Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-октябры № 569
Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн компенсация маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына райондук коэффициенттерди белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 5-пункту "Жерүй" Талас кен чыккан жер" деген сөздөрдөн кийин "2725 м белгиден жогору" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"
51 | "Жерүй" Талас кен чыккан жердин алтын кени комбинаты 1800 м белгиден 2725 м белгиге чейин | 1,6 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин "Талас району" бөлүмчөсүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-октябры № 569
Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген
адамдар үчүн компенсация маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомунун редакциясына ылайык)
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына райондук коэффициенттерди белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 5-пункту "Жерүй" Талас кен чыккан жер" деген сөздөрдөн кийин "2725 м белгиден жогору" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"
51 | "Жерүй" Талас кен чыккан жердин алтын кени комбинаты 1800 м белгиден 2725 м белгиге чейин | 1,6 |
".
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |