Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-мартындагы № 135 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-октябры № 564
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Электр энергиясын иштеп чыгаруу боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары - ЭКБ) субъекттерин жана суу түйүндөрүн эсепке алуу тартибин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 11, 85-статьяларына, "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттун экинчи абзацында "коргоо жана башка багыттагы жерлер;" деген сөздөрдөн кийин "суу фондунун жерлери;" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пунктта:
"б" пунктчасында "энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары - ЭКБ) пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн" деген сөздөр алып салынсын;
"г" пунктча төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттерине берилүүчү жер участоктору.";
- 10-пункттун он экинчи абзацында "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин ", энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн жер участогу берилген учурда - курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункт "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөрдөн кийин ", энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн жер участогу берилген учурда ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык формадагы өтүнмөнү тиркеп расмий кат менен курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 44-глава менен толукталсын:
"44. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн мамлекеттик жер пайдалануучуларга жер участокторун берүү боюнча конкурс өткөрүү тартиби
5514. ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн мамлекеттик жер пайдалануучуларга жер участокторун берүү боюнча конкурс курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан өз демилгеси боюнча жана мамлекеттик жер пайдалануучулардын кайрылуусу боюнча өткөрүлөт, конкурстун материалдары белгиленген тартипте каралат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган конкурс өткөрүү үчүн:
- маалыматтык билдирүүнүн текстин даярдайт;
- конкурсту өткөрүү датасын аныктайт;
- өзүнүн расмий сайтында ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер участоктору боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жайгаштырат.
Маалыматтык билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- ижарага берүүчүнүн аталышы;
- жер участогу жөнүндө маалымат;
- өткөрүү датасы, убактысы жана жери;
- конкурска катышууга арыздарды кабыл алуу башталган жана аяктаган убакыт, датасы жана жери;
- жер участогун пайдалануу мөөнөтү;
- конкурска катышуу үчүн арыздын формасы жана ага тиркелүүчү керектүү документтердин тизмеги;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыктыяры боюнча башка маалымат.
5515. Конкурсту өткөрүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү конкурстук комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Конкурстук комиссия 7ден кем эмес адамдан турат.
Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет: төрага - курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын министринин орун басары, төраганын орун басары - курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суу жана жер ресурстары башкармалыгынын начальниги, мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү, конкурстук комиссиянын катчысы - курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү жана коомчулуктун өкүлү.
Конкурстук комиссиянын төрагасы конкурстук комиссиянын ишин жетектейт, күн тартибин бекитет жана конкурстук комиссиянын жыйналыштарында төрагалык кылат.
Конкурстук комиссиянын төрагасы жок учурда, анын функцияларын конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
Конкурстук комиссиянын катчысы конкурстук комиссия чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө укуксуз. Катчы конкурстук комиссиянын жыйналышын даярдоо жана өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашырат, комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзөт жана добуш берүүдө конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт.
5516. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган конкурс өткөрүлгөн күнгө чейин кеминде 15 күн калганда жалпыга маалымдоо каражаттарына конкурсту өткөрүү жөнүндө кабарламаны жарыялайт жана аны расмий сайтка жайгаштырат.
Кабарлама конкурсту өткөрүү жери жана убактысы, ижара акысынын суммасы жөнүндө, анын ичинде конкурска катышууга арыздарды кабыл алуунун аяктоо мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды, конкурстун шарттарын, толук маалымат алуу үчүн конкурсту уюштуруучунун өкүлүнүн байланыш маалыматтарын камтыйт.
5517. Конкурска катышуу үчүн арыз ээси маалыматтык билдирүүдө белгиленген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
- белгиленген форма боюнча конкурска катышууга арыз;
- инвестициялоо максатын сыпаттоо менен объекттин негизги баштапкы маалыматтарын камтыган ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруу үчүн алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме, энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу объектинин негизги техникалык параметрлери жөнүндө маалыматтар жана объекттин алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо менен эсептер.
Жеке жактар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин (юридикалык дарегин, телефон номерин жана башка реквизиттерин) көрсөтүү менен маалымкат;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- Уставдын жана Уюмдаштыруу келишиминин көчүрмөлөрү;
- өкүлдүн атына юридикалык жактын атынан иш алып барууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү жасоого ага ыйгарым укук берген ишеним кат;
- эгерде арыз юридикалык жактын жетекчиси тарабынан (жеке өзү аткаруучу орган тарабынан) берилсе, жетекчиге конкурска катышууга укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;
- эгерде юридикалык жак шайлануучу коллегиалдуу аткаруу органы тарабынан башкарылса жана бул органдын конкурска катышууга макулдук берүүсү жөнүндө документ талап кылынса, конкурска катышууга органдын макулдугун ырастаган талаптагыдай чечим талап кылынат;
- өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (түп нускасы конкурска катышуу үчүн каттоо учурунда жеке өзү тарабынан көрсөтүлөт).
5518. Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурс башталганга чейин 1 саат калганда башталат. Комиссиянын катчысы мөөнөтүндө берилген арыздарды кабыл алууда катышуучуларга конкурстук документтер бар тиркелген конверттер менен арыздарды кабыл алуу жөнүндө кабарламаны берет жана жазуулар менен белгилерди камтыбаган, кабыл алынган конверттерди мөөр менен күбөлөндүрөт.
Арыз ээси тарабынан берилген документтер бар кабыл алынган конверттер комиссиянын катчысында сакталат.
Белгиленген мөөнөттөн кийин берилген арыздар конкурска катышууга кабыл алынбайт.
5519. Конкурстук комиссия төмөнкү учурларда арыз ээсин конкурска катышуудан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат:
- эгерде конкурстук документтердин топтому белгиленген талаптарды бузуу менен таризделсе;
- эгерде катышуучу жөнүндө маалыматтарда туура эмес маалыматтар камтылса;
- эгерде арыз арыздарды кабыл алуу мөөнөтү өткөндөн кийин берилсе;
- эгерде арыздын мазмуну өткөрүлүүчү конкурстун шарттарына ылайык келбесе;
- эгерде арыз ээси тарабынан тизмекке ылайык документтердин толук эмес топтому берилсе же берилген документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе;
- эгерде арыз ээси же анын өкүлү аффилирленген жак болуп саналса.
5520. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган конкурс өткөрүлгөнгө чейин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен конкурсту өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу, бул тууралуу конкурсту өткөрүүдөн баш тартуунун себептери көрсөтүлгөн Конкурстук комиссиянын протоколу түзүлөт.
5521. Маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайык келген конкурстук сунуш маалыматтык билдирүүдө белгиленген убакыттан кечиктирилбестен конкурсту өткөрүү күнү Конкурстук комиссиянын жыйналышына арыз ээси тарабынан чапталган конвертте берилет.
Конкурстук сунуштарды ачуу түздөн-түз конкурстук сунуштарды кабыл алуу аяктагандан кийин жана конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.
Конкурстук комиссия келип түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун номерин, анын фамилиясын, атын жана атасынын атын же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуштаган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде ижара акысынын өлчөмүн) жарыялайт, протоколго конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын жазат жана келип түшкөн конкурстук сунуштарды баалоону баштайт.
Конкурстук сунуштарды баалоо ушул Жобонун 55-2-пунктуна ылайык критерийлер боюнча жүргүзүлөт.
Конкурстук сунуштарды баалоо кошумча убакытты талап кылган учурларда конкурсту өткөрүү мөөнөтү Конкурстук комиссия тарабынан 3 жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн, бул тууралуу конкурстук сунуштарды ачуунун натыйжалары жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу киргизилет, ага Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле комиссиянын жыйналышына катышкан конкурстун катышуучулары кол коёт.
Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө Конкурстук комиссия өзүнүн конкурстук сунуштарын конкурстун катышуучуларына түшүндүрүү үчүн кайрылууга укуктуу.
Конкурстук шарттарды өзгөртүүгө, анын ичинде конкурстун катышуучусу тарабынан сунушталган ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүүгө же берилген конкурстук сунушка карата алардын арасында жана Конкурстук комиссия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.
Конкурстук комиссия маалыматтык билдирүүдө жана ушул Жободо көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген конкурстук сунушту четке кагат.
Конкурстук комиссия тарабынан конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган конкурстун жеңүүчүсү аныкталат, конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага Конкурстук комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коёт.
5522. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса же четтесе бул жер участогунан баш тартуу катары каралат.
Эгерде жеңүүчү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, конкурс Конкурстук комиссия тарабынан жараксыз деп таанылат.
5523. Конкурс жараксыз деп таанылса, Конкурстук комиссия кайрадан конкурс жарыялоо жөнүндө чечим кабып алат. Эгерде конкурсту кайрадан жарыялоодо конкурсту биринчи жарыялоодо берилген бир гана арыз берилсе, анда конкурс бир арыз ээсинин катышуусу менен өткөрүлөт.
5524. Конкурс төмөнкүдөй учурларда жараксыз деп таанылат, эгерде:
- конкурска катышууга арыздар берилбесе;
- конкурска катышуу үчүн бир гана арыз ээси катталган болсо;
- бардык арыз ээлерин конкурска катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;
- конкурстун жеңүүчүлөрү протоколго кол коюудан баш тартса.
5525. Конкурстун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоорун демилгелейт же арыз ээсине документтердин топтомун кайтарып берүүдөн баш тартат.
5526. Арыз ээсине баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат:
- эгерде арыз ээси тарабынан документтердин толук эмес топтому берилсе же берилген документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
- эгерде катышуучу жөнүндө маалыматтарда туура эмес маалыматтар камтылса;
- эгерде арыз арыздарды кабыл алуунун мөөнөтү аяктагандан кийин берилсе;
- эгерде арыздын мазмуну өткөрүлө турган конкурстун шарттарына ылайык келбесе.".
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары суу фондунун жерлерине кирген суу коргоо зоналарынын (тилкелеринин) аймактарын "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесинин талаптарына ылайык келтирсин жана жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |