Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү жөнгө салат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
кызматтык маяна - компенсациялык жана дем берүүчү төлөмдөрдү эсепке албастан календардык ай үчүн белгилүү бир татаалдыктагы кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн кызматкерлердин эмгек акысынын белгиленген өлчөмү;
эмгек акы - бул кызматкердин квалификациясына, аткарылуучу иштин татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына, түнкү убактагы, дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрү иштегендигине жараша эмгек үчүн сый акы, ошондой эле компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр. Үстөктөр жана кошумча акылар түрүндөгү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр базалык маянага карата абсолюттук чоңдуктарда же пайыздар менен белгиленет;
компенсациялык төлөмдөр - бул кызматкерлерге эмгек же мыйзамдарда каралган башка милдеттерди аткарууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу максатында белгиленген, кесиптерди айкалыштыруу, жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашык иштегендиги, өзгөчө шарттарда, бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендиги, көчмө мүнөздөгү иши үчүн акчалай төлөмдөр;
дем берүүчү төлөмдөр - бул кызматкерди кыйла жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетүүгө, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга дем берүүгө багытталган, ошондой эле "Эмгек сиңирген" же "Эл" ардактуу наамы, ар кандай квалификациядагы иштерди аткаруусу үчүн сый акылар жана төлөмдөр;
иштеген жылдары - бул кызматкер телерадиоберүү системасында кесиптик ишин аткарган убакыт мезгили;
типтүү штаттар - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын штаттык санын тартипке келтирүүнүн чектүү ченеми.
3. Минималдык базалык ставканын жана кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттеринин өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленет.
4. Кызматкерлердин эмгек акысы жумуш убактысынын ченемдерин аткарууну эсепке алуу менен эсептелет. Эмгек акынын өлчөмү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөрдү эске алуу менен базалык маяналарга жараша аныкталат. Бийик тоолуу жана алыс жерлерде иштөө үчүн, ченемге салынбаган эмгек шарттары үчүн райондук коэффициенттерди колдонуу өлчөмдөрү жана тартиби, ошондой эле ушул Жободо көрсөтүлбөгөн кызматкерлерге башка төлөмдөр Кыргыз Республикасынын эмгек акы жаатындагы мыйзамдарга ылайык белгиленет.
Эмгек акы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кепилденген бөлүгүн:
кызматтык маяна;
иштеген жылдары;
- компенсациялык төлөмдөрдү;
- дем берүүчү үстөктөрдү.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын жетекчилери зарыл болгон учурда атайын каражаттардын жана кирешелердин эсебинен, анын ичинен эмгекти баалап төлөө боюнча белгиленген чектүү сандан ашыкча кызматкерлерди жалдоонун келишимдик формасын колдоно алат.
2. Компенсациялык төлөмдөр
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Телерадиоберүү кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр жумуштун шарттарын, спецификасын эске алуу менен белгиленет.
Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында иштегендиги үчүн үстөк;
- өзгөчө (зыян) шарттарда иштегендиги үчүн үстөк;
- жумуш убактысынын ченемделген узактыгынан тышкары иштегендиги үчүн кошумча төлөм (ченемделбеген жумуш күнү, айкалыштыруу же аткарылуучу иш көлөмүнүн көбөйүшү, көчмө иш мүнөзү);
- президенттик компенсациялык төлөм;
- эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка үстөктөр жана кошумча төлөмдөр.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Базалык маянага карата жогоруда аталган кошумча төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомунун редакциясына ылайык)
7-1. Президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Базалык маяналарга дем берүүчү төлөмдөр
8. Телерадиоберүү системасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн, кесиптик жана сапаттык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында телерадиоберүүнүн бардык кызматкерлеринин базалык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр белгиленет.
Дем берүүчү төлөмдөргө төмөнкүлөр кирет:
- "Эл" же "Эмгек сиңирген" ардактуу наамы үчүн үстөктөр;
- "Улуттук" статусу үчүн үстөктөр;
- жогорку квалификациясы жана чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн үстөктөр;
- атайын эсептин каражаттарынын эсебинен сыйлоо;
- автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин түзүү, аларды биринчи жолу эл алдында аткаруу жана/же басып чыгаруу үчүн автордук сый акылар, телерадиоберүү уюмунун чыгармачыл иштеринин түрлөрүн аткаруу үчүн сый акылар.
9. "Эл" же "Эмгек сиңирген" ардактуу наамы жана "Улуттук" статусу үчүн үстөктөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдөрдө жана тартипте ай сайын төлөнөт.
10. Иштеген жылдары үчүн үстөктөр уюмдун жетекчиси бекиткен Иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү төлөө жөнүндө жобого жана кабыл алынган жамааттык келишимге ылайык белгиленет. Үстөктөрдүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
11. Чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү, жогорку квалификациясы үчүн кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк белгиленет. Аталган үстөктү киргизүү менен байланышкан чыгымдар телерадиоберүү уюмдарынын кызматкерлеринин бекитилген эмгек акы фондунун чегинде төлөнөт.
12. Кызматкерлерге сый акы берүү уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген сый акы берүү жөнүндө жобого ылайык атайын эсептин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Кызматкердин сый акысынын өлчөмү кызматтык маянадан ашпоого тийиш. Кызматкерлерге сый акы эмгек акы фонду боюнча үнөмдөө болгондо кварталына бир жолудан ашык эмес берилет.
13. Автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин түзүү, аларды биринчи жолу эл алдында аткаруу жана/же басып чыгаруу үчүн автордук сый акылар, телерадиоберүү уюмунун чыгармачыл иштеринин түрлөрүн аткаруу үчүн сый акылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте төлөнөт.
14. Эмгек акы төлөөнүн бул Жободо каралбаган башка маселелери Кыргыз Республикасынын эмгек акы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.