Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 619 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-октябры № 582
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме
"Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын (мындан ары - Атайын комиссия) курамын жана иш тартибин аныктайт.
2. Атайын комиссия төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө жерин аныктайт;
- соттолгондорду чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберүү боюнча чечим кабыл алат;
- соттолгондорду тарбия абактарынан түзөтүү абактарына которуу жөнүндө чечим кабыл алат.
2-глава. Атайын комиссиянын ишин уюштуруу жана анын курамы
3. Атайын комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчисинин биринчи орун басары - Атайын комиссиянын төрагасы.
Атайын комиссиянын мүчөлөрү:
- өкүм аткаруу жана атайын эсепке алуу бөлүмүнүн жетекчиси же анын милдетин аткарган адам;
- ыкчам бөлүмдүн жетекчиси же анын милдетин аткарган адам;
- тарбиялоо бөлүмүнүн жетекчиси же анын милдетин аткарган адам;
- медициналык бөлүмдүн жетекчиси же анын милдетин аткарган адам;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Коомдук кеңешинин өкүлү.
4. Атайын комиссиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчисинин чечими менен бекитилет.
5. Комиссиянын мүчөлөрү кызмат линиялары боюнча Атайын комиссиянын кароосуна берилген маалыматтын аныктыгын жана документтерди даярдоону камсыз кылат.
6. Атайын комиссиянын уюштуруу ишин (материалдарды даярдоо, жыйындарды уюштуруу) Атайын комиссиянын катчысы - өкүм аткаруу жана атайын эсепке алуу бөлүмүнүн кызматкери камсыз кылат. Комиссиянын катчысы Атайын комиссия тарабынан чечим кабыл алууда добуш берүү укугуна ээ эмес.
7. Атайын комиссиянын жыйындарынын ишине түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун начальниктеринин катышышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын башка кызматкерлери тартылышы мүмкүн.
8. Атайын комиссиянын чечими кворум болгондо Атайын комиссиянын жеке курамынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, Атайын комиссиянын жыйынга катышкан бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат жана ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча протокол менен таризделет. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат. Анын чечимине макул болбогон Атайын комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири протоколго кошо жазылат.
3-глава. Соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө үчүн жерин аныктоо тартиби
9. Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген адамдар кармалган тергөө изоляторлорунун администрациясы бул өкүмдү алгандан кийин:
- соттолгондордун мурунку соттуулугу жөнүндө маалыматтарды чогултат, ал алардын өздүк делолоруна киргизилет;
- аялдардан жана жашы жете элек балдардан тышкары, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөгө соттолгондорду транзиттик-бөлүштүрүүчү пункттун функциясын ишке ашырган № 1 жана № 5 тергөө изоляторуна жиберет.
10. № 1 жана 5, ошондой эле аялдар жана балдар үчүн тергөө изоляторлорунун администрациясы жаза өтөө жерин аныктоо үчүн жума сайын ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча соттолгондордун тизмесин түзөт жана Атайын комиссиянын кароосуна өткөрүп берет.
11. Атайын комиссия Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесине ылайык соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө жерин аныктайт.
12. Атайын комиссиянын алкагында ишти жүзөгө ашырууда анын мүчөлөрү төмөнкү негизги принциптерди жетекчиликке алышат:
- мыйзам алдында баарынын теңдиги;
- өз алдынчалуулук жана көз карандысыздык;
- кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик.
13. Атайын комиссия соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөө жерин төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныктайт:
- мурун эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөгөн жерин;
- жубайынын жана жакын туугандарынын жашаган жерин;
- соттолгондун өздүгүн;
- ден соолугунун абалын;
- террористтик жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондугун;
- өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондугун жана өмүр бою эркиндигинен ажыратууну ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдарды;
- соттордун жана укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлеринин соттолгонун;
- соттолгондун уюшкан топторго же кылмыштуу коомдоштуктарга таандыктыгын;
- кошо кылмыш жасаган соттолгондорду жаза өтөө үчүн ар башка жаза өтөөчү жерлерге жиберүү үчүн;
- соттолгондун жеке коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгын;
- режимдик жана тарбиялык-профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнү.
14. Соттолгонго жаза өтөө жерин аныктоо Атайын комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесинде белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
15. Атайын комиссиянын чечиминин негизинде жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсепке алуу бөлүмү тарабынан ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жиберүүгө наряд жазылат.
4-глава. Соттолгондорду тарбиялоо абактарынан түзөтүү абактарына которуунун тартиби
16. Соттолгондорду тарбиялоо абактарынан түзөтүү абактарына которуу Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 139-беренесине ылайык Атайын комиссиянын чечими менен жүргүзүлөт.
17. Жыйырма үч жашка толгон бардык соттолгондор жазасын андан ары өтөә үчүн мекеменин начальнигинин сунуштамасы боюнча Атайын комиссиянын чечими менен тарбия абагынан тиешелүү режимдеги түзөтүү абагына которулат, ал сунуштаманы жана материалдарды Атайын комиссияга 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.
18. Атайын комиссия ушул главанын 17-пунктунда аталган сунуштаманы жана материалдарды карайт жана ушул Жобонун 8-пунктунда белгиленген тартипте протоколду тариздейт.
Аталган протоколдун негизинде өкүм аткаруу жана атайын эсепке алуу бөлүмү тарабынан ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жиберүүгө наряд жазылат.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобого 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын Атайын комиссиясынын төрагасы |
|
| _______________________________________ (наамы, аты-жөнү) |
Жазык-аткаруу системасынын мекемелеринде жаза өтөө жери аныкталууга тийиш болгон соттолгондордун ТИЗМЕСИ
№ | Соттолгондун аты-жөнү | Туулган жылы | Кайсы мекемеден | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин беренеси | Жаза мөөнөтү | Мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөгөндүгү жөнүндө маалымат | Жубайынын жана жакын туугандарынын жашаган жери | Соттолгондун өздүгү | Соттолгондун уюшкан кылмыштуу топторго жана уюмдарга тиешелүүлүгү | Кошо кылмыш жасагандар | Ден соолугунун абалы | Башка маалыматтар |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
№ ________ мекеменин начальниги |
| __________________________________ |
|
| (наамы, аты-жөнү) |
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобого 2-тиркеме |
|
| БЕКИТЕМ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Атайын комиссиясынын төрагасы |
|
| _________________________________________ (наамы, аты-жөнү, колу) |
|
| 20___-ж. "___" _______________ |
Соттолгонго жаза өтөө жерин аныктоо боюнча атайын комиссиянын № _____ ПРОТОКОЛУ
______________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________
(Аты-жөнү, туулган жылы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин беренеси, мөөнөтү)
Датасы: 20___-ж. "___" _____________
Убактысы: ______._____ с.
Жыйын өткөрүлгөн жер __________________________________________________________________________
№ ______________________ мекеме.
Атайын комиссия тарабынан соттолгондун өздүк делосунун материалдарын изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталды:
- соттолгондун өздүгү;
- мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөгөн жери;
- жубайынын жана жакын туугандарынын жашаган жери;
- ден соолугунун абалы;
- террористтик жана экстремисттик багыттагы кылмыштарга катыштыгы;
- өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон жана өмүр бою эркиндигинен ажыратууну ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу фактысы;
- соттордун жана укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлеринин соттолгон фактысы;
- соттолгондун уюшкан кылмыштуу топторго же кылмыштуу коомдоштуктарга тиешелүүлүгү;
- кылмыш кошо жасаган соттолгондорду жаза өтөө үчүн ар кандай жерлерге жөнөтүү зарылчылыгы;
- соттолгондун жеке коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгы;
- режимдик жана тарбиялык-профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу которуу зарылчылыгы.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча:
- добуш беришти макул _________/каршы _________
Атайын комиссия КР ЖАКтын 72-беренесин жетекчиликке алып,
ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:
Соттолгон ___________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы)
______________________ режимдеги № ________ түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөөгө аныкталсын.
Комиссиянын мүчөлөрү:
1. ____________________________ | ______________________ | _______________________________ |
(наамы, кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
2. ____________________________ | ______________________ | _______________________________ |
(наамы, кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
3. ____________________________ | ______________________ | _______________________________ |
(наамы, кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
Комиссиянын катчысы: |
|
|
_______________________________ | ______________________ | _______________________________ |
(наамы, кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы
№ _____________ наряд |
| Жазылган датасы 20___-ж. "___" ___________ |
№ ______ мекеменин начальниги _____________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
(наамы, аты-жөнү)
№ _______ мекеменин начальнигинин карамагына ______________________________________________
__________________________________________________________________________________________
(наамы, аты-жөнү)
төмөнкү соттолгондорду жиберсин:
1. ________________________________ | ____________________ | ________________________________ |
(аты-жөнү) | (туулган датасы) | (эскертүү) |
2. _______________________________ | ____________________ | ________________________________ |
(аты-жөнү) | (туулган датасы) | (эскертүү) |
Бардыгы: ________________ адам.
Негиз: ЖАКтын Атайын комиссиясынын ____________________________ № ________________ протоколу.
Өкүм аткаруу жана атайын эсепке алуу бөлүмүнүн начальниги |
|
|
_________________________________ | ________________________ | _________________________________ |
(наамы) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
Өкүм аткаруу жана атайын эсепке алуу бөлүмүнүн инспектору |
|
|
_________________________________ | ________________________ | _________________________________ |
(наамы) | (колу) | (аты-жөнү) |
"