Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-ноябры № 655
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын калктуу конуштарынын аймагын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 17-мартындагы № 01-39/275 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 11 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында жайгашкан 58,48 га жер жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинде:
- № 291 (10,81 га жайыт), № 399 (0,68 га жайыт), № 397 (1,32 га жайыт), № 12 (3,77 га жайыт), № 93 (1,23 га жайыт), № 214 (2,28 га жайыт), № 213 (3,90 га жайыт), № 232 (0,04 га жайыт), № 234 (0,23 га жайыт), № 84 (1,88 га жайыт), № 85 (0,52 га жайыт), № 86 (0,90 га жайыт), № 87 (0,20 га жайыт), № 1343 (6,5 га жайыт), № 1349 (1,28 га чөп сактоочу жай), № 1350 (4,70 га жайыт), № 1408-1409-1413 (5,54 га жайыт), № 1414 (0,08 га кыштоо үчүн), № 1413 (4,60 га жайыт), № 816 (2,29 га жайыт), № 817 (4,12 га жайыт), № 853 (0,24 га жайыт), № 818 (0,72 га чөп сактоочу жай), № 1462 (0,15 га кыштоо үчүн), № 858 (0,50 га жайыт) контурларда.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 29-ноябрындагы N 105 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|
|