Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-январындагы № 6 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-ноябры № 606
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карызын тындырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 60-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
|