Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 687
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 214
токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы (FORM STI-155) 1-тиркемеге ылайык;
2) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу жана берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгымдарынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификатору 3-тиркемеге ылайык;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жана анын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтардын параметрлери 4-тиркемеге ылайык;
5) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө тартиби жана талдоо жүргүзүүнүн негиздери жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;
6) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүү тартиби 6-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 305 "Кирешелерди, чыгымдарды, милдеттенмелерди жана мүлктөрдү декларациялоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 658 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-майындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июнундагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-январындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-3 жана 9-пункттары;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 374 "Айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө чийки затты ташып келүүдө төлөнгөн импортко кошумча нарк салыгынын суммасын кайра кайтаруунун тартибин жана шарттарын бекитүү жана Импортко кошумча нарк салыгынын суммасы бюджеттен кайра кайтарылууга тийиш болгон айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө колдонулуучу чийки заттын товардык позицияларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында салыктарды башкарууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 2 жана 3-пункттары.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 112 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
FORM STI-155
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| 2-тиркеме |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу жана берүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) (мындан ары - Декларация) толтуруунун жана берүүнүн эрежелерин аныктайт, ал төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
а) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) VII бөлүмүнө ылайык киреше салыгын төлөө жөнүндө;
б) экономикалык иш, анын ичинде мүлк объекттерине ээ болуу жана/же аларды пайдалануу жөнүндө;
в) киреше булактарын ырастоо жөнүндө;
г) жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын кирешелери, чыгымдары жана экономикалык иши, анын ичинде мүлк объектилерине ээ болуу жана/же аларды пайдалануу тууралуу башка маалыматтар жөнүндө.
2. Ушул Тартиптин колдонулушу төмөнкү жеке жактарга жайылтылат:
1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же ээлеп турган адамга;
2) административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же ээлеп турган адамга;
3) мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларын, жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттарын жана угуучуларын кошпогондо, укук коргоо органдарынын, дипломатиялык кызматтардын кызматкерине жана аскер кызматчысына;
4) саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жана ээлеген адамга;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына жана анын орун басарына.
3. Ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жеке жак (мындан ары - Декларант) Декларацияны түзүүгө жана салык органына отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин берүүгө милдеттүү.
4. Отчеттук жыл болуп төмөнкү мезгил саналат:
а) тийиштүү жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин;
б) Декларант мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген айдын биринчи күнүнөн тартып ошол жылдын 31-декабрына чейин;
в) 1-январдан тартып Декларант ээлеп турган же ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордунан бошогон акыркы күнүнө чейин.
5. Декларант салыктын суммасын өзгөртүүгө алып келүүчү каталар табылган учурда Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүдөн тышкары, отчеттук жыл үчүн мурда берилген Декларациясына отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-июнуна чейин өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизе алат.
6. Декларацияда отчеттук жыл үчүн Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары Декларантка, ошондой эле анын жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгашалар, мүлк жана милдеттенмелер, ошондой эле кирешелерди алуунун негиздери жана тарткан чыгымдар жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Жакын туугандары болуп жубайы, жашы жете элек балдары; Декларанттын багуусунда же толук камкордугунда болгон же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларанттын багуусуна укугу бар адамдар; жашоосуна, билим алуусуна, саламаттыкты сактоого жана башкага зарыл болгон чыгымдарын жабуу боюнча декларант финансылык чыгашаларды тарткан жашы жеткен балдар, ата-энелер, ага-инилер жана эже-карындаштар саналат.
7. Декларациянын формасы өзүнө төмөнкү тиркемелерди камтыйт:
1) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жылдык жыйынды кирешеси" (FORM STI-155-001) 1-тиркеме;
2) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чегерүүлөрдү, ошондой эле социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууларын эсептен чыгаруу суммасын эсептөө" (FORM STI-155-002) 2-тиркеме;
3) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жак тарабынан акча каражаттары (мүлк) түрүндө алынган кирешелерди чечмелөө" (FORM STI-155-003) 3-тиркеме;
4) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын чыгымдары" (FORM STI-155-004) 4-тиркеме;
5) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кыймылсыз мүлкү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-005) 5-тиркеме;
6) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кыймылдуу мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-006) 6-тиркеме;
7) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын мүлкүн талап кылуу укугу жайылтылган чарбалык субъекттердин уставдык капиталына/ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-007) 7-тиркеме;
8) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын туугандары/багуусундагы адамдары жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-008) 8-тиркеме;
9) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын акча каражаттары жана мүлк түрүндө алган кирешелери" (FORM ST1-155-009) 9-тиркеме;
10) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын чыгымдары" (FORM STI-155-010) 10-тиркеме;
11) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын кыймылсыз мүлкү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-011) 11-тиркеме;
12) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын кыймылдуу мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-012) 12-тиркеме;
13) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын мүлкүн талап кылуу укугу жайылтылган чарбалык субъекттердин уставдык капиталына/ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-013) 13-тиркеме;
14) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жана анын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдарынын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалымат" (FORM STI-155-014) 14-тиркеме. Бул тиркеме бардык Декларанттар тарабынан милдеттүү түрдө толтурулат.
Декларанттын тиркемедеги маалыматтары бир беттен ашып эки же андан көп беттен турса, Декларант бекитилген форма боюнча мындай тиркемелерди бир нече беттерге толтурат. Көрсөткүчтөр жок учурда Декларациянын 2, 4-12-тиркемелери толтурулбайт.
8. Көрсөткүчтөр жок учурда Декларациянын жана тиркемелердин тиешелүү уячаларында "0" цифрасы көрсөтүлөт.
9. Киреше алууну, салыкты төлөм булагынан кармоону, Декларанттын салык төлөгөндүгүн, ошондой эле анын эсептен чыгарууга, жеңилдиктерге жана/же салыкты төлөөдөн бошотууга болгон укуктарын ырастаган документтер Декларанттын сактоосунда болот.
10. Социалдык эсептен чыгарууларды жана/же мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо төлөмдөрү боюнча эсептен чыгарууларды жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды жана/же чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасын эсепке алууну каалаган Декларант эсептен чыгарууга/эсепке алууга карата анын укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү менен эсептен чыгарууну алууга арызын анын паспорттогу маалыматтарына ылайык жашаган жери боюнча салык органына бериши зарыл. Ырастоочу документтердин түп нускалары эсептен чыгарууну берүү жөнүндө чечим чыгаруу учурунда салык төлөөчүнүн документтерин изилдеген салык органынын кызмат адамына көрсөтүлөт жана Декларанттын сактоосунда калат. Эсептен чыгарууларды алууга арыз ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча толтурулат.
11. Декларацияны толтурган учурда, акча каражатынан башка активдердин наркы Декларант тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, алар жок болсо - Декларанттын өз алдынча баалоосунун негизинде учурдагы базар баалары боюнча көрсөтүлөт.
Эскертүү. Чет өлкө валютасындагы мүлктүн наркы декларациялануучу мезгилдин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада кайра эсептелет жана көрсөтүлөт. Акча каражаттарынын саны номиналдык наркы боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары декларациялануучу мезгилдин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада кайра эсептелет жана көрсөтүлөт.
12. Декларация Декларант тарабынан анын паспорттогу маалыматтарына ылайык жашаган жери боюнча салык органына берилет.
Ошону менен бирге, иши жашыруун мүнөздө болгон жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан Декларация берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому менен аныкталат.
Декларация Салык кодексине ылайык электрондук документ түрүндө берилет.
13. Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, ошондой эле Салык кодексинде белгиленген мөөнөттөрдө өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик декларантка жүктөлөт.
131. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын сактоо жана жок кылуу "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
2-глава. Мамлекеттик жапа муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-155) формасын толтуруу
14. 001-уячада:
- эгерде Декларация календардык жыл үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, "X" түрүндөгү белги "Алгачкы" уячасына коюлат;
- эгерде Декларация мурда ушул эле салык мезгили үчүн тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү Декларацияда оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "Такталган" уячасына коюлат.
15. 100-уячада Декларанттын ИСНи көрсөтүлөт. Эгерде Декларанттын ИСНи жана социалдык коргоо күбөлүгү жок болсо, салык органы ИСНди ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген регламентке ылайык түзүп чыгат.
16. 101-уячада Декларация берилген жер боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
17. 102-уячада Декларанттын паспортундагы маалыматтарына ылайык аты-жөнү көрсөтүлөт.
18. 103-уячада Декларантгын паспортунун номери жана сериясы көрсөтүлөт.
19. 104-уячада паспорт берген өлкө көрсөтүлөт.
20. 105-уячада Декларанттын салыктык катталган (катталган) жери боюнча байланыш бөлүмүнүн почта индекси көрсөтүлөт.
21. 106-уячада Декларанттын салыктык катталган (катталган) жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт.
22. 107-уячада Декларанттын салыктык катталган (катталган) жери боюнча дареги (көчө/кичи район, үй, батир номери) көрсөтүлөт.
23. 108-уячада Декларанттын иш жүзүндө жашаган жери боюнча байланыш бөлүмүнүн почта индекси көрсөтүлөт.
24. 109-уячада Декларанттын иш жүзүндө жашаган жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт.
25. 110-уячада Декларанттын иш жүзүндө жашаган жеринин дареги (көчө/кичи район, үй, батир номери) көрсөтүлөт.
26. 111-уячада Декларанттын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт.
27. 112-уячада эгерде болсо, Декларанттын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
28 .113-уячада Декларант иштеген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы көрсөтүлөт.
29. 114-уячада мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ведомстволук түзүмдүк бөлүгү көрсөтүлөт.
30. 115-уячада мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмдүк бөлүгү (башкармалык, бөлүм, сектор) көрсөтүлөт.
31. 116-уячада Декларанттын ээлеген кызмат орду көрсөтүлөт.
32. 117-уячада Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык тийиштүү кызмат орундун уячасына "X" түрүндөгү белги коюлат.
33. 118-уячада Декларация берилүүчү мезгил үчүн "X" түрүндөгү белги коюлат.
34. 201-уячада салык мезгили башталган дата көрсөтүлөт.
35. 202-уячада салык мезгили аяктаган дата көрсөтүлөт.
36. Декларацияны толтуруу үчүн Декларанттын көрсөткүчтөрү бар Декларациянын тиркемелерин толтуруу зарыл.
Декларацияны толтуруу толтурулган тиркемелерден көрсөткүчтөрдү көчүрүүдөн башталат жана Декларациянын көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.
37. 050-уячада ушул Тартиптин 1-тиркемесинин (FORM STI-155-001) 169-уячасында көрсөтүлгөн салык салынуучу кирешенин суммасы көчүрүлөт.
38. 051-уячада салык мезгилинин ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтөрдүн 6,5 өлчөмүндөгү жеке эсептен чыгаруулардын суммасы көрсөтүлөт.
39. 052-уячада салык мезгилиндеги ар бир ай үчүн Декларанттын багуусундагы адамдардын ар бирине бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт:
а) эгерде Декларанттын багуусунда адамдары болсо, ал бул уячага алардын ар бирине отчеттук мезгилдин ар бир айы үчүн 100 сом өлчөмүндөгү (жылына бирөөнө эң чоң өлчөмү 1200 сом) эсептен чыгаруулардын суммасын көрсөтүүгө укуктуу, бул үчүн ырастаган документтердин болушу зарыл;
б) эгерде Декларант эсептен чыгарууну алган багуудагы адам Декларанттын баласы/асыранды баласы болсо, ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк/баланы жашы жеткенге чейин асырап алуу тууралуу документ. 18 жаштан кийин багып алуу документ түрүндө ырасталышы керек;
- эгерде баласы/асыранды баласы окуу жайында окуса жана анын жаш курагы 24 жаштан ашпаса, анын стипендия албагандыгы жөнүндө окуу жайдын маалымкаты;
- Декларанттын каражатынын эсебинен жашаган жана эч кандай киреше албаган башка адамдарга карата маалымкат. Мисалы, мындай адамдар болуп пенсия албаган ата-энеси, жубайы-үй кожейкеси, камкордугундагы адамдар саналышат. Багуудагы адам тууралуу маалымкат төмөнкү органдардын бири тарабынан берилиши мүмкүн: айыл өкмөтүнөн, үй башкармалыгынан, турак жай ээлеринин шериктештигинен, кварталдык комитеттен, турак жай кооперативинен, башка турак жай-коммуналдык уюмдарынан.
Эскертүү. Эгерде багуудагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда багуудагы адамга карата эсептен чыгарууну жеке адамдардын биринин гана алуусуна уруксат берилет.
Салык салуу максатында багуудагы адам болуп, Декларанттын кирешесинин эсебинен жашаган жана кирешеси жок анын жакын тууганы саналат.
40. 053-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү эсептен чыгаруунун суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага жумуш берүүчү жумушчунун эмгек акысынан кармап калган суммалар киргизилет. Бул сумманы төлөө Декларант үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн башка субъекттин жумуш берүүчүдөн алган маалымкаты менен ырасталат. Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн адамдар, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу квитанцияларды сактоосу зарыл.
41. 054-уячага мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чегерүүлөрдү эсептен чыгаруунун жыйынтык суммасы, ошондой эле декларациянын 2-тиркемесинин (FORM STI-155-002) 221-уячасында көрсөтүлгөн социалдык жана мүлктүк эсептен чыгаруулардын суммасы көчүрүлөт.
42. 055-уячада Декларанттын киреше салыгынын салык базасынан уруксат берилген эсептен чыгаруулардын толук суммасы көрсөтүлөт:
055 = 051 + 052 + 053 + 054.
43. 056-уячада Декларацияны толтуруунун жыйынтыгы боюнча Декларанттын салык салынуучу кирешеси көрсөтүлөт: 056 = 050 - 055. 056-уячанын мааниси оң же терс, ошондой эле нөлгө барабар болушу мүмкүн:
а) эгерде мааниси терс болсо, анда 056-уячанын алдында сол жакта жайгашкан атайын уячада кемитүү белгиси көрсөтүлөт;
б) эгерде мааниси терс же "0" барабар болсо, анда 057 жана 058-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт;
в) эгерде мааниси оң болсо, анда атайын уячага белги коюлбайт жана 057-065-уячалар толтурулат.
44. 057-уячада Салык кодексинин 197-беренесине ылайык киреше салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
45. 058-уячада (056-уячанын мааниси х 057-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча эсептелүүчү киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
46. 059-уячада салык мезгилинде салык агенттери тарабынан (сый акы, пайыздык жана башка кирешелерди төлөшкөн жумуш берүүчүлөр, субъекттер) кармалган киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Кирешени төлөп жаткан жумуш берүүчүнүн/субъекттин төлөнгөн сумма жана киреше салыгынын кармалган суммасы жөнүндө маалымкаты бул сумманын ырастоосу болуп саналат. Маалымкатта көрсөтүлгөн киреше салыгынын суммасы ушул уячада чагылдырылат жана төлөнүүчү салыктын суммасын азайтат.
47. 060-уячада Декларанттын салык мезгили үчүн өз алдынча төлөгөн киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Бул сумманы төлөө банктын төлөмдү кабыл алгандыгы жөнүндөгү белгиси бар квитанция/төлөм тапшырмасы менен ырасталат. Бул төлөм документтери Декларантта сакталат.
48. 061-уячада чет мамлекетте төлөнгөн жана эсепке алууга жаткан киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Декларант тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортолорунда түзүлгөн кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашуу болсо жана мындай кирешенин суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салууга жатса, киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесин эсептөө учурунда эсепке алынат. Эсепке алынган сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ставкалар боюнча төлөнүүчү салыктын суммасынан ашпоосу керек. Эсепке алуунун суммасын төмөнкүлөр ырастайт:
- чет мамлекеттин булактарынан алынган кирешелердин жана чет мамлекеттин салык органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн, төлөнгөн киреше салыгынын суммалары жөнүндө маалымкат;
- киреше салыгынын төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документтери.
Мисалы. Декларант Россия Федерациясында 100000 сомго барабар суммада киреше алган, андан 13% киреше салыгынын ставкасы боюнча 13000 сомго барабар өлчөмдөгү киреше салыгы кармалган. Кыргыз Республикасында төлөнүүчү киреше салыгынын эсебине Россия Федерациясында төлөнгөн киреше салыгынын бардык суммасы эмес, Кыргыз Республикасында колдонулган ставка боюнча төлөнө турган бөлүгү 10%, б.а. 10000 сом гана эсепке алынат. 10000 сом өлчөмүндөгү сумма Кыргыз Республикасында төлөнүүчү киреше салыгын азайтат.
49. 062-уячада 058 = 058 - 059 - 061-уячаларда көрсөтүлгөн суммалардын ортолорундагы оң, нөлдүк же терс арифметикалык айырма түрүндөгү киреше салыгынын суммасынын калдыгы көрсөтүлөт. 062-уячанын терс мааниси мурда кармалган же төлөнгөн киреше салыгынын бөлүгүн кайтарып алууга Декларанттын укугу бар экенин көрсөтөт. 062-уячанын алдындагы атайын уячага кемитүү белгиси көрсөтүлөт. "0"гө барабар болгон 062-уячанын мааниси Декларацияны толтуруунун жыйынтыгы боюнча Декларанттын бюджет алдындагы салык милдеттенмелери аткарылгандыгын көрсөтөт. 062-уячанын оң мааниси Декларант отчеттук жыл үчүн киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесине кошумча төлөө жүргүзүүгө милдеттүү экенин көрсөтөт.
50. Декларациянын 063-уячасына 062-уячанын "Кайтарылуучу киреше салыгы" терс мааниси көчүрүлөт.
Эскертүү. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын, ошондой эле пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын эсепке алуу же кайтаруу жөнүндөгү арыз Декларант тарабынан ашык төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийинки алты жылдан кечиктирилбей берилиши мүмкүн.
51. 064-уячага 062-уячанын б.а. "Төлөнүүчү киреше салыгынын" оң мааниси көчүрүлөт. Бул сумманы Салык кодексинде белгиленген Декларацияны берген күнгө чейин төлөө зарыл.
52. 065-уячада киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр, мамлекеттик эмес пенсиялык фондго иш жүзүндө төлөнүүчү төгүмдөр төлөнгөндөн кийин, Декларанттын бөлүштүрүүсүндө калган, анын кирешесинин суммасы көрсөтүлөт: 065 = 050 - 053 - 056.
53. Декларациянын формасынын төмөнкү бөлүгүндө Декларант тарабынан толтурулган тиркемелер "X" белгиси менен белгиленет жана ал тиркемелердин берилгендигин ырастоо болуп саналат.
3-глава. "Жылдык жыйынды киреше" (FORM STI-155-001) 1-тиркемесин толтуруу
§ 3.1. "Салык салынуучу кирешелер" I бөлүмүн толтуруу
54. 150-уячада Декларанттын жумуш берүүчү менен болгон эмгек мамилелеринен алынган кирешелери көрсөтүлөт:
а) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган эмгек акысы, анын ичинде сый акылар, кепилдик, компенсациялык жана башка төлөмдөр;
б) эмгектик компенсация катарында жумушчуга көрсөтүлгөн кызмат, жумушчунун кызыкчылыгында аткарылган иш, жумушчу тарабынан алынган товарлардын наркы;
в) жумушчу тарабынан үчүнчү жактан алынган товарлардын, жумуштардын, кызматтардын наркын жумуш берүүчү тарабынан төлөө;
г) жумуш берүүчү тарабынан өзүнүн жумушчуларына камсыздандыруу келишими аркылуу төлөнүүчү камсыздандыруучу сый акыларынын суммалары.
55. 151-уячада материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер көрсөтүлөт:
а) пайызсыз зайым же кредит, ислам каржылоосун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасынан төмөн пайыздагы пайыздык киреше менен зайым, кредит, ислам каржылоосун берүү;
б) товарды кайтарымсыз негизде берүү;
в) жумушчуга товарды сатууда жумуш берүүчү тарабынан арзандатып берүү.
Мисалы. Жеке жак отчеттук жылдын 1-мартында 6 айга 50000 сом суммада пайызсыз зайым алган. Зайым алган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы 8% түзгөн. Зайым отчеттук жылдын 31-августунда толук өлчөмдө кайтарылган.
Жеке жак тарабынан алынган пайданын суммасын эсептейбиз:
50000 сомду х 8% / 100% / жылдын 365 күнү х зайым колдонулган 184 күн = 2016 сом.
Демек, жеке жак зайымды колдонгондугу үчүн киреше салыгы төлөнбөгөн 2 016 сом суммасында материалдык пайда алган. Бул сумма 1-тиркеменин 151-уячасына киргизилиши керек жана Декларанттын кирешесин көбөйтөт. Эгерде материалдык пайда жумуш берүүчүдөн алынса, анда салыкты жумуш берүүчү кармайт. Кармалган жана төлөнгөн салыктын суммасы жумуш берүүчүнүн Декларацияны толтуруу үчүн жумушчуга берген маалымкатында көрсөтүлөт. Эгерде материалдык пайда жумуш берүүчүдөн алынбаса, анда материалдык пайданын суммасындагы киреше Декларацияга өз алдынча киргизилиши керек.
56. 152-уячада кайтарымсыз алынган активдердин наркы көрсөтүлөт. Бул жерде жакын туугандарынан алынбаган (мисалы, кесиптештеринен же уюмдан алынган) товарлар жана башка активдер түрүндөгү белектер чагылдырылышы керек. Жакын туугандарынан калган мурастар же белектердин наркы салык салынбай турган киреше катары Декларациянын 1-тиркемесинин 2-бөлүмүнүн 180-уячасында көрсөтүлөт.
57. 153-уячада пайыздык киреше, камсыздандыруу келишими боюнча, анын ичинде камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча киреше көрсөтүлөт, анын суммасы төмөнкүдөй аныкталат:
а) эгерде пайыздык киреше Кыргыз Республикасындагы башка булактардан алынса, киреше салыгы төлөм булактарынан кармалса жана бул жөнүндө ырастоочу документтер болсо, Декларант тарабынан алынган пайыздык кирешенин суммасы ушул уячага киргизилет;
б) эгерде пайыздык киреше чет өлкөлүк уюмдардан (анын ичинде банктардан) алынса, ал салык салынуучу болуп саналат. Ошону менен бирге бул уячага пайыздык кирешенин кошуп эсептелген толук суммасы киргизилет;
в) эгерде чет өлкөлүк уюмдан алынган пайыздык кирешеге киреше булактарынан салык алынса же Декларант салыкты өз алдынча чет мамлекетте төлөсө, киреше булактарынан кармалган же оз алдынча төлөнгөн салыктын суммасы ушул Тартиптин 48-пунктунда көрсөтүлгөн салыкты төлөө же кармоо жөнүндөгү документте ырасталышы керек;
г) эгерде мындай кирешенин суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга тийиш болсо, Декларант тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы мыйзамда бекитилген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн, кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашуу болгон учурда салык милдеттенмесин эсептөөдө эсепке алынат;
д) кошуп эсептелген пайыздык кирешенин суммасы, анын ичинде кармалган салык 153-уячада көрсөтүлөт. Макулдашууга ылайык чегерилүүгө тийиш болгон салык Декларациянын 061-уячасына киргизилет, бирок Кыргыз Республикасында белгиленген киреше салыгынын ставкасынан ашпаган ставка боюнча. Чет мамлекетте төлөнгөн/кармалган жана Кыргыз Республикасында киреше салыгынын төлөө эсебине чегерилүүгө жаткан салыктын суммасын эсептөөнүн мисалы ушул Тартиптин 48-пунктунда келтирилген;
е) Декларациянын 061-уячасында көрсөтүлгөн салыктын суммасы төлөнүүгө жаткан киреше салыгынын суммасын азайтат.
Эскертүү. Бул уячаны толтуруу учурунда ата мекендик банктардан жана чет өлкөлүк банктардан алынган, анын ичинде киреше булактарына мурда салык салынган жана салык салынбаган пайыздык кирешелерди өз-өзүнчө кароо зарыл.
Ата мекендик банктарга салынган салымдардын пайыздык кирешеси салык салынбаган болуп саналат, ошондуктан бул уячада чагылдырылбастан, Декларациянын 1-тиркемесинин 2-бөлүмүнүн 185-уячасында көрсөтүлөт.
58. 154-уячада дивиденддер түрүндөгү кирешелер көрсөтүлөт, алардын суммасы төмөнкүдөй аныкталат:
а) ата мекендик уюмдардан алынган дивиденддер эсептелбейт, анткени Салык кодексине ылайык аларга салык салынбайт.
Эскертүү: Ата мекендик уюмдан алынган дивиденддер салык салынбаган кирешелер катары Декларациянын 1-тиркемесинин 2-бөлүмүнүн 182-уячасында көрсөтүлөт;
б) чет өлкөлүк уюмдардан алынган дивиденддердин толук суммасы, бул суммадан салык кармалганына/төлөнгөнүнө карабастан эске алынат;
в) эгерде чет өлкөдө алынган дивиденддердин суммасынан салык кармалса/төлөнсө, анда салыктын бул суммасы Декларацияга, Декларант дивиденд алган өлкө менен Кыргыз Республикасынын кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуусу болсо, чет мамлекетте төлөнгөн салык катарында киргизилиши мүмкүн. Башка мамлекетте кармалган/төлөнгөн салыктын суммасы Кыргыз Республикасында белгиленген ставка боюнча гана эсепке алынышы мүмкүн. Салык суммасын кармоонун же аны төлөөнүн ырастоосу катары ушул Тартиптин 48-пунктунда көрсөтүлгөн, салыкты төлөө же кармоо тууралуу документ кызмат кылат.
Эскертүү. Чет мамлекетте кармалган/төлөнгөн жана Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөөнүн эсебине чегерүүгө жаткан салыктын суммасын эсептөөнүн мисалы ушул Тартиптин 48-пунктунда келтирилген.
Чет мамлекетте кармалган/төлөнгөн жана Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөөнүн эсебине чегерүүгө жаткан салыктын суммасы Декларациянын 061-уячасында көрсөтүлөт жана төлөнүүгө жаткан киреше салыгынын суммасын азайтат.
59. 155-уячада кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуунун наркын кемитүү менен сатуудан түшкөн акча көрсөтүлөт, ал сатып алуу наркы менен сатуу наркынын ортосундагы арифметикалык айырма катары төмөнкүдөй аныкталат:
а) жеке пайдалануу үчүн сатып алынбаган жана мурда сатуучу ишкердикте колдонбогон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан;
б) автомототранспорт каражаттарын сатуудан, эгерде ал менчигинде бир жылдан аз болсо;
в) турак жай фондуна таандык (батир, үй, дача) кыймылсыз объектилерди сатуудан, эгерде ал менчигинде эки жылдан аз болсо.
Эгерде киреше Декларанттын менчигинде тиешесине жараша бир жылдан ашык жана эки жылдан ашык болгон автомототранспорт каражаттарын же турак жай фондуна таандык кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган болсо, анда бул кирешелер салык салынбоочу болуп саналат жана толугу менен Декларациянын 1-тиркемесинин 2-бөлүмүнүн 181-уячасына киргизилет.
Мисалы. 2020-жылы Декларант ата-энесинен бир бөлмөлүү батирди белекке алган. Ал батирди ата-энеси 2016-жылы сатуу-сатып алуу келишиминде көрсөтүлгөн 1000000 сом өлчөмүндөгү суммага сатып алышкан. Эгерде Декларант 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Декларация толтурса, ал 1-тиркемеде 1000000 сом өлчөмүндөгү салык салынбаган киреше деп көрсөтмөк, анткени, жакын туугандарынан алынган белектер салык салынбаган кирешеге тиешелүү болот.
Декларанттын менчик үйү болгондуктан, белекке алган, сатуу убагында баасы 1700000 сомду түзгөн батирин ал отчеттук 2021-жылы сатууну чечти. Батирди белекке алган (ээ болгон) убактан бери эки жылдан аз убакыт өткөндүгүн эске алганда, батирдин наркынын өсүшү Декларанттын салык салынуучу кирешеси болуп саналат.
Батирди сатуудан түшкөн 1700000 сом өлчөмүндөгү сумманы Декларант төмөнкүдөй түрдө Декларацияда чагылдырат:
- Декларант Декларациянын 1-тиркемесинин 1-бөлүмүнүн 155-уячасында батирди сатып алуу жана сатуу наркынын ортосундагы арифметикалык айырмага барабар 700000 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтөт;
- батирди сатып алуу наркына барабар, документтер менен ырасталган 1000000 сом өлчөмүндөгү сумманы Декларант салык салынбаган киреше катары Декларациянын 1-тиркемесинин 2-бөлүмүнүн 181-уячасында көрсөтөт.
Белекке берүүчүнүн (Декларанттын ата-энесинин) чыгымынын, белектин наркын ырастаган документтер жок болсо, анда батирди сатып алуу нөлгө барабар болот. Ошондуктан, эки жылдан аз мөөнөттө батирди сатууда Декларант Декларациянын 1-тиркемесинин 1-бөлүмүнүн 155-уячасында батирди сатуудан алынган бардык 1700000 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтүүгө жана киреше салыгын төлөөгө тийиш.
60. 156-уячада акцияны, үлүштүк баалуу кагазды, уюмдагы үлүштү, исламдык каржылоого ылайык шарика/көмүүчү мушарака келишими боюнча өнөктөштүн үлүшүн сатып алуунун наркын кемитүү менен сатуудан түшкөн акча көрсөтүлөт, анын суммасы төмөнкүдөй аныкталат:
а) эгерде Декларант отчеттук жылда баалуу кагаздарды сатуудан киреше алса (киреше = сатуу суммасынан сатып алуу наркын кемитүү), анда бул сумма ушул уячага киргизилет. Сатуу күнүндө листингдин жогорку жана жогоркудан кийинки категориясы боюнча фондулук биржанын листингинде турган баалуу кагаздарды сатуудан алынган киреше буга кирбейт. Бул киреше салык салынбоочу болуп саналат;
б) үлүштүк баалуу кагаздардын баштапкы наркынын жана/же катышуучунун киргизген үлүшүнүн жана/же пайынын өлчөмүндөгү баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн сумма, башкача айтканда аларды сатып алуу наркы салык салынбай турган болуп саналат.
61. 157-уячада субсидия катары алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү. Субсидия - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештери тарабынан Декларантка анын экономикалык ишине байланыштуу мурда же кийин белгилүү шарттарды аткаруунун ордуна өткөрүп берүү түрүндөгү жардам.
62. 158-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчүлөрдү кошпогондо, алынган пенсиялардын, стипендиялардын, жөлөкпулдардын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашууга ылайык, төлөнгөн өлкөдө гана салык салынган, чет мамлекетте алынган пенсиялардын суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы: Россия Федерациясынын жараны Иванов Кыргыз Республикасында туруктуу жашайт жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык пенсия алып, ал анын банктык эсебине түшөт. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуунун шарты боюнча Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык төлөнгөн пенсияга бир гана Россия Федерациясында салык салынгандыктан, бул пенсия анын салык салынуучу кирешеси болуп саналбайт жана бул уячага киргизилбейт.
Ошол эле убакта, Кыргыз Республикасы менен кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуусу жок чет мамлекеттин (мисалы, Америка Кошмо Штатынын) Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана Америка Кошмо Штатынын мыйзамдарына ылайык пенсия алган жараны бул уячага бир жылда алган пенсиясынын бардык суммасын киргизиши жана андан киреше салыгын төлөшү керек болот.
63. 159-уячада утуш түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада лотереяларга, сынактарга, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуудан алынган, утуштун суммасы же наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашкан, утуш түрүндө алынган бардык кирешелер чагылдырылат. Эгерде утуштун суммасы 10 эсептик көрсөткүчтөн, башкача айтканда 1000 сомдон аз болсо, ал салык салынбоочу болуп саналат жана Декларациянын 1-тиркемесинин 2-бөлүмүнүн 176-уячасына киргизилет.
64. 160-уячада Декларанттын милдеттенмесин токтотуудан түшкөн кирешенин суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү учурларда пайда болот:
а) кредит берүүчү карызды кечкенде;
б) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу милдеттенмелерди эсептен чыгарганда;
в) жеке жактын милдеттенмелери, анын ичинде үчүнчү тараптан салык милдеттенмелери аткарылганда.
Эскертүү: Эгерде жарандык мыйзамдарда белгиленген, доонун эскирүү мөөнөтү - үч жыл өткөндөн улам анын төлөө боюнча милдеттенмелери токтотулган же карызы кечирилген болсо же үчүнчү тарап утурлама талаптарын койбостон, Декларант үчүн ал төлөй турган сумманы төлөгөн болсо, анда кайтарылбаган же үчүнчү жакка төлөнбөгөн карыздын суммасы Декларанттын кирешеси болуп саналат. Көрсөтүлгөн кирешенин суммасын ушул уячада көрсөтүү зарыл.
Мисалы: ижара келишиминин шарты боюнча ижарачы өз каражатынан ижарага берүүчү - жеке адам үчүн киреше салыгын, төлөнгөн ижара суммасынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүсүн, жер салыгын, мүлк салыгын төлөйт. Мындай учурда бардык бул төлөмдөрдүн суммасы ижарага берүүчү - жеке жактын салык салынуучу кирешеси деп эсептелет жана толугу менен 160-уячага киргизилет.
65. 161 -уячада салык мезгили үчүн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмү түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Кирешенин суммасы жумуш берүүчү тарабынан жумушчунун пайдасына түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча жумушчу тарабынан алынган камсыздандыруучу төлөмдөрдү кошпогондо, камсыздандыруу келишими колдонулган кезде камсыздандырылган адам тарабынан жүргүзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча төлөмдөрдүн суммасынын жана камсыздандырылган ордун толтуруунун алынган суммасынын ортосундагы айырма катары эсептелет.
Мисалы: Декларант Айдаров 2018-жылдын 1-январынан тартып 5 жылга турак жайын (батирин) ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча келишим түзгөн. Камсыздандыруу келишими боюнча Айдаров ай сайын 200 сомдон төлөп келген. 2021-жылдын ноябрь айында турак жайдын жылуулук тармагынын кыйроого учурашынан Айдаровдун батирин суу каптап кеткен. Камсыздандыруучу компания түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасын белгилеген жана Айдаровго 25000 сом төлөп берген. 2018-жылдын январынан тартып, 2021-жылдын ноябрына чейинки 47 айда Айдаров камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу компаниянын камсыздандыруу төгүмүн төлөө эсебине 47 х 200 = 9400 сом өлчөмүндө акча төлөгөн. Айдаров тарабынан алынган салык салынуучу киреше камсыздандыруу төлөмүнөн алынган сумманын жана камсыздандыруу төгүмүнүн төлөнгөн суммасынын ортосундагы арифметикалык айырма катары эсептелет: 25000 - 9400 = 15600 сом. Ошентип, Айдаров 161-уячада 15600 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтөт.
Эскертүү. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча алынган камсыздандыруу төлөмдөрү салык салынбаган киреше болуп таанылат жапа Декларациянын 1-тиркемесинин 2-бөлүмүнүн 185-уячасына киргизилет.
66. 162-уячада уюмду башкарууга катышкандыгы үчүн алынган сый акылардан жана компенсациялардан алынган суммасынын өлчөмүндөгү киреше көрсөтүлөт. Мындай кирешелер, мисалы, башка уюмдун директорлор кеңешинин, башкарманын, байкоочу кеңештин, башкача айтканда башка уюмдун аткаруу эмес, башкаруу органынын ишине катышкандыгы үчүн Декларант тарабынан алынган сый акылар жана компенсациялар болуп саналат.
67. 163-уячада Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган киреше көрсөтүлөт, ал төмөнкүдөй аныкталат:
а) бул суммадан салык кармалганына/төлөнгөнүнө карабастан, чет мамлекетте алынган киреше эсепке алынат;
б) эгерде чет өлкөдөн алынган кирешеден салык кармалып/төлөнгөн болсо, анда салыктын бул суммасы Декларант киреше алган өлкө менен Кыргыз Республикасынын кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуусу болгон шартта, чет мамлекетте төлөнгөн салык катары Декларацияга киргизилиши мүмкүн. Башка мамлекетте кармалган/төлөнгөн салыктын суммасы Кыргыз Республикасында белгиленген ставка боюнча гана эсепке алынышы мүмкүн. Ушул Тартиптин 48-пунктунда көрсөтүлгөн салыкты кармоо же төлөө жөнүндө документ салыктын суммасын кармап калууну же аны төлөгөндүгүн тастыктоо катары кызмат кылат.
Эскертүү. Чет мамлекетте кармалган/төлөнгөн жана Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөө эсебине чегерүүгө жаткан салыктын суммасын эсептөөнүн мисалы ушул Тартиптин 48-пунктунда келтирилген.
Чет мамлекетте кармалган/төлөнгөн жана Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөөнүн эсебине чегерүүгө жаткан салыктын суммасы Декларациянын 061-уячасында көрсөтүлөт жана төлөнүүгө тийиш болгон киреше салыгынын суммасын азайтат.
68. 164-уячада 150-163-уячаларда көрсөтүлбөгөн башка салык салынуучу кирешелер көрсөтүлөт. Мындай киреше, мисалы, Деклараит тарабынан моралдык чыгым компенсациясы, ошондой эле роялти түрүндө алынган сумма болушу мүмкүн.
Эскертүү. Роялти - бул, сый акы катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөр:
- бардык адабий, искусство же илимий чыгармаларга, анын ичинде компьютердик программаларга, кино, теле, видеофильмдерге же радио жана телеберүү үчүн жаздырууларга автордук укугун пайдалануу же укугун пайдаланууга берүү үчүн;
- өнөр жайлык менчик объектисине, соода маркасына, дизайн же моделге, планга, жашыруун формула же процесске же өнөр жайлык коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматтарга (ноу-хау) болгон укугун ырастаган бардык патент үчүн.
Роялтиге финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган сый акылар кирбейт.
69. 169-уячада отчеттук жылда алынган салык салынуучу кирешенин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага 150-164-уячалардын жалпы суммасы кирет. 169-уячанын мааниси Декларациянын 050-уячасына көчүрүлөт.
§ 3.2. "Салык салынбай турган кирешелер" II бөлүмүн толтуруу
70. Салык салынбай турган кирешелердин суммасы Декларанттын киреше булактарын ырастоо максатында Декларацияда көрсөтүлөт.
71. 170-уячада салык төлөөчүлөрдүн төмөнкү категорияларынын кирешелери көрсөтүлөт:
1) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
2) мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары;
3) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы күжүрмөн эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар;
4) Баткен окуяларынын катышуучулары;
5) Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкан адамдар;
6) Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын жесирлери же жесилдери;
7) "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдар.
72. 171-уячада салык төлөөчүлөрдүн социалдык жактан корголбогон категорияларынын кирешеси көрсөтүлөт:
1) майыптардын төмөнкүдөй түрдө алынган кирешелери:
а) майыптар үчүн техникалык каражаттарга төлөмдөр;
б) майыптыктын алдын алуу жана аны реабилитациялоо, майыптар үчүн жол көрсөтүүчү иттерди багууга арналган суммалардын өлчөмү;
в) профсоюздук органдардан алынган суммалар же мүлктөр;
2) эмгекке жарамсыз жарандардын, аз камсыз болгон жана жарды үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүнүн профсоюз органдарынан акча каражаттары жана мүлк түрүндө алынган кирешелери;
3) мамлекеттен, коммерциялык эмес уюмдардан социалдык реабилитациялоого же адаптациялоого муктаж болгон төмөнкүлөр тарабынан акысыз алынган активдердин, анын ичинде дары-дармектердин, медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн, тамак-аш азыктарынын, түшкү тамактардын, биринчи зарылдыктагы жапа жеке гигиена предметтеринин наркы:
а) качкындар;
б) оор бейтаптар;
в) жумушсуздар;
г) жетим балдар;
д) эркинен ажыратуу жайларынан кайтып келген адамдар;
е) кирешеси жашоо деңгээлинен төмөн болгон башка жактар.
73. 172-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсиялардын, жөлөкпулдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары төлөгөн стипендиялардын суммасы көрсөтүлөт.
74. 173-уячада Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан төлөнүүчү төлөм жана кайтарымсыз өткөрүп берилген мүлк түрүндө Декларант тарабынан алынган киреше көрсөтүлөт.
75. 174-уячада Декларант тарабынан материалдык зыяндын же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, жергиликтүү кеңештердин жана коммерциялык эмес уюмдардын чечими боюнча ал жеткис күчтөрдүн жагдайларына байланыштуу кайтарымсыз алынган суммалар көрсөтүлөт.
Эскертүү: Ал жеткис күч деп жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын же алдын ала билүүгө же болтурбоого мүмкүн болбогон же болбосо алдын ала билүүгө мүмкүн болгон, бирок болтурбоого мүмкүн болбогон башка жагдайлардын натыйжасында өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн эмес жагдайлардын келип чыгышы саналат. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган материалдардын негизинде жана далилдөөнүн атайын каражаттарына муктаж эмес башка ыкмалардын негизинде аныкталат.
76. 175-уячада бюджеттин каражаттарынын эсебинен Олимпиада, паралимпиада жана Азия оюндарына, Дүйнө, Азия чемпионаттарына катышуунун жыйынтыктары боюнча чемпиондорго жана байге ээлерине, ошондой эле башка орундарды ээлегендерге, алардын машыктыруучуларына жана дарыгерлерине төлөнүүчү стипендиялар жана бир жолку акчалай сыйлыктар көрсөтүлөт.
77. 176-уячада наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлүүчү акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө жарандарды контролдук-кассалык чектерди талап кылууга түрткү берүүгө багытталган кызыктыруучу лотереяга/акцияга катышуудан алынган утуштар көрсөтүлөт.
78. 177-уячада эмгек ишинин алкагында алынган кирешелер көрсөтүлөт:
1) пенсиялар, жөлөкпулдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр, зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрү, бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналардагы шарттарда иштегендиги үчүн белгиленген үстөк акылар жана райондук коэффициенттер, эгерде бул төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жумуш берүүчүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдетке которулса;
2) кызматкерге, аткаруу органынын мүчөсүнө, директорлор кеңешинин же байкоочу кеңештин мүчөсүнө иш сапарынын чыгымдарын, ошондой эле уюмдун башкаруу органынын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда тарткан чыгымдарын компенсациялоо суммалары:
а) көздөгөн жана кайтып келе турган жерге чейин - берилген документтерге ылайык;
б) турак жайды жалдоо боюнча - берилген документтерге ылайык;
в) суткалык - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген ченемдердин чегинде.
Ушул пункттун "а" жана "б" пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда иш сапар боюнча чыгымдардын ордун толтуруунун суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген ченемдердин чегинде салык салуудан бошотулууга тийиш;
3) Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар жөнүндө мыйзамдарына ылайык пандемиялык мүнөзү белгиленген оорулар боюнча кызматкерлерди милдеттүү медициналык текшерүүнүн жана дарылоо-профилактикалык тейлөөнүн наркы, анын ичинде иш берүүчү төлөгөн лабораториялык анализдердин жана эмдөөлөрдүн наркы;
4) өз кызматкерлерин милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сый акылары, ошондой эле мындай келишимдер боюнча төлөмдөр;
5) Салык кодексинин 220-беренесинде каралган кызматкерди окутуунун наркы;
6) кызматкердин 14 жашка чейинки балдары (багуусундагы адамдар) үчүн жаңы жылдык белектин наркы, ар бир балага 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө;
7) атайын кийимдердин, атайын бут кийимдердин, жеке коргонуу каражаттарынын, самындын, зыянсыздандыруучу каражаттардын наркы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча жана мындай иштердин тизмесине ылайык эмгек шарты зыяндуу же кооптуу жумуштарда иштеген жумушчулардын сүтүнүн жана дарылоо-профилактикалык тамактануусунун наркы;
8) каза болгон кызматкердин жакын туугандары же жакын тууганы каза болгондугуна байланыштуу кызматкер тарабынан кайтарымсыз алынган суммалар;
9) ишке орноштуруу кызматынын органдары уюштурган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жарандардын эмгегине акы төлөө;
10) диний уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы, сыйлыктар, компенсациялар жана компенсациялоочу жана дем берүүчү мүнөздөгү башка төлөмдөр.
79. 178-уячада аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, жаза аткаруу системасынын мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин акчалай үлүш жана азык-түлүк үлүштөрүнүн ордуна компенсация түрүндөгү кирешелери көрсөтүлөт.
80. 179-уячада Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин, мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердеги же эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын акчалай камсыздоо көрсөтүлөт.
81. 180-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Декларант тарабынан алынуучу алименттердин суммасы.
Алимент жашы жете элек балдарды багууга, ошондой эле улгайган ата-энелерди багууга алынышы мүмкүн.
Эскертүү. Эгерде алынган алименттин суммасы соттун чечими менен же мыйзамда белгиленген өлчөмдөн ашып кетсе, алынган алименттин бардык суммасы бул уячада көрсөтүлөт жана жакын туугандарынан алынган белектер да салык салынбаган кирешеге киргендигине байланыштуу, салык салынбоочу болуп саналат.
2) жубайлар же мурдагы жубайлардын ортосундагы ажырашууга байланыштуу мүлктөрдү бөлүштүрүүнүн жана өткөрүп берүүнүн натыйжасында Декларант тарабынан алынган киреше;
3) жакын туугандарынан мурастоо же белекке алуу тартибинде алынган мүлктүн, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы.
Эскертүү. Эгерде жакын туугандары белек берсе, анда анын наркы салык салынбаган киреше болуп саналат. Эгерде жакын деп саналбаган туугандарынан белек алынса, мисалы, таекеден, таежеден, жээнден, ошондой эле тууган эместен, анын наркы салык максатында салык салынуучу киреше деп эсептелет жана Декларациянын 1-тиркемесинин 1-бөлүмүнүн 152-уячасына киргизилет.
Эгерде жакын тууганы ишкердик жүргүзсө, анда мындай тууган тарабынан берилген кайтарымсыз активдердин наркы менен алган, анын ишкердик ишине катышуучу, активдер берилген адам киреше салыгын же пайда салыгын төлөшү керек.
82. 181-уячада Декларанттын жеке максаты үчүн колдонулган жана ишкердик жүргүзүү максатында сатып алынбаган, кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган кирешеси көрсөтүлөт, буга төмөнкүлөрдөн алынган киреше кирбейт:
а) сатып алган күндөн тартып бир жылдан аз убакыт менчик укугунда болгон автомототранспорт каражаттарын сатуудан;
б) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна киргизилген жана бул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып катар келген 2 жылдан аз менчик укугуна таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатуудан.
83. 182-уячада ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер көрсөтүлөт. Бул сумманы тастыктоо болуп, алынган дивиденддердин суммасы жөнүндө төлөм булагынан алынган маалымкат саналат.
84. 183-уячада катышуучунун мурда киргизилген үлүшүнүн же пайынын же үлүштүк баалуу кагаздарды сатып алуунун наркынын өлчөмүндө аларды кайтарууда Декларант тарабынан алынган сумма көрсөтүлөт.
Эскертүү. Эгерде катышуучунун пайы же үлүшү же акциясы отчеттук жылда Декларант тарабынан сатып алууга кеткен чыгымдан ашкан нарк боюнча сатылса, анда мындай нарктын өсүшү (алгачкы жумшалган акча каражатынын суммасы менен сатылган баанын ортосундагы айырма) Декларациянын 1-тиркемесинин 1-бөлүмүнүн 156-уячасына киргизилет.
85. 184-уячада талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан жана шайлоо өнөктүктөрү, референдум өнөктүктөрү мезгилинде референдум топторунун фонддорунун каражаттарынан, ыйгарым укуктуу өкүлдүн, байкоочунун, ишенимдүү адамдын, талапкердин же саясий партиянын шайлоо комиссияларындагы өкүлүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүн, референдум өнөктүктөрүн өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан үгүт боюнча кызматтарды аткаруу үчүн жеке жак алган суммалар көрсөтүлөт.
86. 185-уячада Декларант тарабынан Кыргыз Республикасынын банктарына аманат боюнча алынган пайыздардын суммасы көрсөтүлөт.
Чет өлкөлүк банктардан пайыздык киреше алынган учурда, киреше Декларациянын 1-тиркемесинин 1-бөлүмүнүн 153-уячасына киргизилиши керек.
87. 186-уячада Декларант Салык кодексинин 191-беренесине ылайык 170-185-уячаларында көрсөтүлбөгөн, киреше салыгы салынбаган башка кирешелерди көрсөтөт.
88. 187-уячада отчеттук жыл үчүн Декларанттын салык салынбаган кирешелеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада 170-18б-уячалардын маанилеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
4-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чегерүүлөрүн эсептен чыгаруунун, социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууларынын суммасын аныктоонун эсеби" 2-тиркемесин толтуруу (FORM STI-155-002)
§ 4.1. "Салыктык база" I бөлүмүн толтуруу
89. 2-тиркеме мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чегерүүлөрдү, ошондой эле социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууларды алуу укугун колдонууну каалаган Декларант тарабынан толтурулат. Бул бөлүмдө каралган эсептен чыгаруулардын суммасын эсептөө үчүн салык базасы аныкталат.
90. 200-уячага Декларациянын 1-тиркемесинин (FORM STI-155-001) 169-уячасында көрсөтүлгөн салык салынуучу кирешенин суммасы көчүрүлөт.
91. 201-уячада салык мезгилинин ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтүн 6,5 өлчөмүндө жеке эсептен чыгаруунун суммасы көрсөтүлөт.
92. 202-уячада салык мезгилинин ар бир айы үчүн Декларанттын багуусундагы ар бир адамга бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт.
93. 203-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү эсептен чыгаруунун суммасы көрсөтүлөт.
94. 200-203-уячалардын көрсөткүчтөрү Декларациянын 050-053-уячаларынын көрсөткүчтөрүнөн айырмаланбашы керек.
95. 204-уячада 204 = 200 - 201 - 202 - 203-бөлүмдү толтуруунун жыйынтыгы боюнча салык базасынын өлчөмү көрсөтүлөт.
§ 4.2. "Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чегерүүлөрдү эсептен чыгаруу суммасын эсептөө" II бөлүмүн толтуруу
96. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алууну каалаган Декларант Декларацияга ушул Тартиптин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн тиркейт.
97. 205-уячада Декларант тарабынан мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн сумма боюнча эсептен чыгарууну чектөөнүн суммасы көрсөтүлөт (салык базасынан 8%дан көп эмес): 205 = 204 x 8 / 100.
98. 206-уячада Декларант тарабынан мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн иш жүзүндөгү сумма көрсөтүлөт.
99. 207-уячада төмөнкү уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы көрсөтүлөт: 207 = 205 - 206.
100. Эгерде 207-уячанын мааниси терс болсо, 207-уячанын алдындагы атайын уячада кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 205-уячанын мааниси 208-уячага көчүрүлөт.
101. Эгерде 207-уячанын мааниси оң болсо, 207-уячанын алдындагы атайын уячада белги көрсөтүлбөйт жана 206-уячанын мааниси 209-уячага көчүрүлөт.
§ 4.3. "Социалдык эсептен чыгаруунун суммасын эсептөө" III бөлүмүн толтуруу
102. 210-уячада социалдык эсептен чыгаруу үчүн салык базасынын өлчөмү көрсөтүлөт:
210 = 204 - 208, эгер 208-уяча толтурулган болсо;
210 = 204 - 209, эгер 209-уяча толтурулган болсо.
103. Эгерде Декларант жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алгысы келбесе же мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөмдөрдү жүргүзбөсө, анда 205-209-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт жана 204-уячанын мааниси 210-уячага көчүрүлөт.
104. 211-уячада социалдык эсептен чыгаруу үчүн чектөөнүн суммасы көрсөтүлөт 211 = 210 х 10/100 же 211 = 210 х 25/100.
Эсептен чыгаруулардын суммасы билим берүүгө эсептен чыгаруу жана мүлктүк эсептен чыгаруу кирбеген салык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызы менен чектелет, ал эми багуусунда үч же андан ашык адамы бар Декларант үчүн чегерүүлөрдүн суммасы билим берүүгө эсептен чыгаруу кирбеген салык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызы менен чектелет.
Эгерде окууга эсептен чыгаруунун суммасы чектөөнүн суммасынан ашып кетсе, анда бул ашып кетүү кийинки жылдары Декларация тапшырууда эсептен чыгарылууга жатпайт.
105. 212-уячада Декларант тарабынан ата мекендик билим берүү мекемесине төлөнгөн иш жүзүндөгү сумма көрсөтүлөт.
106. 213-уячада 213 = 211 - 212-уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы көрсөтүлөт.
107. Эгерде 213-уячанын мааниси терс болсо, 213-уячанын алдындагы атайын уячада кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 211-уячанын мааниси 214-уячага көчүрүлөт.
108. Эгерде 213-уячанын мааниси оң болсо, 213-уячанын алдындагы атайын уячада белги көрсөтүлбөйт жана 212-уячанын мааниси 215-уячага көчүрүлөт.
109. Билим алууга эсептен чыгарууга укук Декларанттын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде Декларация жана ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык Декларацияга тиркелген чыгымдарды ырастаган документтердин көчүрмөлөрү берилген учурда берилет.
Мында, эгерде окуп жаткан багуудагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда аны окутууга кеткен чыгымдарды эсептен чыгарууну бир гана жеке адамга алууга уруксат берилет.
110. Эгерде Декларант билим берүү үчүн төлөмдөрдү жүргүзбөсө же бул төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алгысы келбесе, анда 210-215-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт.
§ 4.4. "Мүлктүк эсептен чыгаруу суммасын эсептөө" IV бөлүмүн толтуруу
111. Мүлктүк эсептен чыгарууга укук Декларантка - банк менен кредиттик келишим жана/же ипотекалык кредит боюнча жана/же турак жай ссудасы, исламдык каржылоо келишими боюнча сатып алынган мүлктүн менчик ээсине Декларанттын жазуу жүзүндөгү арызынын жана ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык Декларация берүүдө тиркелген чыгымдарды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде берилет.
112. 216-уячада Салык кодексинде белгиленген мүлктүк эсептен чыгаруу үчүн чектөө көрсөтүлөт.
113. 217-уячада ипотекалык кредит боюнча жоюлган пайыздардын иш жүзүндөгү суммасы көрсөтүлөт.
114. 218-уячада 218 = 216 - 217-уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы көрсөтүлөт.
115. Эгерде 218-уячанын мааниси терс болсо, 218-уячанын алдындагы атайын уячада кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 216-уячанын мааниси 219-уячага көчүрүлөт.
116. Эгерде 218-уячанын мааниси оң болсо, 068-уячанын алдындагы атайын уячада белги көрсөтүлбөйт жана 217-уячанын мааниси 220-уячага көчүрүлөт.
117. Эгерде Декларант жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алгысы келбесе же ипотекалык кредит боюнча пайыздарды төлөбөсө, 216-220-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт.
118. 221-уячада Декларанттын киреше салыгынын салык базасынан уруксат берилген эсептен чыгаруулардын толук суммасы көрсөтүлөт:
221 = (208 же 209) + (214 же 215) + (219 же 220).
221-уячанын мааниси Декларациянын 054-уячасына көчүрүлөт.
5-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жак тарабынан акча каражаттары (мүлк) түрүндө алынган кирешелерди чечмелөө" (FORM STI-155-003) 3-тиркемесин толтуруу
119. 1-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык киреше алынган/мүлк сатып алынган өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
120. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кирешенин/мүлктүн коду көрсөтүлөт.
121. 3-графада кирешенин суммасы/мүлктүн наркы көрсөтүлөт.
122. 4-графада таблицада көрсөтүлгөн коддор көрсөтүлөт:
Код | Мүлк объектинин категориясы |
СС | Салык салынуучу |
С/СТ | Салык салынбай турган |
123. 5-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык киреше алуунун/мүлк сатып алуунун негизинин коду көрсөтүлөт.
124. 6-графада кирешесин төлөгөн же мүлкүн өткөрүп берген жеке жактын аты-жөнү/уюмдун же башка булактардын аталышы көрсөтүлөт.
125. 7-графада киреше төлөгөн же мүлктү өткөрүп берген жеке жактын/уюмдун же башка булактын идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
126. "Жыйынтыгы" сабында 3-графанын жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул сумма Декларациянын 14-тиркемесинин 1-бөлүмүнүн "Кирешелер" 1-графасына көчүрүлөт.
6-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын чыгымдары" (FORM STI-155-004) 4-тиркемесин толтуруу
127. 1-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык мүлктү сатып алган өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
128. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктүн коду көрсөтүлөт.
129. 3-графада мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
130. 4-графада келишимге ылайык сатып алуу учурундагы мүлктүн наркы көрсөтүлөт.
131. 5-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуу булагынын коду көрсөтүлөт.
132. 6-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуу негизинин коду көрсөтүлөт.
133. 7-графада келишимге ылайык мүлк сатып алынган дата көрсөтүлөт.
134. 8-графада менчик укугунун пайда болушу жана аны күбөлөндүрүү үчүн негиз болгон документтердин аталышы жана маалымдаректери көрсөтүлөт.
135. "Жыйынтыгы" сабында 4-графанын жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул сумма Декларациянын 14-тиркемесинин 1-бөлүмүнүн "Чыгымдар" 2-графасына көчүрүлөт.
Эскертүү. Декларанттын чыгымдары болуп, эгерде мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептөө көрсөткүчүнүн 3000 эселик өлчөмүнөн ашып кетсе, ал менчик укугун же мүлккө болгон башка укугун алуу боюнча бүтүм эсептелет.
7-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кыймылсыз мүлкү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-005) 5-тиркемесин толтуруу
136. 1-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык мүлк жайгашкан өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
137. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктүн коду көрсөтүлөт.
138. 3-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн идентификациялык номери көрсөтүлөт.
139. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн сатып алуу мезгилиндеги наркы көрсөтүлөт.
140. 5-графада кыймылсыз мүлктүн үлүшү % менен көрсөтүлөт.
141. 6-графада кыймылсыз мүлктүн жалпы аянты, өлчөө бирдиги көрсөтүлөт:
а) жерлер үчүн:
- айыл чарба багытындагы - гектар (га) менен;
- үйдүн жанындагы, короо-жайдын жанындагы, бак-чарба участоктору - чарчы метр (м2) менен;
- айыл чарба багытындагы эмес - чарчы метр (м2) менен;
б) турак жайлар, имараттар, курулмалар жана жеңил конструкциялар үчүн - чарчы метр (м2) менен.
142. 7-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуу негизинин коду көрсөтүлөт.
143. 8-графада келишимге ылайык мүлк сатып алынган дата көрсөтүлөт.
144. 9-графада мүлк жайгашкан жер (дареги) көрсөтүлөт.
145. 10-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт.
146. "Жыйынтыгы" сабында 4 жана 10-графалар боюнча сумма көрсөтүлөт.
Эскертүү: 1, 3, 6 жана 10-графалардын көрсөткүчтөрү мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдө көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр менен дал келүүгө тийиш.
8-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кыймылсыз мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-006) 6-тиркемесин толтуруу
147. "Кыймылдуу мүлк" I бөлүмүнүн 1-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кыймылдуу мүлкүнүн түрүнүн коду көрсөтүлөт.
148. 2-графада кыймылдуу мүлктүн аталышы көрсөтүлөт. Эгерде кыймылдуу мүлк транспорт каражаты болсо, анда кыймылдаткычтын маркасы, чыгарылган жылы жана көлөмү көрсөтүлөт.
149. 3-графада келишимге ылайык кыймылдуу мүлктүн сатып алуу мезгилиндеги наркы көрсөтүлөт.
150. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн үлүшү % менен көрсөтүлөт.
151. 5-графада келишимге ылайык кыймылдуу мүлк сатып алынган дата көрсөтүлөт.
152. 6-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуу негизинин коду көрсөтүлөт.
153. 7-графада кыймылдуу мүлк катталган райондун коду көрсөтүлөт.
154. 8-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт.
155. "Жыйынтыгы" сабында 3 жана 8-графалар боюнча сумма көрсөтүлөт.
156. "Финансылык милдеттенмелер" II бөлүмүнүн 1-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык милдеттенменин коду көрсөтүлөт.
157. 2-графада кредит/зайым алуучунун аталышы көрсөтүлөт.
158. 3-графада кредит/зайым келишиминин номери көрсөтүлөт.
159. 4-графада кредит/зайым келишиминин датасы көрсөтүлөт.
160. 5-графада кредит/зайым алынган дата көрсөтүлөт.
161. 6-графада кредит/зайым төлөө мөөнөтү аяктаган дата көрсөтүлөт.
162. 7-графада милдеттенменин суммасы көрсөтүлөт.
163. 8-графада төлөнгөн карыздын суммасы көрсөтүлөт.
164. 9-графада төлөнө элек карыздын калдыгы көрсөтүлөт.
165. "Жыйынтыгы" сабында 7, 8, 9-графалар боюнча сумма көрсөтүлөт.
9-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын мүлкүн талап кылуу укугу жайылтылган чарбалык субъекттердин уставдык капиталына/ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-007) 7-тиркемесин толтуруу
166. "Чарбалык субъекттердин уставдык капиталындагы жеке жактын мүлкү" 1-бөлүмүнүн 1-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык өткөрүп берилген мүлктүн коду көрсөтүлөт.
167. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
168. 3-графада келишимге ылайык өткөрүп берилген мүлктүн наркы көрсөтүлөт.
169. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн үлүшү % менен көрсөтүлөт.
170. 5-графада чарбалык субъекттин аталышы көрсөтүлөт.
171. 6-графада чарбалык субъекттин идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
172. 7-графада чарбалык субъекттин жайгашкан жери көрсөтүлөт.
173. "Ишенимдүү башкаруучу жөнүндө маалымат" II бөлүмүнүн 1-графасында ишенимдүү башкаруучунун аты-жөнү/аталышы көрсөтүлөт.
174. 2-графада ишенимдүү башкаруучунун идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
175. 3-графада келишимдин номери көрсөтүлөт.
176. 4-графада келишимдин колдонула баштаган датасы көрсөтүлөт.
177. 5-графада келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаган дата көрсөтүлөт.
178. "Жеке жактын коммерциялык эмес уюмдарга катышуусу" III бөлүмүнүн 1-графасында коммерциялык эмес уюмдун аталышы көрсөтүлөт.
179. 2-графада коммерциялык эмес уюмдун идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
180. 3-графада коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги көрсөтүлөт.
181. 4-графада ээлеген кызматы/коммерциялык эмес уюмга катышуусу көрсөтүлөт.
10-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын туугандары/багуусундагы адамдары жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-008) 8-тиркемесин толтуруу
182. 1-графада жакын тууганынын/багуусундагы адамдын аты-жөнү көрсөтүлөт.
183. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык туугандык даражасынын коду көрсөтүлөт.
184. 3-графада жакын тууганынын/багуусундагы адамдын идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
185. 4-графада жакын тууганынын/багуусундагы адамдын иштеген же окуган жери көрсөтүлөт.
186. 5-графада жакын тууганынын/багуусундагы адамдын кызмат орду көрсөтүлөт.
11-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын акча каражаттары жана мүлк түрүндө алган кирешелери" (FORM STI-155-009) 9-тиркемесин толтуруу
187. 1-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык киреше алынган/мүлк сатып алынган өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
188. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кирешенин/мүлктүн коду көрсөтүлөт.
189. 3-графада кирешенин суммасы/мүлктүн наркы көрсөтүлөт.
190. 4-графада таблицада көрсөтүлгөн коддор көрсөтүлөт:
Код | Мүлк объектинин категориясы |
СС | Салык салынуучу |
С/СТ | Салык салынбай турган |
191. 5-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык киреше алуунун/мүлк сатып алуунун негизинин коду көрсөтүлөт.
192. 6-графада кирешесин төлөгөн же мүлкүн өткөрүп берген жеке жактын аты-жөнү/уюмдун же башка булактардын аталышы көрсөтүлөт.
193. 7-графада киреше төлөгөн же мүлктү өткөрүп берген жеке жактын/уюмдун же башка булактын идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
194. "Жыйынтыгы" сабында 3-графанын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
12-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын чыгымдары" (FORM STI-155-010) 10-тиркемесин толтуруу
195. 1-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык мүлк сатып алынган өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
196. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктүн коду көрсөтүлөт.
197. 3-графада мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
198. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн сатып алуу мезгилиндеги наркы көрсөтүлөт.
199. 5-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуу булагынын коду көрсөтүлөт.
200. 6-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуу негизинин коду көрсөтүлөт.
201. 7-графада келишимге ылайык мүлк сатып алынган дата көрсөтүлөт.
202. 8-графада менчик укугунун пайда болушу жана аны күбөлөндүрүү үчүн негиз болгон документтердин аталышы жана маалымдаректери көрсөтүлөт.
203. "Жыйынтыгы" сабында 4-графанын жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул сумма Декларациянын 14-тиркемесинин II бөлүмүнүн "Чыгымдар" 2-графасына көчүрүлөт.
Эскертүү: Декларанттын чыгымдары болуп, эгерде мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептөө көрсөткүчүнүн 3000 эселик өлчөмүнөн ашып кетсе, ал менчик укугун же мүлккө болгон башка укугун алуу боюнча бүтүм эсептелет.
13-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын кыймылсыз мүлкү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-011) 11-тиркемесин толтуруу
204. 1-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык мүлк жайгашкан өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
205. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктүн коду көрсөтүлөт.
206. 3-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген мүлктүн идентификациялык номери көрсөтүлөт.
207. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн сатып алуу мезгилиндеги наркы көрсөтүлөт.
208. 5-графада келишимге ылайык мүлктүн үлүшү % менен көрсөтүлөт.
209. 6-графада кыймылсыз мүлктүн жалпы аянты, өлчөө бирдиги көрсөтүлөт:
а) жерлер үчүн:
- айыл чарба багытындагы - гектар (га) менен;
- үйдүн жанындагы, короо-жайдын жанындагы, бак-чарба участоктору - чарчы метр (м2) менен;
- айыл чарба багытындагы эмес - чарчы метр (м2) менен;
б) турак жайлар, имараттар, курулмалар жана жеңил конструкциялар үчүн - чарчы метр (м2) менен.
210. 7-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, . чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуу негизинин коду көрсөтүлөт.
211. 8-графада келишимге ылайык мүлк сатып алынган дата көрсөтүлөт.
212. 9-графада мүлк жайгашкан жер (дареги) көрсөтүлөт.
213. 10-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт.
214. "Жыйынтыгы" сабында 4 жана 10-графалар боюнча сумма көрсөтүлөт.
14-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын кыймылдуу мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-012) 12-тиркемесин толтуруу
215. "Кыймылдуу мүлк" I бөлүмүнүн 1-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кыймылдуу мүлктүн түрүнүн коду көрсөтүлөт.
216. 2-графада кыймылдуу мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
217. 3-графада келишимге ылайык кыймылдуу мүлктүн сатып алуу мезгилиндеги наркы көрсөтүлөт.
218. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн үлүшү % менен көрсөтүлөт.
219. 5-графада кыймылдуу мүлк сатып алынган дата көрсөтүлөт.
220. 6-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуу негизинин коду көрсөтүлөт.
221. 7-графада кыймылдуу мүлк катталган райондун коду көрсөтүлөт.
222. 8-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт.
223. "Жыйынтыгы" сабында 3 жана 8-графалар боюнча сумма көрсөтүлөт.
224. "Финансылык милдеттенмелер" II бөлүмүнүн 1-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык милдеттенменин коду көрсөтүлөт.
225. 2-графада кредит/зайым алуучунун аталышы көрсөтүлөт.
226. 3-графада кредит/зайым келишиминин номери көрсөтүлөт.
227. 4-графада кредит/зайым келишиминин датасы көрсөтүлөт.
228. 5-графада кредит/зайым алынган дата көрсөтүлөт.
229. 6-графада кредит/зайым төлөө мөөнөтү аяктаган дата көрсөтүлөт.
230. 7-графада милдеттенменин суммасы көрсөтүлөт.
231. 8-графада карызды төлөөнүн суммасы көрсөтүлөт.
232. 9-графада төлөнө элек карыздын калдыгы көрсөтүлөт.
233. "Жыйынтыгы" сабында 7, 8, 9-графалар боюнча сумма көрсөтүлөт.
15-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын мүлкүн талап кылуу укугу жайылтылган чарбалык субъекттердин уставдык капиталына/ишеним башкаруусуна өткөрүп берүү, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдарга катышуусу жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-013) 13-тиркемесин толтуруу
234. "Чарбалык субъекттердин уставдык капиталындагы жеке жактын мүлкү" I бөлүмүнүн 1-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык берилген мүлктүн коду көрсөтүлөт.
235. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
236. 3-графада келишимге ылайык берилген мүлктүн наркы көрсөтүлөт.
237. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн үлүшү % менен көрсөтүлөт.
238. 5-графада чарбалык субъекттин аталышы көрсөтүлөт.
