ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 454 «Аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, коштоочу стандарттарды, Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексин, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын мамлекеттик тилге которуунун жана жарыялоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция12.08.2022 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 12-августу № 454

Аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, коштоочу стандарттарды, Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексин, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын мамлекеттик тилге которуунун жана жарыялоонун тартибин бекитүү жөнүндө

"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.   Аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, коштоочу стандарттарды, Кесипкей бухгалтерлердин этика кодексин, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын мамлекеттик тилге которуунун жана жарыялоонун тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2.   Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У.Жапаров