Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-ноябры № 648
Жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуунун айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 33, 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
Медициналык кадрларды даярдоонун жана чыгаруунун сапатын жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына алардын деңгээлин жогорулатууга дем берүү максатында, анын ичинде чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дипломдорун таануу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-2023-окуу жылында жана кийинки окуу жылдарында өзгөчө статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларды кошпогондо, жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу, Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы тарабынан аккредитацияланган жана билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган агенттиктерде үч жылдан кем эмес мөөнөткө эл аралык институттук же программалык аккредитациядан өткөн Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарына чет өлкөлүк жарандарды кабыл алууга жол берилет деп белгиленсин. Жогорку медициналык кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга кабыл алуу өзгөчө статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайлар тарабынан өз алдынча бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 1-пунктта белгиленген талаптарга ылайык келген жогорку окуу жайлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1-пунктта белгиленген талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарына жана өзгөчө статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларга окууга жиберилүүчү абитуриенттерге жана студенттерге окуу визаларын берүүнү камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |