Загрузка документа…
Тиркеме
|
Судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын
тизмеги
Судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмегине төмөнкүлөр кирет:
1. Туруктуу оор же улам күчөп туруучу ооруксунткан көрүнүштөр менен коштолгон өнөкөт жана создуккан психикалык бузулуулар:
1) органикалык, анын ичинде симптомдуу психикалык бузулуулар (F00-F09);
2) шизофрения, шизотиптүү жана жөөлүмө бузулуулар (F20-F29);
3) маанайдын бузулуусу (аффекттик бузулуулар) (F30-F39);
4) стресс менен байланышкан невротикалык жана соматоформдук бузулуулар (F40-F49);
5) физиологиялык бузулуулар жана физикалык факторлор менен байланышкан жүрүм-турум синдромдору (F50-F59);
6) жетилген курактагы инсандык жана жүрүм-турумдун бузулуулары (F60-F69);
7) акыл-эстин артта калуусу (F70-F79).
Баш мээни милдеттүү түрдө электроэнцефалографияга тарттыруу, эксперименттик-психологиялык текшерүүдөн өтүү.
2. Активдүү заттарды колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары (F10-F19):
8) алкоголду ичүү менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары (F10);
9) опиоиддерди колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары (F11);
10) каннабиноиддерди колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары (F12);
11) седативдүү жана уктатуучу каражаттарды колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары (F13);
12) кокаинди колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары (F14);
13) кофеинди кошо алганда, стимуляторлорду колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары (F15);
14) галлюциногендерди колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары (F16);
15) тамеки чегүү менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары (F17);
16) учма эритмелерди колдонуу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары (F18);
17) бир эле учурда бир нече баңги каражаттарын колдонуу жана башка психоактивдүү заттарды пайдалануу менен байланышкан психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуулары (F19).
3. Эндокринологиялык оорулар:
18) Е 00 - тубаса йод жетишсиздиги синдрому (Е00.0-Е00.9);
19) Е 03 - гипотиреоздун башка түрлөрү (декомпенсацияланып өтүшү):
Диффуздуу богогу же богогу жок тубаса гипотиреоз (Е 03.0-Е 03.1);
20) Е05 - көрбөй калуу коркунучун туудурган эндокрин офтальмопатиясынын билинүүсү менен декомпенсацияланган тиреотоксикоздун оор өтүшү (шишиген экзофтальм же эндокриндик миопатия) (Е 05.0-Е 05.9; Н06.2);
21) Е10 - 1 -типтеги кант диабети, өзгөчө баш мээ жагынан макро жана микротамырчалардын татаалдашып өрчүшү менен гипогликемиялык реакцияларга жакын болгон өзгөрмө өтүшү (Е 10.6-Е 10.7);
22) E11 - 2-типтеги кант диабети, өзгөчө баш мээ жагынан макро жана микротамырчалардын татаалдашып өрчүшү менен гипогликемиялык реакцияларга жакын болгон өзгөрмө өтүшү (Е 11.6-Е 11.7);
23) Е 16.1 - гипогликемиянын башка формалары (инсулинома);
24) Е22.0 - акромегалия жана гипофиз гигантизми, шишиктин прогрессивдүү өсүшү менен оор өтүшү;
25) Е23.0 - пангипопитуитаризм;
26) Е23.2 - борбордук генездин кантсыз диабети, оор өтүшү;
27) Е24 - Иценко-Кушинг оорусу жана синдрому, күчөп оор өтүшү. Нельсон синдрому (Е24.0-Е.24.9);
28) E27.1 - бөйрөк үстүндөгү кабыктын баштапкы жетишсиздиги; оор өтүшү;
29) ЕЗ1 - полигландулярдык жетишсиздик (Е31.0-Е.31.9);
30) Е34, С73-С75 - карциноиддик синдром же функциялардын туруктуу бузулуулары менен эндокрин системасынын органдарынын башка шишиктери;
31) Е66.2 - альвеолярдык гиповентиляция менен коштолгон май басуунун акыркы даражасы.
4. Неврологиялык оорулар:
32) А81.2 - күчөгөн көп очоктуу лейкоэнцефалопатия;
33) G04 - каракуш мээ системасынын, экстрапирамиддик жана кыймылдатуучу түзүлүштөрүнүн бузулуулары бар энцефалит, миелит жана энцефаломиелит (атаксия, гиперкинездер, парездер жана эписиндромдор);
34) G10 - Гентингтон оорусу;
35) G12 - омуртка булчуң атрофиясы жана жакын синдромдор;
36) G20 - Паркинсон оорусу;
37) G30 - Альцгеймер оорусу;
38) G36.0 - оптикомиелит (Девик оорусу);
39) G35 - энөө склероз;
40) G37.0 - диффуздуу склероз (Шильдер оорусу);
41) G40 - эпилепсия жана эпилептикалык синдромдор;
42) G70 - миастения жана башка нерв-булчуң синапсынын бузулушу;
43) I61 - мээ ичине кан куюлуу, кесепети туруктуу кыймылдатуучу, сезимталдык бузулуулар жана айкын когнитивдик бузулуулар;
44) I63 - мээ инфаркты, кесепети туруктуу кыймылдатуучу, сезимталдык бузулуулар жана айкын когнитивдик бузулуулар;
45) I 67.3 - күчөгөн тамырдык лейкоэнцефалопатия.
5. Көздүн жана анын кошумча аппаратынын оорулары:
46) көрүүсү жакшы көздө 0,5 төмөн жана көрүүсү начар көздө 0,2 төмөн же бир көзү көрбөсө, экинчи көздө 0,7 төмөн болгон көздүн курчтугунун төмөндөшү менен коштолгон;
47) эки көзү тең ачык болгон учурда коррекциялоону (көз айнек, контакттык) көтөрө албастык, ошондой эле ар бир көздүн көрүү мейкиндигинин 20 градуска чейин жана андан да аз концентрациялык таруусу менен коштолгон көтөрө албастык.
Эскертүү: Оордошуу күчөгөн учурда функциялардын туруктуу бузулуулары менен декомпенсацияланган абал гана каршы көрсөткүчтөр болуп саналат.