Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-ноябры № 643
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын жашоочуларын жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 03/1343 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 27 токтомун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында жайгашкан 215,79 га жерлер жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын), алардын ичинен:
- № 259 (15,92 га), № 263 (5,57 га), № 265 (30,16 га), № 278 (7,36 га), № 279 (3,59 га), № 267 (13,43 га), № 198 (20,0 га), № 196 (15,0 га), № 208 (8,0 га), № 212 (6,0 га), № 250 (29,80 га), № 249 (13,70 га) контурларындагы жалпы аянты 168,53 га кайрак айдоо;
- № 338 (43,85 га), № 345 (0,08 га), № 347 (0,05 га), № 349 (0,04 га), № 262 (0,18 га), № 268 (0,14 га), № 270 (0,09 га), № 346 (0,09 га), № 348 (0,03 га), № 350 (0,05 га), № 264 (0,39 га), № 269 (0,07 га), № 260 (2,20 га) контурларындагы жалпы аянты 47,26 га жайыт.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |