Сравнение редакций…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 токтомуна) |
Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 562, 2025-жылдын 1-июлундагы № 382 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууда инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүү шарттарын аныктайт.
Мамлекеттик ишкана жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу үчүн юридикалык жакты түзбөстөн жөнөкөй шериктештик келишимин түзүү жолу менен инвестор (инвесторлор) менен биргелешкен иш жүргүзүүгө укуктуу.
Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъект берилген жер казынасын пайдалануу укугун ишке ашыруу үчүн инвестор (инвесторлор) менен биргелешип төмөнкү жолдор аркылуу иш жүргүзүүгө укуктуу:
- ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык чарбакер субъекттин салымынын өлчөмүн аныктоо менен юридикалык жакты түзбөстөн жөнөкөй шериктештик келишимин түзүү;
- чарбакер субъекттин акцияларынын контролдук пакети (уставдык капиталдагы үлүшү) бар туунду чарбалык коомду түзүү жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык мындай туунду чарбалык коомго лицензия боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү.
11. Мамлекеттик ишканалар жана чарбакер субъекттер көмүр кен казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу үчүн инвестор (инвесторлор) менен ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык конкурс өткөрбөстөн, башкача айтканда түздөн-түз келишим түзүү менен инвестор (инвесторлор) ишкердик оң абройго, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу тажрыйбасына ээ болгон шартта биргелешкен иш жүргүзүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 562 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Чарбакер субъекттер жана мамлекеттик ишканалар өзүнүн расмий сайтында (бар болсо) жана/же геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында берилген жер казынасын пайдалануу укуктарын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш жүргүзүүгө конкурс (мындан ары - конкурс) өткөрүү жөнүндө маалыматты ачык жарыялоо аркылуу төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен жайгаштырат:
1) жер казынасын пайдалануу укугун;
2) кендин аталышын;
3) иштин түрлөрүн;
4) биргелешкен иш келишимин, уюштуруу келишимин түзүү же юридикалык жакты түзүү үчүн берилген мөөнөттөрдү көрсөтүү менен биргелешкен ишти жүргүзүүнүн шарттарын;
5) конкурстун шарттарын;
6) катышуучуларга карата талаптарды, анын ичинде төмөнкүлөрдү чектебестен:
- финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн болушу, чыгымдардын жоктугу, жетиштүү жүгүртүү каражаттарынын болушу;
- техникалык мүмкүнчүлүктөр, керектүү жабдуулардын, квалификациялуу кадрлардын, лицензиялардын болушу (эгерде иш лицензияланса, Кыргыз Республикасынын резиденти эмес катышуучулар үчүн Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдин негизинде тараптар тарабынан лицензия өз ара таанылган учурда келип чыккан өлкөнүн лицензиясынын болушу);
- иш тажрыйбасы, өндүрүлгөн товарлардын, аткарылган иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү;
- Кыргыз Республикасында салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздын жоктугу;
7) өтүнмөгө тиркелүүчү суралган документтердин тизмесин;
8) түзүлүүчү биргелешкен иш келишиминин же уюштуруу келишиминин негизги шарттарын (келишимдин предмети, мөөнөтү ж.б.);
9) өтүнмөнү кабыл алуунун аяктоо мөөнөтүн (өтүнмөнү кабыл алуу 30 календардык күндөн кем эмес белгиленет);
10) берилген өтүнмөлөрдү ачуунун убактысын, ордун жана формасын.
3. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн конкурстун катышуучуларына коюлган талаптарга ылайык келген адам тарабынан берилген бир өтүнмө жетиштүү.
Эгерде өтүнмөнү кабыл алуу мөөнөтү аяктаганда конкурска катышууга өтүнмөлөр жок болсо же арыз берүүчүлөрдүн бири да конкурстун талаптарына жооп бербесе, конкурс болбой калды деп таанылат.
4. Конкурсту өткөрүү төмөнкү принциптерге негизделет:
- калыстык, басмырлоонун жоктугу жана катышуучуларга карата атаандаштыкты негизсиз чектөө;
- коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды коргоону камсыз кылуу.
5. Чарбакер субъекттер жана мамлекеттик ишканалар конкурсту өткөрүү үчүн локалдык акты аркылуу геологиялык, экономикалык же юридикалык билими бар кызматкерлеринин ичинен жумушчу комиссияны түзөт. Ошондой эле комиссиянын курамына көз карандысыз эксперттер жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коомдук бирикмелердин (ассоциациялардын) өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) кириши мүмкүн.
Жумушчу комиссиянын төрагасы болуп чарбакер субъекттин же мамлекеттик ишкананын жетекчиси эсептелет.
6. Жумушчу комиссия жыйналышка комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда чечим кабыл алууга укуктуу.
Катышуучунун талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө комиссиянын чечими ушул Жобонун 2-пунктунун 6-пунктчасына ылайык жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең чыккан учурда жумушчу комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Жумушчу комиссиянын жыйналышы протокол менен таризделет, ага жыйналышка катышкан бардык комиссия мүчөлөрү кол коюшат.
7. Конкурстун катышуучусу өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтүнүн ичинде жарыяда көрсөтүлгөн тизмеге ылайык жумушчу комиссиянын дарегине документтерди, анын ичинде берилген жер казынасын пайдалануу укугун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш жүргүзүүдө чарбакер субъекттин салымынын сунушталган, ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдөрдөн кем эмес өлчөмү менен өтүнмөнү жиберет.
Катышуучунун ушул Жобонун 2-пунктунун 6-пунктчасына ылайык талаптарга ылайык келбегендиги, ошондой эле суралган документтердин толук тизмесин бербегендиги берилген өтүнмөнү четке кагуу үчүн негиз болуп саналат.
8. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү жеңүүчүнү аныктоо үчүн берилген өтүнмөлөрдү төмөнкү критерийлердин ар бири боюнча беш баллдык шкала менен төмөнкүлөргө жараша баалашат:
1) чарбакер субъекттин же мамлекеттик ишкананын салымынын сунушталган өлчөмүнө;
2) өнөр жай, экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоону жана пайдалуу кендерди сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча сунушталган чаралардын комплексине;
3) жергиликтүү калк үчүн түзүлүүчү жумуш орундарынын санына;
4) иштин тартибине жана башталышына;
5) социалдык пакеттин шарттарына.
9. Жумушчу комиссия эң көп балл топтогон катышуучуну конкурстун жеңүүчүсү деп аныктоо жөнүндө чечим кабыл алат.
10. Чарбакер субъекттин же мамлекеттик ишкананын салымынын өлчөмү төмөнкүлөрдөн аз белгиленбеши керек:
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 562 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- металл пайдалуу кендерине - 30%: алтын (уютку, чачыранды), күмүш, платиноиддер, жерде сейрек кездешүүчү жана чачыранды элементтер (сейрек кездешүүчү жер, тантал, ниобий, гафний, цирконий, цезий, литий), кара металлдар (темир, марганец, хром, титан, ванадий), түстүү металлдар (алюминий, рубидий, жез, никель, кобальт, коргошун, цинк), сейрек металлдар (калай, вольфрам, молибден, бериллий, висмут, сымап, сурма, стронций);
- металл эмес пайдалуу кендерге (рудалык эмес) - 40%: кум, шагыл, чопо, бор, акиташ, графит, асбест, ар кандай туздар, чым, баалуу жана кол өнөрчүлүк таштары.
Чарбакер субъекттин же мамлекеттик ишкананын салымынын өлчөмү 30%га чейин белгилениши мүмкүн болгон көмүрдү жер астындагы ыкма менен иштетүү учурларын кошпогондо, күйүүчү пайдалуу кендерге: көмүргө, мунайга, жаратылыш газына, күйүүчү сланецке 40%га чейин белгилениши мүмкүн.

101. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өтүү үчүн тартылган жана "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасына көмүр жеткирип берүүнү жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттин же мамлекеттик ишкананын салымынын өлчөмү 30% өлчөмүндө белгилениши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен жумушчу комиссия талапкерлердин саны, алар сунуштаган шарттар жана ушул Жобого ылайык башка маалыматтар жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу менен конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө протоколду тариздейт жана аны кароо үчүн ыйгарым укуктуу чарбакер субъекттин же тиешелүү бүтүм түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн мамлекеттик ишкананын башкаруу органына жиберет.
12. Жумушчу комиссиянын жыйналышынын протоколун кароонун жыйынтыгы боюнча чарбакер субъект же мамлекеттик ишкана жөнөкөй шериктештик келишиминин долбоорун же түзүлүп жаткан юридикалык жактын уюштуруу документтеринин долбоорун конкурстун жеңүүчүсүнө жиберет, ал кол коюлган келишимдерди 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жиберүүгө тийиш.
13. Жөнөкөй шериктештик келишиминин долбоору, түзүлүп жаткан юридикалык жактын уюштуруу документтеринин долбоорлору жумушчу комиссиянын жыйналышынын протоколуна ылайык шарттарды, анын ичинде тараптардын салымдарынын өлчөмүн, пайданы жана чыгымдарды бөлүштүрүүнү, милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда тараптардын жоопкерчилигин, биргелешкен ишти токтотуунун тартибин жана шарттарын камтууга тийиш.
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 токтомуна) |
Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 562, 2025-жылдын 1-июлундагы № 382 , 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 542 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууда инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүү шарттарын аныктайт.
Мамлекеттик ишкана жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу үчүн юридикалык жакты түзбөстөн жөнөкөй шериктештик келишимин түзүү жолу менен инвестор (инвесторлор) менен биргелешкен иш жүргүзүүгө укуктуу.
Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъект берилген жер казынасын пайдалануу укугун ишке ашыруу үчүн инвестор (инвесторлор) менен биргелешип төмөнкү жолдор аркылуу иш жүргүзүүгө укуктуу:
- ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык чарбакер субъекттин салымынын өлчөмүн аныктоо менен юридикалык жакты түзбөстөн жөнөкөй шериктештик келишимин түзүү;
- чарбакер субъекттин акцияларынын контролдук пакети (уставдык капиталдагы үлүшү) бар туунду чарбалык коомду түзүү жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык мындай туунду чарбалык коомго лицензия боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү.
11. Мамлекеттик ишканалар жана чарбакер субъекттер көмүр кен казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу үчүн инвестор (инвесторлор) менен ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык конкурс өткөрбөстөн, башкача айтканда түздөн-түз келишим түзүү менен инвестор (инвесторлор) ишкердик оң абройго, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу тажрыйбасына ээ болгон шартта биргелешкен иш жүргүзүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 562 токтомунун редакциясына ылайык)
1-2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик ишкананын же чарбакер субъекттин жер казынасын пайдалануу укуктарын ишке ашыруу боюнча белгилүү бир инвестор менен кызматташуусу жөнүндө чечим кабыл алганда конкурс өткөрүлбөйт, ал эми мындай инвестор менен биргелешкен иш жөнүндө макулдашуу (жөнөкөй шериктештик келишими же болбосо биргелешкен ишкананын уюштуруу документтери) түздөн-түз ушул Жобонун 1-пунктунда белгиленген шарттарга ылайык түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)