Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 408
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 691, 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716, 2023-жылдын 2-майындагы № 239 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду), анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн бирдиктүү базалык ставка 7040 (жети миң кырк) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин өлчөмдөрү 2 жана 3-тиркемелерге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмү 4- тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине, анын ичинде жетекчисине жана анын орун басарларына, ошондой эле негизги персоналдын курамына кирген ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт:
- эмгек өргүүсүнө чыкканда эки айлык эмгек акы өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн үстөк;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда, алыскы барууга кыйын зоналарда иштеген адамдар үчүн эмгек акысына райондук коэффициентти белгилөө менен иш стажы үчүн үстөк;
- жогорку квалификациясы, чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү, белгиленген тапшырмаларды жана кызматтык милдеттерди сапаттуу аткаргандыгы, өзгөчө маанилүү жана жооптуу иштерди аткаргандыгы, ченемге салынбаган иштөө режими, өзгөчө маанидеги жана татаал атайын тапшырмаларды ак ниет аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармасынын токтомуна ылайык кызматтык маянасына ай сайын 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эмгек акы төлөө фонду үнөмдөлгөн учурда дем берүүчү төлөмдөр;
- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналына кирген кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөрү:

- белгиленген тапшырмаларды жана кызматтык милдеттерди сапаттуу аткаргандыгы, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн негизги маянасына ай сайын 30 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк;
- айдоочуларга жогорку категориясы болгон учурда (А, В, С, Д, Е) маянасынын 25 пайызы өлчөмүндө, биринчи категориясы болгон учурда (В, С, Д) маянасынын 15 пайызы өлчөмүндө жана экинчи категориясы болгон учурда (В же С) маянасынын 10 пайызы өлчөмүндө кошумча акы;
- ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн негизги маянасынын 25 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк;
- түнкү убакта иштегендиги үчүн кароолчуларга иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн негизги маянасынын 50 пайызына чейинки өлчөмдө кошумча акы;
- кызматтык жайларды тазалоочуларга синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп иштегендиги үчүн негизги маянасынын 25 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк;

4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчисине Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын кызматкерлерине, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өнүктүрүү фондунун каражаттарынан ай сайын дем берүүчү төлөмдөрдү жана кызматтык маянанын 50% ынан ашпаган өлчөмдө сыйакыларды, ошондой эле нөөмөттүк автомобиль бекитилип берилген кызматкерлерди кошпогондо, транспорттук чыгымдары үчүн 2000 сом өлчөмүндө жана тамак-аш үчүн 5000 сом өлчөмүндө ай сайын компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү жана материалдык жардам көрсөтүү укугу берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин ӨЛЧӨМДӨРҮ

№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенти |
1. Борбордук аппарат | ||
1 | Аппарат жетекчиси | 4,90 |
2 | Төраганын кеңешчиси | 4,35 |
3 | Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу | 4,05 |
4 | Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы - Социалдык фонддун башкармасынын катчысы | 4,05 |
5 | Башкармалыктын начальниги | 4,66 |
6 | Бөлүмдүн (өз алдынча) начальниги | 4,54 |
7 | Башкармалыктын начальнигинин орун басары | 4,48 |
8 | Башкармалыктын начальнигинин орун басары - бөлүмдүн начальниги | 4,48 |
9 | Басма сөз-катчы | 4,24 |
10 | Башкармалыктагы бөлүмдүн начальниги | 4,24 |
11 | Сектордун (өз алдынча) башчысы | 4,05 |
12 | Башкармалыктагы сектордун башчысы | 4,05 |
13 | Бөлүмдөгү сектордун башчысы | 4,05 |
14 | Төраганын жардамчысы | 3,75 |
15 | Башкы адис | 3,75 |
16 | Жетектөөчү адис | 3,44 |
17 | Адис | 3,14 |
2. Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду | ||
18 | Директор | 4,70 |
19 | Директордун орун басары - бөлүмдүн начальниги | 4,42 |
20 | Башкы бухгалтер - бөлүмдүн начальниги | 4,13 |
21 | Башкы адис | 3,55 |
22 | Жетектөөчү адис | 3,26 |
23 | Адис | 2,98 |
3. Окуу борбору | ||
24 | Директор | 4,48 |
25 | Директордун орун басары - бөлүмдүн начальниги | 4,21 |
26 | Бухгалтер | 3,84 |
27 | Башкы адис | 3,39 |
28 | Жетектөөчү адис | 3,11 |
29 | Адис | 2,84 |
4. Аймактык бөлүмдөр | ||
30 | Райондук башкармалыктын начальниги | 4,00 |
31 | Башкармалыктын начальнигинин орун басары - бөлүмдүн начальниги | 3,46 |
32 | Башкармалыктын начальнигинин орун басары - сектордун башчысы | 3,46 |
33 | Бөлүмдүн начальниги - башкы бухгалтер | 3,46 |
34 | Башкы бухгалтер | 3,46 |
35 | Бөлүмдүн начальниги | 3,22 |
36 | Сектордун башчысы | 3,18 |
37 | Башкы адис | 3,05 |
38 | Жетектөөчү адис | 2,81 |
39 | Адис | 2,56 |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин ӨЛЧӨМДӨРҮ

