Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-августу № 444
Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы (мындан ары - ЖТТ методикасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда ЖТТ методикасын жетекчиликке алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын:
1) ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо (мындан ары - ЖТТ) жөнүндө аналитикалык каттардын ЖТТ методикасына шайкеш экендигине экспертиза жүргүзүү;
2) ЖТТ системасын өнүктүрүү саясатын жана аны ишке ашыруу механизмдерин түзүү;
3) ЖТТ жүргүзүү процессинде ачык консультациялардын шайкештигине экспертиза жүргүзүү.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 "Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-августу № 444
Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик
укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо
методикасын бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы (мындан ары - ЖТТ методикасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда ЖТТ методикасын жетекчиликке алсын.
21. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүүнүн маалыматтарынын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик иштеп чыгуучу органдын жетекчилерине жүктөлөт деп белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын:
1) ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо (мындан ары - ЖТТ) жөнүндө аналитикалык каттардын ЖТТ методикасына шайкеш экендигине экспертиза жүргүзүү;
2) ЖТТ системасын өнүктүрүү саясатын жана аны ишке ашыруу механизмдерин түзүү;
3) ЖТТ жүргүзүү процессинде ачык консультациялардын шайкештигине экспертиза жүргүзүү.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 "Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 16 (3465) саны менен жарыяланды