Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 454 токтому менен бекитилди) |
Аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо
стандарттарын, коштоочу стандарттарды, Кесипкөй
бухгалтерлердин этика кодексин, финансылык
отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын жана чакан
жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык
отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын мамлекеттик
тилге которуунун жана жарыялоонун тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Эл аралык стандарттарды мамлекеттик тилге которууну уюштуруунун негизги принциптери
3. Эл аралык стандарттарды мамлекеттик тилге которууну уюштуруу процесси
4. Эл аралык стандарттарды жарыялоо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, коштоочу стандарттарды, Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексин (мындан ары - Этика кодекси), финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын мамлекеттик тилге которуунун жана жарыялоонун тартиби (мындан ары - Тартип) аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, коштоочу стандарттарды, Этика кодексин, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын мамлекеттик тилге которууну уюштурууну жана камсыздоону жана аларды жарыялоону камсыз кылууну регламенттейт.
2. Аудитордук иште колдонулуучу эл аралык стандарттарды которуу жана жарыялоо Бухгалтерлердин эл аралык федерациясы (мындан ары - БЭФ) кабыл алган Жарыялоолорду которуу саясатына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Бухгалтердик иште колдонулуучу эл аралык стандарттарды которуу жана жарыялоо Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары фонду (мындан ары - ФОЭС фонду) кабыл алган финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын которууну жана калыбына келтирүүнү лицензиялоо саясатына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Эл аралык стандарттарды мамлекеттик тилге
которууну уюштуруунун негизги принциптери
4. Аудитордук ишти, бухгалтердик эсепти жөнгө салууну, аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин ишин контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым мамлекеттик орган) эл аралык стандарттарды мамлекеттик тилге которууну уюштурууда төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- котормонун тактыгын, башкача айтканда эл аралык стандарттарды которууну эл аралык стандарттардын түпнуска текстинин максатына, стилине жана мазмунуна толук шайкештикте жүзөгө ашырууну;
- өз убагында которуу, башкача айтканда эл аралык стандарттарды тиешелүү органдар кабыл алгандан кийин аларды которууну негизделген убакыт аралыгында жүзөгө ашырууну;
- котормонун актуалдуулугун, анын ичинде эл аралык стандарттарды которууну түпнуска текстке киргизген өзгөртүүлөргө ылайык дайыма жаңылап турууну;
- эл аралык стандарттарды кабыл алган БЭФ жана ФОЭС фонду тарабынан аларды которууга жана калыбына келтирүүгө карата белгиленген талаптарды аткарууну.
5. Эл аралык стандарттарды которуу мамлекеттик тилдеги эл аралык стандарттарды изилдегенден кийин кызыкдар квалификациялуу колдонуучу түп нуска тилдеги эл аралык стандарттар менен бирдей эл аралык стандарттардын мазмуну жана мааниси жөнүндө түшүнүк алгыдай түрдө уюштурулууга тийиш. Эл аралык стандарттарды которуунун натыйжасында түп нуска тилдеги эл аралык стандарттардын так котормосу болуп эсептелген, мамлекеттик тилде түшүнүктүү, грамматикалык туура текст иштелип чыгууга тийиш. Мамлекеттик тилдеги эл аралык стандарттарды колдонууда бул стандарттардын мазмунун жана маанисин аныктоо үчүн алардын түп нуска тилдеги тексти мамлекеттик тилдеги текстине караганда артыкчылыкка ээ болот.
6. Эл аралык стандарттарды которууну уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- эл аралык стандарттардын толуктоолорсуз, өзгөртүүлөрсүз, алып салууларсыз, ошондой эле кабыл алууда аларга киргизилген маанисин өзгөртүүсүз толук которуу;
- эл аралык стандарттарды которууда колдонулуучу терминологиянын бирдейлиги;
- Кыргыз Республикасындагы аудитордук жана бухгалтердик практикада жана чектеш тармактарда кабыл алынган салттуу терминологиянын өздөштүрүлгөн терминологияга караганда артыкчылыгы;
- мамлекеттик тилдеги эл аралык стандарттарды колдонууга кызыкдар бардык тараптарга алгылыктуу жана колдонулуучу эл аралык стандарттарды которууну жүзөгө ашыруу;
- БЭФ жана ФОЭС фонду менен системалуу түрдө кызматташуу жана өз ара аракеттенүү;
- БЭФтин жана ФОЭС фондунун эл аралык стандарттарга автордук укуктарын сактоо;
- эл аралык стандарттарды которууну стабилдүү уюштуруу, анын ичинде каржылоо булактарынын жетиштүүлүгү, көз карандысыздыгы жана узак мөөнөттүү мүнөзү;
- эл аралык стандарттарды которуу процессине мамлекеттик тилдеги эл аралык стандарттарды колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнүн, анын ичинде бухгалтердик (финансылык) отчеттуулукту, аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучуларын, аудит жүргүзүлүп жаткан субъекттердин, жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү органдардын өкүлдөрүнүн бухгалтердик жана аудитордук иште эл аралык стандарттарды колдонуу тажрыйбасына ээ эксперттердин катышуусу;
- мамлекеттик тилдеги эл аралык стандарттарды бирдиктүү которууну түзүүгө жана жайылтууга көмөк көрсөтүү.
3. Эл аралык стандарттарды мамлекеттик тилге
которууну уюштуруу процесси
7. Эл аралык стандарттарды которууну уюштуруунун максаты болуп которуунун тактыгын жана функционалдуулугун камсыз кылуу үчүн эл аралык стандарттарды түп нуска тилден мамлекеттик тилге түз которуу эсептелет. Эл аралык стандарттарды интерпретациялоого же түшүндүрүүгө жол берилбейт.
8. Эл аралык стандарттарды, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана түзөтүүлөрдү которууну жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир өзүнчө учурда Макулдашуу түзүү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жиберген суроо-талапка БЭФтен жана ФОЭС фондунан расмий уруксат алууга тийиш.
9. Суроо-талап БЭФтин жана ФОЭС фондунун талаптарына ылайык түзүлүүгө тийиш.
10. БЭФтен жана ФОЭС фондунан расмий уруксат алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен Серептик комитет түзүлөт.
11. Серептик комитет төмөнкүлөрдөн турат:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын которуу жана рецензиялоо боюнча ишти координациялоо үчүн жооптуу кызматкерлеринин ичинен Серептик комитеттин төрагасынан/Координатордон;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын которуу жана рецензиялоо боюнча ишти координациялоо үчүн жооптуу кызматкерлеринен;
- кесиптик аудитордук бирикменин өкүлүнөн;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлүнөн;
- которулган эл аралык стандарттарды колдонууда билими жана тажрыйбасы бар, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча ыктыярдуу жана акысыз негизде тартылган эксперттерден.
12. Серептик комитеттин мүчөлөрүнүн жалпы саны так санды түзүүгө жана беш адамдан кем болбоого тийиш.
13. Серептик комитеттин төрагасы/Координатор төмөнкүдөй квалификацияларга ылайык келүүгө тийиш:
- англис тилин, ошондой эле мамлекеттик тилди эркин билүү;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда орто звенодогу жетекчи болушу;
- которулган эл аралык стандарттар менен иштөөдө текшерилген билиминин жана иш тажрыйбасынын болушу.
Серептик комитеттин төрагасы/Координатор стандарттарды сапаттуу которуу, анын ичинде Серептик комитеттин мүчөлөрүнүн жана котормочулардын ортосунда файлдарды жана комментарийлерди алмашууну уюштуруу үчүн жооп берет. Ал башка мүчөлөрдүн, өнөктөрдүн жана кызыкдар тараптардын катышуусун координациялоого милдеттүү.
14. Серептик комитеттин мүчөлөрү төмөнкүдөй квалификацияларга ылайык келүүгө тийиш:
- англис тилин жана мамлекеттик тилди билүү;
- которулган стандарттарды колдонуу тажрыйбасынын болушу;
- бухгалтердик эсепте жана аудитте текшерилген техникалык билимдерге жана тажрыйбага ээ болуу.
Серептик комитеттин мүчөлөрү стандарттарды которууну текшерүү үчүн жамааттык жоопкерчилик тартат.
15. Котормочу же котормочулар техникалык тапшырмага ылайык эл аралык стандарттардын котормонун белгилүү бир көлөмүн аткаруу үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келишимдик негизде ишке тартылат.
16. Котормочу же котормочулар кесипкөй котормочу жана/же экономикалык жана финансылык тексттерди которуу тажрыйбасына ээ бухгалтерлер/аудиторлор болууга тийиш.
Котормочу же котормочулар документтерди эл аралык стандарттарды мамлекеттик тилге которуунун негизги принциптерине ылайык которууга милдеттүү.
Котормочуга же котормочуларга кеңири талаптар аны (аларды) тандоодо тиешелүү техникалык тапшырмаларда баяндалат.
17. Серептик комитеттин мүчөлөрү же котормочулар БЭФ же ФОЭС фонду бекиткен эл аралык стандарттардын мазмунун жана маанисин толуктап, кыскартып же өзгөртө албайт.
18. Серептик комитеттин курамы ФОЭС фонду тарабынан төмөнкү критерийлердин негизинде каралууга жана бекитилүүгө тийиш:
- мамлекеттик тилди билүү. Серептик комитеттин мүчөлөрү мамлекеттик тилди алып жүрүүчүлөр болууга тийиш;
- англис тилин эркин билүү. Серептик комитеттин мүчөлөрү которулган текстти англис тилиндеги баштапкы текст менен салыштырып текшерүүгө тийиш;
- бухгалтердик эсеп менен аудит жаатындагы жана которулган эл аралык стандарттарды колдонуудагы демонстрацияланган техникалык компетенттүүлүгү, билими жана тажрыйбасы.
19. Котормого сереп жүргүзүүдө Серептик комитеттин мүчөлөрү негизги кызыкдар тараптарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматын, кесипкөй бухгалтерлерди жана аудиторлорду, бухгалтердик (финансылык) отчеттуулукту активдүү колдонуучуларды, кесиптик аудитордук бирикмелерди, илимий чөйрөлөрдү жана мамлекеттик тилдеги стандарттарды колдонуудан пайда таба ала турган башка тараптарды ишке тартууга жана консультация алууга укуктуу.
20. Котормону уюштуруу процессине тартылган БЭФтин же ФОЭС фондунун персоналы алардын ортосундагы Макулдашууга ылайык которуу процессинин сакталышына мониторинг жүргүзүү укугуна ээ, бул төмөнкүлөрдү камтыйт:
- БЭФтин же ФОЭС фондунун бекитүүсү үчүн Төраганын/Координатордун талапкерликтеринин, Серептик комитеттин мүчөлөрүнүн жана тандалып алынган котормочулардын критерийлерге дал келүүсүнө жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз учурунда сунуштоосуна мониторинг жүргүзүүнү;
- которуу графигин карап чыгууну, анын ичинде ресурстарды тийиштүү түрдө сунуштоону;
- англис тилиндеги тексттин маанилерине жана максатына карата техникалык жардам көрсөтүүнү;
- которуу графигине ылайык прогресске мониторинг жүргүзүүнү;
- которуу процессинде негизги кадамдардын аткарылышын камсыз кылууну.
21. Стандарттарды которуу процесси төмөнкү этаптарды камтууга тийиш:
- зарыл болгон учурда негизги терминдерди которууну;
- стандарттарды, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана түзөтүүлөрдү которууну;
- которулган стандарттарды, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана түзөтүүлөрдү кароону жана бекитүүнү.
Бул үч этап бөлүнбөйт жана эреже катары, итеративдүү процесс катары каралат.
22. Негизги терминдер эл аралык стандарттарды которуу убагында ырааттуу пайдаланылууга тийиш болгон өзүнчө терминдерди жана кайталануучу фразаларды өзүнө камтыйт. БЭФтин же ФОЭС фондунун персоналы эл аралык стандарттардан негизги терминдерди бөлөт. Серептик комитет зарыл болгон учурда кошумча негизги терминдерди кошот. Негизги терминдердин тизмесин жана алардын котормосун котормочулар которууга жана Серептик комитет бекитүүгө тийиш. Серептик комитет негизги терминдердин тизмесине кандайдыр бир белгилерди киргизбөөгө тийиш.
23. Котормочулар эл аралык стандарттарды которууда негизги терминдердин бекитилген тизмесин колдонууга тийиш. Эл аралык стандарттарды которуу процессин оптималдаштыруу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган котормочуларга автоматташтырылган которуу үчүн котормолордун эс-тутумун камтыган программалык камсыздоону сунуштайт. Котормолордун эс-тутуму - бул негизги терминдерди, баштапкы сүйлөмдөрдү жана алардын котормолорун сактаган маалыматтар базасы. Алар кайталанган учурда котормо маалыматтар базасынан автоматтык түрдө алып салынат. Бул программалык камсыздоо БЭФ же ФОЭС фонду колдонуп жаткан программалык камсыздоого шайкеш келүүгө тийиш жана аны колдонуунун тартиби алар менен болгон тиешелүү макулдашууларда эскертилет.
24. Которулган эл аралык стандарттарды кароо жана бекитүү:
- которулган эл аралык стандарттар Серептик комитеттин катышуучулары тарабынан каралууга тийиш. Аларга жүргүзүлгөн сереп техникалык тактыкка, негизги терминдерди ырааттуу колдонууга, тексттин тактыгына жана айкындыгына жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына көңүл бурушу керек. Серептик комитеттин төрагасы/Координатор Серептик комитеттин ишине координациялоого жана комитеттин мүчөлөрү менен котормочулардын ортосундагы байланышты камсыз кылууга тийиш;
- Серептик комитет тиешелүү консультация менен көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берүү үчүн которуу убагында кыйла оорчулуктарды жараткан англис сөздөрү же фразалары тууралуу БЭФке же ФОЭС фондуна маалымдоого милдеттүү;
- которулган эл аралык стандарттардын акыркы версиясы добуш берүү жана протоколду тариздөө жолу менен Серептик комитеттин мүчөлөрү тарабынан бекитилүүгө тийиш;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Серептик комитет бекиткен которулган стандарттардын электрондук версиясын, негизги терминдердин тизмесин жана котормолордун эс-тутумун, ошондой эле жарыялоого уруксат алуу үчүн бул материалдарга карата бардык жаңылоолорду БЭФке же ФОЭС фондуна берүүгө милдеттүү.
25. Серептик комитеттин мүчөлөрү жана котормочулар БЭФ же ФОЭС фонду менен автордук укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууларга кол коюу жолу менен которууга бардык автордук укуктарды БЭФке же ФОЭС фондуна өткөрүп берет жана бардык мүлктүк эмес укуктардан баш тартат. БЭФ же ФОЭС фонду менен макулдашылган форма боюнча таризделген Серептик комитеттин бардык мүчөлөрүнөн жана котормочулардан автордук укуктарды өткөрүп берүүнүн кепилдиги Серептик комитеттин Төрагасынын/Координатордун жоопкерчилиги болуп саналат.
26. Эл аралык стандарттарды которууну уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий интернет-сайтында жайгаштырылууга жана бардык кызыкдар тараптарга жеткиликтүү болууга тийиш.
4. Эл аралык стандарттарды жарыялоо
27. Эл аралык стандарттарды жарыялоо эл аралык стандарттарды, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана түзөтүүлөрдү мамлекеттик, ошондой эле расмий тилдерде жарыялоону карайт.
28. Эл аралык стандарттарга киргизилген өзгөртүүлөр, толуктоолор жана түзөтүүлөр колдонуучу үчүн ыңгайлуу болгон форматта, киргизилген өзгөртүүлөрдүн, толуктоолордун жана түзөтүүлөрдүн текстин жана датасын бөлүп көрсөтүү менен жарыяланат.
281. Эл аралык стандарттарга алар жарыяланганга чейин киргизилген өзгөртүүлөр алар финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө милдеттүү түрдө ачылып көрсөтүлгөн учурда субъекттер тарабынан колдонулушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Расмий тилдеги эл аралык стандарттарды, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана түзөтүүлөрдү жарыялоого ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БЭФ же ФОЭС фонду менен тиешелүү Макулдашуу түзгөндөн кийин 10 жумуш күндүн ичинде жол берилет.
30. Которулган мамлекеттик тилдеги эл аралык стандарттарды, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана түзөтүүлөрдү жарыялоого ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү шарттарды аткаргандан кийин жол берилет:
- Серептик комитеттин төрагасы/Координатор которулган стандарттардын, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдүн, толуктоолордун жана түзөтүүлөрдүн сапатына канааттанат жана котормосу протоколду тариздөө жолу менен Серептик комитеттин бардык мүчөлөрү тарабынан бекитилет;
- БЭФ же ФОЭС фонду которуу процессин сактоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча жарыялоого уруксат берет.
31. Мамлекеттик тилдеги эл аралык стандарттарды, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана түзөтүүлөрдү расмий жарыялоонун алдында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ченемдик укуктук актылар жөнүндө мыйзамдарга ылайык котормонун текстин коомдук талкуулоону жүргүзүүгө тийиш.
32. Мамлекеттик жана расмий тилдердеги эл аралык стандарттарды, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана түзөтүүлөрдү расмий жарыялоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Расмий жарыялоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- милдеттүү тартипте - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий интернет-сайтында;
- зарылчылыкка жараша - басылмаларда (китептерде, брошюраларда, жыйнактарда, окуу материалдарында жана башкаларда).
33. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөр үчүн жооптуу:
- мамлекеттик жана расмий тилдердеги эл аралык стандарттарды, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана түзөтүүлөрдү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында туруктуу негизде жарыялап туруу жана аларды эркин, акысыз алуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу;
- эл аралык стандарттардын тиражын даярдоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныктоо жана аларды келишимдик негизде жайылтуу эрежелери;
- мамлекеттик жана расмий тилдердеги эл аралык стандарттарды расмий жарыялоо мөөнөтүн БЭФтин же ФОЭС фондунун талаптарына ылайык аныктоо.
34. Расмий жарыяланган мамлекеттик жана расмий тилдердеги эл аралык стандарттар киргизилген бардык өзгөртүүлөрү, толуктоолору жана түзөтүүлөрү менен комплектте жарыяланууга тийиш.