Загрузка документа…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 645 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын (мындан ары - сыйлыктар) изденип алууга конкурс өткөрүүнү уюштуруу боюнча эрежелерди аныктайт.
2. Сыйлыктарды изденип алууга конкурс (мындан ары - конкурс) ата мекендик ишканаларды жана уюмдарды продукциянын коопсуздугун камсыз кылууда дем берүү, чыгарылуучу продукциянын жана көрсөтүлүнчү кызматтардын сапатын өркүндөтүү, ошондой эле менеджмент системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлөт.
3. Сыйлыктар конкурстук негизде төмөнкүлөр үчүн ыйгарылат:
1) продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатында олуттуу натыйжаларга жетишүү, алардын коопсуздугун камсыз кылуу;
2) эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берген продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга алып келген илимий жана уюштуруу-техникалык иштер;
3) сапатты башкаруунун жогорку натыйжалуу системаларын жана методдорун киргизүү.
2. Сыйлыктарды изденүүгө конкурсту уюштуруу
4. Сыйлыктар эки жылда бир жолу төмөнкүдөй номинациялар боюнча ыйгарылат:
1) өндүрүштүк багыттагы продукцияларды жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү;
2) азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү;
3) кызмат көрсөтүүлөр.
5. Сыйлыктарды изденип алууга менчигинин түрүнө карабастан, товарларды өндүрүү жана кызматтарды көрсөтүү менен алектенген, кызматкерлеринин саны төмөнкүдөй болгон юридикалык жана жеке жактар (ишкердик субъекттер) талапкер боло алышат:
1) чакан ишканалар (саны 50 адамга чейин);
2) орто ишканалар (саны 51ден 200 адамга чейин);
3) ири ишканалар (саны 201 адамдан жогору).
6. Конкурс Сыйлыктарды ыйгаруу боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) тарабынан кезектеги конкурс өткөрүлгөн жылдан мурунку жылдын башында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
7. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө билдирилген номинацияда төмөнкүлөр ыйгарылат:
1) биринчи орун үчүн лауреат наамы, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин диплому жана өндүрүштөгү, илимдеги, жогорку технологияларды жана инновацияларды киргизүүдөгү сиңирген эмгеги, жетишкендиктери үчүн белгиленген үлгүдөгү байге (лауреат үчүн байге стеласы);
2) экинчи орун үчүн дипломанттын наамы, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин диплому жана өндүрүштөгү, технологиядагы жана илимдеги жогорку натыйжаларды ырастагандыгы үчүн белгиленген үлгүдөгү байге (дипломанттар үчүн байге стеласы).
Дипломдордун жана байге стелаларынын үлгүлөрү Кеңештин чечими менен бекитилет.
8. Конкурска катышууну каалаган субъекттер Кеңештин Техникалык катчылыгына Кеңеш тарабынан белгиленген үлгүдөгү өтүнмөнү беришет. Уюм төмөнкүдөй документтерди берет:
1) конкурска катышуу үчүн өтүнмөнү;
2) юридикалык жактар үчүн башкаруу схемасын (уюштуруу түзүмүн);
3) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн.
9. Кеңештин Техникалык катчылыгы өтүнмөнү алгандан кийин 10 календардык күндүк мөөнөттө уюмдарга жана ишканаларга уюмдар - конкурска катышуучулар үчүн колдонмону (мындан ары - колдонмо) жөнөтөт.
10. Конкурска катышуу үчүн катышуучу уюм Кеңештин Техникалык катчылыгына колдонмонун талаптарына ылайык материалдарды жана өзүн-өзү баалоо боюнча отчетту берет.
3. Конкурстун катышуучуларын баалоо боюнча эксперттик комиссиянын иш тартиби
11. Катышуучуларды конкурска тандоону жана сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды даярдоону Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын изденип алууга конкурстун катышуучуларын баалоо боюнча эксперттик комиссия (мындан ары - эксперттик комиссия) жүзөгө ашырат.
12. Эксперттик комиссия берилген материалдардын объективдүүлүгүн текшерүү жана уюмдарды баалоо максатында катышуучулардын отчетторуна экспертиза жүргүзөт жана катышуучу уюмдарды жеринде текшерет (мындан ары - жеринде баалоо) жүргүзөт.
13. Эксперттик комиссиянын иш тартиби жана катышуучу уюмдардын отчетторуна экспертиза жүргүзүү жана уюмдарда жеринде баалоо мөөнөттөрү Кеңеш тарабынан бекитилет.
Жеринде баалоо программасы конкурска катышуучунун тармактык өзгөчөлүгүн эске алуу менен түзүлөт. Уюм макулдашылган программага ылайык эксперттик комиссиянын иши үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылат.
14. Уюмдарды жеринде текшерүүнүн натыйжалары боюнча эксперттик комиссиялар Кеңешке акыркы баалоонун балл менен көрсөтүлгөн эксперттик корутундуларын берет.
Конкурстун катышуучулары колдонмодо белгиленген критерийлер боюнча сыйлыктардын модели боюнча балл менен бааланат.
15. Эксперттик комиссия тарабынан конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоодо ISO 9001, 14001, 22000, 45001, 50001, НАССР, GLOBAL G.А.Р., GМР жана башка эл аралык стандарттарга ылайык менеджмент системасын киргизген уюмдарга артыкчылык берилет.
4. Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу жол-жобосу
16. Эксперттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча Кеңеш сыйлыктарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин дипломдору менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды түзөт жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет.
17. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө тескемеси жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
18. Конкурстун лауреаттарына жана дипломанттарына сыйлыктар жылдын аягында берилет.
19. Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо программага ылайык салтанаттуу жагдайда өткөрүлөт. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тапшырат.
20. Сыйлыктын лауреаттары сапат жаатындагы иш тажрыйбаларды алмашууга милдеттүү. Конкурска катышкан ишкердик субъекттери сапат жаатындагы ишине баа алышат.
21. Конкурстун жеңүүчүлөрү сыйлык ыйгарылгандан кийин 3 жылдан эрте эмес конкурска кайрадан катышууга укуктуу.
22. Сыйлыктарды изденип алууга конкурстун лауреаттары жана дипломанттары "Сапат" сыйлыгынын эмблемасын сыйлык ыйгарылган күндөн тартып 3 жылдын ичинде өздөрүнүн маалыматтык жана жарнама материалдарында пайдаланууга укук алышат.
23. Кеңештин Техникалык катчылыгынын сунушу боюнча конкурстун лауреаттары жана дипломанттары тарабынан продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, коопсуздугу жаатындагы иш чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын милдеттүү талаптары (техникалык регламенттер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, шайкештикти милдеттүү ырастоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору) бузулган учурда Кеңеш тарабынан "Сапат" эмблемасын пайдалануу укугу чакыртып алынат.
Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, коопсуздугу боюнча милдеттүү талаптар бузулган учурлар жөнүндө келип түшкөн даттанууларды контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын текшерүүлөрүнүн натыйжалары боюнча Кеңештин Техникалык катчылыгы техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте Кеңешке сунуштарды киргизет.