Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-январындагы № 14 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 токтомуна) |
Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо республикалык бюджеттен, чет өлкөлүк кредиторлордун жана донорлордун каражаттарынын эсебинен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө, ошондой эле лизингдик операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салат.
2. Бюджеттик кредиттөөнүн максаты экономиканын тармактарын колдоо жана өнүктүрүү, инфратүзүмдү, калктын жашоо-турмушун камсыздоонун коммуналдык системасын жакшыртуу жана өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо аркылуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу болуп саналат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) агент - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бюджеттик кредиттөө жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга, финансылык жана финансылык эмес активдерди башкаруу боюнча операцияларды жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан чыгуучу мекеме;
2) бюджеттик кредитти башкаруу - бюджеттик кредиттерди тариздөө, эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү жана кайтарууну камсыз кылуу процесси;
3) өнбөс карыз - өндүрүп алууга мүмкүн болбогон кредитордун төлөнбөгөн талаптарынын суммасы;
4) бюджеттик кредиттөө - Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен регламенттелген бюджеттик кредиттерди берүү, пайдалануу, башкаруу жана төлөө боюнча иш;
5) бюджеттик кредит - бюджеттик каражаттарды алуучуларга кайтарымдуулук, мөөнөтүүлүк жана акы төлөө шарттарында республикалык бюджеттен бөлүнүүчү акча каражаттары. Бюджеттик кредиттер чет өлкөлүк кредиторлордун жана донорлордун эсебинен да берилиши мүмкүн.
6) карыздык милдеттенме - кредиттик макулдашуулар, кредиттик келишимдер, келишимдүүлүктөр жана башка милдеттенмелер боюнча кагаз жана/же электрондук түрдө белгилүү бир акча каражаттарын карызга алуунун же болбосо тиешелүү суммаларды же келишимде айтылган товарлардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын толук же жарым-жартылай төлөө милдеттенмеси менен товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу фактысын белгилөөчү милдеттенмелердин бардык түрлөрү;
7) карыз - берилген бюджеттик кредит боюнча белгиленген датага карата төлөнбөгөн калдыктын суммасы, анын ичинде карыздын негизги суммасы боюнча мөөнөтү өткөн, мөөнөтү келген жана мөөнөтү келүүчү төлөмдөр, эсептелген пайыздар жана финансылык санкциялар (бышмана);
8) зайымчы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык бюджеттик кредиттерди алган жана түзүлгөн кредиттик келишимдин шарттарына ылайык милдеттенме алган юридикалык жактар, айылдык товар өндүрүүчүлөр жана ишкерлер;
9) өтүнмө ээси - бюджеттик кредит алууга талапкер жак;
10) кредитор - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
11) кредиттик агент - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген финансы-кредиттик уюм;
12) кредиттик келишим - бюджеттик кредит берүү максатында түзүлүүчү жана аны пайдалануу жана кайтаруу боюнча шарттарды камтыган, кредитордун жана зайымчынын укуктарын жана милдеттенмелерин аныктаган юридикалык документ;
13) кредиттик портфель - берилген кредиттердин/лизингдердин аныкталган датага карата төлөнбөгөн жыйындысы;
14) лизинг - лизинг келишимин ишке ашырууга, анын ичинде лизингдин предметин сатып алууга байланыштуу келип чыгуучу экономикалык жана укуктук мамилелердин жыйындысы;
15) мөөнөтү келүүчү төлөмдөр - кредиттик келишимде белгиленген төлөө мөөнөтү келе элек кредит боюнча аныкталган датага карата төгүмдөрдүн суммасы;
16) мөөнөтү келген төлөмдөр - кредиттик келишимде белгиленген төлөө мөөнөтү келген жана төлөө мөөнөтү өтө элек кредит боюнча аныкталган датага карата төгүмдөрдүн суммасы;
17) милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо - милдеттенмелерди аткаруудан толук баш тартуу же милдеттенмелердин бир бөлүгүн гана аткаруу же келишимдин шарттарына же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык түрдө же сапатта аткарбоо;
18) карыздын негизги суммасы - кредиттик келишимде каралган пайдалануу үчүн эсептелүүчү пайыздарды, финансылык санкцияларды (бышманаларды) жана башка комиссиялык төлөмдөрдү эсепке албастан, бюджеттик кредиттин алынган жана төлөнбөгөн суммасы;
19) тармактык мамлекеттик орган - экономиканын тийиштүү тармагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
20) бюджеттик кредитти өздөштүрүү мезгили - зайымчы берилген максатына ылайык иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттик кредит боюнча алынган акча каражаттарын пайдаланган убакыт мезгили;
21) мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөр - кредиттик келишимде белгиленген төлөө мөөнөтү өтүп кеткен кредит боюнча аныкталган датага карата төгүмдөрдүн суммасы;
22) пайыздык ставка же пайдалануу үчүн пайыз - белгилүү бир убакыт мезгилине эсепте кредиттин негизги суммасына карата пайыздык мааниде көрсөтүлгөн акы;
23) айылдык товар өндүрүүчүлөр - ишинин негизги түрү айыл чарба азыктарын өндүрүү (өстүрүү) болгон юридикалык же жеке жактар;
24) эсептен чыгаруу - зайымчыны кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бир жолку бошотуу же кредитордун зайымчыга карата талап кылуу укугун токтотуу;
25) бюджеттик кредиттин мөөнөтү - зайымчы бюджеттик кредитти алган, пайдаланган жана төлөгөн убакыт мезгили;
26) товардык-материалдык ресурстар - чийки зат же эмгектин буюмдук зат түрүндөгү продукттары, анын ичинде жабдуу, айыл чарба жана өнөр жай техникалары, запастык бөлүктөр, күйүүчү-майлоочу материалдар, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү жана азыктары, минералдык жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, медициналык, ветеринардык жана дары каражаттары;
27) реструктуризациялоо - бюджеттик кредитти пайдалануу жана төлөө шарттарын өзгөртүү;
28) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик финансыны башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы.
29) бюджеттик кредиттерди башкаруу - бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкарууга багытталган иш;
30) финансылык санкциялар (бышмана) - милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда карызкор кредиторго төлөөгө же берүүгө милдеттүү болгон, мыйзамдарда же келишимде аныкталган акчалай сумма же келишимде белгиленген башка баалуулуктар.
2-глава. Бюджеттик кредиттөөнүн субъекттери
4. Бюджеттик кредиттөөнүн субъекттери болуп кредитор, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, агент, кредиттик агент жана зайымчы эсептелет.
5. Бюджеттик кредиттөө субъекттеринин укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлгөн кредиттик келишимде аныкталат.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына жана Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнү жана аны бюджеттик кредиттөө бөлүгүндө аткарууну уюштурууну камсыз кылат.
7. Агент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан бюджеттик кредиттөө боюнча операцияларды жүзөгө ашырат. Агенттин функциялары жана милдеттери Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.
8. Кредиттик агенттер Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык ыйгарым укук берилген учурда экономиканын тиешелүү чөйрөлөрүндө бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча иштерди жүргүзөт.
3-глава. Бюджеттик кредиттөөнүн негизги жоболору
9. Бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жана ушул Жобонун ченемдерине ылайык Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
10. Бюджеттик кредиттер бюджеттик кредиттөөнүн шарттарына ылайык акчалай түрдө, ошондой эле товардык-материалдык ресурстар түрүндө берилет.
11. Бюджеттик кредиттер төмөнкү шарттар сакталган учурда берилет:
1) максаттуу багыты - бюджеттик кредитти Министрлер Кабинетинин чечиминде же кредиттик келишимде аныкталган максаттарда пайдаланууну карайт;
2) кайтарымдуулук - кредиттик келишимдин шарттарына ылайык бюджеттик кредитти милдеттүү төлөөнү карайт;
3) мөөнөтүүлүк - бюджеттик кредитти пайдалануунун жана төлөөнүн мөөнөтүн белгилөөнү карайт;
4) акы төлөө - зайымчынын бюджеттик кредитти пайдалануу үчүн пайыздарды төлөөсүн карайт;
5) камсыздалгандык - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген ыкмалар менен милдеттенмелерди аткарууну зарыл болгон камсыздоону карайт;
6) бюджеттик кредиттерди алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгү, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мурда берилген бюджеттик кредиттер боюнча зайымчынын мөөнөтү өткөн карызынын жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген бюджетке салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча зайымчынын мөөнөтү өткөн карызынын жоктугу;
12. Бюджеттик кредиттер төмөнкүлөргө берилбейт:
1) юридикалык жактардын уставдык капиталдарына катышуу максаттарына;
2) өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк, энергетикалык коопсуздугун камсыздоого зарыл болгон учурлардан тышкары, ишке ашырылышы экономикалык пайда алып келбеген же кайтарылышы бюджеттик кредиттерди талаптагыдай башкарууга мүмкүндүк бербеген долбоорлорду каржылоого.
13. Кредиттер чет өлкөлүк кредиторлордун каражаттарынын эсебинен берилген учурда, эгерде эл аралык келишимде кредиттөөнүн башка шарттары белгиленсе, кредиттер эл аралык келишимдин шарттарында берилет.
131. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттерди берүүнүн тартиби жана шарттары региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартибин жөнгө салуучу жобо жана ушул Жобо менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Бюджеттик кредиттерди акыркы алуучулар катары айылдык товар өндүрүүчүлөр болуп саналбаган жана ишкердик жүргүзбөгөн жеке жактар чыккан мамлекеттик программалар боюнча бюджеттик кредиттерди берүү ал жеткис күчтүн (форс-мажор) кесепетинен жабыр тарткан субъекттерди колдоо боюнча мамлекеттик программалардан тышкары, кредиттик агенттер аркылуу жүзөгө ашырылат.
4-глава. Бюджеттик кредиттерди берүү
15. Министрлер Кабинетинин бюджеттик кредит берүү жөнүндө чечимдеринин долбоорлорун (мындан ары - чечимдин долбоору) иштеп чыгуу жана демилгелөө тармактык мамлекеттик орган же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
16. Чечимдердин долбоорлору бюджеттик кредитти берүүнүн, пайдалануунун, башкаруунун жана төлөөнүн шарттарын камтууга тийиш, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) зайымчынын аталышын/аты-жөнүн;
2) кредиттик агенттин аталышын (эгерде бюджеттик кредит кредиттик агент аркылуу берилсе);
3) бюджеттик кредиттин өлчөмү конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган учурлардан тышкары, бюджеттик кредиттин суммасын жана валютасын (товардык-материалдык ресурстардын акчалай эквиваленттеги суммасы);
4) бюджеттик кредиттин максатын;
5) бюджеттик кредитти пайдалануу, башкаруу жана төлөө шарттарын;
6) бюджеттик кредитти камсыздоо боюнча талапты.
17. Чечимдердин долбоорлору тармактык мамлекеттик орган тарабынан демилгеленген учурда иштелип чыккан долбоорлор бюджеттик кредиттөө аркылуу каржылоону талап кылган иш-чараларды ишке ашыруунун максаттары, натыйжалары жана зарылдыгы, долбоорду ишке ашыруунун өзүн-өзү актоосу жана күтүлүүчү экономикалык натыйжалуулугу жөнүндө кеңири маалыматты тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна киргизилет.
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоорлорду кредиттөө үчүн республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карата долбоорлорго баалоо жүргүзөт.
19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоорду баалоосунун жыйынтыгы төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
1) оң корутунду;
2) долбоорлорду жеткире иштеп чыгуу үчүн тармактык мамлекеттик органга кайтаруу;
3) терс корутунду.
20. Чечимдердин долбоорлору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан оң корутунду чыгарылгандан кийин гана тармактык мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизилет.
21. Министрлер Кабинетинин бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө чечими тиешелүү жылга республикалык бюджетте аталган максаттарга каралган каражаттардын чегинде кабыл алынат. Республикалык бюджетте бюджеттик кредиттерди берүүгө каралган каражаттар жок болгон учурда, "кошумча каражаттарды табууда" деген сын пикир менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу зарыл.
22. Бюджеттик кредит алууга талапкер болгон өтүнмө ээлери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү берет:
1) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча бюджеттик кредит алууга өтүнмөнү;
2) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча бюджеттик кредитти тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин.
23. Төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо ушул Жобонун 4-тиркемесине көрсөтүлгөн методикага ылайык жүргүзүлөт.
24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эки жумалык мөөнөттө берилген материалдарды карайт жана өтүнмө ээсине кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирет. Материалдар ылайык келбеген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аталган мөөнөттүн ичинде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте жиберет.
25. Кредиттик келишимдердин долбоорлору Министрлер Кабинетинин бюджеттик кредит берүү жөнүндө чечимине ылайык иштелип чыгат жана ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет. Кредиттик келишимге Министрлер Кабинетинин бюджеттик кредит берүү жөнүндө чечимине ылайык кошумча шарттар киргизилиши мүмкүн.
26. Кредиттик келишимде бюджеттик кредитти берүү жана пайдалануу шарттары жана ыкмасы, төлөө графиги, бюджеттик кредит боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо ыкмалары жана өлчөмдөрү, ошондой эле кредиттик келишимдин шарттарын аткарбагандыгы жана/же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги камтылат.
27. Бюджеттик кредиттердин пайыздык ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
1) социалдык маанилүү маселелерди чечүүгө жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган долбоорлор, инфратүзүмдүк долбоорлор боюнча - жылдык 1 (бир) пайыздан кем эмес жана 3 (үч) пайыздан жогору эмес;
2) пайда алууга багытталган долбоорлор боюнча (коммерциялык долбоорлор) - жылдык 6 (алты) пайыздан төмөн эмес жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасынын өлчөмүнөн жогору эмес. Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасынын өлчөмү 6 (алты) пайыздан төмөн болсо, пайыздык ставка жылдык 6 (алты) пайыз өлчөмүндө белгиленет;
3) чет өлкөлүк кредиторлордун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган пайыздык ставкадан төмөн эмес.
28. Пайыздарды эсептөө дифференцияланган же аннуитеттик метод менен жүргүзүлөт. Бюджеттик кредиттерди пайдалануу үчүн пайыздарды эсептөө методу Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
29. Бюджеттик кредитти берүү ыкмалары:
1) зайымчынын төлөм документтерин төлөө;
2) зайымчынын алыш-бериш эсебине бир жолу же болбосо которуу графигине ылайык же зайымчы тарабынан тийиштүү документтердин берилүүсүнө жараша бөлүп-бөлүп (транштар менен) которуу;
3) товардык-материалдык ресурстарды берүү.
30. Зайымчынын алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которуу же зайымчыга товардык-материалдык ресурстарды берүү кредиттик келишим жана бюджеттик кредит боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо жөнүндө келишим түзүлгөндөн жана катталгандан кийин жүзөгө ашырылат.
31. Зайымчыга товардык-материалдык ресурстарды берүү товардык коштомо кагаздар жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары түрүндө, ал эми акча каражаттарын которууда - төлөм тапшырмасы түрүндө таризделет.
32. Бюджеттик кредиттер төмөнкү мөөнөттөргө берилет:
1) кыска мөөнөттүү - 1 (бир) жылга чейин;
2) орто мөөнөттүү - 1 (бир) жылдан 3 (үч) жылга чейин;
3) узак мөөнөттүү - 3 (үч) жылдан ашык.
33. Бюджеттик кредиттин мөөнөтү бюджеттик кредиттик каражаттар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебинен которулган учурдан тартып, ал эми кредит товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүнгөн учурда - тиешелүү документтердин негизинде товардык-материалдык ресурстар берилген күндөн тартып эсептелет. Кредиттик келишимдин шарттарында каралган учурларда, бюджеттик кредиттин мөөнөтү кредиттик келишимдин шарттарына ылайык эсептелет.
34. Агент бюджеттик кредиттердин эсебин жүргүзөт жана алардын кайтарылышын камсыз кылат.
35. Агент бюджеттик кредиттердин системалык жана системадан тышкаркы эсебин жүргүзөт.
36. Бюджеттик кредиттердин реестри өзүнө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) зайымчынын аталышы/аты-жөнү;
2) долбоордун аталышы жана максаты;
3) берилген бюджеттик кредиттердин суммасы, анын ичинде алардын өздөштүрүлгөн суммалары жана өздөштүрүлбөгөн суммаларынын калдыктары;
4) кредиттөөнүн шарттары;
5) бюджеттик кредитти төлөө суммасы, анын ичинде карыздын негизги суммасы, эсептелген пайыздар жана финансылык санкциялар (бышмана) боюнча төлөө суммасы;
6) зайымчылардын карыздык абалы, анын ичинде бюджеттик кредит боюнча мөөнөтү келүүчү, мөөнөтү келген жана мөөнөтү өткөн төлөмдөр;
7) бюджеттик кредиттердин камсыздалуу абалы;
8) өнбөс карыздардын суммасы.
5-глава. Стартап-долбоорлорду кредиттөөнүн өзгөчөлүктөрү
37. Бюджеттик кредиттер социалдык маанилүү маселелерди чечүүгө багытталган, ошондой эле өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк, экологиялык жана улуттук коопсуздугун камсыздоо үчүн стратегиялык мааниге ээ стартап-долбоорлорду каржылоо үчүн берилиши мүмкүн.
38. Бюджеттик кредиттер ушул главага каршы келбеген бөлүгүндө ушул Жобонун ченемдерине ылайык стартап-долбоорлорду жүзөгө ашыруучу субъекттерге берилет.
39. Бюджеттик кредит алуу үчүн өтүнмө ээсинин жеке салымы суралган кредиттин суммасынын 30 (отуз) пайызынан кем болбоого тийиш.
40. Бюджеттик кредит алууга талапкер болгон өтүнмө ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтыган бизнес-планды берет:
1) долбоорду баяндоону, максаттуу рынокту (сатып алуучулар, атаандаштар, рыноктун көлөмү жана анын өсүшү);
2) инвестициялык жана финансылык пландарды, натыйжалуулукту талдоону (кирешелүүлүк, рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү, өнүгүүнүн сценарийи);
3) коэффициенттердин эсебин: чыгашасыздык чекитин (акчалай жана накталай мааниде);
4) болжолдук маалыматтарды, өзүн-өзү актоо мөөнөтүн;
5) мүмкүн болуучу тобокелдиктерди баяндоону (бул жерде алардын төмөндөө стратегиясы эске алынат жана SWOT-талдоо жүргүзүлөт).
41. Стартап-долбоорлорду бюджеттик кредиттөөдөгү тобокелдиктер толугу менен республикалык бюджетке жүктөлөт.
6-глава. Бюджеттик кредиттерге мониторинг жүргүзүү
42. Агент же кредиттик агенттер жылына бир жолудан кем эмес бюджеттик кредиттерге мониторинг жүргүзөт.
43. Бюджеттик кредиттерге мониторинг жүргүзүүнүн максаты зайымчылар тарабынан кредиттик келишимдердин шарттарын сактоо, бюджеттик кредиттерди максаттуу пайдалануу жана бюджеттик кредиттерди кайтарып берүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
44. Мониторинг жүргүзүү төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзүлөт:
1) кредитти (негизги сумманы жана пайдаланууга пайыздарды) өз убагында төлөөнү көзөмөлдөө;
2) кредитти камсыздоо бар экендиги фактысын белгилөө жана анын абалын текшерүү;
3) зайымчынын финансылык абалын көзөмөлдөө;
4) каражаттарды иш жүзүндө пайдалануу жөнүндө отчётторду жана баштапкы документтерди текшерүү;
5) кредиттер боюнча көзөмөлдөнүүчү карыздын сапатын жана көлөмүнүн түзүмүн талдоо;
6) көйгөйлүү зайымчыларды аныктоо жана аларды чечүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу.
45. Зайымчылар агенттин же кредиттик агенттин талабы боюнча алардын финансылык-экономикалык жана өндүрүштүк иши жөнүндө, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчётторду жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Каражаттарды иш жүзүндө пайдалануу жөнүндө отчётторду жана баштапкы документтерди алар татаал болгондуктан же белгилүү бир тармакта атайын билимдерди талап кылгандыктан текшерүү мүмкүн болбогон учурда, иш жүзүндө аткарылган иштерди текшерүү тийиштүү тармакта кесиптик иш тажрыйбасы бар эксперттерди жана адистерди тартуу менен жүзөгө ашырылат.
46. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же агент зайымчынын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде төмөнкүлөрдөн суроого жана алууга ыйгарым укуктуу:
1) зайымчынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган банктардан, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан алардын филиалдарынан жана өкүлчүлүктөрүнөн зайымчынын эсептери жөнүндө;
2) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча;
3) зайымчынын макулдугу менен финансылык-кредиттик уюмдардан жана кредиттик бюролордон зайымчынын кредиттик милдеттенмелери бар экендиги жөнүндө;
4) менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан жана бюджеттик кредитти пайдалануу мезгилинде зайымчы менен бүтүм түзгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө.
47. Бюджеттик кредиттерге мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча көйгөйлүү зайымчылар аныкталган учурда, агент тарабынан бекитилген нускамага ылайык агент тиешелүү иштерди жүргүзөт.
7-глава. Милдеттенмелерди аткаруу
48. Кредиттик келишимдин шарттарын аткаруу боюнча милдеттенмелерди, ошондой эле алынган бюджеттик кредитти максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчиликти зайымчы тартат.
49. Милдеттенмелер кредиттик келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык талаптагыдай түрдө жана белгиленген мөөнөттө аткарылууга тийиш.
50. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же кредиттик келишимде каралган учурларды кошпогондо, милдеттенмени аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт.
51. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же кредиттик келишимде каралган учурларды кошпогондо, кредиттик келишимдин шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт.
52. Бюджеттик кредиттер боюнча карыздын зайымчылар тарабынан төлөнүшү кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болгон мөөнөттүү милдеттенмеге (төлөө графигине) ылайык жүргүзүлөт.
53. Эгерде кредиттик келишимдин шарттарында башкача каралбаса, зайымчы милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.
54. Акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кошуп эсептөө акча каражаттары зайымчынын эсебине которулган датадан баштап, ал эми кредиттер товардык ресурстар түрүндө бөлүнгөн учурда, эгер кредиттик келишимде башкача айтылбаса, алар зайымчыга өткөрүлүп берилген күндөн баштап жүргүзүлөт.
55. Бюджеттик кредиттерди пайдалангандыгы үчүн пайыздарды эсептеп чыгарууда базалык мезгилдин негизи катары эгерде, Министрлер Кабинетинин чечиминде же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин шарттарында башкача каралбаса, ар бир айдагы күндөрдүн иш жүзүндөгү саны менен 365 (үч жүз алтымыш беш) күнгө барабар болгон календардык жылдын узактыгы кабыл алынат.
56. Төлөө мөөнөтү келип жеткен күнгө карата төлөнбөгөн мөөнөтү келген төлөмдөр, ошол күндөн кийинки күндөн баштап мөөнөтү өткөн төлөмдөр деп эсептелет.
57. Кошуп эсептелинген пайыздардын жана финансылык санкциялардын (бышманалардын) суммасы зайымчыга жиберилүүчү карызды салыштырып текшерүү актыларында, кабарламаларда, дооматтарда жана башка финансылык документтерде көрсөтүлөт.
58. Бюджеттик кредиттерди акча каражаттары менен төгүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте казыналык система аркылуу төлөмдү өткөрүү жолу менен төлөм документинин негизинде эсепке алынат.
8-глава. Милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуунун ыкмалары
59. Зайымчынын милдеттенмелерин аткаруу бышмана, күрөө, кепилчилик, кепилдик, карыздын суммасын акцептсиз эсептен чыгаруу укугун берүү жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен камсыз кылынат.
60. Финансылык санкцияларды (бышманаларды) кошуп эсептөөнүн шарттары кредиттик келишимдин шарттарында көрсөтүлөт.
61. Күрөө келишимин тариздөө ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.
62. Кепилчилик келишимин тариздөө ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.
63. Кепилдик келишимин тариздөө ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.
64. Күрөө мүлкүнүн наркын баалоону мүлктүн ушундай түрлөрүнүн рыноктук наркы боюнча кредит алууга өтүнмө түзүлгөн датага карай физикалык жана моралдык эскиришин эске алып, суроо-талаптын жана тобокелдиктин төмөндөтүүчү коэффициенттерин колдонуу менен агент жүзөгө ашырат.
65. Суроо-талаптын жана тобокелдиктин коэффициенттеринин чектик чоңдуктары ушул Жобонун 9-тиркемесине ылайык белгиленет.
66. Күрөө мүлкүнүн реалдуу рыноктук наркын баалоо экспертиза жүргүзүү укугуна уруксаты бар эксперттерди тартуу менен жүргүзүлөт.
67. Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоонун бир нече ыкмаларын караштырган келишимдерди тариздөөгө жол берилет.
68. Бул Жобонун милдеттүү камсыздоо бөлүгүндөгү талаптары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу муниципалдык мекемелерге жана күрөөлүк камсыздоого менчик укугунда турган бардык активдерди (мүлктүк комплекс катары ишкананын күрөөсү) берген юридикалык жактарга жайылтылбайт.
Күрөөнү берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө маалымат бюджеттик кредит бөлүү жөнүндө чечимдин долбоорун демилгелеген тармактык мамлекеттик орган тарабынан берилүүгө тийиш. Берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти тармактык мамлекеттик орган тартат.
69. Бюджеттик кредит кредиттик агент аркылуу берилген учурларда, милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу кредиттик агент тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
9-глава. Бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү
70. Бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү бюджеттик мыйзамдарга ылайык кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана көлөмдөрдө милдеттенмелерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган финансылык кыйынчылыктар пайда болгондо же ал жеткис күчтүн (форс-мажор) таасири болгондо жүргүзүлөт. Бул учурда зайымчы тарабынан көрүлүүчү чаралар анын ишин финансылык жактан жакшыртууга жана кредиттик келишим боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди андан ары аткарууну активдештирүүгө багытталууга тийиш.
71. Бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлору тармактык мамлекеттик орган же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан демилгелениши мүмкүн.
72. Зайымчы же тармактык мамлекеттик орган бюджеттик кредитти кайра түзүмдөштүрүү боюнча сунуштарды кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга карызды кайтарып берүү шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды жана кайра түзүмдөштүрүүнүн зарылдыгын негиздеген материалдарды киргизет.
73. Бюджеттик кредиттер боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө сунушка төмөнкүлөр тиркелет:
1) акыркы 3 (үч) жыл үчүн тиешелүү формаларды тиркөө менен финансылык отчёттуулук;
2) мөөнөттү болжолдонгон узартуунун бүткүл мезгилине бизнес-план, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- кирешелердин, пайданын жана акча каражаттарынын кыймылынын реалдуу жана жетүүгө мүмкүн болгон деңгээлдери;
- зарыл болгон адам ресурстары, финансылык чыгымдар жана жүгүртүү капиталы;
- тобокелдиктин негизги булактары жана бул тобокелдиктерди азайтуу;
3) милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу боюнча сунуштар.
74. Күрөө менен камсыздоо жетишсиз болгон учурда же эгерде мурда бюджеттик кредиттер күрөөсүз негизде берилген болсо, күрөө менен камсыздоо жөнүндө сунуш ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча берилет.
75. Бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү боюнча берилген материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча негиздер болгон учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду даярдайт.
76. Киргизилген сунуш ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген, зайымчынын финансылык-экономикалык абалы канааттандырарлык эмес болгон жана анын ишинин өнүгүү келечеги жок болгон учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган терс корутунду (баш тартуу) даярдайт.
77. Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорунда бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү, анын ичинде төмөнкүлөр каралат:
1) карызды төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүү;
2) кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставканы өзгөртүү;
3) жеңилдетилген мезгилди берүү;
4) бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды кредиттин негизги суммасына пайдалангандыгы үчүн кошуп эсептелинген пайыздарды жана/же финансылык санкцияларды (бышманаларды) суммалоо же өзүнчө суммага бөлүү жолу менен капиталдаштыруу;
5) аткаруу мөөнөттөрүн узартуу жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка негиздүү сунуштарды берүү.
78. Бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүүдө кредиттерди кайтаруунун чектик мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленет:
1) карыздын калдыгы 1000000 (бир миллион) сомго чейин болсо - 3 (үч) жылдан ашык эмес;
2) карыздын калдыгы 1000000 (бир миллион) сомдон 10000000 (он миллион) сомго чейин болсо - 7 (жети) жылдан ашык эмес;
3) карыздын калдыгы 10000000 (он миллион) сомдон 20000000 (жыйырма миллион) сомго чейин болсо - 12 (он эки) жылдан ашык эмес;
4) карыздын калдыгы 20000000 (жыйырма миллион) сомдон 50000000 (элүү миллион) сомго чейин болсо - 15 (он беш) жылдан ашык эмес;
5) карыздын калдыгы 50000000 (элүү миллион) сом жана андан жогору болсо - 20 (жыйырма) жылдан ашык эмес.
79. Эгерде зайымчыга көз каранды болбогон себептерден улам анын жумуш шарттары өзгөрүлсө (өлкөдөгү экономикалык кырдаалдын начарлашы, форс-мажор), бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка төмөндөө жагына өзгөрүлөт. Мында пайдалангандыгы үчүн кошуп эсептелинген пайыздар кредиттик келишим боюнча негизги карыздын суммасына дал келбеген кырдаал түзүлдү.
80. Кредиттик келишимдин шарттарына кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставкалардын өлчөмүн төмөндөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүдө анын өлчөмү бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн белгиленген пайыздык ставканын өлчөмүнүн 50 (элүү) пайызынан кем болбоого тийиш.
81. Министрлер Кабинети тарабынан рекредиттелген бюджеттик кредиттер боюнча бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн башка пайыздык ставкаларды колдонууга жол берилет. Ошону менен бирге рекредиттелген бюджеттик кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн пайыздык ставкалардан кем болбошу керек.
82. Төлөмдөрдүн мезгилдүүлүгүн өзгөртүүнү караштырган карызды төлөөнүн графигин өзгөртүү зайымчынын ишиндеги сезондуулукту, сатуу рыногунун, чийки заттарды, комплектөөчүлөрдү жеткирүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана башка факторлорду эске алуу менен жүргүзүлөт.
83. Форс-мажордук жана зайымчыга көз каранды болбогон жагдайлардын келип чыгышына байланыштуу кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды кароо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) тиешелүү органдардын мындай жагдайлардын жана кырдаалдардын келип чыгышын ырастаган актылары;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же тиешелүү райондордун мамлекеттик администрациялары тарабынан бериле турган маалымкаттар.
84. Кредиттик келишимдин өзгөрүлгөн шарттарын агент же кредиттик агент колдонуудагы кредиттик келишимдерге кошумча макулдашуулар түрүндө тариздейт.
10-глава. Милдеттенмедеги жактарды алмаштыруу
85. Кредиттик келишимдин негизинде кредиторго таандык болгон талап кылуу укугу кредитор тарабынан талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө бүтүм боюнча башка жакка өткөрүлүп берилиши же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын негизинде башка жакка өтүшү мүмкүн.
86. Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же кредиттик келишимде башкача каралбаса, кредитордун укуктарынын башка жакка өтүшү үчүн зайымчынын макулдугу талап кылынбайт.
87. Карызды башка жакка өткөрүүгө кредитордун же кредитордун атынан талап кылуу укугу берилген органдын макулдугу менен гана жол берилет, ал кайрадан түзүлгөн кредиттик келишимдин шарттарында эске алынат.
88. Зайымчынын карызын анын укук улантуучусуна кайра тариздөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу юридикалык жак кайра түзүлгөндө (кошулганда, бириккенде, бөлүнгөндө, бөлүп чыгарылганда, кайта уюшулганда) жүргүзүлөт.
89. Юридикалык жакты кайра түзүүдө анын карызын кайра тариздөө бөлүүчү балансына жана өткөрүп берүү актысына ылайык жүргүзүлөт. Эгерде Министрлер Кабинетинин чечиминде башкача каралбаса, жаңы юридикалык жак менен келишимдик мамиле милдеттенмелердин аткарылышын милдеттүү түрдө камсыздоо менен (күрөө коюу же башка ыкма менен) кайра түзүлүүчү юридикалык жак менен болгон кредиттик келишимде аныкталган ошол эле шарттарда таризделет.
90. Жаңы жак үчүн кредит берүүнүн шарттарын өзгөртүүгө Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде гана жол берилет.
91. Эгерде кредиттерди кайтарып берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруунун ишенимдүүлүгү жогорулаган учурда, зайымчынын карызы башка жакка өткөрүлүп берилет. Финансылык абалы бюджеттик кредиттер боюнча милдеттенмени аткарууга мүмкүндүк бербеген жакка карызды өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
92. Ушул Жобого ылайык зайымчынын карызы башка жакка өткөрүлүп берилген учурда, кредиттик келишим боюнча зайымчынын милдеттенмеси өткөрүлгөн карыздын суммасына тең суммада аткарылат.
11-глава. Бюджеттик кредиттөө боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилик
93. Мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрдүн суммасына финансылык санкциялар (бышманалар) алар түзүлгөн күндөн тартып кошуп эсептелине баштайт.
94. Финансылык санкциялар (бышманалар) бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздын эки эсе өлчөмүндө белгиленет, бирок жылдык 6 (алты) пайыздан кем эмес.
95. Финансылык санкцияларды (бышманаларды) кошуп эсептөө төмөнкү учурларда токтотула турат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу менен ырасталган, ал жеткис жана күтүлбөгөн күчтөрдүн, анын ичинде эпидемиянын, өрттүн, жарылуунун, авариянын, суу ташкынынын, кургакчылыктын, жер титирөөнүн, табигый-климаттык жана техногендик кыйроолордун таасиринин натыйжасында милдеттенмелердин талаптагыдай аткарылышына таасир этүүчү өзгөчө жана алдын алууга болбогон жагдайлардын (форс-мажор) болуу фактысы пайда болгон - форс-мажордук жагдайлар түзүлгөн күндөн тартып зайымчынын финансылык абалы жакшыруу үчүн зарыл болгон мезгил ичинде, бирок 1 (бир) жылдан ашык эмес;
2) жеке жак каза болгондо - зайымчы каза болгондугу жөнүндө күбөлүк берилген күндөн тартып анын мураскору (укук улантуучусу) аныкталганга чейин.
96. Финансылык санкцияларды (бышманаларды) чегерүү төмөнкү учурларда токтотулат:
1) бюджеттик кредит боюнча карызды өндүрүү жөнүндө соттук актынын мыйзамдуу күчүнө кирген датасынан тартып;
2) кошуп эсептелинген финансылык санкциялардын (бышманалардын) суммасы кредиттик келишим боюнча негизги карыздын суммасынын 20 (жыйырма) пайызынан ашкан учурда;
3) юридикалык жак жоюлган учурда.
97. Финансылык санкцияларды (бышманаларды) кошуп эсептөөнү токтотуу же токтото туруу зайымчыны кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруудан бошотпойт.
98. Бюджеттик кредиттөөнүн шарттары бузулган учурда, агент же кредиттик агент бюджеттик кредит боюнча карыздарды мөөнөтүнөн мурда өндүрүп алуу жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу.
99. Карызды мөөнөтүнөн мурда өндүрүп алуу жол-жобосу төмөнкүдөй учурларда демилгеленет:
1) зайымчы бюджеттик кредиттин кезектеги бөлүгүн кайтаруу үчүн 180 (жүз сексен) күндөн ашык белгиленген мөөнөттү бузган учурда;
2) күрөө берүүчү тарабынан келишимди камсыз кылуучу шарттар сакталбаганда жана күрөө предметин тескөө жөнүндө эрежелер бузулганда;
3) зайымчы тарабынан бюджеттик кредиттердин максаттуу пайдаланылышын контролдоо мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук жаратылганда же чектөө аракети жасалганда;
4) бюджеттик кредиттерди иш жүзүндө пайдалануу жөнүндө отчётторду жана баштапкы документтерди текшерүүдө бюджеттик кредитти максатсыз пайдалануу фактысы белгиленген учурда.
100. Эгерде кабарланган учурдан тартып 180 (жүз сексен) күн өткөндөн кийин зайымчы карыздарын жоюу боюнча чара көрбөсө, кредиттик агент бюджеттик кредит боюнча карыздарды мөөнөтүнөн мурда өндүрүп алууга киришүүгө укуктуу.
101. Карызды мөөнөтүнөн мурда өндүрүү жол-жобосун демилгелөөдө бюджеттик кредитти кайтаруу мөөнөттөрү кредиттик келишимдин шарттарына карабастан демилгелеген күнү токтоосуз башталат.
12-глава. Бюджеттик кредитти соттук жана соттон тышкаркы тартипте кайтаруунун өзгөчөлүктөрү
102. Зайымчы бюджеттик кредитти кайтаруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө кредитордун талаптарын аткарбаган учурда, агент же кредиттик агент тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык карызды соттук тартипте мажбурлап өндүрүү чаралары көрүлөт.
103. Карызкорлор менен бюджеттик кредиттер боюнча сот актысын ыктыярдуу аткаруу жөнүндө макулдашуу түзүүгө уруксат берилет.
104. Сот актысын ыктыярдуу аткаруу агент же кредиттик агент менен зайымчынын же субсидиардык жоопкерчилик тартуучу адамдын ортосунда кол коюлган макулдашуу менен бекитилүүгө тийиш. Макулдашуу түзүүнүн максаты болуп мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонбостон, сот актыларынын кепилденген аткарылышын бир кыйла үнөмдүү ыкма менен камсыздоо саналат.
105. Сот актысын ыктыярдуу аткаруу жөнүндө макулдашууну түзүү зайымчыны Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтен бошотпойт.
106. Агент же кредиттик агент жарашуу макулдашуусун түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сот аркылуу бекитүүгө укуктуу.
107. Жарашуу макулдашуусунун милдеттенмелерин аткаруунун тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү зайымчынын мурда алган милдеттенмелеринин шарттарына салыштырмалуу жеңилдетилбеген болууга тийиш.
108. Мөөнөтү бүткөн милдеттенмелер боюнча жарашуу макулдашуусу түзүлгөн учурда жарашуу макулдашуусунун мөөнөтү 5 (беш) жылдан ашпоого тийиш.
109. Эгерде ушул Жобонун 102-пунктунда каралган аракеттер жетишсиз болсо жана милдеттенмелердин аткарылбай калышы сакталуу бойдон калса, агент же кредиттик агент Кыргыз Республикасынын банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттин алдында милдеттенмелери бар зайымчынын банкроттук жол-жобосун демилгелейт. Бул учурда агент же кредиттик агент зайымчыга банкроттук жол-жобону демилгелөө ниети жөнүндө кабарлоого тийиш. Кабарлоодо кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгы көрсөтүлөт жана кабарлоодо көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде бул зайымчы милдеттенмелерди аткарбаган учурда банкроттук жол-жоболорду белгилөө үчүн агенттин сотко кайрылары жөнүндө эскертүүсү камтылууга тийиш.
110. Зайымчынын банкроттугунда кредитордун талаптарын канааттандыруу Кыргыз Республикасынын банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
111. Күрөөнүн предметине соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу күрөө жөнүндө келишимдин негизинде же болбосо кредиттик келишимдин шарттары бузулган учурларда күрөөнүн предметин соттон тышкаркы тартипте ээликтен ажыратуу шарттарын камтыган макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
112. Күрөөнүн предметин соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу жол-жобосун демилгелөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана күрөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте ишке ашырылат.
13-глава. Бюджеттик кредитти мүлк менен төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
113. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары, зайымчыны жоюу же анын банкроттугу (кудуретсиздиги) боюнча аткаруу өндүрүшүнүн процесстеринде агент же кредиттик агент карызкордун (күрөө берүүчүнүн) мүлкүн, анын ичинде жалпы элдик торуктарда сатылбай калган мүлкүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте, ошондой эле аткаруу өндүрүшү, күрөө жана банкроттук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнө калтырууга укуктуу. Мында мүлк акыркы тоорукта (аукциондо, конкурста) белгиленген нарк боюнча кабыл алынат.
114. Агент же кредиттик агент зайымчынын, күрөө берүүчүнүн же үчүнчү жактын мүлкүн бюджеттик кредит боюнча карыздарды төлөөнүн эсебинен кабыл алууга укуктуу. Мында мүлк ушул Жобонун 66-пунктуна ылайык жүргүзүлгөн баалоо боюнча кабыл алынат.
115. Ушул Жобонун 113, 114-пункттарында көрсөтүлгөн мүлктү кабыл алууда зайымчынын кредиттик келишими боюнча милдеттенмеси кабыл алуу учурундагы мүлктүн наркынын суммасына аткарылат, ага ылайык агенттин же кредиттик агенттин талаптары кабыл алынган мүлктүн суммасына жараша канааттандырылат.
116. Кредитордук талаптарды канааттандыруу жана бюджеттик кредит боюнча зайымчынын милдеттенмелерин аткаруу учуру болуп төмөнкүлөр эсептелет: кыймылсыз мүлккө карата - менчик укугун мамлекеттик каттоо күнү, кыймылдуу мүлккө карата - каттоо органдарында кыймылдуу мүлктү каттоо күнү жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлгөн күн.
117. Агент же кредиттик агент мүлктү кредитордук талаптарды канааттандыруу максатында кабыл алганда, мындай мүлк ушул Жобонун 129-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ээликтен ажыратылууга тийиш.
Мүлк сатылганга чейин агент аны өзүнүн ишинде багыты боюнча пайдаланууга укуктуу.
118. Бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды жоюунун эсебинде кабыл алынган мүлктү сатуу үчүн агент риэлтордун кызматтарын тартууга укуктуу. Мында көрсөтүлгөн кызматтар үчүн сый акы агент тарабынан белгиленген мүлктүн наркына кошулган баа түрүндө аныкталат, бирок 5 (беш) пайыздан ашпайт.
119. Бюджеттик кредитти төлөөнүн эсебине кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлктү ажыратуунун натыйжасында түшкөн акча каражаттары (мындан ары - түшкөн каражаттар) бюджеттик кредитти төлөөгө багытталат.
120. Мүлк агент же кредиттик агент тарабынан мүлктү кабыл алуу учурундагы наркынан жогору наркта ээликтен ажыратылган учурда, түшкөн каражаттардын айырмасы ушул Жобонун 128-пунктунда каралган чыгымдардын ордун толтурууга багытталат.
Ушул Жобонун 128-пунктунда каралган чыгымдардын ордун толтуруудан кийин калган каражаттардын калдыгы республикалык бюджеттин кирешесине киргизилүүгө тийиш.
121. Эгерде кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлктүн кабыл алуу учурундагы наркы бюджеттик кредиттер боюнча талаптардын өлчөмүнөн жогору болсо, кредитордук талаптарды канааттандыруу учурунда пайда болгон айырма мүлк ээликтен ажыратылган жана акча каражаттары республикалык бюджетке түшкөн күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мүлктүн менчик ээсине төлөнүп берилүүгө тийиш. Кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлк мамлекеттик менчикке айландырылган учурда, төлөнүп берилүүчү айырма тийиштүү жылга республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүндө эске алынышы керек.
Кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлк мөөнөтүн узартып төлөө менен ээликтен ажыратылган учурда, кредитордук талаптарды канааттандыруу убагында пайда болгон нарктагы айырма мүлктүн менчик ээсине ажыратуу мөөнөтүнүн ичинде акча каражаттарынын түшүүсүнө жараша төлөнүп берилет.
122. Ушул Жобонун 121-пунктунда көрсөтүлгөн нарктагы айырма агенттин же кредиттик агенттин ушул Жобонун 128-пунктунда каралган чыгымдарын эсептен чыгаруу менен, мүлктүн менчик ээсине бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн милдеттенмелери жок болгон шартта төлөнүп берилет.
123. Мүлктү кабыл алган күндөн тартып 120 (жүз жыйырма) күндүн ичинде аны ээликтен ажыратууга мүмкүн болбогон учурда, кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлк мөөнөтүн узартып төлөө менен ээликтен ажыратылат. Мында мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө кулактандыруу аталган мөөнөттүн ичинде кеминде үч жолу республикалык маанидеги гезиттерде жана кеминде үч жолу жергиликтүү маанидеги гезиттерде милдеттүү түрдө жарыяланышы керек.
124. Кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлктү мөөнөтүн узартып төлөө менен ээликтен ажыратууда мөөнөтүн узартып ээликтен ажыратуунун шарттарын көрсөтүү менен республикалык жана жергиликтүү маанидеги гезиттерде мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылат.
125. Кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлктү мөөнөтүн узартып төлөө менен ээликтен ажыратууда ээликтен ажыратуунун чектелген мөөнөттөрү белгиленет:
1) наркы 1000000 (бир миллион) сомго чейин болгондо - 3 (үч) жылдан ашык эмес;
2) наркы 1000000 (бир миллион) сомдон 5000000 (беш миллион) сомго чейин болгондо - 5 (беш) жылдан ашык эмес;
3) наркы 5000000 (беш миллион) сомдон жана андан жогору болгондо - 10 (он) жылдан ашык эмес.
Эгерде сатып алуучунун белгиленген мөөнөттөрдө мөөнөтүн узартып сатып алуу-сатуу келишими боюнча милдеттенмелерин аткарууну кыйындаткан учурлар келип чыкса, агент милдеттенмелерди аткаруунун мөөнөттөрүн, бирок 3 (үч) жылдан ашык эмес мөөнөткө өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
126. Банкроттук процессте ачык тооруктарда сатылбай калган карызкордун (күрөө берүүчүнүн) мүлкүн кабыл алууда агент же кредиттик агент кабыл алынган мүлктү түшкөн арыз боюнча мөөнөтүн узартып төлөө менен сатып өткөрөт.
127 Мүлктү ээликтен ажыратууга же болбосо мамлекеттик менчикке айландырууга чейинки чыгымдар агенттин же кредиттик агенттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
128. Төмөнкүлөр мүлккө сарпталган чыгымдар болуп саналат:
1) мүлктү баалоого чыгымдар;
2) мүлккө менчик укугун каттоого чыгымдар;
3) укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөгө чыгымдар;
4) салыктарга чыгымдар;
5) мүлктү демонтаждоого жана ордунан көчүрүү боюнча чыгымдар;
6) мүлктү кайтарууга жана сактыгын камсыздоого чыгымдар;
7) тооруктарды жана аукциондорду уюштурууга жана өткөрүүгө чыгымдар;
8) мүлктү оңдоого, анын ичинде сырдоого, калибрлөөгө, калыбына келтирүүгө, бузук жерлерин оңдоого чыгымдар.
129. Кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлк мамлекеттик менчикке өткөрүлүүгө тийиш:
1) мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде ээликтен ажыратууга мүмкүн болбогон учурда;
2) мүлк мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдалануусу үчүн зарыл болгон учурда.
14-глава. Өнбөс карыздарды таануунун өзгөчөлүктөрү
130. Бюджеттик кредиттер боюнча карыздар өндүрүп алууга мүмкүн эмес деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү учурларда эсептен чыгарылууга тийиш:
1) юридикалык жактын мүлкү жок болгондо же жетишсиз болгондо ал жоюлганда;
2) юридикалык жак, жеке ишкер банкроттук процессинде жоюлганда;
3) соттун чечими боюнча же аткаруу барагын аткарууга берүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартууга байланыштуу милдеттенмелер токтотулганда;
4) укук мураскору же мураскери болбогон учурда жеке жак каза болгондо;
5) жеке жактын мүлкү жок же жетишсиз болгондо жана ал каза болгон, дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
6) ортоктош же субсидиардык жоопкерчилиги бар адамдарда кредитордун талаптарын канааттандыруу үчүн күрөө жана башка мүлкү жетишсиз болгондо жазык сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жеке жакка карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде.
131. Юридикалык жактарды реестрден чыгаруу жөнүндө ыйгарым укуктуу каттоочу органдын чечиминин көчүрмөсүнүн негизинде анын мүлкү жок болгон же жетишсиз болуп юридикалык жак жоюлган учурда, бюджеттик кредиттер боюнча карыз өндүрүүгө мүмкүн эмес деп таанылат.
132. Ушул Жобонун 131-пунктунда көрсөтүлгөн карызды кредитордун талап кылуу укуктарын токтотуу аркылуу эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
133. Юридикалык жак, жеке ишкер банкроттук процессинде жоюлган учурда бюджеттик кредиттер боюнча карыздар төмөнкү документтердин негизинде өндүрүүгө мүмкүн эмес деп таанылат:
1) тиешелүү соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн юридикалык жакты, жеке ишкерди банкрот деп таануу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсүнүн;
2) юридикалык жакты банкрот деп жарыялоо жана соттон тышкаркы тартипте атайын администрациялоону жүргүзүү жөнүндө кредиторлордун чогулушунун чечиминин көчүрмөсүнүн;
3) атайын администратордун корутунду отчетун бекитүү жана атайын администрациялоону соттон тышкаркы тартипте аяктоо жөнүндө кредиторлордун чогулушунун протоколунун;
4) администратордун корутунду отчётунун көчүрмөсүнүн;
5) тиешелүү соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн администратордун корутунду отчётун бекитүү тууралуу соттун чечиминин көчүрмөсүнүн;
6) мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө ыйгарым укуктуу каттоо органынын чечиминин көчүрмөсүнүн.
134. Ушул Жобонун 133-пунктунда көрсөтүлгөн карызды кредитордун талап кылуу укуктарын токтотуу аркылуу эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жана банкроттук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
135. Бюджеттик кредиттер боюнча карыз соттун чечими боюнча милдеттенмелер токтотулган учурда же аткаруу барагын аткарууга берүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартууга байланыштуу төмөндөгү документтердин негизинде өндүрүп алуу мүмкүн эмес деп таанылат:
1) милдеттенмелердин токтотулушу же бюджеттик кредитти төлөө милдеттенмеси боюнча аткаруу барагын берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө сот актысынын тиешелүү соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
2) Кыргыз Республикасынын жарандык сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык карыз же карызды өндүрүү фактысын белгилөө боюнча зайымчыга карата чараларды көрүүнү камсыз кылууну чагылдырган агенттин же кредиттик агенттин маалымкаты.
136. Ушул Жобонун 135-пунктунда көрсөтүлгөн карызды кредитордун талап кылуу укуктарын токтотуу аркылуу эсептен чыгаруу соттун чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
137. Укук мураскору же мураскери болбогон жеке жак каза болгон учурда бюджеттик кредиттер боюнча карыздар төмөнкү документтердин негизинде өндүрүүгө мүмкүн эмес деп таанылат:
1) жеке жактын каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) анын укук мураскору же мураскери болбогондугу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
3) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу жөнүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты;
4) анын укук мураскору же мураскеринин жоктугу же мүлктү мурастоодон баш тарткандыгы жөнүндө мамлекеттик нотариалдык конторанын маалымкаты.
138. Ушул Жобонун 137-пунктунда көрсөтүлгөн карызды кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан зайымчыны бир жолку бошотуу аркылуу эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.
139. Жеке жактын мүлкү жок же жетишсиз болгондо жана ал каза болгон, дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда бюджеттик кредиттер боюнча карыздар төмөнкү документтердин негизинде өндүрүүгө мүмкүн эмес деп таанылат:
1) жеке жакты каза болгон, дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
2) анын укук мураскору же мураскери болбогондугу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
3) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу жөнүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты;
4) анын укук мураскору же мураскеринин жоктугу же мүлктү мурастоодон баш тарткандыгы жөнүндө мамлекеттик нотариалдык конторанын маалымкаты.
140. Ушул Жобонун 139-пунктунда көрсөтүлгөн карызды кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан зайымчыны бир жолку бошотуу аркылуу эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.
141. Субсидиардык жоопкерчилиги бар адамдардын кредитордун талаптарын канааттандыруу үчүн күрөө жана башка мүлкү жетишсиз болгондо жазык сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке жакка карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда бюджеттик кредиттер боюнча карыздар төмөнкү документтердин негизинде өндүрүүгө мүмкүн эмес деп таанылат:
1) жеке жакка карата соттун өкүмүнүн көчүрмөсү;
2) анын укук мураскорунун (мураскери) жоктугу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
3) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу жөнүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты;
4) анын укук мураскорунун (мураскери) жоктугу жөнүндө мамлекеттик нотариалдык конторанын маалымкаты.
142. Ушул Жобонун 141-пунктунда көрсөтүлгөн карызды кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан зайымчыны бир жолку бошотуу аркылуу эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.
15-глава. Бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды эсептен чыгаруу механизмин киргизүүнүн өзгөчөлүктөрү
143. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын негизинде бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу аларды эсептен чыгаруунун зарылдыгы (төлөмдүн мөөнөтүнүн өтүшү, төлөөчүнүн жоктугу, кредит берүүчүнүн жана кредит алуучунун келишкендиги) жөнүндө жобону аныктоочу тиешелүү мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
144. Зайымчы же тармактык мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бюджеттик кредит боюнча карыздарды эсептен чыгаруунун зарылдыгы жөнүндө негизделген сунуштарды киргизет.
145. Бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды жоюуга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу болгон учурда тармактык мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун даярдайт.
146. Зайымчы жок болгон учурда (каза болгон жана соттолгон субъекттер) бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды жоюу жөнүндө сунушту ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган демилгелейт.
16-глава. Лизингдик операцияларды жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
147. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Министрлер Кабинети чыкканда лизинг берүү жөнүндө чечим Министрлер Кабинети тарабынан лизингди берүү шарттарын аныктоо менен кабыл алынат.
148. Лизинг төмөнкү шарттарда берилет:
1) мөөнөттүүлүк - лизинг мүлкү убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга бериле турган мөөнөттү белгилөөнү карайт;
2) лизинг келишиминин мөөнөтү аяктаганда лизинг алуучу лизинг предметин сатып алат;
3) акы төлөө - лизингдин предметин пайдалануу үчүн лизингдик төлөмдөр түрүндө лизинг алуучу тарабынан төлөөнү карайт;
4) лизинг алуучулардын өз ичине төмөнкүлөрдү камтыган төлөө жөндөмдүүлүгү:
- бюджеттик кредиттер жана лизинг төлөмдөрү боюнча төлөө мөөнөтү өткөн карызынын жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген зайымчынын бюджетке болгон салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча мөөнөтү өткөн карызынын жоктугу.
149. Лизинг алууга талапкер өтүнмө берүүчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди беришет:
1) лизинг алууга өтүнмө;
2) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча лизингди тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси.
17-глава. Ачык-айкындуулукту камсыздоонун жана чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү
150. Ачыктыкты, ачык-айкындуулук жана элге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн агентке же кредиттик агентке бюджеттик кредиттөө боюнча материалдарды жана кредиттөө боюнча каралып жаткан долбоорлорду ай сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштыруу аркылуу маалыматтык компанияны жүргүзүү жоопкерчилиги жүктөлөт.
151. Агенттин же кредиттик агенттин расмий сайттарында өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган бюджеттик кредиттөө аркылуу ишке ашырылуучу долбоор жарыяланат:
1) долбоордун максаттарын жана милдеттерин;
2) каржылоо булактарынын сыпаттамасын жана долбоорду ишке ашыруу механизмин;
3) долбоорду ишке ашыруунун этаптарын жана мөөнөттөрүн;
4) долбоордон күтүлүүчү жыйынтыктарды.
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 1-тиркеме | |
|
|
| |
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун төрагасына _____________________ | |
|
|
|
|
Өтүнмө
_______________________________________________________ (субъекттин аталышы)
Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө
жөнүндө жобого ылайык ____________ суммасындагы бюджеттик
кредитти ___________ мөөнөткө төмөнкү максаттар үчүн берүү
мүмкүнчүлүгүн кароону өтүнөт:
- __________________________________________________________;
- __________________________________________________________.
Финансылык туруктуулугун жана/же төлөөгө жөндөмдүүлүгүн ырастоо катары
бюджеттик кредит алууга документтердин тизмесин тиркейбиз
(Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө
жөнүндө жобонун 2-тиркемесине ылайык):
- __________________________________________________________;
- __________________________________________________________.
Өтүнмө ээси:_________________________________________________
(Уюмдун жетекчисинин же жеке адамдын аты-жөнү)
Датасы:__________
Колу:____________
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Республикалык бюджеттен бюджеттик кредитти алууга документтердин ТИЗМЕГИ
1. Юридикалык жактар үчүн:
1) бизнес-план;
2) гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн каттоо жана уюштуруу документтеринин (устав, каттоо жөнүндө күбөлүк, патент,) көчүрмөлөрү;
3) жетекчинин паспортунун, кызматка дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөлөрү;
4) салык кызматынын мөөрү менен ырасталган, ФОЭСтин белгиленген формасына ылайык акыркы үч жылдагы финансылык отчёттору (эгерде юридикалык жак финансылык отчётту жүргүзбөсө, салык декларациясын берет) жана кирешелер жөнүндө декларациясы.
Бюджеттик кредиттер стартап-долбоорлорду каржылоо үчүн берилген учурларда акыркы үч жыл үчүн финансылык отчет берилбеши мүмкүн;
5) салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
6) тиешелүү кредиттик бюро тарабынан ырасталган, финансылык-кредиттик уюмдарга карызынын жок/бар экендиги жөнүндө маалымкат;
7) кредит алууга жана күрөө коюуга уюштуруучулардын чечими (макулдугу).
8) күрөөгө коюлган жана пайдалануудагы мүлккө менчик ээсинин укугун ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу келишими, инвентаризациялык иши, пайдалануу укугу жөнүндө акт) көчүрмөлөрү;
9) берилип жаткан мүлк (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк) чектөөдө жана күрөөдө турбагандыгы жөнүндө каттоо кызматтарынын маалымкаты.
2. Айылдык товар өндүрүүчүлөр жана ишкерлер үчүн:
1) өтүнмө ээсинин/кепилдик берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
2) зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн нике жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
3) кредит алууга күйөөсүнүн (жубайынын) нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу жана күйөөсүнүн (жубайынын) паспортунун көчүрмөсү;
4) жашаган жеринен маалымкат;
5) өтүнмө ээсинин/кепилдик берүүчүнүн иштеген жеринен, акыркы 12 айдагы эмгек акысын, ээлеген кызматын жана эмгек стажын көрсөтүү менен маалымкат;
6) кошумча кирешелери бар экендигин ырастаган документтер;
7) тиешелүү кредиттик бюро тарабынан ырасталган финансылык-кредиттик уюмдарга карызы жок/бар экендиги жөнүндө маалымкат;
8) күрөөгө коюлган жана пайдалануудагы мүлккө менчик ээсинин укугун ырастаган документтердин (сатып алуу-сатуу келишими, инвентаризациялык иши, пайдалануу укугу жөнүндө акт) көчүрмөлөрү;
9) берилип жаткан мүлк (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк) чектөөдө жана күрөөдө турбагандыгы жөнүндө каттоо кызматтарынын маалымкаты.
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Лизинг алууга документтердин ТИЗМЕГИ
1. Юридикалык жактар үчүн:
1) бизнес-план;
2) гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн каттоо жана уюштуруу документтеринин (устав, каттоо жөнүндө күбөлүк, патент,) көчүрмөлөрү;
3) жетекчинин паспортунун, кызматка дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөлөрү;
4) салык кызматынын мөөрү менен ырасталган, ФОЭСтин белгиленген формасына ылайык акыркы үч жылдагы финансылык отчёттору (эгерде юридикалык жак финансылык отчётту жүргүзбөсө, салык декларациясын берет) жана кирешелер жөнүндө декларациясы;
5) салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
6) тиешелүү кредиттик бюро тарабынан ырасталган, финансылык-кредиттик уюмдарга карызынын жок/бар экендиги жөнүндө маалымкат;
7) лизинг алууга уюштуруучулардын уруксаты (макулдугу).
2. Айылдык товар өндүрүүчүлөр жана ишкерлер үчүн:
1) өтүнмө ээсинин/кепилдик берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
2) зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн нике жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
3) кредит алууга күйөөсүнүн (жубайынын) нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу жана күйөөсүнүн (жубайынын) паспортунун көчүрмөсү;
4) жашаган жеринен маалымкат;
5) өтүнмө ээсинин/кепилдик берүүчүнүн иштеген жеринен акыркы 12 айдагы эмгек акысын, ээлеген кызматын жана эмгек стажын көрсөтүү менен маалымкат;
6) кошумча кирешелери бар экендигин ырастаган документтер;
7) тиешелүү кредиттик бюро тарабынан ырасталган финансылык-кредиттик уюмдарга карызы жок/бар экендиги жөнүндө маалымкат.
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Өтүнмө ээсинин/зайымчынын төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо МЕТОДИКАСЫ
1. Өтүнмө ээсинин/зайымчынын (айылдык товар өндүрүүчүнүн, ишкердин) төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо
Өтүнмө ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоонун максаты кредиттин өлчөмү, аны төгүү мөөнөттөрү, уюштуруу бөлүгүндө кредит берүүнүн кыйла алгылыктуу шарттарын аныктоо болуп саналат.
Өтүнмө ээсинин/зайымчынын кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн анын кирешелерин жана чыгымдарын изилдөө сунушталат. Кирешелер үч багыт боюнча аныкталат:
- эмгек акыдан алынган кирешелер;
- аманаттардан жана баалуу кагаздардан түшкөн кирешелер;
- башка кирешелер.
Чыгымдардын негизги беренелерине киреше жана башка салыктарды, алименттерди төлөө, мурда алынган кредиттер жана мөөнөтүн узартып төлөө менен сатып алган товарлар боюнча ай сайын төлөмдөр, өмүрдү жана мүлктү камсыздандыруу боюнча төлөмдөр, коммуналдык төлөмдөр ж.б. кирет.
Кредит алуу үчүн өтүнмө ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн ырастоочу төмөнкүдөй документтерди берет:
- иштеген жеринен эмгек акысы жөнүндө маалымкат (кармап калуулардын өлчөмүн жана түрлөрүн көрсөтүү менен);
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөр боюнча китепче, батир акысы;
- банктардагы салымдар боюнча кирешелерди ырастоочу башка документтер;
- өтүнмө ээсинин кирешелерин ырастоочу башка документтер.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин негизинде өтүнмө ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлөт, эмгек акыны, банктагы салымдары, баалуу кагаздар боюнча пайыздарды жана башка кирешелерин эсепке алуу менен орточо бир айлык киреше аныкталат.
Орточо бир айлык чыгашалар төлөнүүчү киреше салыгынын жана башка салыктардын, эмгек акыдан чегерүүлөрдүн (алименттерди, мурда берилген ссудаларды төлөө ж.б.), батир акысын жана коммуналдык кызматтар үчүн төлөөлөрдүн жана башка чыгымдардын өлчөмдөрүн эсепке алуу менен аныкталат.
Окшош ыкма менен өтүнмө ээсине/зайымчыга кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлөт.
Документтерди жана кепилдик берүүчүнү талдоонун натыйжасында алынган маалыматтар боюнча кирешелери, чыгымдары жана пайдасы аныкталат. Алынган маалыматтардын негизинде өтүнмө ээсинин/зайымчынын негизги карызды жана пайыздарын төлөө мүмкүндүгү, ал эми кепилдик берүүчүнүн - зайымчы төлөй албаган учурда, аларды төлөө мүмкүнчүлүгүнө талдоо жүргүзүлөт. Бул үчүн:
- суралган кредит боюнча негизги карызды жана пайыздарын өтүнмө ээсинин/зайымчынын ай сайын төлөй турган суммасы аныкталат;
- негизги карыздын жана алар боюнча пайыздардын ай сайын төлөй турган суммасынын орточо бир айлык таза кирешенин суммасына карата катышы катары аныкталуучу кредитке жөндөмдүүлүгүнүн коэффициенти каралат:
Kк = Mп / Д,
мында:
Kк - кредитке жөндөмдүүлүгүнүн коэффициенти;
Mп - кредит боюнча ай сайын төлөмдүн суммасы;
Д - бир айлык кирешенин суммасы.
Коэффициент өтүнмө ээсинин/зайымчынын ай сайын кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктайт. Коэффициенттин чоңдугу 0,3төн ашык эмес;
- кирешелердеги жогоруда саналган чыгымдардын үлүшүн, анын ичинде кредитти төлөө боюнча чыгымдарды аныктаган коэффициент эсептелет.
Кдр = (Мп + Мр) / Д,
мында:
Кдр - чыгымдардын үлүшүн аныктоочу коэффициент
Mр - кредит боюнча төлөмдөн тышкары, өтүнмө ээсинин/зайымчынын ай сайынкы чыгымдарынын суммасы;
Коэффициент жогоруда аталган чыгымдардын жана кредитти төгүү боюнча чыгымдардын кардардын бюджетине болгон таасиринин деңгээлин көрсөтөт. Эгерде коэффициент 0,8ден ашпаса, кредит берилет.
2. Өтүнмө ээсинин/зайымчынын (юридикалык жактын) төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо
Юридикалык жактын ишенимдүү финансылык абалы анын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана кредитке жөндөмдүүлүгүнүн негизи болуп саналат, тактап айтканда чарбалык келишимдерге ылайык төлөм талаптарын өз убагында канааттандыруу, кредитти жана пайыздарды кайтаруу, кызматкерлерге эмгек акыларын төлөө, бюджетке төлөмдөрдү жана салыктарды киргизүү жөндөмдүүлүгү.
Буга байланыштуу финансылык абалды баалоо кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугун жана аны берүүнүн шарттарын аныктоо, кредитти кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө (башкача айтканда, кредит берүүнүн негизги шарттарын өзгөртүү) чечимди кабыл алуу, берилген ар бир кредит жана көзөмөлдө турган жалпы карыздын көлөмүнүн сапаты боюнча агент кабыл алган тобокелдиктерди баалоо максатында жүргүзүлөт.
Баалоонун жыйынтыгы болуп юридикалык жактын финансылык абалынын сапаты жөнүндө тыянак саналат: жакшы, орточо (канааттандырарлык) же жаман (канааттандырарлык эмес) финансылык абал. Юридикалык жактын финансылык абалын баалоонун методикасы тобокелдиктерди сандык жана сапаттык талдоо жүргүзүүгө негизделет.
Тобокелдиктерди сандык талдоо тобокелдиктердин жана алардын финансылык коэффициенттерин мүнөздөөчү төмөнкүдөй топторун баалоону болжолдойт:
- ишкананын активдеринин өтпөй калуу тобокелдигин (өтүмдүүлүк коэффициентин);
- ишкананын финансылык туруктуулугун төмөндөтүү тобокелдигин (жеке жана зайымдык каражаттардын катышынын коэффициенти, жеке каражаттар менен камсыз болуу коэффициенти).
Тобокелдиктердин сапаттык талдоосун жүргүзүүдө сандык көрсөткүчтөрдө көрсөтүлүшү мүмкүн болбогон маалымат каралат. Мындай талдоону жүргүзүү үчүн зайымчы тарабынан берилген маалыматтар, ошондой эле маалымат базаларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (алардын аныктыгын түзөтүү мүмкүндүгү менен) маалыматтары пайдаланылат.
Кайрадан түзүлгөн юридикалык жакка кредит берүү жөнүндө маселе каралып жаткан учурга, юридикалык жактын учурдагы финансылык абалына түз коркунучтардын жоктугуна байланыштуу юридикалык жактын финансылык абалы орточо деп эсептелет.
1) Юридикалык жактын финансылык абалын баалоодо өтүмдүүлүктүн жана финансылык туруктуулуктун коэффициенттери пайдаланылат.
а) өтүмдүүлүктүн жана төлөө жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү.
Юридикалык жактын финансылык абалын кыска мөөнөттүү келечектеги көз карашта баалоодо баалоонун критерийлери катары өтүмдүүлүк жана төлөө жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү, т.а. кыска мөөнөттүү милдеттенмелер боюнча эсептерди өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүү жөндөмдүүлүгү чыгат.
|
| 1-таблица |
Өтүнмө ээсинин/зайымчынын (юридикалык жактын) кыска мөөнөттүү келечекте төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо МЕТОДИКАСЫ
Көрсөткүчтүн аталышы | Коэффициент-тер | Эсептөө формуласы | Кыскача мүнөздөмө | Чеги |
Өтүмдүүлүктүн көрсөткүчтөрү | Учурдагы өтүмдүүлүктүн коэффициенти | Жүгүртүү активдери/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Учурдагы милдеттенмелердин бир сомуна учурдагы активдердин канча сому туура келе тургандыгын көрсөтүү менен активдердин өтүмдүүлүгүнө жалпы баа берет. Ушул көрсөткүчтү эсептөөнүн логикасы ишкана кыска мөөнөттүү милдеттенмелерди негизинен учурдагы активдердин эсебинен төгөт, демек эгерде учурдагы активдер чоңдугу боюнча учурдагы милдеттенмелерден ашса, ишкана ийгиликтүү иштеп жатат деп каралат | >2 |
Тез өтүмдүүлүктүн коэффициенти | (Жүгүртүү активдери ТМЗ кошпогондо)/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Өзүнүн мазмундук мааниси боюнча ушул коэффициент учурдагы өтүмдүүлүк коэффициентине окшош. Бирок учурдагы активдердин кыйла тар чөйрөсү боюнча эсептелет, эсептөөдөн алардын кыйла аз өтүмдүү бөлүгү - өндүрүштүк запастары алып салынат. Мындай алып салуунун логикасы запастардын олуттуу аз өтүмдүүлүгүндө гана эмес, андан да маанилүүсү өндүрүштүк запастарды аргасыз саткан учурда түшүрүүгө мүмкүн болгон акча каражаттары, аларды сатып алуу боюнча сарптоонун олуттуу төмөн болуу мүмкүндүгүндө турат. Ошондуктан ишкананын кыска мөөнөттүү милдеттенмелерден, товардык-материалдык запастарды сатууга барбай туруп, төлөп кутулуу жөндөмдүүлүгүн аныктоо абдан маанилүү болуп саналат | >1 | |
Абсолюттук өтүмдүүлүктүн коэффициенти | Акча каражаттары/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Абсолюттук өтүмдүүлүктүн коэффициенти ишкананын өтүмдүүлүгүнүн кыйла катуу критерийи болуп саналат жана зарыл болгондо кыска мөөнөттүү зайымдык милдеттенмелердин канча бөлүгүн башка активдерди пайдаланууга барбай туруп болгон акча каражаттарын пайдалануу менен гана тез арада төгүү мүмкүндүгүн көрсөтөт | >0,2 | |
Төлөө жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү | Жеке жүгүртүү каражаттарынын чоңдугу | Жүгүртүү активдери/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Ушул көрсөткүч ишкананын жүгүртүү активдеринин курамында болгон жеке жүгүртүү каражаттарынын чоңдугун аныктайт. Жеке жүгүртүү каражаттарын көбөйтүү ишкананын иш активдүүлүгүнүн жогорулашы жөнүндө, ал эми алардын азайтуу, тескерисинче анын иш активдүүлүгүнүн төмөндөшү жөнүндө мүнөздөйт | 0,2 |
Төлөө жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү | Жеке капиталдын маневрдүүлүгү | Жеке жүгүртүү каражаттарынын чоңдугу/жеке капиталдын чоңдугу | Ушул коэффициент компаниянын жеке капиталынын кайсы бөлүгү учурдагы ишти каржылоо үчүн пайдаланыларын, т.а. жүгүртүү каражаттарына салынгандыгын жана кайсы бөлүгү капиталдаштырылганын көрсөтөт | >0 |
Жеке жүгүртүү каражаттары менен камсыз болуунун коэффициенти | Жеке жүгүртүү каражаттары/жүгүртүү активдери | Финансылык планда компаниянын учурдагы иши кыска мөөнөттүү активдерди жана пассивдерди туруктуу трансформациялоодо көрсөтүлөт. Ийгиликтүү иштеп жаткан ишкананын каалаган активдеринин эки каржылоо булагы бар: жеке жана тартылган. Эгерде ишканада жеке жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги байкалса, эреже катары бул ишкананын балансынын түзүмү канааттандырарлык эмес, финансылык абалы туруксуз. Жеке жүгүртүү каражаттарынын болушу уюмдун финансылык туруктуулугунун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат, жеке жүгүртүү капиталынын жоктугу уюмдун бардык жүгүртүү каражаттары зайымдык булактарынын эсебинен түзүлгөндүгү жөнүндө күбөлөндүрөт | >0,1 |
б) финансылык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү
Юридикалык жактын финансылык абалынын негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири узак мөөнөттүү келечек позициясында анын туруктуулугу болуп саналат. Чарбакер субъекттин өзүнүн узак мөөнөттүү зайымдары боюнча өз убагында жооп берүү жөндөмдүүлүгү, анын узак мөөнөттүү келечектеги финансылык туруктуулугу жөнүндө күбөлөндүрөт. Ушуга байланыштуу дүйнөлүк эсептик-аналитикалык практика ишкананын финансылык туруктуулугуна баалоо үчүн бир катар көрсөткүчтөр системасын иштеп чыккан.
|
| 2-таблица |
Өтүнмө ээсинин/зайымчынын (юридикалык жактын) узак мөөнөттүү келечекте кредитке жөндөмдүүлүгүн аныктоонун МЕТОДИКАСЫ
Көрсөткүчтүн аталышы | Коэффициенттер | Эсептөө формуласы | Кыскача мүнөздөмө | Чеги |
Финансылык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү | Автономиянын коэффициенти | Жеке капитал/баланстын жыйынтыгы | Коэффициент ишкананын пассивдеринде жеке каражаттардын үлүшүн чагылдырат жана менчик ээлери үчүн да жана кредиторлор үчүн да кызыгуу жаратат. Пассивдерде жеке каражаттардын үлүшү зайымдык каражаттардын үлүшүнөн ашык болууга тийиш деп эсептелет. Автономиянын жогорку коэффициенти финансылык тобокелдикти кыскартат жана сырттан кошумча каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок өтө ири чоңдугу кредиттик ресурстарды тартууну билбегендиги тууралуу күбөлөндүрүшү мүмкүн. Коэффициент-тин өзгөрүүсү ишкананын ишинин кеңейүүсүн же кыскаруусун көрсөтүшү мүмкүн | >0,3 |
Финансылык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү | Жеке жана зайымдык каражаттардын катышынын коэффициенти (капиталдаштыруунун коэффициенти) | Милдеттенмелердин чоңдугу/жеке капитал | Ушул коэффициент төмөнкүдөй интерпретацияга ээ: жеке каражаттардын салынган ар бир сомуна зайымдык каражаттардын канча сому туура келери жана финансылык туруктуулуктун тобокелдигинин жетиштүү жогорку деңгээли жөнүндө күбөлөндүрөт | 3,5> |
Узак мөөнөттүү салымдардын түзүмүнүн коэффициенти | Узак мөөнөттүү милдеттенмелер/жүгүртүүдөн тышкаркы активдер | Узак мөөнөттүү салымдардын түзүмүнүн коэффициентин эсептөөнүн негизги идеясы узак мөөнөттүү кредиттер жана зайымдар негизги каражаттарды жана башка капиталдык салымдарды каржылоо үчүн пайдаланылат деген божомолго негизделет. Ошону менен бирге негизги каражаттардын жана башка жүгүртүүдөн тышкаркы активдердин кайсы бөлүгү (%) тышкы инвесторлордун эсебинен каржыланарын көрсөтөт | 0,5> | |
Финансылык леверидждин деңгээли | Узак мөөнөттүү милдеттенмелер/жеке капитал | Ушул коэффициент ишкананын финансылык туруктуулугунун негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири болуп эсептелет, анын экономикалык интерпретациясы төмөнкүдөй: жеке каражаттардын ар бир сомуна зайымдык капиталдын канча сому туура келери | 3> |
2) Юридикалык жактын ишинин натыйжалуулугун баалоодо рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү пайдаланылат.
Рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү юридикалык жактын ишине салынган каражаттардын жалпы натыйжалуулугун баалоо үчүн арналган.
|
| 3-таблица |
Арыз берүүчүнүн/зайымчынын (юридикалык жактын) ишинин рентабелдүүлүгүн аныктоонун МЕТОДИКАСЫ
Көрсөткүчтүн аталышы | Коэффициенттер | Эсептөө формуласы | Кыскача мүнөздөмө | Чеги |
Рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү | Активдердин рентабелдүүлүгү | Таза пайда/жыйынды активдер | Коэффициент активдердин ар бир сомуна канча сом таза пайда алынгандыгын көрсөтөт. Эгерде активдердин рентабелдүүлүгү узак мөөнөттүү кредиттер үчүн пайыздык ставкадан азыраак болсо, анда ишкананы ийгиликтүү деп эсептөөгө болбойт | >0,001 |
Сатуулардын рентабелдүүлүгү | Таза пайда/түшкөн акча | Коэффициент сатылган продукциянын ар бир сомуна ишкана алган таза кирешенин чоңдугун көрсөтөт | >0,1 | |
Жеке капиталдын рентабелдүүлүгү | Таза пайда/жеке капитал | Коэффициент жеке капиталдын канчалык натыйжалуу пайдаланылганын көрсөтөт жана акционерлер үчүн өзгөчө маанилүү, анткени фонддук биржада акциялардын котировкасына таасир көрсөтүшү мүмкүн | >0,1 |
Финансылык-кредиттик уюмдардын финансылык абалына жана ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүгө карата коэффициенттер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылардын ченемдерине ылайык колдонулат.
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Форма
№ ______ кредиттик келишим
_____________________ |
| _____-ж. "____" ___________ |
(шаар, айыл) |
| (датасы) |
Мындан ары "Кредитор" деп аталуучу __________________________________________,
(органдын аталышы)
___________________________________________________________________________
__________________________________________________________ негизинде иштеген
(документтин түрү, № жана берилген датасы)
бир тараптан ________________________________________________________ атынан
(ээлеген кызматы, аты-жөнү)
жана мындан ары "Зайымчы" деп аталуучу _____________________________________,
(субъекттин аталышы, турган жери)
__________________________________________________________ негизинде иштеген
(документтин түрү, № жана берилген датасы)
экинчи тараптан _______________________________________ атынан
(ээлеген кызматы, аты-жөнү)
төмөнкүлөр жөнүндө ушул Кредиттик келишимди (мындан ары - Келишим) түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ушул Келишим ________________________________________________________
(чечимдин аталышы, № жана берилген датасы)
ылайык түзүлдү.
1.2. Ушул Келишимдин предмети болуп ________________________________________
(кредиттин максаты)
үчүн ______________________________________________________________________
(суммасы (цифралар жана жазуу жүзүндө), валютанын түрү)
___________________________________________________________________ түрүндө
(кредиттин түрү, көлөмү жана суммасы(цифралар жана жазуу жүзүндө)
Зайымчыга кредит берүү болуп саналат.
2. Келишимдин шарттары
2.1. Кредит максаттуу пайдалануу, камсыз болуу, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында берилет.
2.2. Кредит ____________________________ менен камсыздалып берилет.
(камсыздоонун түрү)
2.3. Кредиттин пайыздык ставкасы жылына ______ пайыз. Акча каражаттарын пайдалануу үчүн пайыздарды эсептөө акча каражаттары зайымчынын эсебине которулган датадан тартып жүргүзүлөт, ал эми кредиттер товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүнгөн
учурда - эгер кредиттик келишимде башкача айтылбаса, алар зайымчыга берилген күндөн тартып эсептелет.
2.4. Кредитти төгүү мөөнөтү __________________________________________________________________.
(дата)
Карызды төлөө ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болгон мөөнөттүү милдеттенмелерге (төлөө графигине) ылайык жүргүзүлөт.
2.5. Кайтаруу акча каражаттарын _______________________________ алыш-бериш эсебине которуу менен жүргүзүлөт.
БИК: ___________________________________________________
Төлөөчүнүн банкы: ______________________________________
Алуучу: ________________________________________________
Максаты: _______________________________________________
Төлөм коду: ____________________________________________
2.6. Кредит ушул Келишимди камсыздоо үчүн нотариалдык конторада күрөө жөнүндө келишим таризделгенден жана ал мамлекеттик каттоо органдарында каттоодон өткөндөн кийин берилет (айрым учурларда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык).
3. Кредитордун милдеттери
3.1. Кредитор ушул келишимдин шарттарында _______________________________________________
(кредиттин максаты)
_______________________________________________________________________________ түрүндө
(кредиттин түрү, көлөмү жана суммасы)
Зайымчыга кредит берүүгө милдеттенет.
4. Зайымчынын милдеттери
4.1. Ушул Келишимге кол коюлган учурдан тартып ____________ мөөнөттө ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн күрөө жөнүндө келишимди нотариалдык тариздөөгө жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоо органдарында каттоодон өткөрүү (айрым учурларда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык).
4.2. Алынган кредитти максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу, кредитти башка адамдарга берүүгө тыюу салынат.
4.3. Кредитти _____________________________________________________________________________
(кредиттин түрү (товардык-материалдык ресурстар)
түрүндө алууда ____________________________________________________________________________
(тараптардын аталышы)
ортосунда өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысы жана төмөнкү документтер таризделет (тизме көрсөтүлөт):
____________________________________________________________
____________________________________________________________
____________________________________________________________
4.4. Кредитордун биринчи талабы боюнча отчётту жана алардын финансы-экономикалык жана өндүрүштүк иши жөнүндө, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берүүгө.
4.5. Кредит боюнча карызды ушул Келишимдин 2.5-пунктунда аталган алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төгүүгө.
4.6. Төлөмдүн мөөнөтү кечиктирилген учурда Зайымчы мөөнөтү кечиктирилген суммага жылдык ____ пайыз өлчөмүндөгү финансылык санкцияларды (үстөк айыпты) төлөйт.
4.7. Юридикалык жактын жетекчилиги алмашкан учурда жаңы жетекчи беш күндүн ичинде анын жетекчи болуп дайындалгандыгы жөнүндө тиешелүү документтерди берүүгө милдеттүү.
4.8. Почта жана банктык реквизиттери, ошондой эле юридикалык дареги өзгөргөн учурда Зайымчы беш күндүн ичинде жаңы реквизиттерди билдирүүгө милдеттүү.
4.9. Кредитордун талабы боюнча карызды салыштырып текшерүү актысын түзүүгө.
4.10. Ушул Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышы үчүн Зайымчы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Зайымчынын иш жүзүндөгү карызынын, сот чыгымдарын, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасына кошуп эсептелинген финансылык санкцияларды (туумдарды), Кредиттик келишимди аткарууга байланышкан бардык чыгымдардын суммасындагы бардык мүлкүнө, ага тиешелүү болгон бардык талаптарга, активдерге жана өндүрүп алууга мүмкүн болгон банктардагы жана башка финансылык-кредиттик мекемелердеги эсептериндеги бардык акча каражаттары менен жооп берет.
5. Кредитордун укуктары
5.1. Ушул Келишимди жана күрөө жөнүндө келишимди тариздөөдө Зайымчы анык эмес маалымат берсе жана күрөө жөнүндө келишимди нотариалдык конторада өз убагында тариздөөдөн баш тартса кредитти берүүнү токтотууга.
5.2. Бюджеттик кредиттин калдыгын төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда өндүрүүгө:
- эгерде Келишимде бюджеттик кредитти бөлүп-бөлүп төлөө каралса, бюджеттик кредиттин кезектеги бөлүгүн кайтаруу үчүн белгиленген 180 күндөн ашык мөөнөт зайымчы тарабынан бузулган учурда;
- күрөө берүүчү тарабынан Келишимди камсыз кылуучу шарттар сакталбаган жана күрөө предметин тескөө жөнүндө эрежелер бузулган учурда;
- кредиттин максаттуу пайдаланылышын контролдоо мүмкүндүгүнө зайымчы тоскоолдук кылганда же чектөөгө аракет жасаганда;
- бюджеттик кредитти максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда.
5.3. Зайымчыга кабарлабастан берилген кредиттин максаттуу пайдаланылышын, күрөө предметинин сандык жана сапаттык абалын текшерүүгө.
5.4. Ушул Келишимдин 2.4-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө Зайымчы кредит төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда Кредитор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүп алууну күрөөгө айландырат (айрым учурларда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык).
5.5. Зайымчыдан ушул Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарууну талап кылууга.
6. Зайымчынын укуктары
6.1. Зайымчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) карызынын учурдагы абалы жөнүндө маалыматтарды алууга;
2) карыздын бир бөлүгүн же карыздын бардык суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөгө;
3) ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылгандан кийин камсыздоону кайра сурап алууга.
7. Өзгөчө жагдайлар
7.1. Финансылык санкцияларды (бышмананы) кошуп эсептөө төмөнкү учурларда токтотула турат:
- ал жеткис жана күтүлбөгөн күчтөрдүн, анын ичинде эпидемиянын, өрттүн, жарылуунун, авариянын, суу ташкынынын, кургакчылыктын, жер титирөөнүн, табигый-климаттык жана техногендик кыйроолордун таасиринин натыйжасында милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууга таасирин тийгизген өзгөчө жана алдын алууга болбогон жагдайлар (форс-мажор) жаралган фактылар пайда болгондо - форс-мажордук жагдайлар жаралган күндөн тартып форс-мажордун кесепеттерин жоюу үчүн зарыл мезгилдин ичинде, бирок 1 жылдан ашпаган;
- жеке жак каза болгондо - Зайымчы каза болгондугу жөнүндө күбөлүк берилген күндөн тартып анын мураскору (укук улантуучусу) аныкталганга чейин.
7.2. Финансылык санкцияларды (бышмананы) кошуп эсептөө төмөнкү учурларда токтотулат:
- бюджеттик кредит боюнча төлөө мөөнөтү кечиктирилген карызды өндүрүү жөнүндө соттук акты чыгарылган күндөн тартып, соттук актыда көрсөтүлгөн суммада;
- кошуп эсептелген финансылык санкциялардын (бышмананын) суммасы кредиттик келишим боюнча карыздын негизги суммасынын 20 пайызынан ашкан учурда.
7.3. Ушул Келишимге кол койгон жакка доо коюуга мүмкүн болбогон жагдайлар (кайра уюштуруу, жоюу же каза болуу) келип чыккан учурда ушул Келишим боюнча шарттарды анын укук улантуучусу аткарууга тийиш.
8. Корутунду жоболор
8.1. Ушул Келишимдин шарттарын аткаруу процессинде келип чыккан талаш-тартыштарды жана кайчы пикирлерди тараптар дооматтарды жиберүү жолу менен карашат. Макулдашууга жетишилбеген учурда талаш-тартыш соттук тартипте каралууга тийиш.
8.2. Ушул Келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана тараптар милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.
8.3. Күрөө жөнүндө келишим жана күрөөлүк камсыздоо жөнүндө документтер ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат (айрым учурларда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык).
8.4. Ушул Келишимдин шарттары тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуулары боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
8.5. Ушул Келишимди нотариалдык тариздөө боюнча чыгымдар Зайымчынын эсебинен жүргүзүлөт.
8.6. Ушул Келишим 4 (төрт) нускада түзүлдү: 2 нускасы - кредиторго, 1 нускасы - зайымчыга, 1 нускасы - күрөө жөнүндө келишимди тариздөө үчүн нотариалдык конторага берилет.
9. Тараптардын реквизиттери
Кредитор: ____________________________________ (органдын аталышы/аты-жөнү)
Дареги: ____________________ ________________________ ________________________ (кызмат орду) _________________________ (аты-жөнү) ________________________ (колу) М.О. | Зайымчы: _____________________________________ (субъекттин аталышы)
Дареги: _______________________ ______________________________ ______________________________ ОКПО________________________ СИН _________________________ (паспорттук маалыматтары) _____________________________ (аты-жөнү) _____________________________ (кызмат орду) ______________________________ (колу) М.О. |
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Форма
№ ______ күрөө жөнүндө келишим
_________________________________________ |
| ___________________________________________ |
(шаары, айылы) |
| (датасы жазуу жүзүндө) |
Биз төмөндө кол койгондор, бир тарабынан мындан ары
"Күрөө кармоочу" деп аталуучу ___________________________________________________________
______________________________________________________________________________ негизинде
(документтин түрү, № жана берилген датасы)
________________________________________________________________________________ атынан
(органдын аталышы)
аракеттенген, ___________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
жана экинчи тарабынан мындан ары
"Күрөө берүүчү" деп аталуучу ___________________________________________________ негизинде
(Устав, ишеним каттын, паспорттун № жана датасы)
________________________________________________________________________ атынан
(субъекттин аталышы, жайгашкан жери)
аракеттенген, ___________________________________________________________________
(аты-жөнү)
төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк:
1. Келишимдин предмети
1.1. Бул Келишим ______________________________________________________________
_______________________________________________________________________ ылайык
(чечимдин аталышы, № жана датасы)
"Күрөө берүүчүгө" ______________________________________________________ түрүндө
(товардын аталышы, көлөмү жана баасы)
____________________________________________________________________ суммасына
(сумма (цифра жана жазуу жүзүндө), валютанын түрү)
______________________________________________________ чейин төлөө мөөнөтү менен
(дата)
берүү жөнүндө _________________________________________________________ кредиттик
(№ жана дата)
келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу
максатында Күрөө берүүчү төмөнкү мүлктү күрөөгө коет: __________________________
(толук аталышы)
баалоо наркы: ___________________________________________________________________
(сумма (цифра жана жазуу жүзүндө), валютанын түрү)
кимге таандык: __________________________________________________________________.
(менчик ээсинин аты-жөнү)
1.2. Күрөөгө коюлган мүлккө болгон укуктар төмөнкү документтер менен ырасталат:
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
(аталышы, № жана датасы)
1.3. Күрөөгө коюлган мүлктү тараптар баалайт: ______________________________________
_______________________________________________________________________________.
(сумма (цифра жана жазуу жүзүндө), валютанын түрү)
1.4. Күрөөгө коюлган мүлк Күрөө берүүчүнүн ээлигинде жана пайдалануусунда калат.
1.5. Бул Келишимди түзүү учуруна карата күрөөгө коюлган мүлк ижарага берилбеген,
күрөөгө коюлбаган, талаш-тартышта болбогон жана камакка алынбаган.
2. Тараптардын милдеттери
2.1. Күрөө берүүчү төмөнкүлөргө милдеттенет:
- Күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз күрөөгө коюлган мүлктү башка жактарга бекер бербөөгө, күрөөгө койбоого, алмаштырбоого, ошондой эле кандайдыр бир башкача жол менен тескебөөгө;
- күрөөгө коюлган мүлктү күтүү үчүн талаптагыдай шарттарды камсыз кылууга;
- ушул Келишимдин 1.1-пунктунда аталган кредиттик келишим күчүндө турган учурда күрөөдөгү мүлктүн сакталышына жана техникалык абалына жеке жоопкерчилик тартууга;
- Күрөө кармоочунун өкүлдөрүнө күрөөгө коюлган мүлктүн болушун, санын, абалын жана аны күтүү шарттарын текшерүү максатында анын турган жерине кирүүгө уруксат берүүгө;
- күрөөгө коюлган мүлктүн жоголушу же бузулушу боюнча коркунучтар пайда болгондугу жөнүндө Күрөө кармоочуга токтоосуз кабарлоого;
- күрөө предмети жок болгон учурда аны калыбына келтирүүгө же күрөө предметин наркы жоголгон күрөө предметинен төмөн болбогон буюм менен алмаштырууга же макулдашылган төлөө мөөнөттөрүнө карабастан карызды (карыздын тиешелүү бөлүгүн) төлөөгө;
- Күрөө кармоочуга коюлган мал өлгөн, жоголгон, уурдалган учурда малдын башын калыбына келтирүүгө;
- күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларына белги коюу менен күрөөдөгү мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салуу жолу менен тиешелүү каттоо органдарында каттоодон өткөрүүгө.
2.2. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө милдеттенет:
- Зайымчы ушул Келишимдин 1.1-пунктунда аталган кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарган учурда карызды төлөө жөнүндө кол коюлган салыштырып текшерүү актысынын негизинде күрөөгө коюлган мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салууну алып салууга;
- Күрөө берүүчүнүн талаптарын канааттандырган учурда күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен кредит боюнча карыздын жалпы суммасын жана мүлктү сатуу жол-жобосу менен байланышкан чыгымдарды кошкондо, Күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыргандан кийин калган сумманын айырмасын кайтарып берүүгө.
3. Тараптардын укуктары
3.1. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
- күрөөдөгү мүлктүн абалын текшерүүгө;
- тиешелүү мүлккө рыноктун конъюнктурасы өзгөргөн учурда тараптар менен макулдашуу боюнча күрөөгө коюлган мүлктүн наркын өзгөртүүгө;
- күрөө предмети жоголгон, бузулган жана талап кылынбай калган учурда күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткарууну же күрөө предметин алмаштырууну талап кылууга;
- Күрөө берүүчү кредиттик келишимди аткаруу боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбаган учурда карызды толук көлөмдө акчалай каражаттар же башка өтүмдүү мүлк менен өндүрүүгө;
- күрөө предметин сатуудан түшкөн сумма Күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда жетпеген сумманы Күрөө берүүчүнүн башка мүлкүнөн талашсыз түрдө алууга;
- күрөө предмети өзүм билемдик менен орунсуз жок кылынган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Күрөө берүүчүнү жоопко тартууга.
3.2. Күрөө берүүчү күрөө предметине анын мүнөзүнө жана багытына ылайык ээлик кылууга жана колдонууга укуктуу.
4. Өзгөчө шарттар
4.1. Ушул Күрөө жөнүндө келишимге кол койгон Күрөө берүүчүгө талап коюу мүмкүн болбогон жагдайлар келип чыккан учурда (каза болгон, камакка алынган жана башка жагдайлар) ушул Күрөө жөнүндө келишимдин шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын укук улантуучусу (мураскору) тарабынан аткарылууга тийиш.
5. Келишимдин колдонуу мөөнөтү
5.1. Бул Келишим ал нотариалдык күбөлөндүрүлгөн учурдан тартып күчүнө кирет жана ушул Келишимдин 1.1-пунктунда аталган кредиттик келишим боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин колдонулат.
5.2. Ушул Келишимдин 4.1-пунктунда аталган жагдайлар келип чыккан учурда ушул Келишимдин колдонуу мөөнөттөрү жана милдеттенмелери токтотулбайт.
6. Башка шарттар
6.1. Бул Келишимдин шарттары тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуулары боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
6.2. Ушул Келишимдин 1.1-пунктунда аталган кредиттик келишим боюнча милдеттенмелер аткарылган учурда күрөө ээликтен ажыратууга тыюу салууну алып салбастан, Күрөө кармоочу менен макулдашуу боюнча башка кийинки милдеттенмелерди да камсыздашы мүмкүн.
6.3. Күрөө берүүчү ушуну менен, ушул Келишимде аталган күрөө предметин ушул Келишимдин 1.1-пунктунда аталган кредиттик келишим боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин, ошондой эле кредиттик келишимдин шарттарына кандай болбосун өзгөртүүлөр киргизилген учурда күрөөгө берүүгө жана калтырууга өзүнүн макулдугун ырастайт.
6.4. Өндүрүп алууну мүлккө айландыруу учурунда ушул Келишимди тариздөө боюнча, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлктү сатууга байланышкан чыгымдар Күрөө берүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
6.4. Ушул Келишимден келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштарды жана кайчы пикирлерди тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө умтулат жана макулдашууга жетише албаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто каралууга тийиш.
6.5. Ушул Келишим ___________________ нускада түзүлдү.
7. Тараптардын даректери жана реквизиттери
Күрөө кармоочу: _____________________________ (органдын аталышы) | Күрөө берүүчү: ____________________________ (субъекттин аталышы) Дареги: |
_____________________________ (документтин түрү жана №, берилген датасы) | ____________________________ ____________________________ ____________________________ |
_____________________________ (аты-жөнү)
__________________________________ (кызмат орду) | ОКПО _____________________ ИСН ________________________ Паспорту ____________________ ___________________________ (аты-жөнү) |
_____________________________ (колу) М.О. | ___________________________ (колу) М.О. |
20____-ж. "____" ______________.
Бул Келишим, мен, ____________________________________________
_____________________________________________________________
____________________________________ нотариалдык конторасынын
мамлекеттик нотариусу тарабынан күбөлөндүрүлдү.
Келишимге тараптар менин көзүмчө кол коюшту, тараптардын ким экендиги
жана алардын аракетке жөндөмдүүлүгү аныкталды, ошондой эле:
____________________________________________________________
____________________________________________________________
мүлктүн таандыгы текшерилди, зарыл болгон документтер тиркелет.
Реестрде № ____________________________________ болуп катталды
Мамлекеттик алым алынды __________________________________
Мамлекеттик нотариус _______________________________________
Тыюу салуу
20___-ж. "____" _____________, мен _____________________________
____________________________________________________________
____________________________________________________________
мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу тарабынан "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 70-беренесинин негизинде ушул Күрөө жөнүндө келишим күбөлөндүрүлгөндүгүнө байланыштуу Күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн төмөнкү мүлктү:
____________________________________________________________
____________________________________________________________
____________________________________________________________
____________________________________________________________
күрөө жөнүндө келишим токтотулганга чейин ээликтен ажыратууга тыюу салынды.
Реестрде № ____________________________________ болуп катталды
Мамлекеттик алым алынды __________________________________
Мамлекеттик нотариус _______________________________________
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Форма
Кредиттик келишимге кепилдик КЕЛИШИМИ
_________________________________________ |
| ____________________ "___" ____________________ |
(шаары, айылы) |
| (жылы, күнү жана айы жазуу жүзүндө) |
Ушул Кепилдик келишими ______________________________________________________ негизинде
(документтин түрү)
иштеген ________________________________________________________________________ атынан
(ээлеген кызматы, аты-жөнү)
___________________________________________________________________________ бир тараптан
(органдын аталышы)
(мындан ары - "Кредитор"), _____________________________________________ негизинде иштеген
(документтин түрү)
________________________________________________________________________________ атынан
(ээлеген кызматы, аты-жөнү)
____________________________________________________________ экинчи тараптан (мындан ары
(субъекттин аталышы)
"Кепилдик берүүчү") жана __________________________________________ негизинде аракеттенген,
(документтин түрү)
_________________________________________________________________________________ атынан
(ээлеген кызматы, аты-жөнү)
_________ ____________________________________ (мындан ары "Карызкор") (субъекттин аталышы)
(мындан ары бирге айтылганда "Тараптар" деп аталып) ортосунда түзүлдү.
Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Келишимдин предмети
1.1. Кепилдик берүүчү ушул Келишим менен Карызкордун __________________________ Кредиттик келишими боюнча
(датасы, №.)
(мындан ары - Кредиттик келишим) милдеттенмелерин аткаруусу үчүн Кредитордун алдында толук жооп берүү
милдеттенмесин өзүнө алат, анын ичинде Карызкордун милдеттенмелерин аткаруу белгиленген тартипте анын
укук мураскорлоруна өткөн учурларды кошкондо.
1.2. Кепилдик берүүчү Негизги келишимдин бардык шарттары менен таанышты жана макул.
2. Тараптардын милдеттери
2.1. Кепилдик берүүчү Кредиттик келишим же ага байланыштуу жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган башка келишимдер, макулдашуулар боюнча Карызкор өз милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда, Карызкор менен Кредитордун алдында бирдей жоопкерчилик тартат, анын ичинде:
1) Кредиттик келишим боюнча негизги карызды толук көлөмдө кайтаруу боюнча;
2) бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн эсептелген пайыздарды төлөө боюнча;
3) төлөмдү кечиктиргендиги үчүн эсептелген финансылык санкцияларды (бышманаларды) төлөө боюнча;
4) Карызкордун милдеттенмесин соттук же соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алууга же Кредиттик келишим боюнча Кредитордун кайсы болбосун укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу Кредитор же кандайдыр бир жак тарткан ар кандай ырасталуучу чыгымдарды (анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен, сот чыгымдарын, тышкы консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акыны, жыйымдарды жана алымдарды кошкондо) төлөө боюнча.
2.2. Кепилдик берүүчү Кредиттик келишимде каралган валютада, өлчөмдө, мөөнөттө жана тартипте Карызкордун милдеттенмелерин толук жана өз убагында аткарууга кепилдик берет.
2.3. Эгерде Кредиттик келишимде белгиленген төлөө мөөнөтү келгенде, Карызкор тарабынан Кредиторго төлөнүүгө тийиш болгон сумма төлөнбөсө, Карызкор төлөмдүн кечиктирилгендиги жөнүндө Кепилдик берүүчүгө өз убагында билдирүүгө милдеттенет.
2.4. Кепилдик берүүчү төлөө мөөнөтү келген учурдан тартып ________________ күндүн ичинде Карызкор тарабынан Кредиторго төлөнбөгөн сумманы, анын ичинде төлөө мөөнөтү өтүп кеткен учурда Кредиттик келишимде белгиленген бышмананы төлөөгө милдеттүү.
2.5. Эгерде Кепилдик берүүчү ушул Келишимдин 2.4-пунктуна ылайык өз милдеттерин аткарбаса, Кепилдик берүүчү төлөмдү кечиктирген ар бир күн үчүн Кредиторго ________________________ өлчөмүндөгү бышмананы (мөөнөтү кечиктирилген суммадан пайызды) кошумча төлөйт.
2.6. Карызкор төлөмдү белгиленген мөөнөттө төлөөгө мүмкүндүгүнүн жоктугу жөнүндө Кепилдик берүүчүгө өз убагында билдирбеген учурда, Карызкор Кепилдик берүүчүгө ушул Келишимдин 2.5-пунктунда белгиленген бышмананын ордун толтурууга милдеттүү.
2.7. Ушул Келишим боюнча Кепилдик берүүчүнүн милдеттенмеси абсолюттук, шексиз жана кайтарылгыс болуп саналат жана анын аныктыгына, аткарыла тургандыгына Карызкордун милдеттенмелеринин жалпы суммасы, аткаруу мөөнөтү жана ыкмалары, түп нускалыгы, аныктыгы, ылайыктуулугу, камсыздалышы, жарым-жартылай токтотулушу, бузулушу, өзгөртүүлөрү жана/же толуктоолору таасир этпейт жана эч кандай залакасын тийгизбейт. Ошондой эле Кепилдик берүүчүнүн милдеттенмелеринин аныктыгына, аткарыла тургандыгына Карызкордун банкрот деп жарыяланышы жана/же кудуретсиздик процессинде болушу же Кепилдик берүүчүнүн жана/же Карызкордун уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамынын ар кандай өзгөрүшү таасир этпейт жана эч кандай залакасын тийгизбейт.
2.8. Негизги келишим боюнча милдеттенмелерди толук көлөмдө аткаргандан кийин Кепилдик берүүчү Карызкорго кайра талап коюуга укуктуу.
2.9. Кепилдик берүүчү ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүн бардык мүлкү, ага тиешелүү болгон бардык укуктары, талаптары, активдери жана өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн болгон банктардагы жана башка финансы-кредиттик мекемелердеги эсептерде бардык акча каражаттары менен жооп берет.
2.10. Бул келишимге кол коюуда Кепилдик берүүчү төмөнкүлөргө кепилдик берет жана ырастайт:
- бул Келишимди түзүү Кепилдик берүүчү катышкан же ал байланышкан ар кандай макулдашууларга жана келишимдерге карама-каршы келбейт жана алардын кандайдыр бир шарттарын жана жоболорун бузууга алып келбейт;
- Кепилдик берүүчүгө же анын мүлкүнө карата эч кандай соттук териштирүүлөр, дооматтар жана финансылык мүнөздөгү талаптар жоктугун, ошондой эле Кепилдик берүүчүнүн милдеттенмелерин аткарууга олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон күрөөлөр же мүлкүнө башка оорчулуктар жок экендигин.
2.11. Карызкор Кепилдик берүүчүгө Кредиттик келишимдин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
3. Өзгөчө шарттар
3.1. Кепилдик берүүчү өз милдеттенмесин белгиленген мөөнөттөрдө аткарбаган учурда Кредитор ушул Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте Кепилдик берүүчүдөн карызын өндүрүп алууга укуктуу.
3.2. Кепилдик берүүчү камсыз кылынган милдеттенмени талаптагыдай аткарбоонун натыйжасында келип чыккан чыгымды Кредиторго төлөп берүүгө милдеттүү.
4. Кошумча шарттар
4.1. Бул Келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Кредиттик келишим боюнча Кредитордун алдындагы Карызкордун милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.
4.2. Ушул Келишимге ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор, эгерде алар жазуу жүзүндө таризделсе жана бардык Тараптар ага кол койсо, күчүнө кирет. Милдеттенмени камсыз кылуу токтотулбастан, кепилдикти токтотууга жол берилбейт.
4.3. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 (үч) түп нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлдү.
5. Тараптардын юридикалык даректери жана колдору
Кредитор ____________________________ (органдын аталышы)
Кыргыз Республикасы Дареги ____________________________ Алуучу банк: _______________________ Алыш-бериш эсеби: ________________ БИК: _____________________________
____________________________ (кызмат орду) ___________________________ (аты-жөнү) ____________________________ (колу) М.О. | Кепилдик берүүчү ____________________________ (субъекттин аталышы)
Кыргыз Республикасы Дареги ____________________________ Алуучу банк:_______________________ Алыш-бериш эсеби: ________________ БИК: ______________________________
___________________________ (кызмат орду) ____________________________ (аты-жөнү) ____________________________ (колу) М.О. |
Карызкор ____________________________ (субъекттин аталышы)
Кыргыз Республикасы Дареги ____________________________ Алуучу банк: ______________________ Алыш-бериш эсеби: ________________ БИК: _____________________________
__________________________________ (кызмат орду) ___________________________ (аты-жөнү) ____________________________ (колу) М.О. |
|
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 8-тиркеме |
Форма
№ _____ кепилдик келишими
_________________________________________ |
| ____-жылдын "____" ________________ |
(шаары, айылы) |
| (дата жазуу жүзүндө) |
Ушул Кепилдик келишими _____________________________________________________ негизинде
(документтин түрү)
иштеген ________________________________________________________________________ атынан
(кызматы, аты-жөнү)
_______________________________________________________________ (мындан ары - "Кредитор")
(органдын аталышы)
бир тараптын жана ____________________________________________________ негизинде иштеген
(документтин түрү)
________________________________________________________________________________ атынан
(кызматы, аты-жөнү)
___________________________________________________________________ (мындан ары - "Кепил")
(субъекттин аталышы)
экинчи тараптын ортосунда түзүлдү. Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Келишимдин предмети
1.1. Кепил карызкор _____________________________________________________________________
____________________________________________________________________________ тарабынан
(аталышы)
________________________________________________________ кредиттик келишим (мындан ары -
(датасы, №)
Кредиттик келишим) боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда
1.2. Кепил тарабынан карызкордун Кредиторго болгон милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарат, анын ичинде:
1) Кредиттик келишим боюнча негизги карызын толук көлөмдө кайтаруу боюнча;
2) бюджеттик кредитти пайдалануу үчүн эсептелген пайыздарды төлөө боюнча;
3) өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды (бышмананы) төлөө боюнча;
4) Зайымчынын милдеттенмесин аткарууну соттук же соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алууга же
Кредиттик келишим боюнча Кредитордун кайсы болбосун укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу
Кредитор же кайсы болбосун жак тарткан ар кандай ырасталуучу чыгымдарды (сот чыгымдарын, тышкы
консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акыны, жыйымдарды жана алымдарды жана башкаларды) төлөө боюнча.
2. Келишимди аткаруунун тартиби
2.1. Кепил Кредитордун жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган учурдан тартып _______ календардык күндүн ичинде Кредитордун тиешелүү эсебине төлөм тапшырмалары менен акча каражаттарын которуу аркылуу карызкордун милдеттенмелерин аткарууга милдеттенет.
2.2. Бул Келишим ____________________________________________________________________________ сом
(сумма цифралар жана жазуу жүзүндө, валюта)
суммасындагы кепилдик акча каражаттары менен камсыз кылынат.
2.3. Бул Келишим Кепилдин түздөн-түз, шексиз жана кайтарылып алынгыс акчалай милдеттенмелери болуп саналат. Бул келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт.
3. Келишимди колдонуу мөөнөтү
3.1. Бул Келишим ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана карызкордун милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтү келген күндөн тартып үч айдын ичинде Кредитор тарабынан Кепилге доо коюлган шартта Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин колдонулат.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Кепил ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн Кредитордун алдында, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүн бардык мүлкү, ага тиешелүү болгон бардык укуктары, талаптары, активдери жана өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн болгон банктардагы жана башка финансы-кредиттик мекемелердеги эсептерде бардык акча каражаттары менен жооп берет.
5. Кошумча шарттар
5.1. Бул Келишимге киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор эки тараптын тең белгиленген тартипте таризделген жазуу жүзүндөгү макулдугу берилгенде гана анык болот.
5.2. Кепилдин атынан бул Келишимге кол койгон адам анын ушул Келишимди түзүүгө укугун ырастаган документтин түп нускасын берет. Бул документтин түп нускасы же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү ушул Келишимдин тиркемеси болуп саналат.
5.3. Бул Келишимге ылайык кепилденген сумманы төлөө Кредитордун биринчи жазуу жүзүндөгү талабынан кийин жүргүзүлүшү керек.
5.4. Бул Келишим кол коюлган учурдан тартып кредит үчүн милдеттенмелер боюнча акыркы төлөмгө чейин Кредиттик келишимдин бардык мөөнөтүнүн ичинде колдонулуучу Кепилдин мыйзамдуу анык милдеттенмеси болуп саналат.
5.5. Бул Келишим 2 (эки) нускада, ар бир тарап үчүн бирден түзүлөт.
6. Тараптардын юридикалык даректери жана колтамгалары
Кредитор ______________________________ (органдын аталышы)
Кыргыз Республикасы Дареги ______________________ Алуучу банк: __________________ Алыш-бериш эсеби: __________ БИК: _______________________ ______________________________ (кызмат орду) ______________________________ (аты-жөнү) ______________________________ (колу) М.О. | Кепил ___________________________ (субъекттин аталышы)
Кыргыз Республикасы Дареги _____________________ Алуучу банк: _______________ Алыш-бериш эсеби: _________ БИК: _____________________ ___________________________ (кызмат орду) ___________________________ (аты-жөнү) __________________________ (колу) М.О. |
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 9-тиркеме |
Суроо-талаптын коэффициентинин жана бюджеттик кредитти камсыздоо тобокелдигинин чектүү чоңдуктарын аныктоо МЕТОДИКАСЫ
1. Кредиттик тобокелдикти азайтуу жана бюджеттик кредитти талаптагыдай камсыз кылуу максатында рыноктогу суроо-талапты жана сунуштарды эске алуу менен өтүмдүүлүк даражасын жана камсыздоо абалын аныктоо үчүн төмөнкүдөй түзөтүүлөр колдонулат:
1) Өтүмдүүлүккө карата түзөтүү - рыноктогу суроо-талаптын жана сунуштун шайкештиги, турган жеринин (шаар, район, айыл) барктуулугу, транспорттук жеткиликтүүлүк (борбордон алыстыгы) эске алынат, 0,1 тартып 1,0 чейинки коэффициенти менен кыймылсыз мүлктөргө карата колдонулат:
№ | Өтүмдүүлүк даражасы | Мүлктөрдүн мүнөздөмөсү | Колдонуу коэффициенти |
1 | Жогорку өтүмдүүлөр | Рынокто ар дайым талап кылынган, республикалык жана облустук маанидеги шаарларда турган | 0,9-1,0 |
2 | Өтүмдүүлөр | Рынокто ар дайым талап кылынган, кыймылы тынбаган магистралдарда жайгашкан, республикалык жана облустук маанидеги шаарларда жана шаарларга жакын жайгашкан айылдарда, ошондой эле райондук маанидеги шаарларда жана айылдарда турган | 0,6-0,8 |
3 | Жакшы өтүмдүүлөр | Рынокто жакшы талап кылынган, райондук маанидеги шаарларга жакын жайгашкан айылдарда, ошондой эле айыл округдарынын борбордук айылдарында турган | 0,4-0,5 |
4 | Начар өтүмдүүлөр | Рынокто талап кылынбаган, алыскы айылдарда жана райондук маанидеги, ошондой эле транспорт менен жетүүгө кыйын айылдарда жайгашкан | 0,1-0,3 |
2) Техникалык абалына карата түзөтүү - чыгарылган жылы, техникалык абалы, физикалык жактан эскириши жана эксплуатацияланышы, запастык тетиктердин, шаймандардын, агрегаттардын ж.б. комплекттүүлүгүнүн болушу эске алынат, 0,05 тартып 1,0 чейинки коэффициенти менен кыймылдуу мүлктөргө карата колдонулат:
№ | Абалынын даражасы | Мүлктөрдүн мүнөздөмөсү | Колдонуу коэффициенти |
1 | Жаңы | Жаңы, эксплуатациялана элек, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген жана азыркы учурдагы технологиялык прогресске толук туура келген | 0,9-1,0 |
2 | Жакшы | Эксплуатацияланган, өтө жакшы абалда, оңдоону жана кошумча каражаттарды талап кылбаган, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген жана колдонуудагы технологиялык чынжырчада пайдаланылган | 0,7-0,8 |
3 | Канааттанарлык | Эксплуатацияланган, бир аз оңдоону же айрым майда тетиктерин алмаштырууну талап кылган, жумуш абалында, бир аз эскирген катары колдонуудагы технологиялык чынжырчада пайдаланылган | 0,5-0,6 |
4 | Шарттуу жарактуу | Эксплуатацияланган, олуттуу оңдоону же башкы тетиктерин алмаштырууну талап кылган, эскирген катары колдонуудагы технологиялык чынжырчада пайдаланылган | 0,2-0,4 |
5 | Канааттандырарлык эмес | Эксплуатацияланган, капиталдык оңдоону же негизги тетиктерди жана агрегаттарын алмаштырууну талап кылган, эскирген катары колдонуудагы технологиялык чынжырчада пайдаланылбаган | 0,05-0,1 |
3) Тоорукка карата түзөтүү - 0,5-0,7 чейинки коэффициент колдонулат, сунушталган баасынын жана сатып алуу баасынын айырмасына карата оңдоо эске алынат.