1 | Жетекчинин катчысы | 2,65 |
2 | Кампачы | 2,45 |
3 | Көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын оператору | 2,45 |
4 | Архивариус | 2,45 |
5 | Оператор-иш кагаздарын жүргүзүүчү | 2,45 |
2. Ведомстволук бөлүмдөр | ||
6 | Комендант | 2,20 |
3. Аймактык бөлүмдөр | ||
7 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 2,06 |
8 | Архивариус | 2,06 |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин ӨЛЧӨМДӨРҮ

1 | Айдоочу | 2,55 |
2 | Техникалык тейлөө боюнча кызматкер | 2,40 |
3 | Короо тазалагыч | 2,40 |
4 | Кызматтык жайларды тазалагыч | 2,20 |
2. Ведомстволук бөлүмдөр | ||
5 | Айдоочу | 2,55 |
6 | Кызматтык жайларды тазалагыч | 2,20 |
3. Аймактык бөлүмдөр | ||
7 | Айдоочу | 2,06 |
8 | Кароолчу | 1,70 |
9 | Техникалык тейлөө боюнча кызматкер | 1,70 |
10 | Кызматтык жайларды тазалагыч | 1,70 |
11 | Короо тазалагыч | 1,60 |
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн ӨЛЧӨМҮ
№ | Иш стажы | Үстөктөрдүн өлчөмү % |
1 | 1ден 3 жылга чейин | 5 |
2 | 3төн 5 жылга чейин | 10 |
3 | 5тен 10 жылга чейин | 15 |
4 | 10дон 15 жылга чейин | 20 |
5 | 15тен 20 жылга чейин | 25 |
6 | 20дан 25 жылга чейин | 30 |
7 | 25 жылдан жогору | 40 |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 408
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 691, 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716, 2023-жылдын 2-майындагы № 239, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 209 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду), анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн бирдиктүү базалык ставка 7040 (жети миң кырк) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин өлчөмдөрү 2 жана 3-тиркемелерге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмү 4- тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине, анын ичинде жетекчисине жана анын орун басарларына, ошондой эле негизги персоналдын курамына кирген ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт:
- эмгек өргүүсүнө чыкканда эки айлык эмгек акы өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн үстөк;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда, алыскы барууга кыйын зоналарда иштеген адамдар үчүн эмгек акысына райондук коэффициентти белгилөө менен иш стажы үчүн үстөк;
- жогорку квалификациясы, чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү, белгиленген тапшырмаларды жана кызматтык милдеттерди сапаттуу аткаргандыгы, өзгөчө маанилүү жана жооптуу иштерди аткаргандыгы, ченемге салынбаган иштөө режими, өзгөчө маанидеги жана татаал атайын тапшырмаларды ак ниет аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармасынын токтомуна ылайык кызматтык маянасына ай сайын 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эмгек акы төлөө фонду үнөмдөлгөн учурда дем берүүчү төлөмдөр;
- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналына кирген кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөрү:
- эмгек өргүүсүнө чыкканда эки айлык эмгек акы өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда, алыскы барууга кыйын зоналарда иштеген адамдар үчүн эмгек акысына райондук коэффициентти белгилөө менен иш стажы үчүн үстөк;
- белгиленген тапшырмаларды жана кызматтык милдеттерди сапаттуу аткаргандыгы, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн негизги маянасына ай сайын 30 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк;
- айдоочуларга жогорку категориясы болгон учурда (А, В, С, Д, Е) маянасынын 25 пайызы өлчөмүндө, биринчи категориясы болгон учурда (В, С, Д) маянасынын 15 пайызы өлчөмүндө жана экинчи категориясы болгон учурда (В же С) маянасынын 10 пайызы өлчөмүндө кошумча акы;
- ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн негизги маянасынын 25 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк;
- түнкү убакта иштегендиги үчүн кароолчуларга иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн негизги маянасынын 50 пайызына чейинки өлчөмдө кошумча акы;
- кызматтык жайларды тазалоочуларга синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп иштегендиги үчүн негизги маянасынын 25 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эмгек акы төлөө фонду үнөмдөлгөн учурда дем берүүчү төлөмдөр;
- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 691, 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716, 2023-жылдын 2-майындагы № 239 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчисине Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын кызматкерлерине, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун өнүктүрүү фондунун каражаттарынан ай сайын дем берүүчү төлөмдөрдү жана бир айлык эмгек акы фондунан ашпаган өлчөмдө сыйлыктарды, транспорттук чыгымдар үчүн 2000 сом өлчөмүндө (нөөмөттүк автомобиль бекитилип берилген кызматкерлерди кошпогондо) жана тамак-аш үчүн 5000 сом өлчөмүндө ай сайын компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү, ошондой эле бир жолку сый акыларды төлөө жана материалдык жардам көрсөтүү укугу берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык)