Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-сентябры № 482
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 10-1 - 10-4-пункттар менен толукталсын:
"10-1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү ачылганга жана толук кандуу иштегенге чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн штаттык бирдиктеринин ичинен иштеп жаткан кызматкерлер өз функцияларын аткарууну улантат деп белгиленсин.
10-2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте дайындалганга чейин ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн штаттык бирдиктердин ичинен иштеп жаткан кызматкерлерди каржылоону, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну улантсын.
10-3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүн күтүү үчүн 2022-жылга 15117000 (он беш миллион жүз он жети миң) сом бөлүп берсин, кийинки жылдарга 44271000 (кырк төрт миллион эки жүз жетимиш бир миң) сомдон финансылык каражат карасын.
10-4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн ишин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы иштеп чыксын жана бекитсин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Россия Федерациясында каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чыгымдарды компенсациялайт;".
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 4-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |