Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-октябры № 571
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Ишкердик активдүүлүктү, экспорттук-импорттук ишти жакшыртуу, эл аралык компанияларды тартуу, өлкөнүн эл аралык компаниялар менен соода мүмкүнчүлүктөрүнүн, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн чийки заттардын эсебинен аэропорттордун кирешелерин көбөйтүү, ошондой эле даяр продукцияны ташууга суроо-талапты түзүү, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттер жана алыскы чет өлкөлөр менен авиакаттамдардын өсүшүн камсыз кылуу жана Ош шаарында ишкердикке жана экономикалык өсүшкө пайдалуу таасир тийгизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 12-сентябрындагы № 01-39/1261 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 15-августундагы № 246 токтомун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын аймагында № 35, № 36 контурларда жайгашкан, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун менчигинде турган 1,748 га сугат айдоо жерлери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына жүк терминалын куруу үчүн которулсун (трансформациялансын).
2. Ош шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
1) жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркын төлөөнү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |