Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 токтомуна) |
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 49-беренесинин жоболоруна ылайык мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону колдонуу тартибин жана шарттарын белгилейт, анын ичинде ыйгарым укуктуу банктарга карата талаптарды камтыйт.
2. Ушул Тартипте пайдаланылган түшүнүктөр жана кыскартуулар төмөнкүлөрдү билдирет:
1) банктык коштоо жөнүндө келишим - сатып алуучу уюм менен ыйгарым укуктуу банктын ортосунда түзүлгөн контрактты банктык коштоо кызматын көрсөтүү келишими;
2) сатып алуучу уюм - сатып алуучу уюм, агент (эгерде агент коштоочу контракт түзсө);
3) коштоочу контракт - мамлекеттик сатып алуунун жыйынтыгы боюнча сатып алуучу уюм менен берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн, контрактты банктык коштоо жөнүндө шартты камтыган жана банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде ыйгарым укуктуу банкка берилген мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү контракт (мындан ары - контракт);
4) өзүнчө эсеп - ыйгарым укуктуу банкта берүүчүгө, коштоочу контрактты аткаруу үчүн тартылган адамдарга (мындан ары - кошо аткаруучулар) ачылган банктык (атайын) эсеп, алар коштоочу контрактты аткаруу үчүн берүүчүгө зарыл болгон кошо аткаруучунун же кошо аткаруучулардын ортосунда түзүлгөн коштоочу контрактты, келишимдерди аткаруунун алкагында эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн өзүнчө эсеп ачууга милдеттүү;
5) "Контрактты банктык коштоонун интерактивдүү отчеттуулугу" сервиси - контрактты банктык коштоонун статистикасын чагылдыруу, ошондой эле ыйгарым укуктуу банк жеткиликтүү кылган отчетторду түзүү үчүн арналган контрактты банктык коштоонун санариптик сервиси.
Ушул Тартипте пайдаланылган башка түшүнүктөр Мыйзамда аныкталган маанилерде колдонулат.
2-глава. Контрактты банктык коштоону колдонуу шарттары
3. Контрактты банктык коштоо сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн шарттардын негизинде түзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү төмөнкү контракттарга карата жүзөгө ашырылат:
1) контракттын суммасына карабастан, мамлекеттик же муниципалдык керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн контракт, анын сатып алуу предмети имаратты, курулманы же объектти, анын ичинде автомобиль жолдорун, жол курулуштарын, инженердик системаларды, тармактарды жана коммуникацияларды, капиталдык жана жарандык курулуштун башка объекттерин курууга, реконструкциялоого, капиталдык оңдоого, бузууга байланышкан иштерди аткаруу болуп саналат;
2) мамлекеттик же муниципалдык керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн түзүлүүчү контракт, анын сатып алуу предмети Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүчүлөрү тарабынан товарларды берүү, ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, алардын баасы (суммасы) 5000000 (беш миллион) сомго барабар же андан ашкан кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.
4. Контрактты банктык коштоо төмөнкүдөй түзүлгөн контракттарга карата колдонулбайт:
1) Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда, 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-14-пункттарында каралган сатып алуулардын алкагында;
2) электрондук каталог аркылуу;
3) мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык акционердик коомдор, анын ичинде берүүчү катары чыккан алардын туунду чарбалык коомдору менен.
Контрактты банктык коштоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча колдонулбашы мүмкүн.

3-глава. Контрактты банктык коштоонун катышуучулары
5. Контрактты банктык коштоонун катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) ыйгарым укуктуу банк;
3) сатып алуучу уюм;
4) берүүчү;
5) Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБ резиденттери кошо аткаруучулар (банктык коштоо жөнүндө келишимде каралган учурларды кошпогондо).
6. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контрактты банктык коштоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат, анын ичинде, бирок аны менен чектелбестен, контрактты банктык коштоону караган сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарын, коштоочу контракттын типтүү формаларын, контрактты банктык коштоо жөнүндө келишимдин типтүү формасын иштеп чыгат жана бекитет.
7. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоо ыйгарым укуктуу банк тарабынан жүзөгө ашырылат, ал төмөнкү критерийлерге жооп берет:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар жана төмөнкү шарттарга ылайык келген банк:
- банк мамлекеттик катышуунун олуттуу үлүшүнө жана/же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын атайын статусу бар катышуусунун үлүшүнө ээ болууга тийиш;
- банкта улуттук жана/же чет өлкөлүк валюталарда уруксат берилген банк операцияларынын тизмегинде чектөөлөр болбошу керек;
- банк банктык мыйзамдарда белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактоого тийиш;
- банкта атайын режимдер киргизилген эмес;
2) банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде контрактты банктык коштоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу банктардын тизмегине киргизилген.
8. Ыйгарым укуктуу банк сатып алуучу уюм менен контрактты банктык коштоо жөнүндө келишим түзүүгө, ушул Тартиптин жоболоруна жана контрактты банктык коштоо жөнүндө келишимге ылайык берүүчүгө жана кошо аткаруучуларга контрактты банктык коштоону жана өзүнчө эсептерди ачууну камсыз кылууга милдеттүү.
9. Ыйгарым укуктуу банк сатып алуучу уюмга, мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле маалымат берүүчүгө коштоочу контрактты банктык коштоонун натыйжалары жөнүндө маалымат берүүдө банктык сыр боюнча талаптарды кошо алганда, банк мыйзамдарынын талаптарын сактоого тийиш.
10. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоо ыйгарым укуктуу банк тарабынан акысыз жүзөгө ашырылат.
11.Сатып алуучу уюм төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) контрактты банктык коштоону ушул Тартиптин 3-пунктунда белгиленген шарттарга ылайык келген контракттарга карата колдонууга;
2) контрактты банктык коштоону колдонуу жана контрактты банктык коштоонун алкагында сатып алуучу уюмдун, берүүчүнүн жана кошо аткаруучулардын милдеттери жөнүндө маалыматты сатып алуу жөнүндө документтерге киргизүүгө;
3) контракттын долбооруна ушул Тартиптин 14-пунктуна же мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен банктык коштоо жөнүндө жоболор менен контракттын типтүү формасына ылайык контрактты банктык коштоону колдонууну караган жоболорду киргизүүгө;
4) контракт түзүлгөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу банк менен түзүлгөн банктык коштоо жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык берүүчү тандаган ыйгарым укуктуу банкка банктык коштоого контрактты берүүгө;
5) коштоочу контракт боюнча эсептешүүлөр үчүн берүүчү тандаган ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсепти гана пайдаланууга;
6) ушул Тартиптин жана ыйгарым укуктуу банк менен түзүлгөн банктык коштоо жөнүндө келишимдин жоболорунда белгиленген башка аракеттерди жасоого жана талаптарды аткарууга.
12. Берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) контракт түзүлгөнгө чейин ыйгарым укуктуу банкты тандап алууга жана контрактты түзүүдө сатып алуучу уюмга өзүнүн тандоосу жөнүндө билдирүүгө. Ар бир коштоочу контракт боюнча берүүчү бир гана ыйгарым укуктуу банкты тандай алат;
2) тандалган ыйгарым укуктуу банкта өзүнчө эсеп ачууга жана контрактты түзүүдө анын өзүнчө эсебинин реквизиттерин көрсөтүүгө;
3) коштоочу контракт боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланышкан, анын ичинде кошо аткаруучулар менен ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнүн өзүнчө эсебин колдонуу менен бардык эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
4) кошо аткаруучулар менен түзүлгөн келишимдерде кошо аткаруучулардын өзүнчө эсеп ачуу жана мындай келишимдер, анын ичинде эгерде кошо аткаруучулар Кыргыз Республикасынын же ЕАЭБ резиденттери болсо, өзүнчө эсепти пайдалануу менен кошо аткаруучулардын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында эсептешүүлөрдү жүргүзүү милдеттенмелерин аныктоого;
5) ыйгарым укуктуу банкка, өзүнчө эсеп боюнча төлөм документтерин түзүү үчүн негиз болуп саналган документтерди берүүгө;
6) башка аракеттерди жасоого жана өзүнчө эсеп ачуу үчүн ыйгарым укуктуу банк менен түзүлгөн келишимдин жоболорунда белгиленген талаптарды аткарууга.
13. Кошо аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Тартиптин 12-пунктунун 4-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн талаптарды аткарууга;
2) контракт боюнча берүүчүгө ыйгарым укуктуу банкта өзүнчө эсеп ачылган ошол эле ыйгарым укуктуу банкта өзүнчө эсеп ачууга;
3) бардык, анын ичинде ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнүн өзүнчө эсебин пайдалануу менен кошо аткаруучулар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө.
4-глава. Коштоочу контракт
14. Коштоочу контракттын жоболору төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) сатып алуучу уюмдун милдеттенмелерин:
- коштоочу контрактты берүүчү тандаган ыйгарым укуктуу банкка коштоочу контракт түзүлгөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу өткөрүп берүү;
- коштоочу контракт боюнча берилген товарларды (аткарылган иштерди, көрсөтүлгөн кызматтарды) берүүчүнүн өзүнчө эсебине гана төлөө;
- берүүчү өзүнчө эсепте, анын ичинде кошо аткаруучулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу тартибин бузган учурда коштоочу контрактты аткаруудан баш тартуу;
2) берүүчүнүн милдеттенмелери:
- ыйгарым укуктуу банкты тандап алуу жана коштоочу контрактты түзүүдө сатып алуучу уюмга өзүнүн тандоосу жөнүндө билдирүү;
- тандалган ыйгарым укуктуу банкта өзүнчө эсеп ачуу жана коштоочу контрактта өзүнчө эсептин реквизиттерин көрсөтүү;
- коштоочу контракт боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланышкан бардык эсептешүүлөрдү, анын ичинде берүүчүгө коштоочу контрактты аткаруу үчүн зарыл болгон берүүчү менен кошо аткаруучунун же кошо аткаруучулардын ортосунда түзүлгөн келишимдер боюнча ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнүн өзүнчө эсебин пайдалануу менен гана жүргүзүү;
- кошо аткаруучулар менен түзүлгөн келишимдерде кошо аткаруучулардын өзүнчө эсеп ачуу жана мындай келишимдер, анын ичинде эгерде кошо аткаруучулар Кыргыз Республикасынын же ЕАЭБ резиденттери болсо, кошо аткаруучулардын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында сатуучунун өзүнчө эсеби ачылган ошол эле ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсептерди колдонуу менен гана эсептешүүлөрдү жүргүзүү милдеттенмелерин аныктоо;
- ыйгарым укуктуу банкка коштоочу контракт боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында алар тарабынан тартылган кошо аткаруучулар жөнүндө маалыматтарды (кошо аткаруучунун толук аталышын, кошо аткаруучунун жайгашкан жерин (почта дарегин), жетекчинин жана башкы бухгалтердин телефондорун, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери) электрондук формада берүү;
- коштоочу контрактта белгиленген шарттарды, анын ичинде контрактты банктык коштоо шарттарын сактабагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартуу;
- өзүнчө эсеп боюнча төлөм документин түзүү үчүн негиз болуп саналган документтерди ыйгарым укуктуу банкка берүү.
5-глава. Контрактты банктык коштоо жөнүндө келишим
15. Контрактты банктык коштоо жөнүндө келишим төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) өзүнчө эсеп ачуунун тартибин жана мөөнөтүн;
2) тараптардын укуктарын жана милдеттерин;
3) ыйгарым укуктуу банк тарабынан өзүнчө эсеп боюнча төлөм документтерин кароонун тартибин жана мөөнөттөрүн;
4) ыйгарым укуктуу банктын сатып алуучу уюмга, мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын банктык сыр жөнүндө мыйзамдарынын жоболорун сактоо менен коштоочу контрактты банктык коштоонун натыйжалары жөнүндө отчет берүүгө милдеттерин жана укугун;
5) коштоочу контракт жөнүндө маалыматтарды, эсептешүүлөрдүн шарттарын жана өзүнчө эсепти пайдалануу тартибин, акча каражаттарын максаттуу чыгымдоону контролдоо предметин, акча каражаттарын максаттуу чыгымдоону контролдоодо ыйгарым укуктуу банктын өзүнчө эсептен акча каражаттарын чыгымдоодон баш тартуусуна алып келген учурлардын тизмегин кошо алганда, бирок аны менен чектелбестен, банктык коштоонун параметрлерин;
6) банктык коштоо жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн, ошондой эле аны бузуунун шарттарын жана тартибин;
7) өзүнчө эсеп боюнча төлөм документинде берүүчү (аткаруучу) көрсөткөн маалыматка карата талаптарды;
8) ыйгарым укуктуу банктын берүүчүдөн, кошо аткаруучудан контрактты банктык коштоо үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды сурап алуу, банктык коштоо жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө өзүнчө эсеп боюнча төлөм документин текшерүүнү жүзөгө ашыруу укугун;
9) ыйгарым укуктуу банктын өзүнчө эсеп боюнча төлөм документин аткаруудан баш тартуу укугу, ошондой эле мындай баш тартуунун шарттары жана тартибин;
10) өзүнчө эсеп боюнча төлөм документин аткаруудан негизсиз баш тарткандыгына байланыштуу ыйгарым укуктуу банктын жоопкерчилигин.
16. Контрактты банктык коштоо жөнүндө келишимдин типтүү формасы мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат, бекитилет жана сатып алуучу уюм жана ыйгарым укуктуу банк тарабынан пайдаланууга милдеттүү.
6-глава. Ыйгарым укуктуу банктар тарабынан түзүлүүчү отчетторго болгон талаптар
17. Ыйгарым укуктуу банк сатып алуучу уюмга жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле банктык коштоо жөнүндө келишимде аныкталган башка жактарга "Контрактты банктык коштоонун интерактивдүү отчеттуулугу" сервисин пайдалануу менен контрактты банктык коштоонун натыйжалары жөнүндө реалдуу убакыт режиминде отчет (маалымат) берет.
Отчетто өзүнчө эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтар, отчеттук мезгил үчүн өзүнчө эсеп боюнча жүгүртүү-сальдолук ведомосттор, отчеттук күнгө карата эсептеги күнүмдүк калдыктар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле банктык коштоо жөнүндө келишимде аныкталган башка маалыматтар камтылууга тийиш.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 734 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