Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-сентябры № 512
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардан калктын жана аймактардын коопсуздугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору жөнүндө жободо:
- 3-пунктунда:
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Борбордун "Жарандык коргонуу" кафедрасы өз ишинде "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Аскер институтунун буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, институттун окумуштуулар кеңешинин чечимдерин жетекчиликке алат.";
- расмий тилдеги текстинин 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- учебный план на семестр/учебный год;".
2. Бул токтомдон келип чыгуучу иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын жана бекитилген штаттык сандын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