Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-ноябры № 635
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 379 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 379 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун ондоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй редакциядагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасында жолдорду куруу, реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоорлорго тартылган подрядчы уюмдар кол коюлган жана ратификацияланган кредиттик макулдашуулардын жоболоруна ылайык төмөнкүлөрдөн бошотулсун:
- айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жерлерди бөлүп берүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну төлөөдөн;
- жолдорду түздөө участокторун кошо алганда, автожолдордун долбоордук участокторун бөлүп берүү тилкесинде өскөн дарактарды жана бадалдарды кыюуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну төлөөдөн;
- жер казынасын пайдаланууда кеңири таралган пайдалуу кендер боюнча минералдык-сырьелук базаны (жарылган таштарды казып алуу боюнча жергиликтүү карьерлер, кум-шагыл аралашмалар, эшилме материалдар) өнүктүрүү жана кайра өндүрүү үчүн чегерүүлөрдөн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |