Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы N 107, 2026-жылдын 11-майындагы № 329
токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - МЖӨ борбору) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. МЖӨ борбору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. МЖӨ борбору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин (мындан ары - Улуттук агенттик) ведомстволук бөлүмү статусунда иштеген мамлекеттик орган жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо боюнча орган болуп эсептелет.
4. МЖӨ борбору өз ишинде түздөн-түз Улуттук агенттикке отчет берет.
5. МЖӨ борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. МЖӨ борбору мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, чет элдик инвесторлор, эл аралык уюмдар, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен иштейт.
7. МЖӨ борбору юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, банктарда жана казыналык системасындагы алыш-бериш эсептери жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
8. МЖӨ борборунун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Центр государственно-частного партнерства" при Национальном агентстве по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики";
- англис тилде: "State institution "Public-private partnership center" under the National Investment Agency under the President of the Kyrgyz Republic";
- МЖӨ борборунун жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көч., 8/1.
2. МЖӨ борборунун максаты
9. МЖӨ борборунун максаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) механизмдерин өнүктүрүү жана жеке инвестицияларды тартуу аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык маанидеги МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү жана МЖӨ механизмдерин пайдалануу менен жеке сектордун башкаруучулук тажрыйбасын өнүктүрүү болуп саналат.
3. МЖӨ борборунун милдеттери
10. МЖӨ борборунун милдеттери МЖӨ долбоорун башкаруу боюнча зарыл болгон системаны түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын ар түрдүү социалдык-маанилүү тармактарында МЖӨ долбоорлорун координациялоо, МЖӨ механизмдерин жайылтуу, анын ичинде мамлекеттик өнөктөштөргө МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, даярдоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча көмөк көрсөтүү болуп саналат.
4. МЖӨ борборунун функциялары
11. МЖӨ борбору өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү боюнча бекитилген программаларды жана пландарды ишке ашырат, мындай программалардын жана пландардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жактары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө Улуттук агенттикке көмөк көрсөтөт;
- МЖӨ чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
- МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууда бардык баскычтарында, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу иштешине көмөк көрсөтүүчү методологиялык мүнөздөгү документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды бекитүү жана андан ары колдонуу үчүн Улуттук агенттикке берет;
- МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун (мындан ары - Фонд) ишин, Фонддун кароосуна келип түшкөн документтерге экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылат;
- МЖӨнү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин ишине катышат жана көмөк көрсөтөт;
б) жөнгө салуу функциялары:
- МЖӨ долбоорун демилгелөө боюнча сунуштарды Улуттук агенттикке жана мамлекеттик өнөктөштөргө киргизет;
- МЖӨ долбоорлору боюнча биргелешкен мамлекеттик өнөктөштөрдү аныктоо боюнча Улуттук агенттикке сунуштарды киргизет;
- Улуттук агенттиктин тапшырмасы боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча сунуштарга экспертиза жүргүзөт;
- долбоорлорду МЖӨнүн алкагында ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун талдайт;
- МЖӨнү өнүктүрүү маселелери боюнча консультациялык-кеңешүүчү органдардын чечимдерин аткарат, ошондой- эле мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан алардын чечимдеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
- Фонддун чечимдеринин аткарылышына көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын МЖӨ чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык МЖӨ борборунун максаттарынын жана милдеттеринин негизинде юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзөт;
в) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары;
- МЖӨ долбоорлорунун ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
- МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү боюнча контролдоо жүргүзөт жана мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт, анын ичинде потенциалдуу МЖӨ долбоорлорун издөөгө жана тандоого, МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууга жана аларга мониторинг жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын саясатынын артыкчылыктуу багыттарына жараша потенциалдуу МЖӨ долбоорун издейт;
- ишке ашырылган МЖӨ долбоорлорунун жыйынтыктарын чогултат, талдайт жана жалпылайт, кыйла ийгиликтүү МЖӨ долбоорлорун аныктап, аларды Кыргыз Республикасынын аймагында тираж менен чыгаруу мүмкүндүгүн карайт;
- ишке ашырылып жаткан жана потенциалдуу МЖӨ долбоорлору, ошондой эле башка МЖӨ демилгелери боюнча ачык базаны түзөт жана жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоону жүргүзөт;
- эл аралык финансы институттарынын катышуусу менен ишке ашырылуучу МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгууну координациялайт;
- МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын алдындагы МЖӨ долбоорлорун даярдоо тобун түзөт жана ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу, маалыматты жана жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча "SOURCE" эл аралык маалымат системасын башкаруу жана колдонуу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органдын функцияларын ишке ашырат;
г) колдоо функциялары:
- техникалык-экономикалык негиздемени (алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени), МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө сунуштарды жана МЖӨ долбоорлору боюнча конкурстук документтерди даярдоого көз карандысыз консультанттарды тартат, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана фонддордун каражаттарынын эсебинен каржылоо аркылуу;
- мамлекеттик өнөктөштөргө бөлүнгөн акча каражаттарды кайтарып алуу же МЖӨ долбоорун андан ары илгерилетүү талабы жөнүндө маселелерди Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна -киргизүү аркылуу Фондго бөлүнгөн акча каражаттардын пайдаланылышын контролдоону камсыз кылат;
- МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, түзүмдөштүрүү, каржылоо, ишке ашыруу жана коштоо маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультация берет;
- МЖӨ маселелери боюнча маалыматтык-сурап билүүчү жана аналитикалык документтерди иштеп чыгат жана басып чыгарат;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын, ишкерлердин жана кызыкдар жактардын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча теориялык билим деңгээлин жана практикалык тажрыйбасын жогорулатуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, бизнес өкүлдөрүн жана бардык кызыкдар жактарды МЖӨ маселелери боюнча окутууларды өткөрөт;
- МЖӨ чөйрөсүндөгү саясат, Кыргыз Республикасында иштеп жаткан жана потенциалдуу МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө кызыкдар жактарга маалымат берет;
- МЖӨ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана МЖӨ чөйрөсүндөгү экономикалык жана укуктук билимдерди жайылтуу, МЖӨнү өнүктүрүүнүн негизги аспекттери жөнүндө кеңири маалымат берүү максатында кеңешмелерди, семинарларды, форумдарды, конференцияларды жана башка маалыматтык иш-чараларды уюштурат;
- белгиленген тартипте Улуттук агенттик менен макулдашуу боюнча өзүнүн региондук өкүлчүлүктөрүн ачат;
- МЖӨ чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзөт;
д) кызмат көрсөтүү функциялары:
- акы төлөнүүчү негизде адистердин, анын ичинде юридикалык жана жеке жактардын өкүлдөрүнүн квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо боюнча окутууну, тренингдерди, семинарларды уюштурат жана өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, максаттарды ишке ашыруу жана милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон функцияларды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)
5. МЖӨ борборунун укуктары жана милдеттери
12. МЖӨ борбору ушул Жободо аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- МЖӨ борборунун милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан сурап алууга;
- МЖӨ маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү жыйналыштарга, кеңешмелерге, башка иш-чараларга катышууга;
- МЖӨ борборунун алдында турган милдеттерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илим-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга;
- МЖӨ объектилерине барууга, МЖӨ жөнүндө макулдашуулардын аткарылышын контролдоо үчүн МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө отчетторду сурап алууга жана аларга баа берүүгө;
- МЖӨ жөнүндө макулдашууларга ылайык МЖӨ долбоорлорун андан ары ишке ашыруу жөнүндө тиешелүү чечимдерди кабыл алууга;
- МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык тараптардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө көмөк көрсөтүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде МЖӨ маселелери боюнча иш жүргүзүүчү эл аралык уюмдар жана институттар менен кызматташууга;
- коомдук коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде бирикмелер, ассоциациялар жана фонддор менен эгерде мындай уюмдардын максаттары жана милдеттери МЖӨ борборунун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келсе, алар менен кызматташууга;
- МЖӨ маселеси боюнча консультация алуу, МЖӨ борборунун кызматкерлерин окутуу жана жарандык-укуктук келишимдерди түзүүнүн негизинде башка кызматтарды көрсөтүү үчүн эксперттерди, адистерди жана консультанттарды, анын ичинде чет элдик адистерди ишке тартууга;
- МЖӨ борборунун ишине коомдук мониторинг жүргүзүү жана эксперттик колдоо көрсөтүү максатында коомдук башталышта иштеген консультативдик-байкоочу орган болуп эсептелген консультативдик кеңешти түзүүгө;
- МЖӨ борборунун кызматкерлерин МЖӨ маселелери боюнча конференцияларга, семинарларга, анын ичинде чет мамлекеттердин аймагында болуучу башка иш-чараларга катышуу үчүн жиберүүгө;
- МЖӨ борборунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында МЖӨ борборунун каражаттарынын эсебинен окутууга;
- чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар, чет элдик инвесторлор менен өз компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүүгө;
- белгиленген тартипте материалдык баалуулуктарды жана башка мүлктү сатып алуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ болууга.
6. МЖӨ борборунун ишин уюштуруу
13. МЖӨ борборун Улуттук агенттиктин башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
МЖӨ борборунун директору Улуттук агенттиктин башчысына жана Улуттук агенттиктин башчысынын тескөөчү орун басарына түздөн-түз баш иет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы N 107 токтомунун редакциясына ылайык)
14. МЖӨ борборунда директордун орун басарынын кызмат орду каралган, ал МЖӨ борборунун директорунун сунушу боюнча Улуттук агенттиктин башчысы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы N 107 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чектеринде аткарат. МЖӨ борборунун директору жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
16. Директор:
- МЖӨ борборунун ишин жетектейт жана МЖӨ борборуна жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын аткарылышына жана анын ишинин жыйынтыгына жоопкерчилик тартат;
- МЖӨ борборунун кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним кат берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- МЖӨ борборун жетектейт жана анын атынан ишеним катсыз иштейт;
- өз компетенциясынын чегинде МЖӨ борборунун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү буйруктарды чыгарат жана көрсөтмө берет;
- бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде МЖӨ борборунун түзүмүн жана штаттык расписаниесин Улуттук агенттиктин башчысына бекитүүгө киргизет, алардын өзгөрүшү МЖӨ борборунун милдеттери жана функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана мүмкүн болот. Мында директордун дайындалышы МЖӨ борборунун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- МЖӨ борборунун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана МЖӨ борборунун кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- МЖӨ борборунун кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- МЖӨ борборунун ички иш тартибин бекитет жана кызматкерлерди сыйлоо маселелерди чечет;
- МЖӨ борборунун өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Улуттук агенттикке киргизет;
- МЖӨ борборунун кызматкерлерине карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы N 107 токтомунун редакциясына ылайык)
7. МЖӨ борборунун мүлкү жана финансы-чарбалык иши
17. МЖӨ борбору өз ишин жүргүзүү максатында төмөнкүлөрдү пайдаланат:
- ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген мамлекеттик менчикте турган мүлктү;
- финансы каражаттарын, мүлктү жана башка объекттерди, анын ишинин натыйжасында пайда болгон интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин продуктусу түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
18. МЖӨ борборунун ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны камсыз кылуу жана өнүктүрүү МЖӨ борборунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
19. МЖӨ борборунун финансылык каражаттарынын булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
- гранттык негизде алынган каражаттар, юридикалык жана жеке жактардан ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
8. Корутунду жоболор
20. МЖӨ борборун кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
21. МЖӨ борбордун ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын архивдик иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пайдаланылат жана сакталат.