Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-сентябры № 517
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
3-главасында "Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер" бөлүмчөсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бул аккредитацияланган мекеменин белгиленген талаптарга ылайык келерин күбөлөндүргөн күбөлүгү бар менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелери үчүн, ошондой эле майыптарга, улгайган жарандарга жана/же белгилүү бир жашаган жери жок жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү менчигинин түрүнө карабастан социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер үчүн, мекеменин ишинин социалдык багытталгандыгы жөнүндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ырастамасы бар болгондо, ОМТС электр энергиясына болгон тарифтерди мурдагы жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жыл сайын түзөтүүнү караштырат. 2021-жылы тиешелүү тариф 1 кВт саат үчүн 168 тыйынды түзөт (салыктарды эске албастан).
Эскертүү: майыптар, улгайган жарандар жана/же белгилүү бир жашаган жери жок жарандар үчүн мамлекеттик эмес социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер үчүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ырастамасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан стационардык жана жарым стационардык социалдык тейлөө мекемелерин аккредитациялоонун тартиби бекитилгенден кийин токтотулат.".
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |