Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомуна) |
Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштурууну жана жүзөгө ашырууну аныктайт.
2. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегине, ошондой эле маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилери тарабынан бекитилүүчү, жашыруун кылууга тийиш болгон маалыматтардын ведомстволук тизмектерине ылайык жүргүзүлөт.
2. Негизги принциптер
3. Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү төмөнкү тыюу салуу принциптеринде негизделет:
1) сатып алуу жол-жобосу боюнча расмий жазууларды жана сатып алууну жүргүзүү жол-жобосуна тиешеси бар документтерди коомдук пайдалануу мүмкүндүгү;
2) ачык жарыялоолор жана мамлекеттик сатып алууларга катышууга чакыруу;
3) мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалары жөнүндө ачык жарыялоо;
4) убакыт боюнча чектөө;
5) протесттер жана даттануулар;
6) веб-порталда контракттарды башкаруу.
4. Жогоруда аталган принциптер төмөнкү учурларда колдонулат:
1) эл аралык соттордо мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо, ошондой эле улуттук жана эл аралык юрисдикциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленүүчү же каралуучу инвестициялык, инновациялык, инфраструктуралык жана башка долбоорлорду юридикалык жана консультациялык коштоодо товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүү;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик стратегиялык активдерди коргоодо товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
3) кылмыштарды жана жоруктарды, ошондой эле аларды жасаган адамдарды эсепке алуу боюнча автоматташтырылган системаны иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана коштоо менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүү;
4) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыздоону, шайлоо жабдууларын жана комплекттөөчүлөрдү иштеп чыгууга, өркүндөтүүгө, ишке киргизүүгө жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруу;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ишин камсыздоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
6) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен номенклатурага жана топтоо ченемдерине ылайык мамлекеттик материалдык резервди түзүү, сактоо жана тейлөө менен байланышкан сатып алууларды жүргүзүү;
7) маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун алкагында байланыштын спутниктик каналдары аркылуу өлкөнүн жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарынын жашоочуларын санариптик телерадиоберүү менен камсыз кылуу үчүн "Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коому тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
8) коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актысы менен бекитилүүчү тартипке ылайык мамлекеттик аскердик саясатты жана Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүү;
9) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ички иштер органдарынын ведомстволук актысы менен бекитилүүчү тартипке ылайык мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү;
10) мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан башка сатып алуулар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү тартиби
5. Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо менен мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилери тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн ички эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Сатып алуулар сатып алуулар бөлүмү/сатып алуулар боюнча жооптуу тарабынан жүргүзүлөт.
7. Мамлекеттик сырларды коргоого тиешелүү бөлүгүндөгү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна байланышкан бардык иш-аракеттер жана кат алышуулар "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
8. Мамлекеттик сырларды коргоого байланышпаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.