Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-сентябры № 531
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 29-июлундагы № 03/859 корутундусун жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 23-декабрындагы № 41 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 133,8 га кайрак айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына жеке турак үйлөрдү куруу үчүн которулсун (трансформациялансын), анын ичинен:
- Жаңы-Арык айылынын № 95 (13,40 га), № 103 (15,50 га), № 105 (26,90 га), № 108 (14,90 га) контурларындагы 70,70 га жер;
- Таш-Арык айылынын № 108 (12,20 га), № 138 (11,90 га), № 142 (17,40 га) контурларындагы 41,50 га жер;
- Ак-Терек айылынын № 1202 (14,20 га), № 1168 (7,40 га) контурларындагы 21,60 га жер.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
2) жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |