Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 435 токтомуна) |
"Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин иш стажын белгилөө жөнүндө жобо
1. Бул Жобо "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын (мындан ары - Адистештирилген комбинат) кызматкерлеринин иш стажын жана кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү белгилөө тартибин аныктайт.
2. Адистештирилген комбинаттын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн ай сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген үстөктөр төлөнөт.
3. Кызматтык маяналарга иштеген жылдары үчүн ай сайын үстөктү төлөө үчүн иш стажы аны белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Комиссиянын курамы Адистештирилген комбинаттын директорунун буйругу менен бекитилет.
4. Иштеген жылдары үчүн үстөк алууга укук берүүчү иш стажына "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын системасында жана радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу боюнча жаратылышты коргоо ишин жүзөгө ашырган мекемелерде жана уюмдарда иштеген бардык убактысы киргизилет.
5. Адистештирилген комбинаттын жумушка жаңыдан кабыл алынган кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк алууга укук берүүчү иш стажы жумушка кирген күндөн тартып эсептелет.
6. Кызматтык маянага иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк алууга укук берүүчү иш стажына төмөнкүлөр да кирет:
- эгерде кызматкер аскердик кызматка чакырылганга чейин жаратылышты коргоо ишин жүзөгө ашырган мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана запаска бошотулгандан кийин иштеген жерине келген убакытты эсептебегенде, үч айдын ичинде ошол эле уюмга жумушуна кайтып келсе, мөөнөттүү анык аскердик кызматтагы мезгили;
- "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын системасында жана радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу боюнча жаратылышты коргоо ишин жүзөгө ашырган мекемелер жана уюмдар менен эмгек мамилелеринде турган, кызматкердин баласы бир жарым жашка же иш берүүчү менен макулдашуу боюнча 3 жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүсүнүн мезгили;
- эгерде кызматчы чет өлкөгө чыгардын алдында жаратылышты коргоо ишин жүзөгө ашырган "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын системасында иштесе жана келген убакытты эсептебегенде, чет өлкөдөн кайтып келген күндөн тартып эки айдын ичинде ошол эле системага жумушка кирсе, чет өлкөдө иштеген убактысы.