Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 9-сентябры № 496
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 12-ноябрындагы № НА-05-1022 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 25-октябрындагы № 433-т тескемесин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын № 489 контурунда жайгашкан, Сарбашев Эркенбай Мамановичтин жеке менчигиндеги жалпы аянты 26300 кв.м (2,63 га) сугат айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына ун заводунун тегирменин, кеңсесин жана кампаларын ишке киргизүү үчүн которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- жерге укуктарды берүүнү жана бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде жер участокторун бөлүп берүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын суммаларын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |