Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-ноябры № 661
"Электр станциялар" жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорун финансылык жактан чыңдоо жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 92, 2026-жылдын 25-майындагы № 367 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик стратегиялык энергетикалык ишканалардын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы № 5 "Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" чечимин аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо "Кыргызстан улуттук электр тармагы" жана "Электр станциялар" ачык акционердик коомдоруна алардын уставдык капиталдарын көбөйтүү үчүн бөлүнүүчү акча каражаттарды карасын:
- 2023-жыл - 10795299,3 миң сом;
- 2024-жыл - 55847250,2 миң сом;
- 2025-жыл - 57065781,4 миң сом;
- 2026-2030-жылдары - бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды жоюу графигинде көрсөтүлгөн карыздарды жоюу суммаларынан кем эмес, мында бөлүнгөн каражаттардын суммалары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды жоюу графигинде көрсөтүлгөн суммалардын өлчөмүнөн ашышы мүмкүн;
2) ушул токтомдун шарттарына ылайык "Кыргызстан улуттук электр тармагы" жана "Электр станциялар" ачык акционердик коомдорунун акционери болуп чыксын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 92 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги "Электр станциялар" жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын аталган ачык акционердик коомдордун уставдык капиталдарына киргизилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилген каражаттардын суммасына кошумча эмиссияны чыгарууну жыл сайын белгиленген тартипте камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык акча каражаттарын бөлгөндө аталган акционердик коомдордо акциялардын жалпы санынан 1/3 өлчөмүнөн көп эмес өлчөмдөгү үлүшкө акционер болуп калат жана "Электр станциялар" жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы карыздык милдеттенмелерин толугу менен жойгонго чейин кийинки кошумча эмиссияларды жүргүзгөндө ушул деңгээлдеги үлүшү сакталат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилген каражаттардын суммасына "Электр станциялар" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын кошумча эмиссиясынын калган үлүшү Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 92 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык уставдык капиталды көбөйтүүгө бөлүнгөн акча каражаттарын бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды жоюуга жумшоо;
- бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды мөөнөтүнөн мурда жоюу.
4. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык уставдык капиталды көбөйтүүгө бөлүнгөн акча каражаттарын бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды жоюуга жумшоо;
– бюджеттик кредиттер боюнча карызды ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттарынан тышкары өздүк каражаттардын эсебинен 2023-жылы 1 800 000 000 (бир миллиард сегиз жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө, 2024–2025-жылдары 2 000 000 000 (эки миллиард) сомдон кем эмес өлчөмдө жыл сайын жоюуну жүргүзүү;
- бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды мөөнөтүнөн мурда жоюу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 92, 2026-жылдын 25-майындагы № 367 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |