Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-ноябры № 654
Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382, 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 161-пункт менен толукталсын:
"161. Ушул Жобонун 16-пункту өзгөчө статусу бар ЖОЖдорго жайылтылбайт.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 788 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12. Бул токтомдун талаптары өзгөчө статусу бар жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына жайылтылбайт. Өзгөчө статусу бар жогорку кесиптик билим берүү уюмдары ички башкаруу түзүмүн жана кызматкерлеринин штаттык санын көзөмөлчүлүк кеңештери менен макулдашуу боюнча өз алдынча аныктайт.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:
- 15-пункттун он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өзгөчө статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларды кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин сунушу боюнча жогорку окуу жайлардын окуу иштери боюнча проректорлорун дайындайт жана бошотот.".
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 29-ноябрындагы № 105 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-ноябры № 654
Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382, 2025-жылдын 10-июнундагы № 329, 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 161-пункт менен толукталсын:
"161. Ушул Жобонун 16-пункту өзгөчө статусу бар ЖОЖдорго жайылтылбайт.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 788 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12. Бул токтомдун талаптары өзгөчө статусу бар жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына жайылтылбайт. Өзгөчө статусу бар жогорку кесиптик билим берүү уюмдары ички башкаруу түзүмүн жана кызматкерлеринин штаттык санын көзөмөлчүлүк кеңештери менен макулдашуу боюнча өз алдынча аныктайт.".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык күчүн жоготту)