239. 6-графада чарбалык субъекттин идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
240. 7-графада чарбалык субъекттин жайгашкан жери көрсөтүлөт.
241. "Ишенимдүү башкаруучу жөнүндө маалымат" II бөлүмүнүн 1-графасында ишенимдүү башкаруучунун аты-жөнү/аталышы көрсөтүлөт.
242. 2-графада ишенимдүү башкаруучунун идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
243. 3-графада келишимдин номери көрсөтүлөт.
244. 4-графада келишим колдонула баштаган дата көрсөтүлөт.
245. 5-графада келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаган дата көрсөтүлөт.
246. "Жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамдын коммерциялык эмес уюмдарга катышуусу" III бөлүмүнүн 1-графасында коммерциялык эмес уюмдун аталышы көрсөтүлөт.
247. 2-графада коммерциялык эмес уюмдун идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
248. 3-графада коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги көрсөтүлөт.
249. 4-графада ээлеген кызмат орду/коммерциялык эмес уюмга катышуусу көрсөтүлөт.
16-глава. "Мамлекеттик жапа муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жана анын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын кирешелери, чыгашалары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтар" (FORM STI-155-014) 14-тиркемесин толтуруу
§ 16.1. "Жеке жак" I бөлүмүн толтуруу
250. "Кирешелер" 1-графасында Декларациянын 3-тиркемесиндеги кирешелердин жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
251. "Чыгымдар" 2-графасында Декларациянын4-тиркемесиндеги чыгымдардын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
252. "Аталышы" 3-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кыймылсыз мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
253. "Аянт" 4-графасында кыймылсыз мүлктүн аянты көрсөтүлөт, өлчөө бирдиктери көрсөтүлөт:
а) жер үчүн:
- айыл чарба багытындагы - гектар (га) менен;
- үйдүн жанындагы, короо-жайдын жанындагы, бак-чарба участоктору - чарчы метр (м2) менен;
- айыл чарба багытындагы эмес - чарчы метр (м2) менен;
б) турак жайлар, имараттар, курулмалар жана жеңил конструкциялар үчүн - чарчы метр (м2) менен.
254. "Чарбалык субъект" 5-графасында мүлкү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген чарбалык субъекттин аталышы көрсөтүлөт.
255. "Үлүш (% менен)" 6-графасында чарбалык субъекттин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген, % менен көрсөтүлгөн үлүшү көрсөтүлөт.
256. "Аталышы" 7-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кыймылдуу мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
257. "Сатып алуу учурундагы мүлктүн наркы" 8-графасында сатып алуу учуруна карата кыймылдуу мүлктүн наркы көрсөтүлөт.
258. "Чарбалык субъект" 9-графасында мүлкү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген чарбалык субъекттин аталышы көрсөтүлөт.
259. "Үлүш (% менен)" 6-графасында чарбалык субъекттин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген, % менен көрсөтүлгөн үлүшү көрсөтүлөт.
§ 16.2. "Жакын туугандары" II бөлүмүн толтуруу
260. "Кирешелер" 1-графасында Декларациянын 9-тиркемесинде чагылдырылган кирешелердин жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
261. "Чыгымдар" 2-графасында Декларациянын 10-тиркемесинде чагылдырылган чыгымдардын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
262. "Аталышы" 3-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кыймылсыз мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
263. "Аянты" 4-графасында кыймылсыз мүлктүн аянты, өлчөө бирдиги көрсөтүлөт:
а) жерлер үчүн:
- айыл чарба багытындагы - гектар (га) менен;
- үйдүн жанындагы, короо-жайдын жанындагы, бак-чарба участоктору - чарчы метр (м2) менен;
- айыл чарба багытындагы эмес - чарчы метр (м2) менен;
б) турак жайлар, имараттар, курулмалар жана жеңил конструкциялар үчүн - чарчы метр (м2) менен.
264. "Чарбалык субъект" 5-графасында мүлкү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген чарбакер субъекттин аталышы көрсөтүлөт.
265. "Үлүш (% менен)" 6-графасында чарбакер субъекттин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген, % менен көрсөтүлгөн үлүшү көрсөтүлөт.
266. "Аталышы" 7-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кыймылдуу мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
267. "Сатып алуу учурундагы мүлктүн наркы" 8-графасында сатып алуу учуруна карата кыймылдуу мүлктүн наркы көрсөтүлөт.
268. "Чарбалык субъект" 9-графасында мүлкү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген чарбалык субъекттин аталышы көрсөтүлөт.
269. "Үлүш (% менен)" 6-графасында чарбалык субъекттин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген, % менен көрсөтүлгөн үлүшү көрсөтүлөт.
Эскертүү: "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жана анын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын кирешелери, чыгашалары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтар" (FORM STI-155-014) 14-тиркемеси милдеттүү түрдө толтурулат.
|
| Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу тартибине 1-тиркеме |
Мамлекеттик эмес фондго чегерүүлөрдүн эсептен чыгарууларын алуу үчүн Декларант тарабынан салык органына берилүүчү документтердин ТИЗМЕГИ
1. Арыз.
2. Декларанттын паспортунун көчүрмөсү.
3. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд менен түзүлгөн пенсиялык келишимдин көчүрмөсү.
4. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төгүлгөн төлөмдүн суммасы жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөсү.
5. Мамлекеттик эмес фондго төгүлгөн төлөмдүн суммасы жөнүндө мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун маалымкаты.
6. Мамлекеттик пенсиялык фондго чегерүүлөр боюнча салыктык эсептен чыгарууларды берүү мезгилине туура келген календардык жыл үчүн эсептелген эмгек акысы, эмгек акысынан киреше салыгынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн кармалган суммалары жөнүндө салык төлөөчүнүн иштеген (негизги жана негизги эмес) жеринен белгиленген форма боюнча берилген маалымкаттын түп нускасы.
|
| Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу тартибине 2-тиркеме |
Социалдык эсептен чыгарууларды алуу үчүн Декларант тарабынан салык органына берилүүчү документтердин ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 214 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу тартибине 3-тиркеме |
Мүлктүк эсептен чыгарууларды алуу үчүн Декларант тарабынан салык органына бериле турган документтердин ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 214 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 3-тиркеме |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгымдарынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин КЛАССИФИКАТОРУ
1. Декларанттын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын туугандык даражасынын классификатору
Коду | Аталышы |
101 | Жубайы |
102 | Жашы жете элек балдары |
103 | Декларанттар финансылык сарптоолорду тарткан жашы жеткен балдар (жашоо, билим алуу, саламаттык сактоо чыгымдарын жана башка зарыл чыгымдарын жабуу бөлүгүндө) |
104 | Декларант финансылык сарптоолорду тарткан декларанттын ата-энеси (жашоо, билим алуу, саламаттык сактоо чыгымдарын жана башка зарыл чыгымдарын жабуу бөлүгүндө) |
105 | Декларант финансылык сарптоолорду тарткан бир туугандары (жашоо, билим алуу, саламаттык сактоо чыгымдарын жана башка зарыл чыгымдарын жабуу бөлүгүндө) |
106 | Багуусунда же толук камкордугунда турган, Декларант тарабынан багылууга укугу бар адамдар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык) |
2. Акча каражаттары түрүндөгү кирешелердин классификатору
Коду | Аталышы |
Киреше салыгы салынуучу кирешелер | |
201 | Негизги иштеген жери боюнча кирешелер |
202 | Педагогикалык иштен алынган кирешелер |
203 | Илимий иштен алынган кирешелер |
204 | Башка чыгармачылык иштен алынган кирешелер |
205 | Кызматтарды айкалыштыруудан алынган кирешелер |
206 | Эмгек компенсациясы катары алынган кирешелер |
207 | Материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер |
208 | Акысыз алынган активдердин наркы |
209 | Пайыздык киреше |
210 | Дивиденддер |
211 | Жарандык-укуктук келишимдерден жана башка бүтүмдөрдөн алынган кирешелер |
212 | Интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануунун натыйжасында алынган кирешелер |
213 | Субсидиялар |
214 | Жөлөкпулдар, стипендиялар, пенсиялар |
215 | Утуш түрүндө алынган кирешелер (мелдештерде, конкурстарда, ошондой эле лотереялардагы, казинодогу жана башка кумар оюндарындагы утуштар) |
216 | Биржа бүтүмдөрүнөн алынган кирешелер |
217 | Камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган кирешелер |
218 | Сот актыларынын негизинде алынган кирешелер |
219 | Баалуу кагаздардан жана коммерциялык уюмдарга үлүштүк катышуудан алынган кирешелер |
220 | Ишкердиктен алынган кирешелер |
221 | Жеке эмгек ишмердигинен алынган кирешелер |
222 | Виртуалдык активдерди сатуудан түшкөн киреше |
223 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка булактардан алынган кирешелер |
Салык салынбаган кирешелер | |
250 | Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фондунан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан төлөнгөн төлөм түрүндө алынган кирешелер жана кайтарымсыз акысыз берилген мүлк |
251 | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча алынган жөлөкпулдар жана компенсациялар |
252 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган пенсиялар, стипендиялар, жөлөкпулдар |
253 | Мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганстандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, ошондой эле Баткен окуяларынын катышуучулары жана Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкан адамдар тарабынан алынган кирешелер |
254 | Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу акысыз алынган суммалар |
255 | Каза болгон жумушчунун жакын туугандары тарабынан же жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу жумушчу тарабынан жумуш берүүчүдөн акысыз алынган суммалар жана материалдык жардам |
256 | Ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер |
257 | Жубайлар же мурдагы жубайлардын ортосундагы ажырашуунун натыйжасында менчикти өткөрүп берүүгө байланыштуу алынган киреше |
258 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган алименттер |
259 | Гуманитардык жардам катарында жеке жак тарабынан алынган мүлктүн наркы |
260 | Менчик айыл чарба продукциясын сатуудан түшкөн киреше |
261 | Наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар түрүндө алынган кирешенин ар кандай түрлөрү, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлүүчү кызыктыруучу лотереяга/акцияга катышуудан алынган утуштар |
262 | Салык төлөөчүнүн жеке максаты үчүн колдонулган жана ишкердик жүргүзүү максатында сатып алынбаган кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше |
263 | Кайтарылуучу камсыздандыруу сый акылары жана сатып алынуучу суммалар түрүндө алынган кирешелер, ошондой эле ишкердик жүргүзүү менен байланышпаган жеке жак тарабынан түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгендеги камсыздандыруу суммалары жана ордун толтуруу |
264 | Сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржалардын листингиндеги баалуу кагаздардын наркыиын өсүшүнөн алынган пайыздар жана кирешелер |
265 | Кыргыз Республикасынын банктарындагы салымдар боюнча алынган пайыздар |
266 | Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган пенсия |
267 | Олимпиада, паралимпиада жана Азия оюндарына, Дүйнө, Азия чемпионаттарына катышуунун жыйынтыктары боюнча чемпиондорго жана байге ээлерине, ошондой эле башка орундарды ээлегендерге, алардын машыктыруучуларына жана дарыгерлерине төлөнүүчү стипендиялар жана бир жолку акчалай сыйлыктар |
268 | Аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, жаза аткаруу системасынын мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин акчалай үлүш жана азык-түлүк үлүштөрүнүн ордуна компенсация түрүндөгү кирешелери |
269 | Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин, мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердеги же эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын акчалай камсыздоо |
270 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка салык салынбаган кирешелер |
3. Кыймылдуу мүлктүн классификатору
Коду | Аталышы |
001 | Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдер базасындагы фургондор жана пикаптар |
002 | Жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, кичи автобустар |
003 | Өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол куруучу машиналар |
004 | Айыл чарба өндүрүшүндө колдонулуучу өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер (тракторлор жана комбайндар) |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кораблдер, теплоходдор |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери |
007 | Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок башка каралбаган транспорттук каражаттар |
008 | Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жоктор |
009 | Аба транспорту |
010 | Транспорт каражаттарынан сырткары, башка транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер |
011 | Эмерек |
012 | Фото, аудио жана видеотехника |
013 | Компьютерлер жана уюштуруу техникасы |
014 | Турмуш-тиричилик техникасы |
015 | Ири мүйүздүү мал |
016 | Кой-эчкилер |
017 | Жылкылар |
018 | Үй канаттуулары |
019 | Чочколор |
020 | Аарылар |
021 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка жандыктар |
022 | Облигация |
023 | Вексель |
024 | Чек |
025 | Депозиттик жана сактык сертификаттары |
026 | Банктык сактык китепче |
027 | Коносаменттер |
028 | Акциялар |
029 | Баалуу кагаздар жана талап кылуу укугу жайылтылган чарба субъекттеринин уставдык капиталындагы башка мүлктүк укуктар |
030 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка баалуу кагаздар |
031 | Баалуу металлдар |
032 | Баалуу металлдардан жана жарым-жартылай баалуу металлдардан, асыл таштардан жана таштардан жасалган зер буюмдар |
033 | Маданий баалуулугу бар менчик |
034 | Белгиленген тартипте байыркы деп таанылган буюмдар |
035 | Виртуалдык активдер |
036 | Кыймылдуу мүлктүн жогоруда көрсөтүлбөгөн башка түрлөрү |
4. Кыймылсыз мүлктүн классификатору
Коду | Аталышы |
001 | Үй |
002 | Батир |
003 | Дача үйү |
004 | Пансионат |
005 | Эс алуу үйү |
006 | Санаторий |
007 | Курорт |
008 | Өндүрүштүк имарат/курулма |
009 | Административдик имарат/курулма |
010 | Өнөр жайлар |
011 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка капиталдык курулуштар же курулмалар |
012 | Киоск |
013 | Контейнер |
014 | Башка убактылуу имарат |
015 | Бөлмө |
016 | Гараж |
017 | Курулуп бүтө элек курулуш объекттери |
018 | Үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участок жерлер |
019 | Айыл чарба багытындагы жер участоктору |
020 | Айыл чарба багытындагы эмес жерлер |
021 | Обочолонгон суу объекттери |
022 | Токой |
023 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка турак жай |
024 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка конструкциялар |
5. Кирешенин/мүлк сатып алуунун классификатору
Коду | Аталышы |
501 | Эмгек келишими |
502 | Сатып алуу-сатуу келишими |
503 | Алмашуу келишими |
504 | Ижара келишими |
505 | Зайым алуу келишими |
506 | Кредиттик келишим |
507 | Банктык салым келишими |
508 | Акысыз пайдалануу келишими (ссуда) |
509 | Акы төлөмө кызмат көрсөтүү келишими |
510 | Сактоо келишими |
511 | Тартуулоо келишими |
512 | Кийин сатып алуу менен ижара келишими |
513 | Интеллектуалдык иштин натыйжаларын жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жарандык жүгүртүүнүн катышуучуларын жекелештирүү каражаттарын түзүүгө жана пайдаланууга автордук же башка келишим |
514 | Камсыздандыруу келишими |
515 | Мелдештерге, конкурстарга катышуунун натыйжасында, ошондой эле лотереялардан, казинодон жана башка кумар оюндардан алынган байгелерди жана утуштарды төлөө жөнүндө актылар |
516 | Жөлөкпулдарды, стипендияларды, пенсияларды жана бир жолку төлөмдөрдү төлөө жөнүндө актылар |
517 | Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк |
518 | Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын актылары |
519 | Сот актылары |
520 | Киреше алуунун/мүлктү сатып алуунун башка негиздери |
6. Милдеттемелердин классификатору
Коду | Аталышы |
601 | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиялаган финансы-кредиттик мекемелердеги кредиттер |
602 | Пайыздык зайымдар (адистешкен уюмдар, юридикалык жана жеке жактар) |
603 | Ссудалар (пайызы жок зайымдар) |
604 | Финансылык мүнөздөгү контракттык (келишимдик) милдеттенмелер (ижара, мөөнөтүн узартуу менен сатып алуу, келечектеги кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө ж.б.) |
605 | Милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон финансылык милдеттенмелер (соттун чечими боюнча төлөмдөр, алименттер ж.б.) |
606 | Башка финансылык милдеттенмелер |
|
| 4-тиркеме |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жана анын жакын туугандарыныи/багуусундагы адамдардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтардын ПАРАМЕТРЛЕРИ
1. Салык кызматынын органдары жашыруун мүнөздөгү ишине, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеп турган жактарды кошпогондо, саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик кызмат ордун жана саясий, жогорку административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган жактардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтарды ведомстволук сайтка жайгаштырышат.
2. Жыйынды маалыматтарга Декларанттын жана анын жакын туугандарынын (үй-бүлөсүнүн эң жакын мүчөлөрүнүн) кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө маалыматтар камтылат, анын ичинде:
1) акча каражаттары - алынган кирешенин жана чыгымдардын жыйынтыктоочу суммасы;
2) кыймылсыз мүлк - мүлктүн аталышы, мүлктүн аянты, талап кылуу укугу жайылтылган чарба субъекттеринин уставдык капиталындагы мүлкү;
3) кыймылдуу мүлк - мүлктүн аталышы, кыймылдуу мүлк жөнүндө маалыматтар (маркасы, кыймылдаткычтын көлөмү, чыгарылган жылы), талап кылуу укугу жайылтылган чарбалык субъекттердин уставдык капиталындагы мүлкү.
|
| 6-тиркеме |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүү ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө маалыматты (мындан ары - маалымат) толтуруунун жана берүүнүн эрежелерин аныктайт.
2. Маалымат тиркелген формага ылайык кагаз жана электрондук формада берилет.
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маалыматты салык органына отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-январына чейин берүүгө милдеттүү.
4. 001-уячада:
- эгерде маалымат отчёттук жыл үчүн биринчи жолу берилип жатса, "X" түрүндөгү белги "алгачкы" уячасына коюлат;
- эгерде маалымат мурда ушул эле отчёттук мезгил үчүн тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү маалыматта оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "такталган" уячасына коюлат.
5. 102-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ИСНи көрсөтүлөт.
6. 103-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын толук аталышы көрсөтүлөт.
7. 104-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын салыктык катталган орду боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
8. 113-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча калктуу конуштун (облус, шаар, район, айыл) аталышы көрсөтүлөт.
9. 114-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш жүзүндө жайгашкан дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн номери) көрсөтүлөт.
10. 116-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
11. 201-уячада маалымат берилүүчү отчёттук мезгилдин башталган датасы көрсөтүлөт (күн, ай, жыл).
12. 202-уячада маалымат берилүүчү отчёттук мезгилдин аяктаган акыркы датасы көрсөтүлөт (күн, ай, жыл).
13. 2-графада жеке жактын толук аты-жөнү көрсөтүлөт.
14. 3-графада жеке жактын ИСНи көрсөтүлөт.
15. 4-графада жеке жактын паспортундагы маалыматтарга ылайык жашаган жери көрсөтүлөт.
16. 5-графада жеке жактын катталган районунун коду көрсөтүлөт.
17. 6-графада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык жеке жактын ээлеп турган же ээлеген кызмат орду көрсөтүлөт.
18. 7-графада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордунун категориясы көрсөтүлөт.
19. 8-графада жеке жактын ээлеп турган же ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордуна дайындалган күнү көрсөтүлөт.
20. 9-графада жеке жактын ээлеп турган же ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордунан бошотулган күнү көрсөтүлөт.
21. Маалыматтын төмөнкү бөлүгүндө мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин толук аты-жөнү көрсөтүлөт.
22. 901-уячада салык органы тарабынан маалымат кабыл алынган дата көрсөтүлөт.
23. 902-уячада маалыматты кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 687
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 214,
2025-жылдын 28-августундагы №533 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3)(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө тартиби жана талдоо жүргүзүүнүн негиздери жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;
6) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүү тартиби 6-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 305 "Кирешелерди, чыгымдарды, милдеттенмелерди жана мүлктөрдү декларациялоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 658 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-майындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июнундагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-январындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-3 жана 9-пункттары;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 374 "Айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө чийки затты ташып келүүдө төлөнгөн импортко кошумча нарк салыгынын суммасын кайра кайтаруунун тартибин жана шарттарын бекитүү жана Импортко кошумча нарк салыгынын суммасы бюджеттен кайра кайтарылууга тийиш болгон айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө колдонулуучу чийки заттын товардык позицияларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында салыктарды башкарууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 2 жана 3-пункттары.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 112 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
FORM STI-155
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 2-тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 3-тиркеме |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгымдарынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин КЛАССИФИКАТОРУ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 4-тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6-тиркеме |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүү
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө маалыматты (мындан ары - маалымат) толтуруунун жана берүүнүн эрежелерин аныктайт.
2. Маалымат тиркелген формага ылайык кагаз жана электрондук формада берилет.
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
3. Отчеттук мезгил үчүн жеке жактар жөнүндө маалыматты:
1) төмөнкүлөр ыйгарым укуктуу салык органына берет:
– мамлекеттик органдар отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-январына чейин ведомстводо мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган же ээлеген кызматчылар боюнча;
– мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейин, республиканын мамлекеттик жана муниципалдык органдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген кызматчылар боюнча;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык салык органына отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-январына чейин, ведомстводо муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген кызматкерлер боюнча.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
4. 001-уячада:
- эгерде маалымат отчёттук жыл үчүн биринчи жолу берилип жатса, "X" түрүндөгү белги "алгачкы" уячасына коюлат;
- эгерде маалымат мурда ушул эле отчёттук мезгил үчүн тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү маалыматта оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "такталган" уячасына коюлат.
5. 102-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ИСНи көрсөтүлөт.
6. 103-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын толук аталышы көрсөтүлөт.
7. 104-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын салыктык катталган орду боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
8. 113-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча калктуу конуштун (облус, шаар, район, айыл) аталышы көрсөтүлөт.
9. 114-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш жүзүндө жайгашкан дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн номери) көрсөтүлөт.
10. 116-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
11. 201-уячада маалымат берилүүчү отчёттук мезгилдин башталган датасы көрсөтүлөт (күн, ай, жыл).
12. 202-уячада маалымат берилүүчү отчёттук мезгилдин аяктаган акыркы датасы көрсөтүлөт (күн, ай, жыл).
13. 2-графада жеке жактын толук аты-жөнү көрсөтүлөт.
14. 3-графада жеке жактын ИСНи көрсөтүлөт.
15. 4-графада жеке жактын паспортундагы маалыматтарга ылайык жашаган жери көрсөтүлөт.
16. 5-графада жеке жактын катталган районунун коду көрсөтүлөт.
17. 6-графада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык жеке жактын ээлеп турган же ээлеген кызмат орду көрсөтүлөт.
18. 7-графада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордунун категориясы көрсөтүлөт.
19. 8-графада жеке жактын ээлеп турган же ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордуна дайындалган күнү көрсөтүлөт.
20. 9-графада жеке жактын ээлеп турган же ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордунан бошотулган күнү көрсөтүлөт.
21. Маалыматтын төмөнкү бөлүгүндө мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин толук аты-жөнү көрсөтүлөт.
22. 901-уячада салык органы тарабынан маалымат кабыл алынган дата көрсөтүлөт.
23. 902-уячада маалыматты кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.