Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 453 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-октябры № 581
Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 625, 2022-жылдын 15-декабрындагы № 676 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагынан көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификацияланган) автомобиль транспорту менен ташып чыгууга (кыргыз-кытай жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларындагы автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 625, 2022-жылдын 15-декабрындагы № 676 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 676 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүү мезгилинде калк жана бюджеттик уюмдар үчүн көмүр жетишсиз болгон жана баасы жогорулаган учурда Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын шаарларынын мэрлерине жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчыларына жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 676 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1, 11-пункттарынан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
41. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 676 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |