Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 токтомуна) |
Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 693, 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633, 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 200, 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 602, 2026-жылдын 4-июнундагы № 392 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайын иштелип чыккан жана мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоонун, кызматтан бошотуунун жана аттестациялоонун тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби
2. Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси себептерин көрсөтүү менен "улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин кызматка дайындоо же кызматтан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине дайындоонун же бошотуунун себептерин көрсөтүү менен сунуш киргизет.
3. “Улуттук” деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна сунушталган талапкерди дайындоо жөнүндө сунушка төмөнкү документтер тиркелет:
1) кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
2) илимий эмгектердин тизмеси;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык билими, окумуштуулук даражасы жөнүндө документтердин түп нускалары;
4) эмгек китепчесинин түп нускасы;
5) жогорку окуу жайын өнүктүрүүнүн перспективдүү планы;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген квалификациялык талаптарды ырастоочу башка документтер.
Ушул пункттун 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин түп нускалары илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адам ресурстарын башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жооптуу кызматкери күбөлөндүргөндөн кийин талапкерге кайтарылып берилет.
Кызмат ордуна дайындоо жөнүндө сунушта “улуттук” деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо үчүн сунушталган талапкердин ишкердик жана жеке сапаттарынын кыскача мүнөздөмөсү берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 602, 2026-жылдын 4-июнундагы № 392 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. "Улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин кызматтан бошотуу жөнүндө сунушка аттестациялык комиссиянын протоколу же кызматтан бошотуунун мыйзамдуу жана жүйөлүү негизи тиркелет.
5. "Улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.
3-глава. Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби
6. Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин бош кызмат орду болгон учурда саламаттык сактоо, ички иштер, тышкы иштер жана коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтерди тиркөө менен макулдук алуу үчүн билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кызматка дайындоо жөнүндө сунуш киргизет.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана прокуратура органдарынын адистештирилген жогорку окуу жайларынын жетекчилерин дайындоо билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз жүзөгө ашырылат
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 693 , 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 200 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген квалификациялык талаптарга (окумуштуулук даражасы болгон коргоо тармагындагы адистештирилген окуу жайынан тышкары) же башка мыйзамдуу негиздер боюнча шайкеш келбеген учурда билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган башка талапкерге сунуш берүү сунушу менен адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерди четке кагууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун алгандан кийин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайы карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси өзүнүн чечими менен жетекчини кызмат ордуна дайындайт.
9. Жетекчини кызматтан бошотуу, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечимди адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайы карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кабыл алат.
4-глава. Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоонун тартиби
10. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын, анын ичинде өзгөчө статуска ээ окуу жайынын жетекчисинин бош кызмат орду пайда болгон учурда билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адам ресурстарын башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси үч жумуш күндүн ичинде билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине бул тууралуу жазуу жүзүндө кабарлайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Жетекчинин бош кызмат ордунун милдеттерин аткаруу ушул мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин орун басарларынын бирине билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен тандоо аяктаганга чейин үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөлөт.
12. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна тандоо билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
13. Тандоо бир катар ырааттуу этаптардан турат:
1) бош кызмат орду ачылган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен тандоо жөнүндө кулактандырууну гезитке же билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына же башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо;
2) тандоого катышууга каалоосун билдирген адамдардан документтерди кабыл алуу;
3) талапкерлердин документтеринин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген квалификациялык талаптарга шайкештигин кароо;
4) Билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тандоо боюнча комиссиясы (мындан ары - Комиссия) тарабынан өткөрүлүүчү ЖОЖду өнүктүрүүнүн жакынкы 5 жылдык перспективдүү планын карап, талапкерлер менен аңгемелешүү.
14. Документтер билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 10 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
15. Кулактандыруунун тексти төмөнкүдөй маалыматты камтыйт:
1) тандоо жарыяланган кызматтын аталышын;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерге коюлган квалификациялык талаптарды;
3) кызматтык милдеттерди;
4) ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин;
5) документтерди кабыл алуунун убактысын, жерин жана мөөнөтүн;
6) маалыматты тактоо үчүн байланыш телефондорун, электрондук даректерин.
16. Билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн чечими менен мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо үчүн Комиссия түзөт.
17. Комиссия коомдук башталышта иштейт.
18. Комиссияга билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кадрлар/жогорку кесиптик билим берүү маселелерин тейлеген орун басары төрагалык кылат. Ал жок болгон учурда төраганын функцияларын Комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат. Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын жогорку кесиптик билим берүү/адам ресурстарын башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси саналат.
19. Комиссиянын төрагасы:
1) Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат;
2) Комиссиянын жыйналыштарына төрагалык кылат;
3) Комиссиянын ишин уюштурат;
4) Комиссия кабыл алган чечимдерди аткарууну жалпы контролдойт.
20. Комиссиянын жоошуу катчысы болуп билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын адам ресурстарын башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери саналат.
21. Комиссиянын курамына билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын жогорку кесиптик билим берүү, адам ресурстарын башкаруу, укуктук камсыздоо боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (өкүлдөрү), коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ошондой эле жарандык коомдун, билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик бирикмелердин өкүлдөрү кирет.
22. Комиссиянын жооптуу катчысы Комиссиянын жыйналыштарын добуш берүү укугусуз уюштурат.
23. Комиссиянын жок болгон мүчөлөрүн алмаштырууга жол берилбейт, мында Комиссиянын мүчөлөрү жыйналышка онлайн режимде катышууга укуктуу.
24. Комиссиянын ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда Комиссиянын курамы кайра каралат.
25. Комиссиянын ар бир жыйналышы протокол менен таризделет, ага төрага, комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрү жана катчы кол коет.
26. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага Комиссиянын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, өттү деп эсептелет жана анын чечими укуктуу болуп саналат.
27. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү аркылуу жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
28. Комиссиянын жыйналыштары видеокамерага тартуу менен коштолот. Видеожазуулар билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда биринчи жыйналыш өткөрүлгөн күндөн тартып үч жыл ичинде сакталат.
29. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлердин документтери Комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен квалификациялык талаптарга шайкештигине документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде каралат.
30. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кароонун натыйжалары боюнча Комиссия талапкерлерди аңгемелешүүгө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат, аңгемелешүү өткөрүлө турган жерин жана убактысын аныктайт. Аңгемелешүү Комиссия тарабынан талапкерлердин документтери каралган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде өткөрүлүүгө тийиш.
31. Аңгемелешүүдө Комиссия талапкерлерди билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен критерийлерге ылайык 10 баллдык шкала боюнча баалайт.
32. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктары боюнча Комиссиянын чечими талапкер жок болгон учурда кабыл алынат. Аңгемелешүүнүн натыйжалары ал аяктагандан кийин дароо жарыяланат жана дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында жарыяланат.
33. Аңгемелешүүдө эң жогорку балл алган мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер Комиссия тарабынан билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине кызматка дайындоо үчүн сунушталат.
Талапкерлер бирдей балл алган учурда Комиссия жыйналыштын протоколун билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине талапкерлердин ичинен мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жиберет.
34. Билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси үч жумуш күндүн ичинде кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.
35. Тандоонун натыйжалары менен макул болбогон учурда талапкер Комиссиянын төрагасына видеожазуунун жана жыйналыштын протоколу менен таанышуу суранычы менен кайрылууга укуктуу.
