Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-августу № 476
Өзгөчө абалда болгон мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын студенттерин Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына которуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө
Өзгөчө абалда болгон мамлекеттердин жогорку окуу жайларында окуган жана ушул мамлекеттердеги түзүлгөн кырдаалга байланыштуу окуусун токтотууга аргасыз болгон студенттерге Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуусун улантуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Эл аралык аккредитацияга ээ болгон Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023 жана 2023-2024-окуу жылдарында өзгөчө абалда болгон мамлекеттердин жогорку окуу жайларында окуган студенттерди акы төлөнүүчү негизде окуусун улантуу шарты менен, анын ичинде акыркы курска, которууну ишке ашырууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн студенттердин категориясын которууда тапшырылууга тийиш болгон дисциплиналардын (академиялык айырманын) тизмеси 60 кредиттен көп эмес көлөмдө 12 дисциплинадан ашпоого тийиш деп белгиленсин.
3. 2022-2023 жана 2023-2024-окуу жылдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 8, 14-пункттарын окутуунун акыркы курсуна которуу жана 60 кредиттен ашпаган көлөмдө тапшырылууга (академиялык айырмасы жоюлууга) тийиш болгон дисциплиналардын саны бөлүгүндө колдонуу ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн студенттердин категориясына карата токтотулуп турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча өзгөчө абалда болгон мамлекеттердин тизмесин аныктасын жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |