Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 551 токтомуна) | |
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү ПРОГРАММАСЫ
1. Жалпы жоболор
Расмий статистикалык маалымат негизделген чечимдерди кабыл алууну колдоо менен аткаруу бийлигинин органдарын, бизнести, илимди жана жарандарды объективдүү жана калыс маалыматтар менен камсыз кылып, заманбап коомдо маанилүү ролду ойнойт.
Маалыматтарга жана статистикалык маалыматка болгон суроо-талаптын өсүшү, өзгөчө Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнүн алкагында жана глобалдашуу, интеграциялык процесстердин тереңдеши, санариптик технологиялардын ыкчам өнүгүү шарттарында расмий статистиканы өндүрүүдө терең өзгөрүүлөрдү талап кылууда.
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы (мындан ары - Программа) 2030-жылга карата Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (мындан ары - ТӨМ), Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына, өлкөнү экономикалык, социалдык өнүктүрүүнүн жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуунун башка жалпы улуттук жана мамлекеттик программаларына натыйжалуу жана сапаттуу мониторинг жүргүзүү үчүн ишенимдүү жана жогорку сапаттуу маалыматтарды берүү үчүн статистика тутумун өркүндөтүү максатында иштелип чыкты.
Программа Кыргыз Республикасынын улуттук статистика тутумун реформалоонун андан аркы этаптарын жана алдыдагы беш жылда өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарын аныктайт.
Программанын негизине БУУнун Статистикалык комиссиясынын статистикалык ишти. өнүктүрүү, статистикалык стандарттарды колдонуу, концепцияларды, методдорду иштеп чыгуу жана аларды улуттук деңгээлде колдонуу маселелери боюнча сунуштамалар, ошоңдой эле БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын, Европа эркин соода ассоциациясынын жана Европа бирлигинин Статистикалык кызматынын эл аралык эксперттери тарабынан 2020-2021-жылдары жүргүзүлгөн Өлкөнүн улуттук статистика тутумун глобалдык баалоонун сунуштамалары киргизилген.
2. Статистиканын учурдагы абалын кыскача баалоо
2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-мартындагы № 144 токтому менен бекитилген 2015-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасы ишке ашырылган.
Ушул Программанын иш-чараларын ишке ашыруу Дүйнөлүк банк жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр тарабынан каржыланган "Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу" долбоорунун (KGSTAT, 2,5 млн. сом грант) алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен статистика органдарын күтүүгө жыл сайын бөлүнүүчү каражаттардын алкагында жүзөгө ашырылган.
Программанын максаттарына жана милдеттерине ылайык анын ийгиликтүү ишке ашырылышы, Глобалдык баалоонун натыйжалары боюнча, улуттук статистика тутумунун потенциалын өстүрүү үчүн зарыл болгон түрткү берди. Жалпысынан Кыргызстандын расмий статистикасы акыркы жылдары институттук жана мазмундуу планда олуттуу жакшырды.
Алсак, 2019-жылы БУУнун расмий статистика жаатындагы негиз болуучу принциптерине толук шайкеш келтирилип иштелип чыккан "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды.
2008-жылдагы Улуттук эсептер тутумун (мындан ары - УЭТ 2008) ишке киргизүү максатында, ички дүң продукттун (ИДП) көлөмүнө жана түзүмүнө таасир этүүчү көрсөткүчтөрдү баалоону жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлдү: мыйзамсыз ишти баалоо; кыйыр түрдө өлчөнүүчү финансылык ортомчулук кызмат көрсөтүүлөрү; турак жайдын менчик ээлери (ээлери) тарабынан жүргүзүлүүчү жана талап кылынуучу турак жай кызмат көрсөтүүлөрү; Улуттук банктын кызмат көрсөтүүлөрүн чыгаруу; илимий-изилдөө ишине жана аларды капиталдаштырууга кеткен чыгымдардын эсептери; улуттук байлыктардын айрым көрсөткүчтөрүн аныктоо; пенсиялык фонддордогу үй чарбаларынын активдериндеги түзөтүүлөр.
2014-2016-жылдар үчүн эмгек чыгымдары ыкмасы менен байкоо жүргүзүлбөгөн экономикалык иштин эксперименталдык эсептөөлөрү, 2010-2017-жылдар үчүн дискреттик негизде кварталдык улуттук эсептерди эсептөөлөр жүргүзүлдү.
Төлөм балансы боюнча практикага алтынчы колдонмонун көрсөтмөлөрүн жана УЭТ 2008 киргизүү максатында контролдоо жана таасир этүү, туунду ишканалар менен байланыштары, ошондой эле багыттуулук принцибинин ордуна актив/пассив принцибинин негизинде маалыматтарды берүү маселелерин тактоо бөлүгүндө түз чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө маалыматтарды топтоо боюнча формаларды кайра кароо жүзөгө ашырылды.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен товарлардын өз ара соода жүргүзүүнү уюштуруу жана статистикасын киргизүү боюнча зарыл болгон уюштуруучулук, методологиялык жана технологиялык иштер жүргүзүлдү.
Үй чарбалардын жана жумушчу күчтүн бюджеттерин интеграциялык тандалган изилдөөнүн маалыматтарынын агымын электрондук топтоону жана башкарууну камсыз кылуу, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишине калктын ишеним индекси боюнча калкты сурамжылоо, Ысык-Көл районунун рекреациялык зоналарында уюштурулбаган туристтерди кабыл алуучу үй чарбаларына изилдөө жүргүзүү үчүн КАПИ технологиялары (планшеттерди колдонуу менен) киргизилди.
Бааларга байкоо жүргүзүү жана керектөө бааларынын индекстерин эсептөө үчүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөө топтому жаңыланды, ошондой эле 9 калктуу конушту байкоо кошулду, бул керектөө бааларынын индекстерин бир кыйла так эсептөө жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Респонденттердин отчеттук жүктөмүн азайтуу максатында административдик маалыматтарды статистикалык максаттарда пайдалануу боюнча иштер жүзөгө ашырылды. Алсак, "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) колдонуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары - Улутстатком) бажы кызматы менен биргеликте бажы декларацияларынын базасын алуу боюнча иштерди жүргүздү. Салык жана каттоо кызматтарынан маалыматтарды алуу боюнча иштер жүзөгө ашырылды. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Иштердин жалпы республикалык классификатору (ISCO-08 негизинде) иштелип чыкты жана бекитилди.
Санариптик технологияларды киргизүүнүн алкагында статистикалык отчетторду электрондук топтоого өткөрүү максатында Улутстатком тарабынан акыркы жылдардын ичинде маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу боюнча жаңы заманбап методдорду киргизүү үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн техникалык колдоосун тартуу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Алсак, Россия Федерациясынын грантынын эсебинен "Өз ара жана тышкы соода" автоматташтырылган статистика тутуму иштелип чыкты жана өнөр жайлык эксплутациялоого алынды. Статистикалык отчеттордун негизги чөйрөсүн топтоо жана иштеп чыгуу үчүн Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) техникалык колдоосунда "Статистика" статистикалык маалыматтарды башкаруу автоматташтырылган маалыматтык тутумун иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Ресурстук-методикалык борбордун базасында Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институту түзүлгөн, анын негизги милдети болуп статистикалык эсеп жаатында методологияны иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, статистика органдарынын кызматкерлеринин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу саналат.
Статистикалык маалыматтарды пайдалануучулар менен өз ара аракеттенүүнүн заманбап жана ачык тутумун түзүүгө багытталган 2019-2023-жылдарга карата Улутстаткомдун Коммуникациялык стратегиясы иштелип чыкты.
Масс-медиа өкүлдөрү, ошондой эле министрликтер жана административдик ведомстволор үчүн республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө пресс-конференциялар ар айлык негизде өткөрүлүп турат.
Улутстаткомдун расмий сайтын пайдалануу жарыялана турган маалыматтардын санынын кеңейишине, ачык маалыматтар порталын түзүүгө жана StatKG мобилдик тиркемесин иштеп чыгууга мүмкүндүк түздү. Пайдалануучулардын кеңири чөйрөсүн камтуу үчүн социалдык тармактарды жана инфографиканы кеңири колдонууну практикада жайылтуу киргизилди. Алсак, Google analytics маалыматтары боюнча Улутстаткомдун сайтын пайдалануучулардын саны 2016-жылдагы 82 миң адамдан 2021-жылы 547 миң адамга чейин көбөйгөн.
ТӨМдүн көрсөткүчтөрүн жайылтуу максатында Улутстатком Open SDG платформасын иштеп чыкты, анда ТӨМдүн 171 көрсөткүчү үчүн SDMX форматында маалыматтар жана метамаалыматтар жайгаштырылган.
ТӨМдүн көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук тутумун жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын статистикалык потенциалын чыңдоо боюнча Жол картасы иштелип чыкты.
Ошондой эле расмий статистикалык маалыматтардын жана пайдалануучулар менен болгон кайтарым байланыштын сапатын жакшыртуу үчүн пайдалануучулардын статистикалык маалыматтарга канааттануусун сурамжылоо боюнча модуль иштелип чыккан. Интерактивдүү сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Канааттануу индекси 2018-жылдагы 33,6 баллдан 2021-жылдагы 68,9 баллга чейин өстү, анын ичинде статистикалык маалыматтардын актуалдуулугу, жеткиликтүүлүгү, ачыктыгы жана окумдуулугу да жогорулаган.
"Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин 2016-жылдын 16-сентябрындагы "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринде 2020-жылдын раундундагы эл каттоолорду өткөрүү жөнүндө" чечимине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 "Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө" токтомуна ылайык Улутстатком тарабынан 2022-жылдын 25-мартынан тартып 3-апрелине чейинки мезгилде, республиканын алыскы райондорунда 2022-жылдын 23-апрелинен тартып 2-майына чейин электрондук форматта Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлдү.
Ошону менен бирге, 25 жылдын ичинде республиканын улуттук статистика тутуму инфратүзүмдү өнүктүрүүгө олуттуу инвестиция алган эмес, анын натыйжасында статистикалык отчетторунун негизги чөйрөсүнүн маалыматтарынын 70 пайыздан көбүн киргизүү жана иштеп чыгуу өткөн кылымдын 90-жылдарындагы программалоо тилинде жүзөгө ашырылат, ал эми маалыматтар базалары менен иштөө дүйнөдө эч бир жерде чыгарылбаган эскирген операциялык тутум менен камсыз кылынат. Бул жагдай расмий статистикалык маалыматтардын өз убагында жана сапаттуу даярдалышына олуттуу таасир тийгизет.
IT-персоналдын төмөн эмгек акысына (орточо 10 миң сом өлчөмүндө) байланыштуу квалификациялуу инженерлер менен программисттер кетүүдө. Улутстатком тутумду компьютердик, тармактык жана сервердик жабдуулар менен жабдуу үчүн эл аралык уюмдардан гранттык каражаттарды активдүү тарткан күндө да, кызматкерлердин эмгек акысы республикалык бюджеттен гана камсыз кылынат.
Ошондуктан Улутстаткомдун санариптештирүүгө, тактап айтканда, электрондук топтоого, маалыматтарды автоматташтырып иштеп чыгууга жана ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүгө байланыштуу ишинин бардык багыттары тез арада чара көрүүнү талап кылат.
Статистикалык тутумду жаңылоонун жоктугу эски программалык тутумдар менен иштөө көндүмдөргө ээ адистердин жетишсиздигине байланыштуу чоң көлөмдөгү статистикалык маалыматтарды жоготууга алып келиши мүмкүн. Мындай маалыматтарды жоготуу аналитикалык маалыматтарды даярдоо үчүн статистикалык жана социалдык көрсөткүчтөрдүн тарыхый убактылуу катарын жоготуунун олуттуу тобокелдигин жаратат.
3. Стратегиялык максат жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
Программанын максаты болуп төмөнкүлөргө багытталууга тийиш реформаларды, чараларды жана иш-аракеттерди жүргүзүү саналат:
- статистика органдарынын жана жалпы республикадагы улуттук статистика тутумунун ишин сапаттуу жакшыртууну жана натыйжалуулугун аныктаган "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу;
- респонденттерге түшкөн жүктү жана аны өндүрүүнүн чыгымдарын бир убакта азайтуу менен мамлекеттин жана коомдун сапаттуу расмий статистикага болгон муктаждыктарын натыйжалуу канааттандыруу үчүн бирдиктүү эл аралык стандарттарга негизделген статистикалык өндүрүштү модернизациялоо.
Программа төмөнкү артыкчылыктарга басым жасайт:
- Улутстатком тутумунун жашоо жөндөмдүүлүгүн жана ыңгайлашуусун кепилдеген заманбап институттук жана уюштуруучулук механизмдерди белгилөө;
- расмий статистиканы даярдоонун комплекстүү тутумдары үчүн арналган стандартташтырылган өндүрүш процесстерин куруу;
- статистикалык методологияларды, классификацияларды жана өлчөөлөрдү эл аралык стандарттар жана сунуштамалар менен өркүндөтүү жана шайкеш келтирүү;
- отчеттук жүктү жана бюджеттик чыгымдарды кыскартуу үчүн административдик маалыматтардын статистикалык максаттарда колдонулушун кеңейтүү;
- мамлекеттик маалыматтарды натыйжалуу жана ишенимдүү башкаруу максатында бирдиктүү концепцияларды, классификацияларды жана стандарттарды мамлекеттик органдардын колдонуусуна көмөктөшүү үчүн ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү тутумуна Улутстаткомдун активдүү катышуусу;
- расмий статистиканын сапатын башкаруу;
- расмий статистиканы өндүрүү үчүн маалыматтык технологиялардын инфратүзүмүн модернизациялоо;
- көп сандаган кызыкдар тараптар менен расмий статистиканын кызыкчылыктарында өнөктөштүк мамилелерди түзүү;
- расмий статистика жаатындагы потенциалды күчөтүү, персоналды даярдоо жана ресурстарды мобилизациялоо.
4. Улуттук статистика тутумунун институттук жана уюштуруучулук реформалары
Расмий статистиканын укуктук негиздерин өнүктүрүү жана бекемдөө. "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу Улутстаткомду эч бир саясатка же башка кызыкчылыктарга көз каранды болбогон маалыматтарды ишенимдүү жүргүзүүчү катары көрсөтүүнүн маанилүү элементи болуп саналат.
Ушул максатта расмий статистиканын укуктук жана институттук негиздерин өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу пландалууда. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн кызыкдар катышуучулардын кеңири чөйрөсү, анын ичинде административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөр менен болгон өз ара аракеттенүүсүн эске алып, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ички карама-каршылыктарды, коллизияларды жана расмий статистика жаатындагы боштуктарды жоюу предметине ар тараптуу талдоо жүргүзүлөт.
Улуттук статистика тутуму. Алдыда улуттук статистика тутумун координациялоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн эрежелерин, жол-жоболорун жана колдонмо принциптерин эл аралык статистика методдорун жана стандарттарды эске алуу менен макулдашуу, ошондой эле пайдалануучуларга заманбап жана ишенимдүү статистикалык маалыматтарды берүү боюнча иштер күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши. Расмий статистиканын актуалдуулугун жогорулатуу жана улуттук статистика тутумунун ачык-айкындуулук жана отчеттуулук принциптерин колдоо максатында расмий статистиканы стратегиялык өнүктүрүү маселелери боюнча консультативдик кеңешүүчү орган катары Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин иши активдештирилет.
Улутстаткомдун тутумунун түзүмүн жаңы бизнес-процесстерди киргизүү менен оптималдаштыруу. Улутстаткомдун азыркы убакта иштеп жаткан уюштуруучулук түзүмү тарыхый узак процесстин натыйжасы болуп саналат, ал "мору" (же "сызыктуу") принцибине негизделген, анын жүрүшүндө статистика ар бир тармакта бири-биринен көз карандысыз параллель өнүгүп келген. Аймактык статистика органдары тарабынан респонденттердин жыйналган статистикалык отчеттору мындай үлгүдө маалыматтык тутумдарга жүктөлүп, андан ары этап-этабы менен райондон облуска топтолот жана Улутстаткомдун Интеллектуалдык маалыматтар борборуна, андан соң Улутстаткомдун борбордук аппаратына жөнөтүлөт. Маалыматтарды топтоонун жана иштетүүнүн мындай көп деңгээлдүү схемасы өндүрүш процессиндеги иштердин кайталанышына, так эместиктерге жана каталарга, акырында статистикалык маалыматтарды даярдоонун мөөнөттөрүнүн узарышына алып келет.
Ушуга байланыштуу Улутстаткомдун жана анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн институттук түзүмүн Глобалдык баалоонун сунуштамаларына ылайык модернизациялоо жана өзгөртүп түзүү статистикалык маалыматтарды өндүрүүгө карата процесстик-багыттоочулук мамилени - Статистикалык маалыматтарды өндүрүүнүн типтүү моделин киргизүүнүн негизинде маалыматтык-технологиялык инфратузүмдү өнүктүрүүнүн эсебинен эки деңгээлдүү тутумга өтүүгө өбөлгө түзөт.
Бул моделдин негизги өзгөчөлүгү төмөнкүлөр: мында статистикалык процесстер статистикалык тармактар менен эмес, функцияларга ылайык уюштурулат, ошондой эле суроолор тизмектеринин дизайнында, методологияда, маалыматтарды топтоодо, IT-кызмат көрсөтүүлөрдө, маалыматтарды редакциялоодо жана жайылтууда кайталап колдонууга (маалыматтарга, методдорго жана процесстерге) негизделген өндүрүштүк процесстерди стандартташтырууну билдирет.
Алдыдагы мезгилде Улутстаткомдун көп деңгээлдүү региондук түзүмүн санариптик маалыматтарды топтоонун жол-жоболоруна жана технологияларына, анын ичинде автоматтык башкарууну жана редакциялоону колдонууга, процесстердин жана милдеттердин кайталанышын кыскартууга ылайыкташтырылган түзүмгө өзгөртүп түзүү пландалууда. Улутстаткомду жана анын аймактык бөлүмдөрүн кайра түзүү менен бир убакта анын ведомстволук бөлүмү - Интеллектуалдык маалыматтар борборун Улутстаткомдун бирдиктүү түзүмүнө интеграциялоо болжолдонууда, муну менен статистикалык изилдөөлөрдүн маалыматтарын да, административдик булактардан алынган маалыматтарды да кабыл алуу жана иштетүү камсыз кылынат.
5. Маалыматтарды топтоо, иштетүү жана жайылтуунун комплекстүү статистикалык тутумдары
Респонденттердин отчеттук жүгүн азайтуу. Азыркы убакта алгачкы маалыматтарды топтоо көлөмдүү жана толук кагаз түрүндөгү статистикалык формаларды (жалпы көлөмүнүн 80 пайыздан ашыгы) колдонуу менен ишке ашырылат. Мындай практика толтурулган статистикалык формулярлардын саны, деталдаштыруунун жана мезгилдүүлүктүн деңгээли боюнча ишканалардын отчеттук жүгү, ошондой эле Улутстаткомдун тутумунун бардык деңгээлдеринде (район, облус, республика) иштетиле турган маалыматтарды түзөтүү боюнча иштин чоң көлөмү менен байланышкан олуттуу көйгөйлөргө алып келет.
Мунун негизинде кайталанма көрсөткүчтөрдү жана формулярларды табуу жана жоюу үчүн жыйналуучу маалыматтардын мазмунун кайра карап чыгуу чаралардын топтомун жүзөгө ашыруу зарыл.
Отчеттук жүктү азайтуунун дагы бир маанилүү фактору болуп баштапкы маалыматтарды топтоону электрондук форматка толук масштабдуу өткөрүү зарылдыгы саналат. Бул кагаз түрүндөгү статистикалык отчетторду топтоого жана иштетүүгө кеткен бюджеттик чыгымдарды жокко чыгарууга, автоматтык коддоштурууну жана логикалык текшерүүлөрдү пайдалануу жолу менен баштапкы статистикалык маалыматтардын сапатын жана ырааттуулугун жогорулатууга, ошондой эле респонденттер тарабынан санариптик анкетага киргизилген жана Интернет аркылуу Улутстаткомдун маалыматтар базасына түз жөнөтүлгөн маалыматтарды топтоонун жана иштетүүнүн мөөнөтүн кыскартууга мүмкүндүк берет.
Административдик маалыматтарды статистикалык максаттарда пайдалануу. "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр маалыматтарды топтоо жана иштетүү боюнча чыгымдарды, респонденттердин отчеттук жүгүн кыскартуу максатында административдик маалыматтарды концептуалдык негизи шайкеш келген же статистикалык талаптарга ылайык ыңгайлашкан шартта аларды деталдаштыруунун зарыл болгон деңгээлинде колдонууга милдеттүү.
Ошол эле убакта административдик маалыматтарды бир кыйла толук пайдалануу зарылдыгы алардын жөнөкөйлүгүнөн жана наркынын төмөндүгүнөн, жеке адамдардан, үй чарбалардан жана уюмдардан түз суралып алынган маалыматтардын көлөмүнүн олуттуу кыскаруусунан улам өсүүдө.
Алдыңкы мезгилде административдик маалыматтардын маанилүү булагы болуп экономикалык статистика жана улуттук эсептер үчүн салык маалыматтары саналат; социалдык камсыздоо маалыматтары - жашоо шарттары статистикасы үчүн; жарандык абалдын актыларын каттоонун маалыматтары - демографиялык статистика үчүн, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек, миграция, транспорт жана башкалар - тиешелүү тармактык статистиканы өндүрүү үчүн.
Административдик маалыматтарды жана башка булактарды комплекстүү пайдалануу максатында төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзүү пландалууда:
- өлкөнүн бар болгон маалыматтык реестрлеринин актуалдуулугун, жарактуулугун жана сапатын аныктоо жана баалоо;
- маалыматтарды иштеп чыгуучулар - мамлекеттик органдар, коммерциялык уюмдар, анын ичинде МКТ инфратүзүмүнүн провайдерлери, академиялык чөйрөлөр, изилдөө мекемелери жана башка түзүмдөр менен өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу боюнча өнөктөш мамилелерди түзүү;
- маалыматтарды жеткирүүчүлөр менен маалыматтарды үзгүлтүксүз автоматташтырылган алууну уюштуруу үчүн маалыматтык тутумдарда маалыматтарды ылайык келтирүү жана салыштыруу предметине техникалык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- "Түндүк" ВЭӨТ пайдалануу аркылуу Улутстатком менен мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтарды кабыл алуунун жана берүүнүн интерфейстерин (адаптерлерин) иштеп чыгуу;
- маалыматтарды топтоонун жана иштетүүнүн комплекстүү тутумунун методологиясын иштеп чыгуу, статистикалык процессте административдик жана башка булактарды, келүүчү маалыматтардын сапатын текшерүүнүн методдорун пайдалануу, өндүрүш процессине маалыматтарды салыштыруу жана интеграциялоо;
- маалыматтарды алуу жана иштетүү боюнча жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү алуу үчүн административдик маалыматтар менен иштеген персоналдарды окутуу.
Мамлекеттик маалыматтарды башкарууга катышуу. Эреже катары, ар бир мамлекеттик орган маалыматтарды топтоону жана иштетүүнү өзүнүн функционалдык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жүзөгө ашырат. Натыйжада түзүмдөштүрүлбөгөн административдик маалыматтардын массивдери жыйналат жана түрдүү форматта сакталат, азыркы убакта бул маалыматтардын бардык потенциалдуу пайдалуулугун статистикалык максаттарда пайдалануу абдан кыйын жана дээрлик колдонууга мүмкүн эмес.
Мамлекеттик маалыматтарды тутумдук башкаруунун эл аралык тажрыйбасын эске алып, Улутстатком мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттенүү менен расмий статистиканы сапаттуу өндүрүү үчүн мамлекеттик маалыматтарды башкаруу боюнча иштерди координациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашырууну пландоодо. Ошол эле учурда мамлекеттик органдардын маалыматтык реестрлерин түзүүдө жана жүргүзүүдө бирдиктүү стандарттарды жана классификаторлорду колдонууга көмөктөшүүгө негизги көңүл коюлат.
Топтоонун жана иштеп чыгуунун комплекстүү тутумдары. Коомдун жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрү боюнча (анын ичинде глобалдашуу, климаттын өзгөрүшү, калктын улгайуусу, энергиялык натыйжалуулук ж.б.) интеграцияланган жана макулдашылган маалыматтарга карата пайдалануучулардын өсүп жаткан маалыматтык керектөөлөрү стандартташтырылган программалык камсыздоону жана тийиштүү сапатка ээ бардык жеткиликтүү маалымат булактарын пайдалануу менен жалпы (техникалык) инфратүзүмгө негизделген комплекстүү өндүрүштүк тутумдарды даярдоону талап кылууда.
Бул багытта Улутстатком тарабынан статистикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын административдик булактар, геомейкиндиктүү маалыматтар жана көлөмдүү маалыматтар менен айкалыштыруу жана интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрүн кароого басым жасалат.
Сапатты башкаруу тутуму. Статистикалык маалыматтарды өндүрүүнүн жана жайылтуунун бардык этаптарында анын сапатын башкаруу тутумунун бүтүндөй моделин түзүү пландалууда.
Эл аралык стандарттарга ылайык расмий статистиканын сапатын камсыздоонун улуттук принциптерин иштеп чыгууну, статистикалык өндүрүш процесстерин жана маалымдама метамаалыматтарды документтештирүүнү, өндүрүштүн бардык этаптарында сапатка мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле маалыматтардын сапатын башкаруу боюнча чараларды көрүүдө улуттук статистика тутумунун потенциалын күчөтүүнү камтыган иш-чаралардын топтомун жүзөгө ашыруу болжолдонууда.
Маалыматтарды жана метамаалыматтарды башкаруу тутуму. Статистикалык өндүрүштү модернизациялоонун алкагында маалыматтар жана алар менен байланышкан концепциялар (статистикалык көрсөткүчтөр жана алмашып туруучу көрсөткүчтөр, статистикалык бирдиктер, методология, статистикалык классификациялар, өлчөө бирдиктери, убактылуу катарлар, статистикалык жыйынды ж.б.у.с.) жөнүндө бардык маалыматтарды формалдуу түрдө камтыган маалыматтардын жана метамаалыматтардын бирдиктүү интеграцияланган тутумун түзүү боюнча иштер улантылат.
Ишканалардын статистикалык регистри. Статистикалык максаттарда кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтар .базасынын программалык камсыздоосун эл аралык стандарттарга ылайык модернизациялоо боюнча иштер улантылат.
Административдик маалыматтарды, анын ичинде салыктык, демографиялык, билим берүү жана башка потенциалдуу булактарды колдонуу боюнча иштерди күчөтүү пландалууда. Ошону менен бирге уникалдуу идентификатору (ОКПО, ИСН) жок жана жалпы стандарттар жана классификаторлор колдонулбаган административдик жазмаларды салыштырууда тутумду орнотуу жана жөндөө боюнча маселелерди чечүү каралууда.
Экономикалык глобалдашууну кеңейтүүнүн натыйжасында статистикалык регистрге ири жана комплекстүү көп улуттуу ишканалардын тийиштүү эсебин жүргүзүү үчүн глобалдашуу контекстине "ишканалардын тобу" жана "ишканалар" сыяктуу мааниге ээ жаңы статистикалык бирдиктерди киргизүү менен ишкердик ишти профилдөөнүн методдорун киргизүү талап кылынууда.
Статистикалык классификаторлор. Бул багытта классификациялоонун жана коддоштуруунун бирдиктүү тутумун андан ары өнүктүрүү жана улуттук статистикалык маалыматтардын эл аралык салыштырмалуулугун камсыздоо максатында улуттук классификаторлорду эл аралык стандарттар жана классификациялар менен макулдашуу маанилүү болуп саналат.
Статистикалык каттоолор. Алдыдагы орто мөөнөттүү мезгилде элди жана турак жай фондун статистикалык каттоого (2022-жылы), 2024-2025-жылдардын раундундагы айыл чарбасын каттоого жана экономикалык каттоого даярдык көрүү, өткөрүү, ошондой эле алардын жыйынтыктарын жайылтуу пландалууда.
2024-2025-жылдардын раундундагы айыл чарбасын каттоону өткөрүүнүн алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын административдик маалыматтарын пайдалануу менен маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун заманбап методдорун колдонуу аркылуу каттоонун методологиясын иштеп чыгуу жана аны өткөрүүнү уюштуруу пландалууда.
Экономикалык иштин бардык түрлөрү боюнча ишкердик субъекттердин түзүмү жана башкы жыйындысы жөнүндө толук маалыматтарды алуу максатында экономикалык каттоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштерди ишке ашыруу каралууда.
Региондук статистиканы (калктуу конуштардын статистикасын) өркүндөтүү. Региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн региондук статистиканын көрсөткүчтөрүнүн тутумун иштеп чыгуу пландалууда. Бул төмөнкүлөрдү камтыйт:
- региондук статистиканын (калктуу конуштардын статистикасы) индикаторлорунда пайдалануучулардын керектөөлөрүн аныктоо;
- калктуу конуштарды өнүктүрүү, анын ичинде туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарга таандык көрсөткүчтөрдү сандык баалоо жана көзөмөлдөө үчүн негизги көрсөткүчтөрдүн тизмегин аныктоо;
- региондук статистиканын (калктуу конуштардын статистикасынын) көрсөткүчтөрүнүн тутумунун Концепциясын (көрүнүшүн) иштеп чыгуу;
- калктуу конуштардын статистикасынын маалыматтарын топтоо жана берүү боюнча методологияларды жана колдонмо принциптерди иштеп чыгуу;
- региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун автоматташтырылган тутумун түзүү;
- калктуу конуштардын статистикасы чөйрөсүндөгү иштерди координациялоонун механизмин иштеп чыгуу.
Статистикалык маалыматтарды өндүрүү үчүн "Санарип аймак" тутумунун административдик маалыматтарын толук колдонуу маселеси боюнча статистика органдарынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо пландалууда.
Статистикалык маалыматтарды жайылтуу. Расмий статистиканын өндүрүүчүлөрү расмий статистика коомдук байлык болуп саналарын эске алуу менен бардык категориядагы пайдалануучулардын статистикалык маалыматтарга бирдей негизде акысыз жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздашы керек.
Бул максатта өзүнө төмөнкү элементтерди камтыган улуттук статистика тутуму үчүн жайылтуу жана коммуникациялар стратегиясы иштелип чыгат:
- бардык улуттук статистикалык тутум үчүн расмий статистиканы жайылтуунун интеграцияланган жана функциялык шайкеш келген платформасын түзүү;
- жайылтуу методдорун (веб-сайттар, порталдар, социалдык тармактар, визуалдаштыруу инструменттери, мобилдик тиркемелер ж.б.) иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
- метамаалыматтарды жана түшүндүрмө комментарийлерди коштоодо расмий статистиканын маалыматтарын жарыялоо;
- пайдалануучуларды маалымдоо үчүн каталарды жана оңдоолорду иштеп чыгуунун жол-жоболорун иштеп чыгуу.
Пайдалануучулар менен коммуникацияларды жакшыртуу. Пайдалануучулардын статистикалык маалыматтарга болгон керектөөлөрүн канааттандыруунун ыкмаларын жакшыртуу боюнча иштер улантылат. Актуалдуу жана ишенимдүү статистикалык маалыматтардын булагы катары Улутстаткомдун позитивдүү имиджин калыптандыруу максатында түрдүү топтогу пайдалануучулар менен төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган өз ара аракеттенүү боюнча стратегияларды иштеп чыгуу пландалууда:
- пайдалануучулардын максаттуу топторун аныктоо жана алардын болгон жана келечектеги статистикалык продуктуларга карата керектөөлөрүн талдоо жүргүзүү;
- өз интернет-продуктуларын пайдаланууну изилдөө үчүн веб-аналитиканы колдонуу жана келечектүү иштеп чыгуулардын артыкчылыктарын аныктоо;
- аныкталган керектөөлөрдүн негизинде пайдалануучулардын максаттуу топтору үчүн статистикалык маалыматтарды берүүнүн заманбап методдорун киргизүү;
- мамлекеттик органдардын түрдүү тармактардагы эксперттери менен алардын маалыматтарга болгон учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүн көзөмөлдөө жана чара көрүү боюнча тыгыз байланышты түзүү;
- бардык топтогу пайдалануучулардын керектөөлөрүн координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин аянтчасын пайдалануу;
- пайдалануучулардын максаттуу топтору менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жолу менен маркетинг ишин уюштуруу;
- көйгөйлөрдү башкаруу жана пайдалануучулардын канааттануу деңгээлин өлчөө үчүн пайдалануучулардын талаптарын аныктоо жана чара көрүү эрежелерин иштеп чыгуу.
6. Статистикалык өндүрүштү жана статистикалык методологияны өркүндөтүү
Статистикалык өндүрүштү өркүндөтүүнүн негизги багыты Статистикалык маалыматтарды өндүрүүнүн типтүү моделине ылайык стандартташтырылган жана иретке келтирилген өндүрүш процесстерин киргизүү болот. Бул милдеттерди ишке ашыруу маалыматтарга болгон жаңы керектөөлөрдү изилдөөнү, баштапкы административдик булактардан маалыматтарды алуу процессин долбоорлоону, статистикалык процесстерди документтештирүүнү, статистиканын бардык тармактарында методологияны стандартташтырууну, статистикалык талдоо методдорун киргизүүнү жана өндүрүштүн бардык этаптарында сапатты талап кылат.
Статистикалык методологияны өркүндөтүү эл аралык статистикалык стандарттарга, өлкөнүн ченемдик базасына, ошондой эле жаңы көрүнүштөрдүн пайда болушуна жана экономиканын уюштуруучулук жана өндүрүштүк түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү чаралары туруктуу негизде ишке ашырылат.
Улуттук эсептер. Курал-жаракка чыгымдарды эсептөө, пенсиялык фонддордогу үй чарба активдеринин наркынын өзгөрүшүнө баа берүү жана түзөтүү, ошондой эле ресурстук таблицаларды түзүүнү андан ары жакшыртуу жана "Чыгымдар-Чыгаруу" таблицасын колдонуу, интеграцияланган экономикалык эсептердин толук ырааттуулугун түзүүнү жыйынтыктоо сыяктуу ички дүң продукциянын түзүмүнө таасирин тийгизүүчү УЭТ 2008 жоболорун жана сунуштарын киргизүү боюнча иштер улантылат.
Айыл чарба статистикасы. Иштелип чыгуучу статистикалык маалыматтардын сапатын жана өз убагында болуусун жогорулатуу максатында AGRIS платформасы (Agricultural Research Information System - айыл чарба илимдеринин жана технологияларынын эл аралык маалыматтык тутуму) аркылуу комплекстүү изилдөөлөрдү киргизүү менен айыл чарба статистикасынын көрсөткүчтөрүн чогултуу, иштеп чыгуу жана жайылтуу методологиясын өркүндөтүү боюнча комплекстүү уюштуруучулук-методологиялык иш-чараларды жүргүзүү пландалууда.
Энергетика статистикасы. Бул багытта энергетика статистикасы боюнча эл аралык сунуштамаларга шайкеш келтирүү боюнча төмөнкү чаралардын комплексин ишке ашыруу пландалууда:
- энергетика статистикасы боюнча методологиялык жоболорду, өлкөнүн отун-энергетикалык комплексиндеги өндүрүштү өркүндөтүү, энергиянын өзгөргөн агымдарына ылайык келген отун-энергетикалык балансты түзүү;
- энергетика статистикасы боюнча эл аралык принциптерге ылайык республиканын энергетикалык балансын түзүү;
- отун-энергетикалык ресурстарды керектөөнү изилдөөнүн _ колдонуудагы тутумун жакшыртуу.
Өнөр жай статистикасы. Өнөр жай статистикасынын методологиясын өркүндөтүү, анын ичинде өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекстерин эсептөө боюнча программалык продуктуну жакшыртуу боюнча уюштуруучулук-методологиялык иш-чаралардын комплексин жүргүзүү пландалууда.
Курулуш жана инвестициялар статистикасы. Респонденттерге оорчулукту азайтуу жана инвестициялар боюнча жыйынды маалыматтарды түзүүнү жеңилдетүү максатында статистикалык инструменттерди өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт (отчеттордун айрым формаларынын көрсөткүчтөрүн заманбап электрондук сурамжылоонун бардык талаптарына жооп берген бирдиктүү электрондук формага бириктирүү).
Баалардын статистикасы. Өндүрүүчүлөрдүн бааларынын маалыматтарын автоматташтырылган топтоо жана иштеп чыгуу методу киргизилет, өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индексин эсептөөнүн методологиясы жакшыртылат. Пайдалануучулардын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында кыймылсыз мүлккө баалардын индексин иштеп чыгуу үчүн административдик жана жаңы маалымат булактарын пайдаланууну кеңейтүү жана керектөө бааларынын индексин аныктоо методдорун өркүндөтүү пландалууда.
Ишканалар жана финансы статистикасы. Бул чөйрөдөгү негизги багыт чарба жүргүзүүчү субъекттердин финансылык-чарбалык ишин мүнөздөгөн салык декларацияларын колдонуу жана аларды финансы статистикасынын методологиясына адаптациялоо аркылуу административдик маалыматтарды финансы статистикасы боюнча статистикалык отчеттордун колдонуудагы тутуму менен интеграциялоо болот.
Керектөө рыногу жана кызмат көрсөтүүлөр статистикасы. Соода жана кызмат көрсөтүү статистикасын толук камтууну камсыз кылуу максатында интернет-дүкөндөрү аркылуу Интернет глобалдык компьютердик тармагындагы сооданы эсепке алууну камсыздоо пландалууда. Эл аралык тажрыйба изилденет, статистикалык инструменттер иштелип чыгат жана аларды тестирлөө жүргүзүлөт. Эл аралык ченемдерге жана стандарттарга шайкеш келген Интернет аркылуу соода жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча статистикалык эсепке алуунун методологиясын иштеп чыгуу үчүн пилоттук изилдөө жүргүзүү талап кылышат.
Соода жана кызмат көрсөтүү жүгүртүүлөрүнүн көлөмүнүн олуттуу үлүшү формалдуу эмес сектордо жеке ишкерлер тарабынан жүргүзүлөрүн эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгөндөй ишкердик субъекттерди экономикалык каттоону жүргүзүү керектөө рыногунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн статистикасынын маалыматтарынын сапатын жогорулатуунун маанилүү маселеси болот.
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар статистикасы. МКТ чөйрөсүндө сапаттуу статистикалык маалыматтарды алуу үчүн МКТнын абалын жана өнүгүшүн мүнөздөгөн терминдердин жана аныктамалардын глоссарийин иштеп чыгуу, бул чөйрөдө изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн статистикалык инструменттерди иштеп чыгуу жана эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык МКТ статистикасынын методологиясын өркүндөтүү зарыл.
Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы. Эмгек статистиктеринин 20-эл аралык конференциясынын резолюциясына ылайык иш менен камсыз кылуу статистикасын өркүндөтүү боюнча уюштуруучулук-методологиялык иш-чаралардын комплекси жүргүзүлөт, анын ичинде Иш менен камсыз кылуу статусунун эл аралык классификатору кайра каралат жана ал статистикалык практикага киргизилет. Формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну эсепке алуунун, ошондой эле формалдуу эмес сектордо жаңыдан түзүлгөн жумуш орундарын эсепке алуунун методологиясын иштеп чыгуу пландалууда.
Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы соодасынын статистикасы. Тышкы соода статистикасынын методологиясын, чек ара соодасынын көлөмүн эсепке алууну жана баалоону, айлык индекстик көрсөткүчтөрдү эсептөөлөрдү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодага статистикалык байкоо жүргүзүүнү өркүндөтүү, кабыл алынган эл аралык стандарттарга ылайык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук жана трансчек аралык сатууну эсепке алуу боюнча уюштуруучулук-методикалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүү пландалууда.
Үй чарба статистикасы. 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы боюнча үй чарбаларынын бюджетин жана жумушчу күчтү изилдөө үчүн тандап алуу тутумун өзгөртүү боюнча иштерди жүргүзүү пландалууда.
Үй чарбаларын интеграцияланган тандалма изилдөөнүн баштапкы маалыматтарынын сапатын башкаруу максатында маалыматтарды редакциялоо (импутациялоо) методун, регрессиялык моделдерди жана тегиздөө коэффициенттерин колдонуу пландалууда.
Демографиялык статистика. Сапаттуу демографиялык статистиканы чыгаруу максатында административдик булактардан алынган микромаалыматтарды иштеп чыгуу ыкмаларын өркүндөтүү, демографиялык кырдаалга статистикалык талдоо жүргүзүү методдорун жана жайылтылуучу маалыматтардын сапатын жакшыртуу пландалууда.
Социалдык статистика. Маалыматтарды чогултууну жакшыртуу жана оптималдаштыруу максатында Майыптык статистикасы боюнча иштөөнүн, жашоо-тиричиликтин чектелишинин жана ден соолуктун эл аралык классификациясын киргизүү, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча электрондук маалыматтар базасын түзүү, жаңы оорулардын эл аралык классификациясынын (ОЭК-11) жаңы версиясын киргизүү, жаңы ченемдик укуктук актыларга ылайык кылмыштуулук боюнча статистикалык отчетторду жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү пландалууда.
Гендердик статистика. Азыркы учурда республиканын улуттук статистика тутуму БУУнун гендердик көрсөткүчтөрүнүн минималдуу топтомунун 51 индикаторунун ичинен 38 көрсөткүчтү чыгарат. Мында алардын көбү экономикалык өндүрүштүк иш жана аялдардын жана кыздардын укугу чөйрөсүндө жок.
Кийинки беш жылда гендердик теңчиликке жетүүгө жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө карай прогрессти өлчөө үчүн гендердик сезимтал индикаторлордун улуттук тутумун иштеп чыгуу пландалууда. Бул милдет Улутстатком тарабынан гендердик статистиканын башка өндүрүүчүлөрү менен бирдикте жетишпеген көрсөткүчтөрдү өндүрүү боюнча иш-чаралардын комплекстүү планынын алкагында чечилет. План ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмин түзүү, гендердик статистика боюнча колдонмолорду жана нускамаларды, гендердик көрсөткүчтөрдүн интерактивдүү порталын иштеп чыгуу жана комплекстүү баалоо үчүн башка сунуштарды камтыйт.
Маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, талдоо жана жайылтуу процессине байланыштуу ушул Программанын бардык иш-чаралары гендердик-дезагрегацияланган көрсөткүчтөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
Айлана-чөйрө статистикасы. Бул чөйрөдөгү башкы максаттуу багыттардын арасында Жаратылыш-экономикалык эсепке алуу тутумуна ылайык экологиялык эсептерди иштеп чыгуу жана климаттын өзгөрүүсүнүн статистикасын киргизүү саналат. Бул максатта айлана-чөйрө статистикасынын сапаттык көрсөткүчтөрүнүн тутумун түзүү боюнча уюштуруучулук-методикалык иш-чаралардын комплекси ишке ашырылат.
Туризм статистикасы. Туризм статистикасы чөйрөсүндөгү эң маанилүү багыт болуп Дүйнөлүк туризм уюмунун методикасына ылайык туризмдин көрсөткүчтөрүн кыйла толук жана деталдуу эсепке алуу үчүн тиешелүү методологиялык жоболорду иштеп чыгуу, ошондой эле УЭТ 2008 эл аралык стандарттарына ылайык туризм боюнча сателлиттик эсептерди иштеп чыгуу саналат.
Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын статистикасы. Бардык иштер ТӨМгө мониторинг жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын статистикалык потенциалын чыңдоо боюнча Жол картасынын иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында уюштурулат. ТӨМ боюнча отчеттордун улуттук платформасын андан ары өркүндөтүү жана машина менен окулуучу форматтарда (анын ичинде SDMX) маалыматтарга жана метамаалыматтарга жетүүнү камсыз кылуу пландалууда.
Улутстатком ТӨМ 2030 күн тартибинин "эч кимди артта калтырбоо" принцибине ылайык ТӨМ көрсөткүчтөрү үчүн дезагрегацияланган маалыматтардын (жынысы, жашы, географиялык жайгашуусу жана башка белгилер боюнча) жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди улантат.
7. Маалыматтык-технологиялык инфратүзүмдү модернизациялоо
Улутстаткомдун учурдагы өндүрүштүк тутумунда ("мору" модели) иштелип чыгуучу программалардын түзүмүн, колдонулуучу интерфейсти жана өзгөрүлмө белгилердин тутумун аныктоого карата бирдиктүү мамиле жок. Алсак, маалыматты электрондук иштеп чыгуунун ар бир тармактык комплекси күчтөрдүн жана функциялардын кайталанышына алып келген жөндөлүүчү процесстердин өздүк жеке топтомуна ээ. Жалпысынан бул айырмачылыктар модернизациялоо жана автоматташтыруу процесстерин, маалыматты, методдорду жана технологияларды кайра колдонууну кыйындатат жана жаңы статистикалык продуктуларды өз убагында түзүүгө тоскоолдук жаратат.
Улутстаткомдун маалыматтык, колдонмо жана технологиялык инфратүзүмүн модернизациялоо максатында Дүйнөлүк банктын долбоорун ишке ашыруунун алкагында Статистика уюмдары үчүн иштин бирдиктүү моделинин стандарттарына ылайык жаңы бирдиктүү статистикалык бизнес-архитектурасын иштеп чыгуу пландалууда. Бул стандарт өндүрүш, стратегиядан тартып мүмкүнчүлүктөрдү башкарууга жана корпоративдик колдоого чейин статистикалык иштин бардык тармактарын камтыган статистикалык өндүрүштү колдоо үчүн зарыл болгон бардык бизнес-процесстерге багытталган. Мындай интеграцияланган өндүрүштүк тутумду куруу жалпы методдорду иштеп чыгууну жана колдонууну жана маалыматтык технологиялардын компоненттерин ийкемдүү түрдө кайра колдонууну болжолдойт. Жаңы статистикалык өндүрүш процесстери алардын конкреттүү талаптарына кыйла жооп берген кандай болбосун тиркемелерди (же алардын бөлүктөрүн) пайдалануу менен колдонуудагы модулдарды тандоо жана жөндөө жолу менен ("күйгүз жана иште" принцибинин негизинде) чогултулат. Бул модулдук ыкманы колдонуу Улутстаткомго жаңы продуктуларды берүү жана кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонуудагы статистикалык маалыматтарды жана метамаалыматтарды чоң даярдык менен кайра колдонууга жана интеграциялоого мүмкүндүк берет.
Ведомстволук реестрлердин административдик маалыматтарын пайдалануу боюнча алдыдагы масштабдуу иштерди эске алуу менен, тиешелүү базалык статистикалык реестрлердин (калк, кыймылсыз мүлк жана чарбалык субъектилер) негизинде жаңы интеграцияланган өндүрүштүк тутумду курууну баштоо пландалууда. Мында базалык статистикалык регистрлер административдик маалыматтардын үзгүлтүксүз автоматташтырылган агымын жана түзүмдүү түрдөгү статистикалык изилдөөлөрдүн маалыматтарын колдонуунун негизинде бирдиктүү идентификациялык коддор (ОКПО, ИСН, ЖИН, КМБ) менен байланыштырылат. Өндүрүштүк маалыматтар базаларында жана сактоодо жеткиликтүү жана маңыздуу уюштурулган маалыматтар массивдери менен регистрлерге негизделген өндүрүштүк тутум маалыматтарга учурдагы жана пайда болгон керектөөлөрдү камсыз кылат. Статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн статистикалык регистр тандап алуу негизи катары кызмат кылат.
Азыркы учурда статистикалык маалыматтарды сактоо да. борборлоштурулбаган ыкма менен ишке ашырылат, бул аларды көп жолу пайдаланууну дээрлик мүмкүн эмес кылат. Бул көйгөйдү жоюу үчүн маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуучу жана үч деңгээлдүү сервердик инфратүзүмдөн үзгүлтүксүз режимде (онлайн) бирдиктүү корпоративдик тармак аркылуу бардык сервистерди жана кызматтарды көрсөтүүгө өтүүгө мүмкүндүк берүүчү бирдиктүү маалыматтарды сактоо архитектурасын иштеп чыгуу пландалууда.
Маалыматтардын коопсуздугу жана купуялуулугу Улутстаткомдун статистикалык жана IТ-инфратүзүмүн модернизациялоонун артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Купуя маалыматтар деперсонализациялоонун заманбап ыкмаларын колдонуу менен атайылап же атайылап эмес мыйзамсыз пайдалануудан корголушу керек. Бул максатта "Түндүк" ЭВӨС жана Интернет аркылуу маалымат алмашуу үчүн кошумча аутентификациясы бар виртуалдык жеке тармактын (VPN) каналдарын, санкциясыз кирүүлөрдү аныктоо жана алдын алуу үчүн көп деңгээлдүү программалык камсыздоолор колдонулат. Ошондой эле ыйгарым укугу жок адамдардын маалыматтарга кирүүсүн алдын алуу үчүн жөнгө салуучу, административдик, техникалык жана уюштуруучулук маселелер чечилет.
8. Статистикалык интеллектуалдык потенциалды күчөтүү
Кайра түзүү процесстерин ишке ашыруу Улутстаткомдун адистерин кесиптик даярдоо үчүн кадрдык потенциалга олуттуу инвестицияларды талап кылат. Дүйнөлүк банктын долбоорун жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн техникалык жардамдарын ишке ашыруунун алкагында туруктуу статистикалык потенциалды түзүү боюнча адистештирилген окутуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу пландалууда.
Мындан тышкары төмөнкү иш-чаралардын кеңири чөйрөсүн жүргүзүү каралууда: Улутстаткомдун жана башка кызыкдар мамлекеттик органдардын жаңы көндүмдөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында заманбап окуу планын иштеп чыгуудан тартып Улутстаткомдун жана тармактык министрликтерде жана ведомстволордо улуттук жана райондук деңгээлде иштеген статистиктердин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөрүнүн) кызматкерлеринин кадрдык потенциалын камсыздоо максатында статистика боюнча курстарды киргизүү аркылуу окуу программаларын жогорку билимдин деңгээлине чейин жакшыртуу.
Кадрларды башкаруу жана персоналдын квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүү чөйрөсүндө статистикалык иштер жана электрондук документ жүгүртүү менен айкалышкан жумуш убактысын эсепке алуунун комплекстүү тутумун түзүү каралууда.
Академиялык, техникалык, башкаруучулук көндүмдөрдүн жана иш тажрыйбасынын кеңири спектрине ээ көп тармактуу персоналдарды алуу максатында персоналды жалдоо, карьералык өстүрүү, билим берүү жана кесиптик даярдоо боюнча стратегия иштелип чыгат. Бул багытта техникалык жана башкаруучу кадрларды даярдоонун бардык этаптары, персоналды кармап калуу жана мотивациялоо, алардын квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү каралат. Учурдагы маалыматтык-технологиялык чөйрөнү эске алуу менен статистика жаатындагы методдор жана стандарттар боюнча салттуу техникалык даярдоо программалары жана курстар инновациялык технологиялар жана кайра түзүү процесстерин башкаруу маселелери боюнча кесиптик даярдоо менен толукталат.
9. Эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү
Расмий статистиканын негиз болуучу принциптерине ылайык статистика жаатындагы эл аралык кызматташтык улуттук статистика тутумдарынын ишин жакшыртууга жана жогорку сапаттагы статистиканы иштеп чыгууга өбөлгө болот. Бул максатта Улутстатком эл аралык экономикалык жана статистикалык уюмдар, башка өлкөлөрдүн улуттук статистикалык кызматтары менен төмөнкү багыттар боюнча активдүү кызматташууну улантат:
- улуттук расмий статистикалык методологияны, классификацияларды жана өлчөөлөрдү статистика жаатындагы эл аралык стандарттарга жана сунуштамаларга андан ары шайкеш келтирүү;
- статистиканы өнүктүрүү маселелери боюнча эл аралык статистикалык конференцияларга жана семинарларга активдүү катышуу аркылуу улуттук статистикалык потенциалды чыңдоо.
10. Программанын иш-чараларын каржылоо жана аны ишке ашыруудагы тобокелдиктер
Бул Программанын негизги иш-чараларын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 30-июнундагы № 70 Мыйзамы менен ратификацияланган Дүйнөлүк банктын "Салыктык башкарууну жана статистика тутумун модернизациялоо" долбоорунун алкагында, өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн колдоосунда, тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылдарга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылат.
Бул Программанын иш-чаралары статистика органдары тарабынан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча органдары менен өз ара аракеттенүүдө ушул Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык ишке ашырылат.
Программаны ишке ашырууга тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон тобокелдиктер:
- дүйнөдөгү тышкы саясий кырдаалдын курчушу;
- дүйнөдө жана республикада эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашы, бул жабдууларды жеткирүүгө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө таасирин тийгизиши мүмкүн.
Программаны ишке ашыруу процессинде белгиленген тобокелдиктерди азайтуу максатында Планды аткаруунун жүрүшүндө биринчи кезектеги чараларды контролдоону камсыздоо жана аны ишке ашырууну күндөлүк башкарууну жакшыртуу; Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүү, Программанын иш-чараларын туруктуу талдоо жана зарылчылыкка жараша аларды түзөтүү; бюджеттөөгө жана каржылоого карата мамилелерди оптималдаштыруу, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн донордук жардамын активдүү тартуу.
11. Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Бул Программанын иш-чараларынын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны ишке ашыруу прогрессин көзөмөлдөөнүн натыйжалуу инструменти болот, ал илгерилетүү процессине түзөтүүлөрдү киргизүү жолу менен демилгелүү чечимдерди кабыл алууга жана тутумдун жалпы өнүгүүсүнө алардын тийгизген таасирине баалоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо ушул Программанын тиркемесине ылайык .Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасында белгиленген базада түзүлөт.
Иш-чаралар планынын аткарылышы жана орто аралык натыйжаларды баалоо тууралуу маалымат Улутстатком тарабынан Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ар жылдык негизде берилет.