5-глава. Мамлекеттик жогорку, анын ичинде "улуттук" жана "өзгөчө" деген статуска ээ болгон окуу жайлардын жетекчилерин кызматтан бошотуунун тартиби
36. Мамлекеттик жогорку, анын ичинде "улуттук" жана "өзгөчө" деген статуска ээ болгон окуу жайдын жетекчисинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бошотулат:
1) жеке арыз берүүдө;
2) ал өзү катышуучу тараптын бири болуп, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана/же жөнгө салуу боюнча өз убагында чара көрбөгөндө;
3) күчүнө кирген соттун айыптоочу өкүмү болгондо;
4) сот тарабынан аны аракетке жөндөмсүз деп табууда;
5) ал дайынсыз жоголду же каза болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) Кыргыз Республикасынан сырткары туруктуу жашоого чыгууда;
7) институционалдык же программалык (2 же андан көп программалар боюнча) аккредитациялоодон баш тартылганда;
8) билим берүү ишине лицензия жокко чыгарылганда;
9) билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясы тарабынан бул окуу жайынын ишин канааттандырарлык эмес деп таанууда;
10) аттестациядан өтпөгөндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин ээлеген кызматынан бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча да жүргүзүлөт.
38. Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларын кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
39. Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим ошол окуу жай карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
40. "Улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин ээлеген кызматынан бошотуу ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
6-глава. Адистештирилген окуу жайларын кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин аттестациялоодон өткөрүүнүн тартиби
41. Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларын кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери үч жылда бир жолу аттестациялоодон өтөт.
Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларын кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин аттестациялоону аттестациялык комиссия өткөрөт. Аттестациялык комиссиянын курамы билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет, ал билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен (өкүлдөрүнөн) жана билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин өкүлдөрүнөн түзүлүп, 9 адамдан турат.
Аттестациялык комиссиянын ишинин регламенти билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
42. "Улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин аттестациялоодо комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү жана илим маселелерин тейлеген өкүлдөрү кирет.
43. Комиссиянын төрагасы болуп билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин жогорку кесиптик билим берүү маселелерин тейлеген орун басары саналат.
44. Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларын кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери аттестациялоодон өткөнгө чейин аттестациялык комиссиянын төрагасына төмөнкүдөй документтерди берет:
1) жогорку окуу жайынын Окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылган иштин негизги жыйынтыктары жөнүндө отчетту;
2) өнүгүү келечегине багытталган жогорку окуу жайынын ишинин программасын.
45. Аттестациялык комиссиянын жыйналышында, адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларын кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин өткөн мезгилдеги ишинин жыйынтыктары жана жогорку окуу жайынын келечектеги ишинин программасы жөнүндө кыскача отчету угулат.
46. Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларын кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин угуунун жана документтерин кароонун жыйынтыктары боюнча аттестациялык комиссия төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет;
2) ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт;
3) 6 айдан кийин кайра аттестациялоодон өтүүгө тийиш.
47. Аттестациялык комиссиянын ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбегендиги жөнүндө чечимди кабыл алуусу "улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизүү үчүн негиз болуп саналат.
Аттестациялык комиссиянын ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбегендиги жөнүндө чечимди кабыл алуусу мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин ээлеген кызматынан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.
48. Кайра аттестациялоо алгачкы аттестациялоону өткөрүү учурунан алты ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт. Кайра аттестациялоодо аттестациялык комиссия төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет;
2) ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт.
49. Чечим ачык добуш берүү аркылуу аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Добуштардын саны бирдей болгон учурда аттестациялык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Эгерде аттестациялык комиссиянын жыйналышына аттестациялык комиссиянын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим мыйзамдуу деп эсептелет.
50. Аттестациялык комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана ага аттестациялык комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коюшат.
7-глава. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына өзгөчө статуска ээ, же ал биринчи жолу ыйгарылган учурда, дайындоо жана бошотуу себептерин көрсөтүү менен мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо (кайра дайындоо) же кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет.
51. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна сунушталып жаткан талапкерди дайындоо же кайра дайындоо жөнүндө сунушка ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтер жана жакынкы 5 жылга ЖОЖду өнүктүрүүнүн перспективдүү планы тиркелет.
52. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунушка аттестациялык комиссиянын протоколу же кызмат ордунан бошотуунун мыйзамдуу жана жүйөлүү негизи тиркелет.
53. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.