартипте ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Чүй "Кристалл" ишканасы" филиалынын иштеп жаткан кызматкерлерин ишке орноштуруу боюнча зарыл чараларды көрүү;
- "Чүй "Кристалл" ишканасы" муниципалдык ишканасын түзүү, ошондой эле өткөрүп берилүүчү объекттердин сакталышын камсыз кылуу, максаттуу багыты боюнча так пайдалануу жана аларды андан ары ээликтен ажыратууну жүргүзбөө;
- өткөрүп берүү учурундагы болгон дебитордук жана кредитордук карыздардын суммасын белгиленген тартипте кабыл алып, алар боюнча бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы менен өз ара эсептешүүлөрдү салыштырууну белгиленген тартипте жүргүзүү;
- жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен өткөрүп берилүүчү объекттерди күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жүргүзүү;
- аталган муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик кайра каттоону өткөрүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Чүй "Кристалл" ишканасы" филиалынын Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин ТИЗМЕСИ
№ | Негизги каражаттардын аталышы | Саны (бирд.) | Калган наркы (миң сом) |
Суу менен камсыздоо участогу боюнча | |||
Имараттар | |||
1 | 1-ишке киргизүү комплекси | 1 бирд. | 1859817,42 |
2 | 2-ишке киргизүү комплекси | 1 бирд. | 620187,92 |
| Топ боюнча бардыгы: | 2 бирд. | 2480005,34 |
Курулмалар | |||
1 | Өткөргүчтөр 22,5 км | 1 бирд. | 192298,78 |
| Топ боюнча бардыгы: | 1 бирд. | 192298,78 |
Күч жабдуулары | |||
1 | ЭЦВ 10-160-150 насосу | 1 бирд. | - |
2 | ЭЦВ 10-120-160 агрегаты | 1 бирд. | - |
| Топ боюнча бардыгы: | 2 бирд. | - |
Автотранспорт | |||
1 | Мазда 121 | 1 бирд. | - |
2 | Фольксваген бус | 1 бирд. | 5133,15 |
3 | Экскаватор | 1 бирд. | - |
4 | ЕРАЗ-752-В | 1 бирд. | 33529,06 |
| Топ боюнча бардыгы: | 4 бирд. | 38662,21 |
| Бардыгы: | 9 бирд. | 2710966,33 |