Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, өзүнчө мүлккө ээ жана өз ишин толук чарбалык эсептин негизинде жүргүзөт.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд (мындан ары - Фонд) эсептелет.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Дирекция по управлению объектами" при Фонде по управлению государственным имуществом при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики".
6. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" МИ";
-расмий тилде: "ГП "Дирекция по управлению объектами".
7. Ишкананын юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 93.
8. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Фонддун актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
9. Ишкананын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын финансылык-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана визуалдык жекелештирүүнүн башка каражаттары болот.
10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантия) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Ишкананын түзүмүнө өкүлчүлүктөр жана филиалдар кирет.
Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары Ишкананын директору тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иштейт.
Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
12. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
13. Ишкананын ишинин предмети болуп мамлекеттин менчигине конфискацияланган мүлктү, башка мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка чөйрөлөрүн жүргүзүү саналат.
14. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
2. Ишкананын ишинин максаты
15. Ишкананын ишинин максаты соттордун чечимдерине ылайык мамлекеттик менчикке өткөн конфискацияланган объекттердин, башка мамлекеттик мүлктүн базасында, түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатуу жана кайра иштетүүдөн мамлекеттик бюджетти толуктоо максатында пайда табуу болуп саналат.
3. Ишкананын милдеттери
16. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
- Ишканага берилген мамлекеттик менчиктеги мүлктү, ошондой эле продукцияларды жана товарларды башкаруу жана сатуу;
- тооруктарды өткөрүү, тоорукка коюлуучу товарлар боюнча суроо-талапты жана сунуштарды аныктоо;
- функциялык милдеттерди чечүү үчүн түз инвестицияларды тартуу.
4. Ишкананын функциялары
17. Ишкана төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- соода-коммерциялык иш жүргүзүү;
- Ишканага берилген соода аянттарын, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү;
- электр энергиясын сатып алуу-сатуу жана бөлүштүрүү;
- түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча чарбалык жана коммерциялык иштерди жүргүзүү;
- калкты коомдук тамактануу жана тиричилик жактан тейлөө түйүндөрүн уюштуруу;
- автотранспорт каражаттарына, сактоо камераларына, муздаткыч жабдууларына жана кампа жайларына парковкаларды жана токтотуучу жайларды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- Ишканага чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө, ошондой эле продукцияларга жана товарларга белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө;
- мейманкана, рекреациялык-туристтик, консалтинг, маркетинг, жарнамалык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
- чарбалык жана өндүрүштүк-техникалык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишкердик ишти жүзөгө ашыруу.
5. Ишкананын укуктары жана милдеттери
18. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнчө мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга жана жоопкерчилик тартууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга;
- ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды накталай эмес жана накталай эсептешүү менен сатып алууга;
- продукцияларды, товарларды, керектүү материалдарды жана буюмдарды дүң жана чекене соода тартибинде, кооперативдерден, ошондой эле жарандардан сатып алууга;
- Ишкананын максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке адамдар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларына, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн зарыл болгон учурда жөнөтүүгө;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага берилген мүлктү Фонддун макулдугу менен юридикалык жана жеке адамдарга келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
- Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды белгиленген тартипте уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
- түстүү жана кара металлдардын (даяр продукциянын) сыныктарын жана калдыктарын чогултууну, сатып алууну, кайра иштетүүнү жана сатууну жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
- Фонд менен макулдашуу боюнча коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине катышууга (мүчөлүккө);
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу боюнча көрсөтүлгөн кызматтарга бааларды белгиленген тартипте бекитүүгө;
- эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряддык келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жарандарды белгиленген тартипте тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ишкердик иш менен алектенүүгө;
- Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
19. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана иштерди аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыз кылууга;
- ага берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга, натыйжалуу башкарууга жана пайдалануудан пайда алууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
- белгиленген мөөнөттө Фондго бюджеттин аткарылышы жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө квартал сайын жана жыл сайын отчет берип турууга.
20. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
6. Фонддун компетенциясы
21. Фонддун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
- Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
- жылдык бюджеттин долбоорун, Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары, республикалык бюджетке которулууга тийиш таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө отчетту бекитүү;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Ишкананын директорунун жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын директорунун жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн жана финансылык-чарбалык ишинин стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- Ишкананын директору кызматына талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын директорун кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- Ишкананын директорунун сунушу боюнча Ишкананын директорунун орун басарларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
- коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
- Ишкананын директору жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
- Ишканага таандык мүлктү дайындалышы жана сакталышы боюнча пайдаланууга контролду жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Фонддун компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
22. Фонд төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ишканага иштин тейлеген чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
- Ишкананын директорунун ишин баалоонун жана Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын директорунун орун басарларын кызмат ордунан бошотууга, аларга сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонууга;
- Ишкананын директорунун отчетторун угууга;
- Ишканага таандык мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын, дайындалышы боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо максатында Ишкананын аймагына текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана барууга жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө;
- Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
- Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- Ишкананын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн анын аймагына барууга.
Фонддун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктары да бар.
23. Фонд төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын иши менен байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
- Ишкананын директору жана кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
7. Ишкананын ишин уюштуруу
24. Ишкананын ишин директор жетектейт.
25. Ишкананын директору Фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын директорунун кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
26. Директор Фонддун жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
27. Ишкананын директору төмөнкүдөй учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын ар кварталдык (жылдык) финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алса;
- иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
- эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
28. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
- келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту Фондго бекитүүгө киргизүү;
- бекитилген жылдык финансылык-чарбалык пландардын жана көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу;
- Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
- Фонддун чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- Фонд менен макулдашуу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
- кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы фондун бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
- бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
- ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен Фондго кайрылууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга.
30. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Фонддун суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- Фонддун кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин бардык чөйрөлөрүнө байланыштуу бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
- коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга таратпоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
31. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
32. Ишкананын директору:
- Ишкананын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет жана анын кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында көрсөтөт;
- Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине жана Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
- компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдаланууга, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоого жеке жоопкерчилик тартат;
- Ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, иштөө режимин жана Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Фонд менен макулдашуу боюнча эсепке алуу саясатын бекитет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча келишимдерди/бүтүмдөрдү түзөт;
- орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, Ишкананын кызматкерлеринин Ишкананын компетенциясына кирген оперативдүү, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын аныктайт;
- финансылык-кредиттик мекемелерде алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары жөнүндө жоболорду бекитет;
- Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга тапшырма берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Фондго ушул Уставга, рыноктун конъюнктурасына жана эмгек шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
33. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
34. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган.
Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу боюнча Фонддун жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Ишкананын директорунун орун басарлары Фонддун жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директорунун орун басарлары түздөн-түз директорго баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын ишин уюштурат.
35. Ишкананын директору жок учурда Ишкананын ишин директордун орун басары жетектейт, ал Ишкананын директорунун тиешелүү буйругу менен аныкталат.
Ишкананын директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Фонддун тиешелүү буйругунун негизинде Ишкананын директорунун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директорунун сунушу боюнча Фонддун жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, Ишкананын директоруна түздөн-түз баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
37. Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, жарандар менен болгон мамилеси чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндө келишимдердин негизинде түзүлөт.
8. Эсеп, пландоо, отчеттуулук
38. Ишкана бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
39. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетту Фондго берет.
40. Ишкана өз ишин жылдык иш планынын негизинде, Ишкананы өнүктүрүүнүн 3 жылдык орто мөөнөттүү стратегиялык планынын же Фонд менен макулдашылган Ишкананы өнүктүрүүнүн беш жана андан көп жылдык узак мөөнөттүү стратегиялык планынын негизинде жүргүзөт.
41. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
42. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.
43. Ишкана финансылык-чарбалык ишти өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүзөгө ашырат.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ишкана тарабынан үч жылдык жана андан көп мезгилге иштелип чыгат, Фонд тарабынан бекитилет.
44. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Ишкананын максаттарынын жана негизги иш багыттарынын баяндамасы;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
- уюштуруу планы;
- финансы планы;
- тобокелдиктерди талдоо.
45. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору Фондго келерки жылга карата Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары, анын ичинде Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет берет.
46. Эсеп саясатын жүргүзөт.
47. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик тутумун жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
48. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
49. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
9. Ишкананын мүлкү жана финансы
50. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн Ишканага бекитилип берилген.
51. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ага Фонд тарабынан берилген мүлк;
- мүлк, анын ичинде ага бекитилип берилген мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган кирешелер, натыйжалар, продукция;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- банктардын жана башка кредиторлордун гранттары, кредиттери;
- юридикалык жана жеке адамдардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бардык булактар.
52. Финансылык-чарбалык иштен жана башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен Ишкана тарабынан курулган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчикке келип түшөт жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.
53. Ишкана экономикалык максатка ылайыктуулугун жана уюштуруучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен мүлктү уставдык максаттарга жана ишинин предметине ылайык пайдаланат.
54. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен Фонддун алыш-бериш эсебине ал бекиткен өлчөмгө ылайык таза пайданын бир бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот.
55. Ишкана өзүнүн мүлкүнө инвентаризациялоо жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
10. Корутунду жоболор
56. Ишкана өзүнүн ишинде Фондго отчет берет.
57. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
58. Ишкана кайра уюштурулган жана жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.