Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-октябры № 590
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мекен-карт" улуттук демилгесин ишке киргизүүнү тездетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Учкун" ачык акционердик коому менен биргеликте (макулдашуу боюнча) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин "Мекен-карт" документинин бланктарын камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |