Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-сентябры № 524
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Талас" соода-базар комплекси мамлекеттик ишканасын жана жер участогун Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Талас" соода-базар комплекси мамлекеттик ишканасын (мындан ары - "Талас" СБК МИ) жана Талас шаары, Манас көч., 60 дареги боюнча жайгашкан 4759,81 м2 жер участогун (идентификациялык коду 6-05-04-0012-0798) белгиленген тартипте Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Талас шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) "Талас" СБК МИни муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) "Талас" СБК МИни Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоо органдарында мүлккө менчик укугун каттоо;
4) өткөрүлүп берилген ишкананын мүлктүк комплексин, анын ичинде анын бөлүгүн андан ары ажыратууга тыюу салууну белгилөө менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн өткөрүлүп берилген ишкананы максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
5) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 77-статьясына ылайык өткөрүлүп берилген ишкананын кызматкерлери менен эмгек мамилелерин сактоо.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- Талас шаарынын мэриясы менен биргеликте бир айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн "Талас" СБК МИни жана жер участогун Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |