Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 220 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 19-августу № 465
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүгө даярдыкты камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктунда:
2-пунктчасы "укугу менен" деген сөздөрдөн кийин "кайра кетүү багытын эске алып" деген сөздөр менен толукталсын;
5-пунктчасы "маршруттары боюнча" деген сөздөрдөн кийин "кайра кетүү багытын эске алып" деген сөздөр менен толукталсын, "Жалал-Абад," деген сөздөн кийин "Ош," деген сөз менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |