Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 670 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссия жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссия (мындан ары - эвакуациялык комиссия) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жумушчу органы болуп саналат жана калкты эвакуациялоону түздөн-түз даярдоого, уюштурууга жана жүргүзүүгө, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан эвакуациялык иш-чараларды Жарандык коргонуу кызматтары жана тиешелүү башкаруу органдары тарабынан ар тараптуу камсыз кылууну контролдоо үчүн арналат.
2. Эвакуациялык комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, ушул Жобону, Жарандык коргонуу жана эвакуациялоо маселелери боюнча башка ченемдик документтерди жетекчиликке алат.
3. Эвакуациялык комиссияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары (социалдык блокту тейлеген) жетектейт.
4. Эвакуациялык комиссияда зарыл болгон учурда айрым маанилүү багыттар боюнча топтор түзүлүшү мүмкүн.
5. Эвакуациялык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин ыкчам чечүү үчүн Эвакуациялык комиссиянын мүчөлөрү жумушчу топторду түзө алат.
2. Эвакуациялык комиссиянын милдеттери
6. Эвакуациялык комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- калкты эвакуациялоо пландарын иштеп чыгууну жана түзөтүүнү уюштуруу;
- эвакуациялык органдарды өз убагында комплекттөөнү, сапаттуу даярдоону уюштуруу жана контролдоо;
- эвакуациялык иш-чараларды даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу жана контролдоо.
3. Эвакуациялык комиссиянын укуктары
7. Эвакуациялык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын эвакуациялык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча иштерин контролдоого;
- эвакуациялык иш-чаралар боюнча протоколдор түрүндө таризделген аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, көрсөтмөлөрдү жана сунуштамаларды берүүгө;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынан эвакуациялык иш-чаралар боюнча зарыл маалыматтарды суроого жана алууга;
- өзгөчө кырдаалдар болгон райондорго бара жатканда транспорттун бардык түрлөрүнө билеттерди кезексиз сатып алууга;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарында пландаштырылган иш-чаралар менен тоскоолсуз таанышууга;
- зарыл болгон учурда шашылыш (кечиктирилгис) эвакуациялоону камсыз кылуу үчүн коомдук да, жеке да пайдалануудагы кошумча (пландалгандан ашыкча) транспортту мобилизациялоого;
- эвакуациялык иш-чаралардын жүрүшүндө талаптагыдай коомдук тартипти сактоо максатында тартипти бузган адамдарга карата зарыл мажбурлоо чараларын көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өзгөчө кырдаалдар зоналарынан калкты, материалдык жана башка баалуулуктарды эвакуациялоо боюнча сунуштарды киргизүүгө, ал эми кийинкиге калтырууга болбогон учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кийин маалымдоо менен эвакуациялоо жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алууга.
4. Эвакуациялык комиссиянын иштөө тартиби
8. Эвакуациялык комиссия:
а) тынчтык мезгилде Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирдикте:
- калкты эвакуациялоо пландарын иштеп чыгат:
табигый кырсыктарга, аварияларга, апааттарга;
жарым-жартылай эвакуация болгон учурда;
душмандын кол салуу коркунучу астында калкты жалпы эвакуациялоо учурунда;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан эвакуациялык иш-чараларды камсыз кылуу пландарын иштеп чыгууну уюштурат;
- коопсуз зонада эвакуациялануучу калкты жайгаштыруу райондорунун даярдыгын контролдоону уюштурат;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, облустардын, шаарлардын, райондордун Эвакуациялык комиссияларын түзүүнү, өздүк курам менен комплекттөөнү жана даярдоону контролдойт;
- транспорт каражаттарын, жолдорду жана коммуникацияларды пайдалануу боюнча аскердик командачылыгынын органдары менен өз ара аракеттенет;
- жыйналыштарды жылына эки жолудан кем эмес өткөрөт, анда эвакуациялык иш-чараларды камсыз кылуу боюнча Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын пландарын, учурдагы жылга карата Жарандык коргонууну даярдоо планын аткарууну карайт;
- шашылыш учурларда Эвакуациялык комиссиянын жыйналышы видео-конференция-байланыш режиминде өткөрүлөт;
б) Жарандык коргонууну даярдыкка келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин алуу менен:
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын даярдыкка келтирүүнү контролдойт;
- республиканын калкын эвакуациялоо планын тактайт, Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан бул иштердин жүргүзүлүшүн контролдойт;
- эвакуациялык ташууга арналган транспорт каражаттарын даярдоону контролдойт;
в) эвакуациялоону жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин алуу менен:
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен дайыма байланышта болуп турат, калкка кабарлоонун жүрүшүн жана отургузуу пункттарына транспорттун берилишин контролдойт;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын ишин жетектейт, эвакуациялоонун жүрүшүн контролдоону уюштурат;
- калкты эвакуациялоонун жүрүшү жөнүндө материалдарды жалпылайт, аларды Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу начальнигине баяндайт;
- Жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтары аркылуу эвакуациялык иш-чараларды ар тарабынан камсыз кылууну уюштурат.
9. Эвакуациялык комиссиянын күнүмдүк иши Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусуна даярдык көрүү планына ылайык жүргүзүлөт, өзгөчө кырдаал режиминде Кыргыз Республикасынын калкын эвакуациялоо пландарына ылайык уюштурулат.
10. Өзгөчө кырдаал пайда болгон учурдан тартып Эвакуациялык комиссия иштин үзгүлтүксүз режимине өтөт, ал Эвакуациялык комиссиянын төрагасы тарабынан анын мүнөзүнө жана масштабына жараша белгиленет.
5. Эвакуациялык комиссиянын курамына кирген кызмат адамдарынын функциялык милдеттери
11. Эвакуациялык комиссиянын төрагасы:
- комиссияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат, орун басарлар менен комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт жана эвакуациялык иш-чараларды жетектөө үчүн алардын жоопкерчилик даражасын белгилейт;
- комиссиянын мүчөлөрүнүн маселелерди жана жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу аткаруу боюнча ишин уюштурат жана жетектейт;
- эвакуациялык иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу начальнигине өз убагында билдирет.
12. Эвакуациялык комиссиянын төрагасынын орун басарлары коопсуз зонаны эвакуациялык иш-чараларды аткарууга даярдоону уюштурууга, ошондой эле Эвакуациялык комиссиянын башка башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу үчүн түздөн-түз жооп берет.
13. Эвакуациялык комиссиянын катчысы республиканын калкын эвакуациялоо пландарын иштеп чыгуу жана оңдоо үчүн жооп берет, протоколдор түрүндө таризделген тескемелерди, көрсөтмөлөрдү жана сунуштарды аткаруучуларга жеткирет, алардын аткарылышын контролдоону жана эвакуациялык иш-чараларды пландаштырууда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына жардам көрсөтүүнү уюштурат. Комиссиянын төрагасына жана анын орун басарларына баш иет, алардын түздөн-түз жетекчилиги астында иштейт.
14. Эвакуациялык комиссиянын мүчөлөрү калкты эвакуациялоо боюнча өз багытындагы милдеттерди, ошондой эле комиссиянын төрагасы жана анын орун басарлары койгон милдеттерди аткарууга жооп берет.
6. Эвакуациялык комиссиянын документтери
15. Эвакуациялык комиссияда "Жогорулатылган" Жарандык коргонуунун даярдык даражасы ("Жогорку даярдыктагы" иштөө режими) киргизилгенге чейин төмөнкүдөй документтер болушу керек:
- Эвакуациялык комиссия жөнүндө жобо;
- Эвакуациялык комиссиянын бир жылга негизги иш-чараларын өткөрүү планы;
- Эвакуациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн функциялык милдеттери;
- Эвакуациялык комиссиянын календардык иш планы.
16. Жарандык коргонуунун "Жогорулатылган" даярдык даражасы ("Жогорулатылган даярдык" режими иштегенде) киргизилгенде Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан Эвакуациялык комиссияга Кыргыз Республикасынын калкын эвакуациялоонун тиешелүү пландары келип түшөт.
17. Эвакуациялык комиссиянын документтерин Эвакуациялык комиссиянын катчысы эсепке алат жана сактайт.