Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-ноябры № 640
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылындагы жер участогун жана сейил бак-пляждык зонаны берүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу жана туристтик инфраструктураны реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясынын 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясы мыйзамдарда белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК) эл аралык спорттук комплексти капиталдык куруу үчүн Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тосор айылы, № 116I контур дареги боюнча жайгашкан, аянты 72,2 га жер участогун 49 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга өткөрүп берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясы "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКка Ысык-Көлдүн суусу бүткөн жерден туурасы 100 метрге чейинки сейил бак-пляждык зонаны, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылындагы борбору менен № 116I контурдагы, узундугу 4,3 километр "Түштүк" курорттук чакан районду 49 жылдык мөөнөткө, аны көрктөндүрүү жана келүүчүлөргө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн ижара шартында берүү мүмкүнчүлүгүн карасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясы мыйзамдарда белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү жүргүзсүн:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууну (трансформациялоону);
- "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКка ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жер участогун жана сейил бак-пляждык зонаны убактылуу пайдалануу укугун каттоону;
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүүнү.
4. "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жер участогун жана сейил бак-пляждык зонаны белгиленген тартипте кабыл алуу;
- жер участогун жана сейил бак-пляждык зонаны максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү.
5. Эл аралык спорттук комплексти курууну жана сейил бак-пляждык зонаны көрктөндүрүүнү каржылоо "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКтын уставдык капиталында каралган каражаттардын чегинде жана "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК тарткан гранттык, зайымдык жана кредиттик каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |