Сравнение редакций…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилди) |
Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук
актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо
методикасы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №156, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792, 2025-жылдын 16-июнундагы № 343 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Методика ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу процессинде жөнгө салуучу таасирин талдоо (мындан ары - ЖТТ) тартибин аныктайт.
2. Методика ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда колдонулат.
3. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылар ЖТТ жүргүзүүнү талап кылат, алар ишкерлер тарабынан жеке же зайым каражаттарын пайдалануунун учурдагы тартибин, ишкердик иш үчүн тобокелдиктин деңгээлин, ишкерлердин мүлктүк жоопкерчилигин, ошондой эле алардын пайда алуу мүмкүнчүлүгүнө жана өлчөмүнө таасирин тийгизген шарттарды тигил же бул даражада аныктайт/өзгөртөт.
4. Төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын долбоорлору каралган учурларда ЖТТ жүргүзүү талап кылынбайт:
1) баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган, колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз убактылуу ченемдик укуктук актыларды даярдоо жөнүндө;
2) ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында ишкердикти жөнгө салууга багытталган;
3) концепцияларды, стратегияларды, программаларды, иш-аракеттер пландарын, башка ушул сыяктуу документтерди бекитүү жөнүндө;
4) юридикалык күчүнүн даражасы боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерин аткаруу, ошондой эле бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосундагы коллизияларды жок кылуу жөнүндө, мында укуктук мамилелердин ушул чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жоболорун колдонуу сакталат;
5) Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелеринин ченемдерин колдонуу менен байланышкан;
6) эл аралык келишимдерди ратификациялоо, кошуу жана бекитүү жөнүндө, ошондой эле эл аралык келишимдерди аткаруу менен байланышкан;
7) Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык стандарттарга (келишимдерге) ылайык келтирүү жөнүндө;
8) калктын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздук эрежелерин белгилөөгө багытталган (ишкердик субъекттеринин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган ченемдер болбогон учурда).
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №156, 2025-жылдын 16-июнундагы № 343 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн жетиштүү негиздер аныкталган учурда, ченемдик укуктук актынын долбоору жана ушул Методикада каралган сунушталган жөнгө салуунун негиздемелерин камтыган аналитикалык кат ЖТТ жүргүзүүнүн жыйынтыгы болуп саналат.
6. ЖТТ жөнгө салууну өзгөртүүнүн демилгечиси болуп саналган мамлекеттик бийлик органы/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (мындан ары - иштеп чыккан орган) тарабынан жүргүзүлөт. ЖТТ жүргүзүү мөөнөттөрү 2 айдан ашпайт.
7. Ушул Методикада төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:
1) ЖТТ - проблемаларды талдоо, жөнгө салуунун максаттарын жана ыкмаларын аныктоо, ишкердик иштин субъекттери, мамлекеттик бийликтин органдары/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар үчүн алар менен байланышкан кесепеттерди баалоо жол-жоболорун, жөнгө салуунун кыйла артыкчылыктуу негиздемесин камтыган ушул Методика менен регламенттелген процесс;
2) аналитикалык кат - жүргүзүлгөн ЖТТ жыйынтыктарын камтыган документ, анын негизинде ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыгат;
3) жөнгө салуу варианты - ЖТТ предмети болуп саналган коомдук мамилелерди жөнгө салуунун мүмкүн болгон ыкмаларынын бири;
4) кызыкдар жактар - учурдагы жөнгө салууну сактоого же өзгөртүүгө кызыкдар болгон ишкердик субъекттери жана бизнес-ассоциациялар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар (калк) жана алардын бирикмелери, жарандык сектордун коммерциялык эмес уюмдары;
5) сапаттык индикаторлор - бул нарктын, салмактын, узундуктун, сандын, натыйжалуулуктун ж.б. так бирдиги менен баалоо өтө татаал болгон индикаторлор, алар кызыкдар тараптардын тигил же бул фактыларга, көрүнүштөргө карата мамилесин, пайыздар менен баалап өлчөнгөн алардын каалоолорун жана баалоолорун көрсөтөт;
6) сандык индикаторлор - бул белгилүү бир экономикалык же физикалык мааниге ээ болгон айрым сан түрүндө көрсөтүлгөн жана бардык финансылык жана рыноктук көрсөткүчтөрдү (түшкөн акча, таза пайда, туруктуу жана өзгөрмөлүү чыгымдар, сатуу көлөмү, рыноктун үлүшү ж.б.), нарктык, салмактык, узундук ж.б. бирдиктери менен өлчөнүүчү көрсөткүчтөрдү, жыйынды бирдиктеринин санынын көрсөткүчтөрү (бузуулардын саны, ишканалардын саны, кызматкерлердин саны ж.б.) камтыган индикаторлор;
7) проблемалардын масштабы - бул экономикалык, социалдык, аймактык жана башка өлчөмдөрдө берилген учурдагы жөнгө салууну колдонуунун натыйжасында терс кесепеттерге ээ болгон ишкердик субъекттеринин, жарандардын саны;
8) проблемалар - аларга карата каршылыктар/нааразычылыктар/ кооптонуулар айтылган кызыкдар жактарга чыгым/зыян алып келген же алып келиши мүмкүн болгон көрүнүштөр, окуялар, иш-аракеттер, процесстер;
9) ишкердик ишти жөнгө салуу - ишкердик субъекттерине жана алардын ишине карата укуктарды, милдеттенмелерди жана талаптарды белгилөө, ошондой эле 'мамлекеттик органдар/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишкердик субъекттеринин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу;
10) ишкердик субъекттери - мыйзамда белгиленген тартипте катталган, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан пайда алуу максатында мыйзамдарга каршы келбеген ишти өзүнүн тобокелдиги жана жеке мүлктүк жоопкерчилиги менен жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар.
2-глава. Жумушчу топ. ЖТТ жүргүзүү этаптары
ЖТТ жүргүзүү үчүн жумушчу топту түзүү
8. ЖТТ жүргүзүү иштеп чыккан органдын ЖТТ жүргүзүү жөнүндө чечими боюнча жүзөгө ашырылат, анда жүргүзүү мөөнөттөрү аныкталат, жумушчу топтун курамы бекитилет.
9. Жумушчу топтун курамына иштеп чыккан органдын өкүлдөрү, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын, ишкердик иштин жөнгө салынуучу чөйрөсүнө түз тиешеси бар ишкерлер бирикмелеринин (бизнес-ассоциациялардын) өкүлдөрү макулдашуу боюнча киргизилет. Зарыл болгон учурда жумушчу топтун курамына ишкердиктин айрым субъекттеринин жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, жарандар жана башка кызыкдар адамдар - макулдашуу боюнча киргизилиши мүмкүн.
10. Бизнес-ассоциациялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн жумушчу топко катышуу үчүн өкүлдөө иштеп чыккан органга ЖТТ жүргүзүүгө катышуу үчүн алардын өкүлдөнүшүн ырастаган катты берүү менен тиешелүү уюмдардын ыйгарым укук берилген адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Ушул Методиканын талаптарын сактоого ЖТТ документтерине экспертиза жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери ЖТТ жүргүзүү үчүн жумушчу топтун курамына киргизилбейт.
12. Жумушчу топту түзүүдө иштеп чыккан орган топтун мүчөлөрүнүн юриспруденция, финансы жана экономика, киргизилүүчү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү квалификациясынын, ЖТТ жүргүзүү үчүн керектүү методикаларды билүү деңгээлин эске алат.
121. Жумушчу топтун мүчөлөрү ЖТТны жүргүзүүдө негиздүүлүк, объективдүүлүк, ачыктык, ырааттуулук, өз ара байланыш жана айкындык принциптерин жетекчиликке алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык)
ЖТТ жүргүзүү этаптары
13. Алдын ала этапта иштеп чыккан орган ишкердик иштин конкреттүү чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өзгөртүү ниети жөнүндө кабарлайт, жөнгө салуу боюнча өзүнүн сунуштары жөнүндө маалымдайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгууда алдын ала этап аткарылбайт (Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалитеттерин кошпогондо).
14. Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө кабарлама ушул Методиканын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жумушчу топ тарабынан даярдалат жана ачык консультациялар үчүн иштеп чыккан органдын расмий сайтына 7 күндөн кем эмес мөөнөткө жайгаштырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Иштеп чыккан орган ачык консультацияларды өткөрүү жөнүндө төмөнкү категориялардагы органдарга жана уюмдарга кабарлайт:
- ыйгарым укуктуу орган жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин башка кызыкдар органдары;
- ишкердик иштин жөнгө салынуучу чөйрөсүнө түз тиешеси бар бизнес-ассоциациялар;
- (Төртүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жөнгө салуу предметине жараша ачык консультацияларга тартуу максатка ылайыктуу болгон башка адамдар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык)
151. Ачык консультациялар жыйналыштарга, кеңешмелерге, жумушчу жолугушууларга, семинарларга, тренингдерге жана башкаларга бөлүнөт.

16. Жумушчу топ идентификациялануучу булактан электрондук түрдө, ошондой эле сунуштардын авторлорунун реквизиттерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө келип түшкөн консультациялардын катышуучуларынын бардык сунуштарын карап чыгат.
Ар бир келип түшкөн сунуш аны кабыл алуу же баш тартуу жөнүндө жумушчу топтун чечимин чыгаруу менен маңызы боюнча каралат.
17. Келип түшкөн сунуштар Сунуштардын жана жооптордун реестринде (мындан ары - Реестр) аларга каттоо номерин ыйгаруу менен катталууга тийиш, аны ушул Методиканын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча иштеп чыккан орган даярдайт.
18. Кабарламада көрсөтүлгөн ачык консультациялардын мөөнөтү аяктаганда, иштеп чыккан орган Реестрди өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
19. Кабарламада берилген маалымат боюнча ачык консультациялардын жыйынтыктары боюнча ЖТТ иштеп чыккан орган жөнгө салууну өзгөртүү боюнча ишти улантуу же андан аркы ишти токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
20. Жөнгө салууну өзгөртүү боюнча иш улантылган учурда, алынган сунуштар ЖТТ жүргүзүү процессинде 1-3-этаптарда пайдаланылат.
Жумушчу топ ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнү талкуулоодо алынган, ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун катышуучуларынын киргизилип жаткан жөнгө салуу чөйрөсүндө өз ишин жүзөгө ашыруучу бизнес-ассоциациялардан алынган альтернативдүү сунуштарын карайт.
1-этап. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер
21. Бул этапта аныкталган проблемаларды тактоо жана деталдуу баяндоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар чогултулат, аларды чечүүнүн экономикалык жана укуктук негиздери жана актуалдуулугу мамлекеттик бийлик органы/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аныкталат.
22. Бул этапты аткаруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) мамлекеттик жөнгө салуу аркылуу чечилиши зарыл болгон проблеманы сыпаттоо, проблеманын келип чыгышынын себеп-натыйжа байланыштарын аныктоо, проблеманы мүнөздөгөн сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү.
Проблеманы аныктоо үчүн каралып жаткан жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуудагы жөнгө салуу жана укук колдонуу практикасына карата кызыкдар жактардын ой-пикирлерине талдоо жүргүзүү зарыл;
2) статистикалык жана баалоо маалыматтарын колдонуу менен проблемалардын масштабын баалоо;
3) колдонуудагы жөнгө салууну сактоодо кесепеттерди болжолдоо, жөнгө салууну өзгөртүүнүн экономикалык жана укуктук негиздерин, ошондой эле аларды чечүүнүн актуалдуулугун кошо алганда, проблемаларды чечүү зарылдыгын негиздөөчү негизги аргументтерди келтирүү;
4) мүмкүн болушунча кандай проблемалар чечилгендигин, кандайча чечилгендигин, кандай натыйжалар алынгандыгын кыскача сыпаттоо менен мындай проблемаларды чечүүнүн эл аралык тажрыйбасын сыпаттоо. Эл аралык тажрыйба жок болсо, жок экендигин көрсөтөт.
1-этапты өткөрүүнүн жыйынтыгы аналитикалык каттын 1-бөлүмүнө киргизилет жана ушул этапта алынган бардык тыянактарды камтыйт.
2-этап. Сунушталган жөнгө салуунун сыпаттамасы
23. Бул этапты аткаруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) аныкталган проблемаларды чечүүгө багытталган жөнгө салуу максатын аныктоо жана иштеп чыгуу. Максат реалдуу жана жеткиликтүү болушу керек. Максатка жетүүдөгү прогрессти баалоо үчүн колдонулган сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдүн тизмесин аныктоо;
2) максатка жетүүнү жана проблемаларды чечүүнү камсыз кылуучу милдеттердин курамын иштеп чыгуу, милдеттер менен чечилүүчү маселелердин ортосундагы өз ара байланышты аныктоо, сунушталып жаткан тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү же аларды жөнөкөйлөтүүнү/алып салууну сүрөттөө менен жөнгө салуунун тиешелүү ченемдерин иштеп чыгуу.
3-этап. Сунушталган жөнгө салууну баалоо жана негиздөө
24. Бул этапты аткаруу үчүн сунушталган жөнгө салуу ишке ашырылса, мүмкүн болушунча боло турган таасирлерди баалоо зарыл:
1) сандык жана/же сапаттык индикаторлорду пайдалануу менен максатка жетүүдөгү прогрессти баалоо;
2) экономикага, социалдык секторго, экологияга карата күтүлгөн позитивдүү жана негативдүү таасирлерди баалоо;
3) кызыкдар тараптардын негизги топторуна - жөнгө салуунун адресаттарына (мамлекеттик органдар, ишкерлер, калк) күтүлгөн позитивдүү жана негативдүү таасирлерди баалоо;
4) ишкердик субъекттерине жана мамлекеттик бийлик органдарына/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (республикалык/жергиликтүү бюджеттерге) сунушталган жөнгө салуунун таасирин нарктык баа баалоону көрсөткөн чыгымдарды жана пайдаларды баалоо. Баалоодо стандарттык чыгымдар моделин колдонууга негизделген методиканы пайдалануу;
5) ишке ашыруу тобокелдиктерин баалоо:
- сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон жана проблемаларды чечүүгө жана жөнгө салуу максатына жетүүгө тоскоол болгон тобокелдиктерди талдоо;
- бул тобокелдиктердин пайда болуу ыктымалдуулугун жана терс кесепеттерин баалоо жана бул тобокелдиктерге каршы туруу жана алар пайда болгондо терс кесепеттерди азайтуу боюнча чараларды сунуш кылуу.
Төмөнкү тобокелдиктер милдеттүү түрдө бааланууга тийиш:
- зарыл болгон финансылык, материалдык жана адам ресурстарынын жетишсиздигинин тобокелдиктери;
- сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн механизмдердин жетишсиздигинин тобокелдиктери;
- сунушталган жөнгө салуу менен киргизилүүчү талаптардын сакталышына талаптагыдай контролду камсыз кылбоо тобокелдиктери;
- сунушталган жөнгө салуунун жөнгө салуучу органдардын административдик-башкаруу потенциалына ылайык келбөө тобокелдиктери;
6) ишкердиктин айрым субъекттери (же субъекттердин топтору) рыноктун башка катышуучуларынын алдында негизсиз артыкчылыктарга ээ болгон шарттардын тобокелдигин баалоого багытталган атаандаштыкка таасирин баалоо;
7) сунушталган жөнгө салууга (позитивдүү жана негативдүү баалоо) карата кызыкдар жактардын - жөнгө салуунун адресаттарынын (мамлекет, ишкерлер, калк) пикири жөнүндө маалымат берүү.
8) сунушталган жөнгө салууну колдогон негизги аргументтерди келтирүү.
2-этапты жана 3-этапты өткөрүүнүн натыйжалары аналитикалык каттын 2-бөлүмүнө киргизилет жана ар бир пунктту аткарууда алынган бардык тыянактарды камтууга тийиш.
4-этап. ЖТТ документтерин даярдоо жана коомдук талкуулоо
25. Бул этапта ЖТТ документтеринин акыркы варианты: аналитикалык кат жана ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоору талкууланат жана иштелип чыгат.
26. Жумушчу топ ушул Методиканын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча аналитикалык катты иштеп чыгат жана бардык алынган жыйынтыктарды жана тыянактарды кыскача чагылдырат. Жүргүзүлгөн баалоо боюнча кеңири негиздемелерди көрсөтүү зарыл болгон учурда бул материалдарды аналитикалык каттын тиркемесине өткөрүп берүү сунушталат.
27. Жумушчу топ жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн сунушталганга ылайык келүүчү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгат.
28. Аналитикалык кат жана ченемдик укуктук актынын долбоору коомдук талкуулоо үчүн иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Талкуулоо процессинде келип түшкөн сунуштар Реестрге киргизилет жана аналитикалык катка тиркелет.
Талкуу аяктагандан кийин жумушчу топ келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен аналитикалык каттын жана ченемдик укуктук актынын долбоорунун акыркы варианттарын даярдайт.
29. Аналитикалык катка жумушчу топтун бардык мүчөлөрү кол коюшат жана иштеп чыккан органдын жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан бекитилет.
Жумушчу топтун мүчөсү аналитикалык катка кол коюудан баш тарткан учурда документке жумушчу топтун мүчөсүнүн баш тартуусунун себептерин негиздөө менен түшүндүрмөсү, ал болбогон учурда жумушчу топтун түшүндүрмөсү тиркелет.
4-глава. Ыйгарым укуктуу органдын жана ЖТТ иштеп чыккан
органдын өз ара аракеттенүү тартиби. ЖТТ жүргүзүүчү жумушчу топтун
жана кызыкдар жактардын өз ара аракеттенүү тартиби
Ыйгарым укуктуу орган менен ЖТТ иштеп чыккан органдын өз ара
аракеттенүү тартиби
30. Ыйгарым укуктуу орган менен ЖТТ жүргүзүүчү органдын өз ара аракеттенүүсү ушул Методиканын талаптарынын сакталышына ЖТТ документтерине экспертиза жүргүзүүдө, ошондой эле иштеп чыккан органга керектүү консультациялык жардамды көрсөтүүдө ишке ашырылат.
31. Ыйгарым укуктуу органга аналитикалык каттын жана ченемдик укуктук актынын долбоорунун акыркы варианттары экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүп берилет. Ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча ЖТТ документтеринин пакети толуктап иштелип чыккан учурда, ага аталган документтердин жаңыртылган версиялары берилет.
32. ЖТТ баалоонун төмөнкүдөй критерийлерине жооп берсе, Методикага шайкеш келген болуп саналат:
1) ЖТТ документтеринин пакетинин акыркы варианты даярдалса жана сунушталса;
2) ЖТТ жүргүзүүдө ушул Методиканын талаптары сакталса;
3) аналитикалык каттын текстинде проблемалардын, максаттардын жана киргизилип жаткан жөнгө салуунун өз ара байланышы чагылдырылса, анда бардык зарыл болгон негиздемелер жана тыянактар толук жана так берилсе:
4) негиздемелер жана тыянактар чыгарылган маалымат толук жана анык болуп саналса;
5) ЖТТ алкагында жасалган ченемдик актынын таасирин болжолдоо аргументтелген болсо;
6) чыгымдарды жана пайданы баалоодо пайдаланылган баштапкы маалыматтар ишенимдүү болсо жана аны алуунун булагы көрсөтүлсө;
7) ченемдик укуктук актынын долбоору аналитикалык катта чагылдырылган негиздемелерге жана корутундуларга ылайык келсе.
33. Ыйгарым укуктуу органдын ЖТТ документтерине экспертиза жүргүзүүсү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ЖТТ методикасынын формалдуу талаптарынын сакталышын, анын ичинде аналитикалык каттын түзүмүн жана көлөмүн, бөлүмдөрдүн мазмунун баалоону;
- аналитикалык каттын мазмунун баалоо, документтеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген, шайкеш келбеген маалыматтарды аныктоо, ошондой эле аналитикалык катта чагылдырылган тыянактарга ченемдик укуктук актынын долбоорунун шайкештигин баалоо.
(Төртүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Ыйгарым укуктуу орган жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыгы боюнча ЖТТ документтеринин пакети келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлгөн экспертизалар боюнча аргументтелген корутундуну даярдайт.
Сунушталган ЖТТ документтеринин пакети иштеп чыккан орган тарабынан толукталып иштелген учурда расмий корутундуну даярдоо мөөнөтү толуктап иштеп чыгуу мезгилине - 10 жумуш күнгө жылдырылат.
35. Толуктап иштеп чыгуу процессинде аналитикалык кат жана тийиштүү ченемдик укуктук актынын долбоору олуттуу өзгөргөн учурда аналитикалык катка жумушчу топтун мүчөлөрү кайрадан кол коюшат жана Методиканын талаптарына ылайык бекитилет.
Жумушчу топтун кызыкдар жактар менен консультация өткөрүү
тартиби
36. ЖТТ жумушчу тобунун жана кызыкдар жактардын консультациялары аларды ЖТТ жүргүзүүдө талкуулоо процессине тартууга, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кабыл алуудагы проблемаларга, максаттарга, жөнгө салуунун варианттарына, күтүлүүчү кесепеттерге карата маалымат алмашууга багытталган.
37. Кызыкдар жактар менен консультацияларды өткөрүү жумушчу топ тарабынан ишке ашырылат.
38. Иштеп чыккан орган өткөрүлгөн ачык консультациялар жөнүндө отчётту даярдайт, ал ЖТТ документтеринин пакети менен бирге экспертиза жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берилет.
5-глава. ЖТТ жүргүзүү процессинде талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо 1-тиркеме |
Форма
Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө кабарлоо __________________________________________________________________ (иштеп чыккан органдын аталышы)
укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталгандыгы жана кызыкдар жактардан сунуштарды чогултуу жөнүндө кабарлайт. 1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү): __________________________________________________________________ (тексттик сыпаттоо үчүн орун) 2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо: __________________________________________________________________ (тексттик сыпаттоо үчүн орун) 3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү); __________________________________________________________________ (тексттик сыпаттоо үчүн орун) 4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү): __________________________________________________________________ (тексттик сыпаттоо үчүн орун) 5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин - адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо: __________________________________________________________________ (тексттик сыпаттоо үчүн орун) 6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо: __________________________________________________________________ (тексттик сыпаттоо үчүн орун) 7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо: __________________________________________________________________ (тексттик сыпаттоо үчүн орун) Кабарлоого төмөнкүлөр тиркелет: 1. Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги: - аталган проблемалар туура жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы; - аталган максат негиздүүбү, аткаруу үчүн маанилүүбү; - проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (жөнгө салуу) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы; - сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; - сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер пайда болушу мүмкүн; - проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы; - сунушталган жөнгө салууга карата жалпы пикир. Маселелердин тизмеги кеңейтилиши мүмкүн. 2. Сунушталуучу жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалымат: __________________________________________________________________ (тексттик сыпаттоо үчүн орун)
|
Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөрү:
1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат: |
|
- электрондук почта аркылуу | (электрондук почтанын дареги) |
- почта дареги | (почта дареги) |
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү | (күнү, айы, жылы) |
3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү | (күнү, айы, жылы) |
| Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо 2-тиркеме |
Форма
Сунуштардын жана жооптордун
реестри
Каттоо № | Сын пикирлер жана (же) сунуштар | Автор (коомдук консультациялардын катышуучусу) | Алган датасы | Иштеп чыккан органдын позициясы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо 3-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык)
Форма Аналитикалык кат ______________________________________________________ (иштеп чыккан органдын аталышы) | |
|
БЕКИТЕМ __________________________________ (кызмат орду) __________________________________ (колу) 20___-жылдын "___" _____________
|
Жөнгө салуучу таасирин талдоо (ЖТТ) ______________________________________________________ (ЧУА долбоорунун аталышы)
Иштеп чыгуу үчүн негиздер: ____________________________________________________________________________ (документтин аталышы 20___-жылдын "___" _____________ № __________________________________________
ЖТТ жүргүзүү мөөнөттөрү: _____________________________________________________ (башталышы) (аякташы) Жумушчу топтун жетекчиси: _______________________________________________________________________________ (аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, колу)
Жумушчу топтун мүчөлөрү: _______________________________________________________________________________ (аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, колу)
Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары: _______________________________________________________________________________ (аты-жөнү, тел., e-mail, кызмат орду, колу)
1-глава. Көйгөйлөр жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер
1. Көйгөйдүн сыпаттамасы
Тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен чечүүнү талап кылган ар бир көйгөйдүн так жана негиздүү сыпаттамасын иштеп чыгуу жана берүү. Мамилелердин ушул чөйрөсүндөгү колдонуудагы жөнгө салуу жана алар үчүн көйгөйлөрдүн мааниси боюнча кызыкдар болгон жактардын пикирлерин кыскача талдоонун натыйжаларын көрсөтүү.
2. Көйгөйдүн масштабы
Көйгөйлөрдүн масштабы жөнүндө, зарыл болсо, ар кандай өлчөмдөрдө (экономикалык, социалдык, аймактык жана башка) маалымат берүү.
3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, көйгөйдү чечүүнүн актуалдуулугу
Колдонуудагы жөнгө салууну сактап калууда болжолдонгон кесепеттерди баяндоо. Азыркы учурда көйгөйлөрдү чечүүнүн зарылдыгын негиздеген негизги аргументтерди келтирүү, анын ичинде экономикалык жана укуктук негиздерди, ошондой эле аларды чечүүнүн актуалдуулугу. Мамлекеттик орган/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен көйгөйлөрдү чечүү үчүн экономикалык жана укуктук негиздерди келтирүү.
4. Эл аралык тажрыйба
Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүнүн эл аралык тажрыйбасын сыпаттоо.
2-глава. Сунушталган жөнгө салуунун сыпаттамасы
5. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты
Мамлекеттик жөнгө салуунун максатынын конкреттүү туюндурмасын берүү. Максатка жетүү прогрессин баалоо үчүн колдонула турган максаттуу мааниси бар сандык жана сапаттык индикаторлорду көрсөтүү.
6. Сунушталган жөнгө салуу
Көйгөйдү чечүүнүн жана максатка жетүүнүн каралган чараларынын (механизминин) маңызын сыпаттоо жана жөнгө салуунун негизги ченемдери.
7. Жөнгө салуунун мүмкүн болгон социалдык жана экономикалык кесепеттерин баалоо
1. Датага карата күтүлгөн натыйжалуулук (жөнгө салуу максатына жетүү деңгээли). 2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга карата күтүлгөн таасир: 1) экономикага тийгизген таасири: оң жана терс; 2) социалдык чөйрөгө тийгизген таасири: оң жана терс; 3) экологияга тийгизген таасири: оң жана терс. Сунуш кылынган жөнгө салуу колдонулган учурда күтүлүүчү оң жана терс кесепеттерге баа берүүнү баяндоо жана негиздөө. 3. Жөнгө салуу адресаттарынын-кызыкдар тараптардын негизги топторуна күтүлгөн таасир: 1) мамлекеттик органдарга (мамлекеттик органдар боюнча бөлүү менен): оң жана терс; 2) ишкерлерге (тандалган критерий боюнча бөлүү менен): оң жана терс; 3) калкка (тандалган критерий боюнча бөлүү менен): оң жана терс. Сунушталган жөнгө салуунун таасирине туш болгон кызыкдар тараптарды тизмелеңиз. Кызыкдар болгон тараптардын ишкердик субъекттердин жана бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунушталган жөнгө салууга карата оң жана терс мамилесин (пикирин) чагылдырган маалыматты ар бир конкреттүү учур үчүн зарыл болгон деталдаштыруу менен берүү.
8. Чыгымдарды жана пайданы баалоо
1. Ишкердик субъекттеринин чыгымдарын жана пайдасын баалоо: чыгымдар _______________________________________________________ (сом); пайда __________________________________________________________ (сом). 2. Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын жана пайдасын баалоо: чыгымдар _______________________________________________________ (сом); пайда __________________________________________________________ (сом). Күтүлгөн экономикалык кесепеттердин негизги тыянагын баяндоо.
9. Ишке ашыруу тобокелдиктерин баалоо
Жөнгө салууну ишке ашыруу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон жөнгө салуу максатына жетүү үчүн негизги тобокелдиктерди сыпаттоо: 1-тобокелдиктин аталышы: - тобокелдикти баалоо; - сунушталган жеңилдетүү чаралары; 2-тобокелдиктин аталышы: - тобокелдикти баалоо; - сунушталган жеңилдетүү чаралары.
10. Атаандаштыкка таасирди баалоо
Сунушталган жөнгө салуунун бул вариант үчүн атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоонун негизги тыянактарын баяндоо.
11. Сунушталган жөнгө салууну тандоо негиздемеси
Сунушталган жөнгө салууну колдоого негизги аргументтерди келтирүү.
12. Тиркеме
Аналитикалык катка төмөнкүлөр тиркелет: - сунушталган жөнгө салуу үчүн күтүлгөн экономикалык кесепеттерди толук баалоо (зарыл болгон учурда); - жүргүзүлгөн жөнгө салуучу таасирди талдоонун тыянактарын жана сунуштамаларын иллюстрациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтык-маалымдама материалдар, башка маалымат (жумушчу топтун ыктыяры боюнча); - жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери (болсо); - ЖТТ методикасынын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө кабарлама; - ЖТТ методикасынын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча сунуштардын жана жооптордун (болсо) реестри; - ЖТТ методикасынын 4-тиркемесине ылайык форма боюнча ачык консультацияларды өткөрүү жөнүндө отчет; - ЖТТ боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук; - бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнөн ЖТТны жүргүзүүгө катышуу үчүн алардын жиберилгендигин ырастаган кат. Бардык аналитикалык каттын сунушталган көлөмү тиркемелерди эске албаганда негизги тексттин 15 барагынан ашпайт.
| |
| Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо 4-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык)
Форма ЖТТ жүргүзүүдө ачык консультацияларды өткөрүү жөнүндө отчет _______________________________________________ (иштеп чыгуучу органдын аталышы)
Ченемдик укуктук актынын долбоору боюнча жөнгө салуучу таасирин талдоону жүргүзүүдө ачык консультациялар өткөрүлдү _______________________________________________________________ (ченемдик укуктук актынын долбоорунун аталышы)
1. Кабарлоо боюнча консультациялар 1.1. Ачык консультацияларды өткөрүүнүн мөөнөтү: - консультациялар башталган дата (кабарлоону расмий сайтка жайгаштыруу датасы) 20___-жылдын "___" _____________; - консультациялар аяктаган дата 20___-жылдын "___" _____________;
1.2. Өткөрүлгөн ачык консультациялар:
(*) тегерек стол, конференция, жумушчу жолугушуу ж.б. 1.3. Ачык консультациялардын катышуучуларынын тизмеси: ________________________________________________________ (катышуучулар)
2. Ченемдик укуктук актынын долбоору жана аналитикалык кат боюнча консультациялар
Ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоону жүргүзүү мөөнөтү: - коомдук талкуу башталган дата (ченемдик укуктук актыны расмий сайтка жайгаштыруу датасы) 20___-жылдын "___" _____________; - аяктаган дата 20___-жылдын "___" _____________; - сайтка Сын-пикирлердин жана жооптордун реестрин жайгаштыруу датасы 20___-жылдын "___" _____________.
3. Ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоодо ачык консультациялардагы сын-пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалыматтар:
Жумушчу топтун жетекчисинин колу: ________________________
|
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилди) |
Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук
актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо
методикасы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №156, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792, 2025-жылдын 16-июнундагы № 343, 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Методика ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу процессинде жөнгө салуучу таасирин талдоо (мындан ары - ЖТТ) тартибин аныктайт.
2. Методика ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда колдонулат.
3. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылар ЖТТ жүргүзүүнү талап кылат, алар ишкерлер тарабынан жеке же зайым каражаттарын пайдалануунун учурдагы тартибин, ишкердик иш үчүн тобокелдиктин деңгээлин, ишкерлердин мүлктүк жоопкерчилигин, ошондой эле алардын пайда алуу мүмкүнчүлүгүнө жана өлчөмүнө таасирин тийгизген шарттарды тигил же бул даражада аныктайт/өзгөртөт.
4. Төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын долбоорлору каралган учурларда ЖТТ жүргүзүү талап кылынбайт:
1) баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган, колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз убактылуу ченемдик укуктук актыларды даярдоо жөнүндө;
2) ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында ишкердикти жөнгө салууга багытталган;
3) концепцияларды, стратегияларды, программаларды, иш-аракеттер пландарын, башка ушул сыяктуу документтерди бекитүү жөнүндө;
4) юридикалык күчүнүн даражасы боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерин аткаруу, ошондой эле бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосундагы коллизияларды жок кылуу жөнүндө, мында укуктук мамилелердин ушул чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жоболорун колдонуу сакталат;
5) Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин ченемдерин колдонуу менен байланышкан;
6) эл аралык келишимдерди ратификациялоо, кошуу жана бекитүү жөнүндө, ошондой эле эл аралык келишимдерди аткаруу менен байланышкан;
7) Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык стандарттарга (келишимдерге) ылайык келтирүү жөнүндө;
8) калктын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздук эрежелерин белгилөөгө багытталган (ишкердик субъекттеринин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган ченемдер болбогон учурда);
9) административдик жоопкерчиликти күчөтүүгө жана (же) киргизүүгө багытталган;
10) азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №156, 2025-жылдын 16-июнундагы № 343, 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн жетиштүү негиздер аныкталган учурда, ченемдик укуктук актынын долбоору жана ушул Методикада каралган сунушталган жөнгө салуунун негиздемелерин камтыган аналитикалык кат ЖТТ жүргүзүүнүн жыйынтыгы болуп саналат.
6. ЖТТ жөнгө салууну өзгөртүүнүн демилгечиси болуп саналган мамлекеттик бийлик органы/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (мындан ары - иштеп чыккан орган) тарабынан жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул Методикада төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:
1) ЖТТ – бул ишкердик иштин субъекттери, мамлекеттик бийлик органдары/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар үчүн көйгөйлөрдү талдоо, жөнгө салуунун максаттарын жана ыкмаларын аныктоо, алар менен байланышкан кесепеттерди баалоо жол-жоболорун, сунушталган жөнгө салуунун негиздемесин камтыган ушул Методика менен регламенттелген процесс;
2) аналитикалык кат - жүргүзүлгөн ЖТТ жыйынтыктарын камтыган документ, анын негизинде ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыгат;
3) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) кызыкдар жактар - учурдагы жөнгө салууну сактоого же өзгөртүүгө кызыкдар болгон ишкердик субъекттери жана бизнес-ассоциациялар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар (калк) жана алардын бирикмелери, жарандык сектордун коммерциялык эмес уюмдары;
5) сапаттык индикаторлор - бул нарктын, салмактын, узундуктун, сандын, натыйжалуулуктун ж.б. так бирдиги менен баалоо өтө татаал болгон индикаторлор, алар кызыкдар тараптардын тигил же бул фактыларга, көрүнүштөргө карата мамилесин, пайыздар менен баалап өлчөнгөн алардын каалоолорун жана баалоолорун көрсөтөт;
6) сандык индикаторлор - бул белгилүү бир экономикалык же физикалык мааниге ээ болгон айрым сан түрүндө көрсөтүлгөн жана бардык финансылык жана рыноктук көрсөткүчтөрдү (түшкөн акча, таза пайда, туруктуу жана өзгөрмөлүү чыгымдар, сатуу көлөмү, рыноктун үлүшү ж.б.), нарктык, салмактык, узундук ж.б. бирдиктери менен өлчөнүүчү көрсөткүчтөрдү, жыйынды бирдиктеринин санынын көрсөткүчтөрү (бузуулардын саны, ишканалардын саны, кызматкерлердин саны ж.б.) камтыган индикаторлор;
7) проблемалардын масштабы - бул экономикалык, социалдык, аймактык жана башка өлчөмдөрдө берилген учурдагы жөнгө салууну колдонуунун натыйжасында терс кесепеттерге ээ болгон ишкердик субъекттеринин, жарандардын саны;
8) проблемалар - аларга карата каршылыктар/нааразычылыктар/ кооптонуулар айтылган кызыкдар жактарга чыгым/зыян алып келген же алып келиши мүмкүн болгон көрүнүштөр, окуялар, иш-аракеттер, процесстер;
9) ишкердик ишти жөнгө салуу - ишкердик субъекттерине жана алардын ишине карата укуктарды, милдеттенмелерди жана талаптарды белгилөө, ошондой эле 'мамлекеттик органдар/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишкердик субъекттеринин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу;
10) ишкердик субъекттери - мыйзамда белгиленген тартипте катталган, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан пайда алуу максатында мыйзамдарга каршы келбеген ишти өзүнүн тобокелдиги жана жеке мүлктүк жоопкерчилиги менен жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Жумушчу топ. ЖТТ жүргүзүү этаптары
ЖТТ жүргүзүү үчүн жумушчу топту түзүү
8. ЖТТ жүргүзүү иштеп чыккан органдын ЖТТ жүргүзүү жөнүндө чечими боюнча жүзөгө ашырылат, анда жүргүзүү мөөнөттөрү аныкталат, жумушчу топтун курамы бекитилет.
9. Жумушчу топтун курамына иштеп чыккан органдын өкүлдөрү, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын, ишкердик иштин жөнгө салынуучу чөйрөсүнө түз тиешеси бар ишкерлер бирикмелеринин (бизнес-ассоциациялардын) өкүлдөрү макулдашуу боюнча киргизилет. Зарыл болгон учурда жумушчу топтун курамына ишкердиктин айрым субъекттеринин жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, жарандар жана башка кызыкдар адамдар - макулдашуу боюнча киргизилиши мүмкүн.
10. Бизнес-ассоциациялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн жумушчу топко катышуу үчүн өкүлдөө иштеп чыккан органга ЖТТ жүргүзүүгө катышуу үчүн алардын өкүлдөнүшүн ырастаган катты берүү менен тиешелүү уюмдардын ыйгарым укук берилген адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Ушул Методиканын талаптарын сактоого ЖТТ документтерине экспертиза жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери ЖТТ жүргүзүү үчүн жумушчу топтун курамына киргизилбейт.
12. Жумушчу топту түзүүдө иштеп чыккан орган топтун мүчөлөрүнүн юриспруденция, финансы жана экономика, киргизилүүчү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү квалификациясынын, ЖТТ жүргүзүү үчүн керектүү методикаларды билүү деңгээлин эске алат.
121. Жумушчу топтун мүчөлөрү ЖТТны жүргүзүүдө негиздүүлүк, объективдүүлүк, ачыктык, ырааттуулук, өз ара байланыш жана айкындык принциптерин жетекчиликке алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык)
ЖТТ жүргүзүү этаптары
13. Алдын ала этапта иштеп чыккан орган ишкердик иштин конкреттүү чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өзгөртүү ниети жөнүндө кабарлайт, жөнгө салуу боюнча өзүнүн сунуштары жөнүндө маалымдайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгууда алдын ала этап аткарылбайт (Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалитеттерин кошпогондо).
14. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Иштеп чыккан орган ачык консультацияларды өткөрүү жөнүндө төмөнкү категориялардагы органдарга жана уюмдарга кабарлайт:
- ыйгарым укуктуу орган жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин башка кызыкдар органдары;
- ишкердик иштин жөнгө салынуучу чөйрөсүнө түз тиешеси бар бизнес-ассоциациялар;
- (Төртүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жөнгө салуу предметине жараша ачык консультацияларга тартуу максатка ылайыктуу болгон башка адамдар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык)
151. Ачык консультациялар жыйналыштарга, кеңешмелерге, жумушчу жолугушууларга, семинарларга, тренингдерге жана башкаларга бөлүнөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Жумушчу топ идентификациялануучу булактан электрондук түрдө, ошондой эле сунуштардын авторлорунун реквизиттерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө келип түшкөн консультациялардын катышуучуларынын бардык сунуштарын карап чыгат.
Ар бир келип түшкөн сунуш аны кабыл алуу же баш тартуу жөнүндө жумушчу топтун чечимин чыгаруу менен маңызы боюнча каралат.
17. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19. Ачык консультациялардын жыйынтыктары боюнча ЖТТ иштеп чыккан орган жөнгө салууну өзгөртүү боюнча ишти улантуу жөнүндө же андан аркы ишти токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Жөнгө салууну өзгөртүү боюнча иш улантылган учурда, алынган сунуштар ЖТТ жүргүзүү процессинде 1-3-этаптарда пайдаланылат.
Жумушчу топ ченемдик укуктук актынын долбоорун талкуулоодо алынган, ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун катышуучуларынын киргизилип жаткан жөнгө салуу чөйрөсүндө өз ишин жүзөгө ашыруучу бизнес-ассоциациялардан алынган альтернативдүү сунуштарын карайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
1-этап. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер
21. Бул этапта аныкталган проблемаларды тактоо жана деталдуу баяндоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар чогултулат, аларды чечүүнүн экономикалык жана укуктук негиздери жана актуалдуулугу мамлекеттик бийлик органы/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аныкталат.
22. Бул этапты аткаруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) мамлекеттик жөнгө салуу аркылуу чечилиши зарыл болгон проблеманы сыпаттоо, проблеманын келип чыгышынын себеп-натыйжа байланыштарын аныктоо, проблеманы мүнөздөгөн сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү.
Проблеманы аныктоо үчүн каралып жаткан жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуудагы жөнгө салуу жана укук колдонуу практикасына карата кызыкдар жактардын ой-пикирлерине талдоо жүргүзүү зарыл;
2) статистикалык жана баалоо маалыматтарын колдонуу менен проблемалардын масштабын баалоо;
3) колдонуудагы жөнгө салууну сактоодо кесепеттерди болжолдоо, жөнгө салууну өзгөртүүнүн экономикалык жана укуктук негиздерин, ошондой эле аларды чечүүнүн актуалдуулугун кошо алганда, проблемаларды чечүү зарылдыгын негиздөөчү негизги аргументтерди келтирүү;
4) мүмкүн болушунча кандай проблемалар чечилгендигин, кандайча чечилгендигин, кандай натыйжалар алынгандыгын кыскача сыпаттоо менен мындай проблемаларды чечүүнүн эл аралык тажрыйбасын сыпаттоо.
1-этапты өткөрүүнүн жыйынтыгы аналитикалык каттын 1-бөлүмүнө киргизилет жана ушул этапта алынган бардык тыянактарды камтыйт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
2-этап. Сунушталган жөнгө салуунун сыпаттамасы
23. Бул этапты аткаруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) аныкталган проблемаларды чечүүгө багытталган жөнгө салуу максатын аныктоо жана иштеп чыгуу. Максат реалдуу жана жеткиликтүү болушу керек. Максатка жетүүдөгү прогрессти баалоо үчүн колдонулган сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдүн тизмесин аныктоо;
2) максатка жетүүнү жана проблемаларды чечүүнү камсыз кылуучу милдеттердин курамын иштеп чыгуу, милдеттер менен чечилүүчү маселелердин ортосундагы өз ара байланышты аныктоо, сунушталып жаткан тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү же аларды жөнөкөйлөтүүнү/алып салууну сүрөттөө менен жөнгө салуунун тиешелүү ченемдерин иштеп чыгуу.
3-этап. Сунушталган жөнгө салууну баалоо жана негиздөө
24. Бул этапты аткаруу үчүн сунушталган жөнгө салуу ишке ашырылса, мүмкүн болушунча боло турган таасирлерди баалоо зарыл:
1) сандык жана/же сапаттык индикаторлорду пайдалануу менен максатка жетүүдөгү прогрессти баалоо;
2) экономикага, социалдык секторго, экологияга карата күтүлгөн позитивдүү жана негативдүү таасирлерди баалоо;
3) кызыкдар тараптардын негизги топторуна - жөнгө салуунун адресаттарына (мамлекеттик органдар, ишкерлер, калк) күтүлгөн позитивдүү жана негативдүү таасирлерди баалоо;
4) ишкердик субъекттерине жана мамлекеттик бийлик органдарына/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (республикалык/жергиликтүү бюджеттерге) сунушталган жөнгө салуунун таасирин нарктык баа баалоону көрсөткөн чыгымдарды жана пайдаларды баалоо. Баалоодо стандарттык чыгымдар моделин колдонууга негизделген методиканы пайдалануу;
5) ишке ашыруу тобокелдиктерин баалоо:
- сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон жана проблемаларды чечүүгө жана жөнгө салуу максатына жетүүгө тоскоол болгон тобокелдиктерди талдоо;
- бул тобокелдиктердин пайда болуу ыктымалдуулугун жана терс кесепеттерин баалоо жана бул тобокелдиктерге каршы туруу жана алар пайда болгондо терс кесепеттерди азайтуу боюнча чараларды сунуш кылуу.
Төмөнкү тобокелдиктер милдеттүү түрдө бааланууга тийиш:
- зарыл болгон финансылык, материалдык жана адам ресурстарынын жетишсиздигинин тобокелдиктери;
- сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн механизмдердин жетишсиздигинин тобокелдиктери;
- сунушталган жөнгө салуу менен киргизилүүчү талаптардын сакталышына талаптагыдай контролду камсыз кылбоо тобокелдиктери;
- сунушталган жөнгө салуунун жөнгө салуучу органдардын административдик-башкаруу потенциалына ылайык келбөө тобокелдиктери;
6) ишкердиктин айрым субъекттери (же субъекттердин топтору) рыноктун башка катышуучуларынын алдында негизсиз артыкчылыктарга ээ болгон шарттардын тобокелдигин баалоого багытталган атаандаштыкка таасирин баалоо;
7) сунушталган жөнгө салууга (позитивдүү жана негативдүү баалоо) карата кызыкдар жактардын - жөнгө салуунун адресаттарынын (мамлекет, ишкерлер, калк) пикири жөнүндө маалымат берүү.
8) сунушталган жөнгө салууну колдогон негизги аргументтерди келтирүү.
2-этапты жана 3-этапты өткөрүүнүн натыйжалары аналитикалык каттын 2-бөлүмүнө киргизилет жана ар бир пунктту аткарууда алынган бардык тыянактарды камтууга тийиш.
4-этап. ЖТТ документтерин даярдоо жана коомдук талкуулоо
25. Бул этапта ЖТТ документтеринин акыркы варианты: аналитикалык кат жана ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоору талкууланат жана иштелип чыгат.
26. Жумушчу топ ушул Методиканын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча аналитикалык катты иштеп чыгат жана бардык алынган жыйынтыктарды жана тыянактарды кыскача чагылдырат. Жүргүзүлгөн баалоо боюнча кеңири негиздемелерди көрсөтүү зарыл болгон учурда бул материалдарды аналитикалык каттын тиркемесине өткөрүп берүү сунушталат.
27. Жумушчу топ жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн сунушталганга ылайык келүүчү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгат.
28. Аналитикалык кат жана ченемдик укуктук актынын долбоору коомдук талкуулоо үчүн иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
(Экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Талкуу аяктагандан кийин жумушчу топ келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен аналитикалык каттын жана ченемдик укуктук актынын долбоорунун акыркы варианттарын даярдайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Аналитикалык катка жумушчу топтун бардык мүчөлөрү кол коюшат жана иштеп чыккан органдын жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан бекитилет.
Жумушчу топтун мүчөсү аналитикалык катка кол коюудан баш тарткан учурда документке жумушчу топтун мүчөсүнүн баш тартуусунун себептерин негиздөө менен түшүндүрмөсү, ал болбогон учурда жумушчу топтун түшүндүрмөсү тиркелет.
4-глава. Ыйгарым укуктуу органдын жана ЖТТ иштеп чыккан
органдын өз ара аракеттенүү тартиби. ЖТТ жүргүзүүчү жумушчу топтун
жана кызыкдар жактардын өз ара аракеттенүү тартиби
Ыйгарым укуктуу орган менен ЖТТ иштеп чыккан органдын өз ара
аракеттенүү тартиби
30. Ыйгарым укуктуу орган менен ЖТТ жүргүзүүчү органдын өз ара аракеттенүүсү ушул Методиканын талаптарынын сакталышына ЖТТ документтерине экспертиза жүргүзүүдө, ошондой эле иштеп чыккан органга керектүү консультациялык жардамды көрсөтүүдө ишке ашырылат.
31. Ыйгарым укуктуу органга аналитикалык каттын жана ченемдик укуктук актынын долбоорунун акыркы варианттары экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүп берилет. Ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча ЖТТ документтеринин пакети толуктап иштелип чыккан учурда, ага аталган документтердин жаңыртылган версиялары берилет.
32. ЖТТ баалоонун төмөнкүдөй критерийлерине жооп берсе, Методикага шайкеш келген болуп саналат:
1) ЖТТ документтеринин пакетинин акыркы варианты даярдалса жана сунушталса;
2) ЖТТ жүргүзүүдө ушул Методиканын талаптары сакталса;
3) аналитикалык каттын текстинде проблемалардын, максаттардын жана киргизилип жаткан жөнгө салуунун өз ара байланышы чагылдырылса, анда бардык зарыл болгон негиздемелер жана тыянактар толук жана так берилсе:
4) негиздемелер жана тыянактар чыгарылган маалымат толук жана анык болуп саналса;
5) ЖТТ алкагында жасалган ченемдик актынын таасирин болжолдоо аргументтелген болсо;
6) чыгымдарды жана пайданы баалоодо пайдаланылган баштапкы маалыматтар ишенимдүү болсо жана аны алуунун булагы көрсөтүлсө;
7) ченемдик укуктук актынын долбоору аналитикалык катта чагылдырылган негиздемелерге жана корутундуларга ылайык келсе.
33. Ыйгарым укуктуу органдын ЖТТ документтерине экспертиза жүргүзүүсү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ЖТТ методикасынын формалдуу талаптарынын сакталышын, анын ичинде аналитикалык каттын түзүмүн жана көлөмүн, бөлүмдөрдүн мазмунун баалоону;
- аналитикалык каттын мазмунун баалоо, документтеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген, шайкеш келбеген маалыматтарды аныктоо, ошондой эле аналитикалык катта чагылдырылган тыянактарга ченемдик укуктук актынын долбоорунун шайкештигин баалоо.
(Төртүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Ыйгарым укуктуу орган жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыгы боюнча ЖТТ документтеринин пакети келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлгөн экспертизалар боюнча аргументтелген корутундуну даярдайт.
Сунушталган ЖТТ документтеринин пакети иштеп чыккан орган тарабынан толукталып иштелген учурда расмий корутундуну даярдоо мөөнөтү толуктап иштеп чыгуу мезгилине - 10 жумуш күнгө жылдырылат.
35. Толуктап иштеп чыгуу процессинде аналитикалык кат жана тийиштүү ченемдик укуктук актынын долбоору олуттуу өзгөргөн учурда аналитикалык катка жумушчу топтун мүчөлөрү кайрадан кол коюшат жана Методиканын талаптарына ылайык бекитилет.
Жумушчу топтун кызыкдар жактар менен консультация өткөрүү
тартиби
36. ЖТТ жумушчу тобунун жана кызыкдар жактардын консультациялары аларды ЖТТ жүргүзүүдө талкуулоо процессине тартууга, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кабыл алуудагы проблемаларга, максаттарга, жөнгө салуунун варианттарына, күтүлүүчү кесепеттерге карата маалымат алмашууга багытталган.
37. Кызыкдар жактар менен консультацияларды өткөрүү жумушчу топ тарабынан ишке ашырылат.
38. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5-глава. ЖТТ жүргүзүү процессинде талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо 1-тиркеме |
Форма
Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө кабарлоо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо 2-тиркеме |
Форма
Сунуштардын жана жооптордун
реестри
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына 3-тиркеме |
Форма Аналитикалык кат ______________________________________________________ (иштеп чыккан органдын аталышы)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык) | |
|
БЕКИТЕМ ______________________________ (кызмат орду) ________________________________ (колу) 20___-жылдын “___” _______________
|
Жөнгө салуучу таасирин талдоо (ЖТТ) ______________________________________________________ (ЧУА долбоорунун аталышы)
Иштеп чыгуу үчүн негиздер: _______________________________________________________________ (документтин аталышы) 20___-жылдын “___” _____________ № ____________________________
ЖТТ жүргүзүү мөөнөттөрү: _______________________________________ (башталышы) (аякташы) Жумушчу топтун жетекчиси: _______________________________________________________________(аты- жөнү, иштеген жери, кызмат орду, колу)
Жумушчу топтун мүчөлөрү: _______________________________________________________________ (аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, колу)
Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары: _______________________________________________________________ (аты-жөнү, тел., e-mail, кызмат орду, колу)
1-глава. Көйгөйлөр жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер
1. Көйгөйдүн сыпаттамасы Тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен чечүүнү талап кылган ар бир көйгөйдүн так жана негиздүү сыпаттамасын иштеп чыгуу жана берүү. Мамилелердин ушул чөйрөсүндөгү колдонуудагы жөнгө салуу жана алар үчүн көйгөйлөрдүн мааниси жөнүндө кызыкдар болгон жактардын пикирлерин кыскача талдоонун натыйжаларын көрсөтүү.
2. Көйгөйдүн масштабы Көйгөйлөрдүн масштабы жөнүндө, зарылдыгына жараша ар кандай өлчөмдөрдө (экономикалык, социалдык, аймактык жана башка) маалымат берүү.
3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, көйгөйдү чечүүнүн актуалдуулугу Колдонуудагы жөнгө салууну сактап калууда болжолдонгон кесепеттерди баяндоо. Азыркы учурда көйгөйлөрдү чечүүнүн зарылдыгын негиздеген негизги аргументтерди келтирүү, анын ичинде экономикалык жана укуктук негиздерди, ошондой эле аларды чечүүнүн актуалдуулугу. Мамлекеттик орган/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен көйгөйлөрдү чечүү үчүн экономикалык жана укуктук негиздерди келтирүү.
4. Эл аралык тажрыйба Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүнүн эл аралык тажрыйбасын сыпаттоо.
2-глава. Сунушталган жөнгө салуунун сыпаттамасы
5. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты Мамлекеттик жөнгө салуунун максатынын конкреттүү туюндурмасын берүү. Максатка жетүү прогрессин баалоо үчүн колдонула турган максаттуу мааниси бар сандык жана сапаттык индикаторлорду көрсөтүү.
6. Сунушталган жөнгө салуу Көйгөйдү чечүүнүн жана максатка жетүүнүн көрүлгөн чараларынын (механизминин) маңызын жана жөнгө салуунун негизги ченемдерин сыпаттоо.
7. Жөнгө салуунун мүмкүн болуучу социалдык жана экономикалык кесепеттерин баалоо 1) Датага карата күтүлүүчү натыйжалуулук (жөнгө салуунун максатына жетүү деңгээли). 2) Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлгөн таасир: – экономикага тийгизген таасири: оң жана терс; – социалдык чөйрөгө тийгизген таасири: оң жана терс; – экологияга тийгизген таасири: оң жана терс. Сунушталган жөнгө салуу колдонулган учурда күтүлүүчү оң жана терс кесепеттерди баалоону баяндоо жана негиздөө. 3) Жөнгө салуунун адресаттарынын-кызыкдар тараптардын негизги топторуна күтүлгөн таасир: – мамлекеттик органдарга (мамлекеттик органдар боюнча бөлүү менен): оң жана терс; – ишкерлерге (тандалган критерий боюнча бөлүү менен): оң жана терс; – калкка (тандалган критерий боюнча бөлүү менен): оң жана терс. Сунушталган жөнгө салуунун таасирине туш болгон кызыкдар тараптарды тизмелеңиз. Кызыкдар болгон тараптардын ишкердик субъекттеринин жана бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунушталган жөнгө салууга карата оң жана терс мамилесин (пикирин) чагылдырган маалыматты ар бир конкреттүү учур үчүн зарыл болгон деталдаштыруу менен берүү.
8. Чыгымдарды жана пайданы баалоо 1) Ишкердик субъекттеринин чыгымдарын жана пайдасын баалоо: чыгымдар ________________________________________________ (сом); пайда ____________________________________________________(сом). 2) Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын жана пайдасын баалоо: чыгымдар ________________________________________________ (сом); пайда ____________________________________________________ (сом). Күтүлүүчү экономикалык кесепеттердин негизги тыянагын баяндоо.
9. Ишке ашыруу тобокелдиктерин баалоо Жөнгө салууну ишке ашыруу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон жөнгө салуунун максатына жетүү үчүн негизги тобокелдиктерди сыпаттоо: 1-тобокелдиктин аталышы: – тобокелдикти баалоо; – сунушталган жеңилдетүү чаралары; 2-тобокелдиктин аталышы: – тобокелдикти баалоо; – сунушталган жеңилдетүү чаралары. 10. Атаандаштыкка таасирди баалоо Бул вариант үчүн сунушталган жөнгө салуунун атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоонун негизги тыянактарын баяндоо.
11. Сунушталган жөнгө салууну тандоо негиздемеси Сунушталган жөнгө салууну колдоого негизги аргументтерди келтирүү.
12. Тиркеме Аналитикалык катка төмөнкүлөр тиркелет: – сунушталган жөнгө салуу үчүн күтүлүүчү экономикалык кесепеттерди толук баалоо (зарыл болгон учурда); – жүргүзүлгөн жөнгө салуучу таасирди талдоонун тыянактарын жана сунуштамаларын сүрөттөө үчүн зарыл болгон маалыматтык-маалымдама материалдар, башка маалыматтар (жумушчу топтун кароосу боюнча); – жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери (болсо); – ЖТТ боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук; – ЖТТны жүргүзүүгө катышуу үчүн бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнөн алардын катышуусун ырастаган кат. Бардык аналитикалык каттын сунушталган көлөмү тиркемелерди эске албаганда, негизги тексттин 15 барагынан ашпайт. | |