Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-ноябры № 612
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында логистикалык борбор куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 4 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 18-октябрындагы № 01-39/1502 корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы № 1019 контурунда жайгашкан, Маткасымов Азизбек Бекмаматовичтин жеке менчигиндеги 0,60 га сугат айдоо жерлер логистикалык борбор куруу үчүн "Айып чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
- "Сулайман-Тоо" тоосунун өзгөчө корголуучу табигый аймактарын пайдалануунун өзгөчө укуктук тартибин сактоону;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын суммасын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 99 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |