Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 1-августу № 436

Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо жөнүндө

Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу бюджеттик программаларга жана чараларга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун макулдашылган жана бирдиктүү процессин камсыз кылуу, бюджеттик программаларды жана чараларды пландоонун жана ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугун баалоо тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бюджеттик программаларга жана чараларга мониторинг жүргүзүүдө жана баалоодо, алардын натыйжалары жөнүндө отчетторду берүүдө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартиптерди жетекчиликке алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 17 "Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров