Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-ноябры № 608
2022-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашуу тууралуу протоколду жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соодада бажы операцияларын жүргүзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин уюштуруу жөнүндө ("Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридор") протоколду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкү мамлекеттик тилде тиркелгендер бекитилсин:
- 2022-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашуу тууралуу протокол;
- 2022-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соодада бажы операцияларын жүргүзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин уюштуруу жөнүндө ("Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридор") протокол.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жогоруда көрсөтүлгөн протоколдордун аткарылышы үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн протоколдордун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө түркия тарапка кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |