Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 31-майы № 289
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- "Билим берүүчү жана маданий тейлөөлөр" 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 114-1-пункт менен толукталсын:
114-1 | ӨЭУнун, мекемелердин, уюмдардын, коммерциялык түзүмдөрдүн адистерин жана жеке адамдарды жерине чыгуу менен өрт коопсуздугуна жана өрт-техникалык минимумга даярдоо жана кайра даярдоо | ӨКМ | ӨКМ | Акы төлөнөт |
";
- "Социалдык тейлөөлөр" 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 29, 30-пункттар менен толукталсын:
29 | Чектелген пенсиялар жөнүндө маалымат | Соцфонд | Соцфонд | Акысыз |
30 | Төлөнгөн пенсиялар жөнүндө маалымат | Соцфонд | Соцфонд | Акысыз |
";
- "Каттоо, маалымат кат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү тейлөөлөр" 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 102-пункт менен толукталсын:
102 | Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин "Мекен-карт" документин берүү | ТИМ | ТИМ, СӨМ | Акы төлөнөт |
";
- "Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызматын көрсөтүү" 5-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 62, 63, 64-пункттар менен толукталсын:
62 | Юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү жана келишимдери боюнча дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапаты боюнча лабораториялык сыноолорду жүргүзүү | ССМ | ССМ | Акы төлөнөт |
63 | Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын өндүрүүчүлөрдүн, медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн жана юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү жана келишимдери боюнча дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүң жана чекене сатуу уюмдарынын ишин баалоо | ССМ | ССМ | Акы төлөнөт |
64 | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча калктын саламаттыгын чыңдоону профилактикалоо максатында маалыматтык материалдарды (басма, аудио жана видео) пландан тышкары иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | ССМ | ССМ | Акы төлөнөт |
";
- "Маалымат менен камсыздоо тейлөөлөрү" 6-главасы:
төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
3-1 | Жеке камсыздандыруу эсебинен юридикалык жактарга жарандардын пенсияларынын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды берүү | Соцфонд | Соцфонд | Акы төлөнөт |
";
8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
8 | Статистикалык программада каралбаган колдонуучулар үчүн статистикалык маалыматтарды берүү, ошондой эле маалыматтык-маалымдамалык тейлөө | Улутстатком | Улутстатком | Акы төлөнөт |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |