Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 499 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын басып чыгаруу иши жана көбөйтүү боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашыруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын, анын ичинде Брайлдын рельефтик-чекиттүү шрифти менен чыгарылган окуу материалдарын сатып алуу менен байланыштуу мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн басма иши жана көбөйтүү боюнча, анын ичинде Брайлдын рельефтик-чекиттүү шрифти менен чыгарылган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар (мындан ары - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилген чектелген берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилген катышуучулар менен жүзөгө ашырылат.
3. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар чектелген метод менен жүргүзүлөт.
4. Чектелген катышуучулардын тизмеси билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) сунушу боюнча толукталат.
Чектелген метод менен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболоруна катышууну каалаган жеке - жана юридикалык жактар (мындан ары - жеке жана юридикалык жактар) чектелген катышуучулардын тизмесине толуктоолорду киргизүүнү демилгелөө үчүн ыйгарым укуктуу органга расмий кат/арыз менен кайрылууга укуктуу.
5. Жеке жана юридикалык жактардын каттары/арыздары ыйгарым укуктуу органдын коллегиясы тарабынан жылына эки жолу - 31-январга жана 31-июлга чейин каралат.
Ыйгарым укуктуу орган жеке жана юридикалык жактардын каттарын/арыздарын органдын коллегиясында кароонун жыйынтыгы боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна чектелген берүүчүлөрдүн тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет.
2. Сатып алууларды долбоорлоонун этаптары
6. Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу жол-жобосу.
Мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосу төмөнкү этаптардан турат:
- сатып алууларды пландоо;
- сатып алуулар жөнүндө документтерди иштеп чыгуу;
- сатып алуулар жөнүндө кулактандырууну жарыялоо;
- сунуштарды ачуу;
- сунуштарды баалоо жана салыштыруу;
- жеңүүчүнү тандоо;
- контракт түзүү;
- контрактты башкаруу.
7. Сатып алууларды пландоо "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ишке ашырылат.
8. Билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарына болгон муктаждык билим берүү уюмдарынын расмий өтүнмөлөрүнүн негизинде сатып алуучу уюм тарабынан түзүлөт.
9. Бааларга мониторинг жүргүзүү катышуучулардан баа сунуштарын расмий суроо жолу менен жүргүзүлөт.
10. Сатып алуучу уюм курамында үч адамдан кем эмес комиссия түзөт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири сатып алуулар боюнча сертификатталган адис болууга тийиш.
Башка мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, уюмдардын кызматкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү алар берген арыздын же болбосо алар кызматкери болуп эсептелген мамлекеттик жана муниципалдык органдын, уюмдун жетекчисинин колу коюлган каттын негизинде сатып алуулар боюнча комиссиянын курамына киргизилет. Комиссиянын курамына киргизүү жөнүндө арыз же кат кулактандыруу жарыяланганга чейин берилет. Мындай арызды/катты алганда сатып алуучу уюм аталган адамдарды сатып алуулар боюнча комиссиянын курамына киргизүүдөн баш тартууга укуктуу эмес.
Комиссиянын курамына киргизилген учурдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана уюмдардын кызматкерлерине, жарандык коомдун өкүлдөрүнө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 5, 9-бөлүктөрүндө каралган милдеттер жана жоопкерчилик жүктөлөт.
11. Сатып алуучу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин талаптарына ылайык документтердин электрондук формасынын негизинде уюм веб-порталда сатып алуулар жөнүндө документтерди түзөт.
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар боюнча документтер милдеттүү түрдө техникалык спецификациясын, бөлүштүрүү планын, жеткирүү графигин жана продукцияны берүү шарттарын, ошондой эле келишимдин долбоорун камтууга тийиш.
12. Сатып алуучу уюм сатып алуулар боюнча документтерде төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө тийиш:
- сатып алуунун предметин;
- сатып алуунун көлөмүн;
- сатып алуунун суммасын;
- техникалык спецификациясын;
- бөлүштүрүү планын;
- берүүнүн графигин.
13. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык чектелген метод менен сатып алууларды жүзөгө ашырууда берүүчүлөргө карата төмөнкүдөй минималдуу квалификациялык талаптар колдонулат:
1) Кыргыз Республикасында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу. Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн - алар келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык карыз жөнүндө маалымат;
2) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу;
3) чыгымдардын жоктугу жана финансылык отчёттуулук менен ырасталган финансылык жөндөмдүүлүктүн болушу;
4) лицензиялардын болушу (эгерде иш лицензияланса, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган катышуучулар үчүн - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык контракттын негизинде тараптар тарабынан лицензия өз ара таанылган учурда келип чыккан өлкөнүн лицензиясынын болушу);
5) контрактты жүзөгө ашыруу үчүн материалдык-техникалык базанын болушу;
6) зарыл болгон билими жана тажрыйбасы бар тиешелүү квалификациядагы кызматкерлердин болушу;
7) сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруунун документ түрүндө ырасталган окшош тажрыйбанын болушу;
8) Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын өндүрүүчүдөн сапат сертификатынын болушу.
Эгерде Министрлер Кабинетинин чечиминде башкача каралбаса.
14. Сатып алуучу уюм берүүчү тарабынан сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтүн, бирок кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып беш жумуш күндөн кем эмес белгилейт.
Берүүчү сунушту кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттө берет.
15. Ачуу протоколу жана сатып алуу жол-жоболорунун протоколу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25, 27-беренелерине ылайык веб-портал тарабынан түзүлөт, алар өз сунушун берген сатып алуучу уюм жана берүүчү (берүүчүлөр) үчүн гана жеткиликтүү болуп саналат.
Баалоонун натыйжаларына жана сатып алуу жол-жоболорунун протоколуна жетүүгө сатып алуучу уюм жана катышкан берүүчүгө (берүүчүлөргө) гана мүмкүнчүлүк берилет. Сатып алуу жол-жоболорунун протоколу контракт түзүлгөндөн кийин жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
16. Сатып алуулардын баасы сатып алуучу уюмдун бааларына мониторинг жүргүзүүгө ылайык белгиленет.
3. Тандоо жана контракт түзүү
17. Сатып алуучу уюм берүүчүлөр берген маалыматтын бүтүндүгүн жана купуялуулугун камсыз кылат.
18. Комиссия сунуштарды баалоонун жүрүшүндө берүүчүлөрдөн алардын сунуштары боюнча түшүндүрмө сурай алат. Бардык түшүндүрүү өтүнүчтөрү жана жооптору веб-портал аркылуу берилүүгө тийиш. Берүүчүлөрдүн сунуштарынын маңызын өзгөртүү максатында эч кандай суроо-талаптарга, сүйлөшүүлөргө же уруксат берүүлөргө жол берилбейт.
19. Комиссия сатып алуулар жөнүндө документтерде жазылган квалификациялык талаптарга ылайык берүүчүнүн квалификациялык маалыматтарын баалайт.
20. Комиссия "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдө берүүчүнүн сунушуна баа берүүнү аяктоого жана берүүчүгө контракт берүүгө тийиш. Берүүчүнүн сунушун баалоо комиссиянын толук курамы тарабынан жүргүзүлөт, сатып алуулардын протоколуна комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюлат.
Комиссия төмөнкү учурларда берүүчүнүн сунушун четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат:
- сунуш өргөн берүүчү сатып алуулар жөнүндө документтерде белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербейт;
- берүүчүнүн конкурстук табыштамасында сунушталган техникалык параметрлер техникалык спецификациянын талаптарына ылайык келбейт;
- берүүчүнүн сунушу сатып алуулар жөнүндө документтердин талаптарына жооп бербейт.
Жеңүүчү болуп аныктаган берүүчү аны жеңүүчү деп таануу жөнүндө билдирүүнү 3 жумуш күндүн ичинде ырастоого тийиш.
Сатып алуучу уюм, эгерде сатып алуу жол-жоболору "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтотулбаса, тандоо жүргүзүлгөндүгү жөнүндө веб-порталга маалымат жарыяланган күндөн тартып 3 жумуш күндөн эрте эмес жана 8 жумуш күндөн кечиктирбестен жеңген берүүчү менен контрактка кол коет.
Аныкталган жеңүүчү кабарлоодон баш тарткан же ырастабаган учурда сатып алуучу уюм рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү менен контракт түзө алат.
21. Жеңүүчү болуп аныкталган берүүчү чектелген метод менен сатып алууларды жүргүзүүдө 3 жумуш күндүн ичинде аны жеңүүчү деп таануу жөнүндө билдирүүнү ырастоого тийиш.
22. Эгерде берүүчү контракт түзүүдөн качса же контракт боюнча өз милдеттенмелерин сапатсыз аткарса, анда ага карата "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган чаралар колдонулушу мүмкүн.
23. Сатып алуучу уюм түзүлгөн контрактка төмөнкүдөй учурларда өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу:
1) эгерде сатып алуулар жөнүндө контрактты аткаруу процессинде окшош сатып алынуучу товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баалар төмөндөө же көбөйүү жагына өзгөрсө, тараптардын өз ара макулдугу боюнча товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө бааларды төмөндөө же көбөйтүү жагына берүүчүнүн тандоосу үчүн негиз болуп эсептелген сапаттын жана башка шарттардын өзгөрүлбөстүгү шартында. Баалардын жогорулашына байланыштуу жагдайлардын олуттуу өзгөрүүсүн белгилөө жана ырастоо тартиби Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана шарттарда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган жана башка органдар тарабынан аныкталат;
2) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган;
3) эгерде контрактка кол коюлган күндөн кийин салыктарга, жыйымдарга же милдеттүү төлөмдөргө тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын көбөйүшүнө же азайышына алып келген өзгөртүүлөр киргизилсе, сатып алуучу уюм контракттын наркын тийиштүү түрдө көбөйтүүгө же азайтууга тийиш.
24. Сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн контрактка берүүчүнү жана консультантты тандоо критерийлери болуп саналган шарттар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
25. Заказчы менен алдын ала макулдашуусуз келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жеңүүчү тарабынан субподрядчыларды же субберүүчүлөрдү тартууга жол берилбейт.
26. Контракттын колдонулушун токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) контракт түзүүдө тараптар келип чыккан жана контракт түзүлгөн учурда өзгөрүүнү алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон жагдайлар олуттуу өзгөргөндө жана эгерде контрактты аткаруу мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы келсе, сатып алуучу уюм мындай жагдайлар жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен контрактты бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу. Бул ченем мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн контрактта чагылдырылууга тийиш.
Эгерде контракт ушул пунктка ылайык бузулган болсо, тараптар тарткан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) контрактка ылайык бардык милдеттенмелерди аткарууда.
27. Түзүлгөн контрактты аткарууга байланыштуу талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда контракттын тараптары себептерин көрсөтүү менен бири-бирине доомат коюуга укуктуу.
28. Экинчи Тараптын дооматын алган тарап аны карап чыгып, доомат берилген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.
29. Доомат четке кагылган же ага жооп берилбеген учурда ушул Тартиптин 28-пунктунда каралган мөөнөттүн ичинде кызыкдар тарап сотко кайрылууга укуктуу.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 568 токтомуна ылайык КОЛДОНУЛУШУ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