Загрузка документа…
2-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 645 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) ишин уюштурууну аныктайт.
Кеңеш аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын жетекчилеринен, сапатты башкаруу жаатындагы жетектөөчү окумуштуулардан жана адистерден, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кеңештин төрагасы болуп саналат.
2. Кеңештин жеке курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана ар бир эки жылдан кийин кайра каралат, бул тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
2. Кеңештин функциялары
3. Кеңешке төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт:
1) Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын (мындан ары - сыйлыктар) изденип алууга конкурс өткөрүү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымдоо;
2) эксперттик комиссиянын курамын жана алардын иш тартибин бекитүү;
3) конкурска катышуучу уюмдар үчүн колдонмолорду бекитүү, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: өтүнмөнүн формасы жөнүндө; катышуучу уюмдар тарабынан отчет берүү жана аларды берүүнүн шарттары жөнүндө;
4) акыркы баалоону балл менен көрсөтүү аркылуу эксперттик корутундуларды кароо;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин дипломдору менен сыйлоо үчүн сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды түзүү жана уюмдарды аныктоо;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө жана дипломдор менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды берүү;
7) Кыргыз Республикасынын сапат боюнча "Сапат" сыйлыгынын эмблемасын бекитүү;
8) дипломдордун жана сыйлык стелаларынын үлгүлөрүн бекитүү;
9) конкурстун жеңүүчү лауреаттарын жана дипломанттарын сыйлоо аземин өткөрүүнү уюштуруу;
10) лауреаттар жана дипломанттар тарабынан продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана коопсуздугу жаатындагы иш чөйрөсүнө милдеттүү талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда "Сапат" эмблемасын пайдалануу укугун чакыртып алуу;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сыйлыктарды жакшыртуу, ошондой эле конкурстун жеңүүчүлөрүнө артыкчылыктарды берүү жөнүндө сунуштарды берүү;
12) лауреаттардын жана дипломанттардын тажрыйбасын жана жетишкендиктерин жайылтууга жана кеңири колдонууга киргизүүгө көмөктөшүү.
3. Кеңештин ишин уюштуруу
4. Кеңеш ишин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүргүзөт.
5. Кеңеш сыйлыктарды изденип алууга берилген материалдарды (отчетторду) баалоо жана катышуучу уюмду жеринде баалоо үчүн эксперттик комиссияларды түзөт.
6. Кеңештин Техникалык катчылыгы бар, ал Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органынын адистеринен түзүлөт.
7. Кеңештин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси болгондо укуктуу деп эсептелет.
8. Кеңештин чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9. Кеңештин чечими протокол менен таризделет.
4. Кеңештин Техникалык катчылыгынын ишин уюштуруу
10. Кеңештин Техникалык катчылыгы ишин төмөнкүдөй багыттарда жүзөгө ашырат:
1) Кеңешти уюштуруучулук-техникалык жактан камсыздоо;
2) ЖМКларда сыйлыктарды изденип алууга конкурс өткөрүү жөнүндө маалымдоо;
3) конкурстун катышуучуларынан түшкөн материалдарды кабыл алуу (катышуучулардын өтүнмөлөрүн, анкета - декларацияларын, уюмдардын түзүмдүк схемаларын жана уюмдардын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн);
4) конкурстун катышуучу уюмдарын методикалык жактан камсыздоо, мында конкурстун катышуучу уюмдары үчүн колдонмо жөнөтүлөт, ага ылайык алар конкурска отчетторду беришет;
5) конкурска катышуучу уюмдардан сыйлыктын критерийлери боюнча өзүн-өзү баалоо жөнүндө отчетторду кабыл алуу;
6) конкурска андан ары катышуу үчүн катышуучу уюмдарды тандоо;
7) конкурска андан ары катышууга жол берилбеген конкурстун катышуучуларына эксперттик корутундуларды жөнөтүү;
8) конкурсанттарга жеринде баалоо жүргүзүүнү уюштуруу;
9) конкурстун катышуучуларын баалоо боюнча эксперттик комиссиянын жана Кеңештин жыйналыштарын уюштуруу жана өткөрүү;
10) конкурстун жеңүүчү лауреаттарын жана дипломанттарын сыйлоо аземин өткөрүүнү уюштуруу.